mainkaptal


Пользовательский поиск
  Имидж-маек

Ырчы
Мерген ТУРГАН:
"Көрсө өзүм эмес чачым популярдуу экен"

Жыйырма жылдан ашык кыргыз эстрадасына эмгек кылган ырчы, тамада, "дыңкы жеңе" бизде мейманда. Мурда Мергенди көпчүлүк чачынан тааныса, азыр имиджин өзгөрткөндөн бери басыгынан таанып жаткан кездери.

- Кайын-журтка тынбай чапкылап калыптырсыз, Кыргызстандан кетүүнү ойлонуштуруп жаткан жоксузбу?
- Жо-ок, мен патриотмун. Уулум үч жашка чыкты, аты Ханрат. Жакын досум Раатбек Санатбаевдин урматына койгом. Мени сыртыман бир көргөн адам жактыра бербейт, бирок сүйлөшө келгенде ойлору өзгөрөт. Раатбек менен да ушундай шартта таанышкам. Келинчегимдин эс алуу мөөнөтү аягына чыгып, учурда Казакстанда иштеп жатат. Өзү милиция кызматкери. Бул жакка которулуунун аракетин көрүп жатабыз. Уулум менен келинчегим ал жакта болгон соң бат-бат эле каттап жатам. Анүстүнө өзүм да казактардын тойлорунда тамада болуп калам. Буюрса, шайлоо тынч өтсө сахнада жыйырма жылдан ашык жүргөнүмдүн урматына концерт бергени жатам. Мен концерт берерде эле митинг башталчу эле. Аскар Акаевди бийликтен түшүрчү болгондо спорт ордосун сүйлөшкөнү барсам, эл митингге чыгып жатса, кудайды карасаң боло дешкенинен андан ары Ак үйдү басып алганга аралашып кеткем. Андан кийин Бакиевди кетирерде да концерт берем деп чамынып, максатым ишке ашпай калган. Бул жолу шайлоо тынч өтсө экен деп тилеп отурам.
- Имиджиңизди өзгөрткөндөн бери сизди күйөрмандарыңыз кантип таанып жатат?
- Узун чачым чын эле жакшы болчу. Жаңы жылда жеңең устара менен кырып салды. Жерде чубалып жаткан чачтарымды көрүп келинчегим каткырып күлсө чыдабай чычалап ийдим. Жыйырма үч жылдан бери өстүрүп келе жаткан чачым бир заматта эле жок болуп кетсе кызык болот экенсиң. Үч-төрт айга чейин эстеген сайын башымды кармалап коюп жүрдүм. Имидж деген баары бир башкача экен. Эч ким тааныбай, МАИдегилер тосуп алып чачыңды эмне кырктырдың деп урушушту. Чачым узун кезинде деле көбү жактырышчу эмес, алдырып салсам да нааразы болушту. Сахнага чыкканда элди күлдүрүп, назарын өзүмө бургудай ыкмам бар эле. Чачымды серпип, күлкүлүү кыймылдарды жасап койчумун, азыр кыска чачым менен окшошпой жатат. Бирок имиджим ушул бойдон калбайт, кайрадан эринбей өстүрөм. Азыркы чач жасалгам "мен силердин күнүңөрмүн" деп аталат. Досторум тамашалап, күн эмес эле макарон фабрикасындагы жардыруу дегендей болуп калыптыр деп тийишишти.
- Узун чачыңызга байланышкан кызыктардан айта кетпесеңиз болбойт го.
- Мен эмес эле менин чачым популярдуу болгонун азыр түшүнүп жатам. Достор арасында да эрмеги мен болчумун. Өзгөчө дааратканага киргенде ооздо турган орус аялдар сөгүп кууп чыгышчу. Бир жолу балдар менен миң сомго мелдеше кетип аялдардын дааратканасына кире турган болдум. Чачымды серпип кирип кетсем бири да байкаган эмес, ошентип миң сом утуп алгам.
- Жеңебиз да узун чачыңыз менен эле кабыл алдыбы?
- Мен Жылдызга баш кошордо чачым ушундай, мүнөзүм эрке деп болгонун болгондой эле айтып түшүндүргөм. Мүнөзүм жакшы, сөздү көтөрө берем, бирок бир жиним келсе жаманмын. Жылдыз белгим боюнча арстанмын да, алар баарын чогултуп туруп бир чыгарышат. Мени көбү назик дей беришет, бирок чынында андай эмесмин. Ачуума тийгендер болсо астын-үстүн чыгарып салам.
- Чачыңыздын айынан сиздин дарегиңизге ар кандай сөздөр айтылып жүрбөдү беле?
- Кызга окшош деген сөзбү? Азыр деле айтып жүрүшөт. Негизи мен үй-бүлөдө бир туугандардын арасынан башкача болуп бөлүнүп турчумун. Ал сөздү биринчи эле онунчу классымда улуу байкем айткан. Экөөбүз уруша кетип мен айтыштым. Жини келип мүнөзүң жумшак, кыздарга окшошсуң дейт. Ушул сөзү катуу тийип, анүстүнө уруп койгону да кошул-ташыл болуп ыза болгом. Ал кезде Нарын суусуна агып өлөм, жол боюнда бийик аска бар эле, ошондон учуп кетем деген мода болчу. Мен да жиним менен сууну көздөй чуркадым, байкем артыман жөнөдү. Кызга окшош болсом эркекке окшошун таап алгыла, өлөм эле өлөм деп жүрүгүп баратам. Байкем кууп жетип бутуман чалып ийип жыгылып калгам. Аз болгондо дарыяга түшмөкмүн, анүстүнө жазга маал суу капкара болуп чоң келет эмеспи. (Каткырып күлүп) Байкем бир аз артта калганда эле максатыма жетмекмин. Кармап алып дагы сабап туруп үйгө сүйрөп келди. Буга эрегишсем балээге калат окшойм деди го, алдап жакшы сүйлөп жатып көгүмдү тараткан. Кечинде апам угуп алып, "сен кудай берген баласың, мени ойлодуңбу? Сен өлүп калсаң менин күнүм эмне болмок" деп аябай болкулдап ыйлаган. Атам болсо "артист болом деп коесуң, мындай сөздүн далайын угасың, сөз көтөрүмдүү болбойсуңбу" деп катуу тилдеди.
- Дарегиңизге айтылган сөздөргө көп деле терикпейт экенсиз да?
- Терикпегенге үйрөндүм. Азыр менин үй-бүлөм бар, уулум турат, буюрса экинчисин пландап жатабыз. Кеч үйлөнгөнүмдөн да улам сөздөр ээрчиди окшойт. Үй-бүлөмдү көргөн адам деле кантип ыплас сөздөрдү айтканга оозу барат дейм да. Ар дайым кулагыма атамдын сөз көтөрүмдүү, сабырдуу бол деген сөзү жаңырат да турат. Бир жолу апам гезит окуп жатса мен жөнүндө макала жүрөт дейт. Жини келип гезитти ыргытып ийип, "өлүгүңдү көрөйүн, элдин талкуу кылганы эле Акаев менен менин балам" деген тура. Анын сыңары, элдин талкуу кылганы эле мен.





  Эпостор эргий алдыбы?

Өнөрдү өнөрдөй көргөзгөндү качан үйрөнөбүз?

7- сентябрда Ала-Тоо аянтында бүткүл дүйнөлүк эпостордун экинчи фестивалынын расмий ачылышы болуп өттү. Ар кайсы өлкөдөн келген меймандар өз өнөрлөрүн тартуулашып, өлкө арасындагы руханий байланышты жакшыртууга жакшы шарт түзүштү. Бул иш-чарадан, көргөн-билгенибизди баяндайбыз.

Аталган иш-чара биринчи жолу бизде 2006-жылы өткөн. Анда жыйырма беш өлкө катышып, ар кыл тармактагы таланттардын чыгармаларына эл күбө болгон. Бул жолу он тогуз өлкөдөн меймандар келди. Казакстан, Россия, Америка, Тажикстан, Түркия, Корея, Индия, Эстония, Украина баш болгон мамлекеттер желектерин көтөрүп чыгып элге өздөрүн тааныштырды. Салтанаттуу ачылышка Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев, вице-премьер министр Ибрагим Жунусов куттук сөздөрүн, жакшы тилектерин айтышты. Фестиваль манас айтуу менен башталып, асманга атылган салюттар жык толгон элге жакшы маанай тартуулады. Бардык өлкөнү расмий тааныштырган соң кезек менен ар бир мамлекет сахнага чыгып жатты.
Алтайдан келген Болот Байрышев Бишкекке үчүнчү ирет келип жатат. Буга чейин кыргыздын улуттук оюндарына катышып келген. Бул жолу ал алтай элинин "Очи кызы" деген эпосунан үзүндү аткарды. Бизде манас айткандарды манасчы десе, алтай эли кайчы дешет экен. "Бизде "Алп Манаш" деген эпос, дагы көптөгөн майда эпостор бар. Силердикинен айырмасы, биз эпосту кыл кыякка үндөшкөн аспаптын коштоосунда айтабыз" дейт келген мейман.
Ал эми АКШнын Аризон штатынан келген Дайл Тсосий "Улуттук маданияттын салттуу баалуулуктары" деген аталыштагы симпозиумга катышып, концертте флейта өңдүү аспапта ойноду.
Фестивалдын негизги максаты улуттук салт, үрп-адатты сактоо болгондуктан күндүзү аталган темада симпозиум өтүп келген меймандар өз ойлорун билдире алышты. Мындан сырткары, күндүзү манасчылардын сынагы өтүп, калыстар курамынын төрөгалык милдетин Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев аркалады. Улуттук кол өнөрчүлүктү даңазалоо максатында боз үйлөрдүн сынагы уюштурулуп, ар кайсы региондордон уздар келген. Жалпы жонунан аянтта тогуз боз үй тигилиптир. Сынактын негизги талабы - заманбап жасалгалоого өтүп кетпей, улуттук баалуулукту жоготпой, боз үйдүн ички-тышкы көрүнүшүн көргөзүү.
Конок катары барган адамга баары жакшы, кынтыксыз өткөндөй туюлат. Сахнанын артына өтсөң, "кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты". Уюштуруучуларды таап, маалымат алмагыбыз тозок болду. Бири-бирине түртө салган эле киши.Ток этерин айтканда, фестивалдын жабылышы онунчу сентябрда болот. Ага чейин келген меймандар Ысык-Көлгө жана Таластагы "Манас ордо" музей комплексине барышып, кыргыздын тушоо кесүү салтына күбө болушат. Мейман катары концертке чакырылгандардан бир-экөөнү кепке тартып пикирин уктук.
Улукмырза ПОЛОТОВ, эл артисти:
- Фестивалга конок катары чакырылгам. Муратбек Бегалиевдин "Дидарым" деген жаңы ырын аткардым. Ушунча элдин башы биригип жатканы жакшы жышаан. Манас атабыздын башка элге кадыр-баркы канчалык экенин фестивалга келген коноктор эле айгинелеп турбайбы. Манастын атын ооздон түшүрбөй, укумдан-тукумга наркын кетирбей өткөрүп бериш биздин милдетибиз.

Ырыспай ИСАКОВ, манасчы:
- Ушундай фестивалдын уюшулуп жатканы жакшы. Бирок мындан да жогорку деңгээлде уюшулушу керек эле. Уюштуру иштеринде чаржайыттык байкалууда. Келген меймандар даярданып жатканда микрофон таппай, ордун таппай ыңгайсыздыктар жаралды. Өз өлкөбүздө өтүп жаткандан кийин биз го түшүнөбүз, башка жактан келген меймандар кыргыз эли тууралуу жакшы пикирде кетиш үчүн даярдык да жакшы болуп, ушул нерсенин баарын алдын алыш керек эле. Мен конок катары чакырылдым, сырттан караганда чекиликтер байкалбай койгон жок.
Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
Яндекс.Метрика