mainkaptal
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Пользовательский поиск
Айла жок, бирок айлавю
Шаршемби күнкү "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" эки чыгаан журналист, бири акын, юристтиги да бар, бири мыкты менеджер, саясатты чемичкедей чаккан Жедигер Саалаев жана Мелис Эшимканов болду. Бири бунтарь, экинчиси салабаттуу бул эки ат-башылыктын айтышканын көрүп, ушулар бир кезде окуткан, кийин иштеткен окуучулары ар кандай ойдо калдык. Сүйүнгөн жокпуз. Капа болдук.
Ушу шайлоонун айынан бир суунун өйдө-ылдый жагынан суу ичкен, бильярд ойноп теңтуш болуп жүргөн эки азамат ушундайга барышабы? Кечээ эле "Ат-Башы ынтымагы" түзүлгөнсүп атпады беле, ынтымак эмне, ылайда калдыбы? Аттиң, азыркы журналисттер ушакчы, кара пиарды ушулар жасашат деп бизге асылгандар көп эле, силер деле бизден алыс кетпепсиңер…




Мэрдин санаасы
Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов жөнүндө акыркы кезде кеп-сөз көбөйүп баратат. Айрымдар күткөндөй ал түштүктөн чыккан президенттикке талапкерлер менен кучакташып, биригип кеткен жок. Азырынча бардыгынан өзүн обочо кармап турат. Азыркы бийликке деле ийилип кеткени байкалбайт. Бирок Мелис мырза бир нерсеге кападар. Өткөндө Тилеке баатырдын ашын өткөрүп, Алайдын Чыйырчык жайлоосуна анын эстелигин тургузуп, жүздөгөн бодо жана майда жандыктарды союп, майда-чоң, түндүк-түштүк дебей бардык саясатчыларды чакырды эле, негедир чакырылган саясатчылар келишпеди. Баатырдын ашынын аркасы менен элди биримдикке чакырып, "Алай декларациясы" кабыл алынды эле, ага баа берилмек турсун айтылган жерде кала берди. "Кеп-сөзгө эмес, жасаган ишине карап баа бергиле" дегенди көп айткан мэр мырза Ошто колунан келишинче иштеп атат. Аны түпөйүл кылган нерсе - кийинки президент ким болот эмес, Кыргызстанда мындан ары тынчтык болобу же былтыркыдай окуялар кайталанабы деген санаа.

Кыргызды кыргыз башкарды беле деги?
Курманбек Бакиев президент кезинде кыпчак уруусу жөнүндө катуу сөз болуп, кыпчак уруу эмес улут дегенге чейин барышкан. Сыягы, шайлоого жакын бу маселе кайра жанданат окшоп калды. Анткени президенттикке талапкерлердин бири жакында Баткенге барып, Кыргызстанды ушу кезге чейин жетектеп кетишкен Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, Курманбек Бакиев кыпчак болушкан, демек кыргызды кыпчактар бийлеп келишкен деп "клич" таштаптыр. Атаңдын көрү, эшикте XXI кылым, жок дегенде ушу шайлоону цивилдүү өткөрөлү дегенден эч нерсе чыкпайт окшойт, минтип эл ээрчиткендер өздөрү кокту-колоттун колтугунан чыгалбай жатса.

Күттүм, күттүм сени…
Ушу тапта президенттикке талапкерлер Марат Султанов, Нариман Түлеев жана башка дагы үч талапкер Маскөөдө жүрүшөт. Алардын эмне максат менен барышканы билгендерге белгилүү, баягы эле Кремлдин оң көзү. Орус бийлиги август аягында биздин айрым талапкерлер менен жолугууга ниети бар экендигин билдирген. Биздикилер болсо саргайып күтүүнүн гана үстүндө.

Тапканыңыз буюрсун
Алтынбек Сулайманов деген "челюсть" тоюс, "алтындай" депутат жигит бар эмеспи. Эл байлыгын жебейм, өзүмдүн тапканым жетет деп мактанып калат кээде. Ошо тапкан-ташыганы канча, алар каяктан табылары жөнүндө түркүн кеп-сөз эл аралап жүрөт. Алардын айрымдарына кулак салсак, "алтындай" жигит "Кыргызтемир" ишканасынан эче жүз миң доллар, борбордогу беш-алты казино, эс алуучу жайлардын ээси болгон бир жердешинен да "крыша" болгону үчүн эче жүз миң алат экен деген сөздөр каңгып жүрөт. Булар го билингени, билинбегени канча деп шыпшынышат. Андан да кызыгы, Алтынбек мырза жакында жүз миң долларга "темир тулпар" алып, ичин самолеттун ичиндегидей кылып жасатты деп шилекейи куюлгандар бар экен. "Алтындай" жигит мындайды кантип жасасын, убактысы болсо өзү мунун чын-бышыгына жетип берер дейбиз.

Кадыржан капты
Ош окуясынын күнөөкөрү, кадимки Кадыржан Батыров жакында ЖоКе спикери Ахматбек Келдибековду сотко бербедиби. Көрсө, Кадыржан капыстан эле баш көтөрө калбаптыр. Аны көкүткөн эле азыркы президенттикке талапкерлердин бири экен. Экөөнүн эмне ойлогону бар экенин ит билсинби.

Айтса-айтпаса төгүнбү
Дагы бир Ош окуясынын күнөөкөрү, экс-депутат Жалалидин Салахуддинов деген салып качма бар эмес беле. Ал жөнүндө өткөндө коомчулукка кайрылып, көп маалыматтарды жакында ачыкка чыгарат экен деп жазганбыз. Жакында жергиликтүү өзбек диаспорасынын өкүлдөрү ЖоКенин бир депутатына кирип арыз-арманын төгүшүптүр. Өзү болсо сыртта жашынып жүрөт, быякта бизди "подстава" кылып кетти, лидер деген кантип ушундай болсун деп нааразы болушуптур.

Айбалаевдин айбаты
Кадимки "карт бөрү", бир кезде Баткенди башкарып элдин алкышына арзыган Мамат Айбалаев аксакал жандана баштаганы угулууда. Аксакал бир нерсени сезгенби же башка бирдемеси барбы, айтор Марат Султанов менен Нариман Түлеевге экөөңөр сөзсүз бириккиле ошондо гана жардам бере алам деп шарт койду дешет. Аксакалдын көздөгөнү ынтымактыр, бирок башында Марат десе Нариманды, Нариман десе Маратты түшүнгүлө деп чыккан эки "ата журтчунун" акыркы кезде налево-направо кете баштаганы билинип калды. Достук деген жөн эле сөз, биринчи орунда дайыма кызыкчылык гана турарын экөө шайлоо аяктаганча далилдешет өңдөнөт.

Бирөө өлбөсө бирөөгө күн жокпу?
Жакында эле шаар мэри Иса Өмүркулов-дун баласы автокырсыкка учурап, анын айынан адамдар өлгөнү белгилүү. Ушул окуя болор замат мэриядан бир чиновник сүйүнчүлөгөндөй чалып, атасы бийлигине салып бул кырсыкты басып коюшу мүмкүн, силер эмне жазбайсыңар деп бизди кекеткен. Бул окуя заматта дүрт этип резонанс пайда кылганын көзү барлар көрүп турат. Анан калса мэрдин баласы кабылган кырсыкка сүйүнгөндөй жанталашкан чиновниктин деңгээлин көрүп түңүлдүк. Мэрдин колтугуна жашынып отуруп анын баласына айып коюлганына өлө сүйүнүп атсаңыз керек ээ, чиновник?

Бириндеген биримдик
Президенттикке талапкерлер ушу тапта канткенде административдик ресурска бөгөт кое алабыз дегенди катуу ойлонуп жаткан кездери. Эзели бирикпегендерди да ушу гана нерсе бириктирет өңдөнөт. Бул боюнча өз ара консультация да башталганы айтылууда. Шайлоого аз калганда Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев ж.б. талапкерлер биригип бирдиктүү фронт түзүшү мүмкүн экени каңкууланууда.

Аман болуңуз!
Талас губернатору Койсун Курманалиева жөнүндө өткөндө жаздык эле, "Жаңы Агымды" окуур замат салам дубасын жөнөтүптүр. Анда "мурдагы "ак жолчулар", коалицияга кирген партия өкүлдөрү, бакиев заманынын желдеттери аркадан бычак урганга аракет кылып жатышат" дейт. Кудай сакта, деги Койсун айым аман эле болсо экен деп калдык. Бирок биз өткөндөгү маалыматты коалицияга кирген партия өкүлдөрүнөн, "ак жолчу" же бакиевдин желдеттеринен эле эмес, сизге эле санаалаш адамдардан уккан элек. Эмнеси болсо да аман болуңузчу.

"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика