mainkaptal

Пользовательский поиск
  KYRGYZSPORT

Билет пулун акташты
Чеберлер арасындагы интерконтиненталдык чемпион наамына болгон беттеште жердешибиз Алексей Федосеев миңдеген күйөрмандарынын көзүнчө жеңишке татыктуу болду. Леша чын эле кыйын экен деп калышкан кыкемдер 200-300 сомун аябай Кожомкул атындагы спорт ордосуна киришти эле, бүт беттештер Кыргызстандын пайдасына чечилди. Кикбоксингдин К-1 версиясы боюнча өткөн чемпиондук былчылдашмайда Федосеевдин атаандашы Таиланддын номур биринчи булгаары мээлейи экен. Жатурат Каешма Таиланддын королунун Кубогун уткан, өз өмүрүндө 100 боксчуну сулата чапкан кыйын жигит болчу дешет. Биринчи жолу Кыргызстандан маанайсыз кайтыптыр.
Ал эми берки рейтинг үчүн былчылдашкан беттештерде Кыргызстандын мушкерлери бири калбай атаандашын чөгөлөтүп салышты. 67 килограммдык салмакка чейин Мирлан Ибраимов Казакстандын кыйыны Асет Тайгановду "уктатса", Өзбекстандын бир нече жолку чемпиону Махамад-Али Таштургунов Сталбек Дарканбаевге багынып берди. 72,5 кг салмакта кадимки эле кара кыргызыбыз Ален Офойо Азия чемпиону Бабуржан Артыкбаевдин бетин түздөдү. Дагы бир баурубуз Галымжан Утегенов оор салмакта мушташам деп кыргызстандык Рашид Аманкуловго чыкты эле, Ракебиздин соккуларына туруштук бере албай 3-раундда эле кол көтөрүп, башын шылкыйтты. Кыскасы, өз үйүбүздө уят кылбаган спортчуларыбызга даңк жана дүңк.
Спорт да конок чакырат
Ушул күндөрү Ысык-Көлдө XI Эл аралык Ысык-Көл оюндары өтүп атат. 5-сентябрдан баштап туптуура бир жума созулган бул майрам спорттун 16 түрүнөн кыйындарды аныктап, мелдештер Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн келген азаматтар арасында болот. 5-сентябрда "Рух-Ордо" маданий-этнографиялык борборунда ачылыш аземи өтүп, ага ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов жана спорт чиновниктеринин баары катышышты. Иш-чаранын алкагында достук отун күйгүзүшүп, кыргызстандык таланттар, белгилүү эстрада жылдыздары конокторго сонун концерт коюп беришти. Бул спорт майрамынын арты менен кыргыз бермети болгон Ысык-Көлгө КМШ, ШОС алкагынан келген туристтердин санын көбөйтүүгө болоору жашыруун эмес. Бирок быйыл жергиликтүү чоң муштумдарынын айынан көз жумган казак атуулунун өлүмү мына жөнөйбүз деп турган толтура чет элдик катышуучуну артка чегиндириптир. Ушул жерден көлдүктөргө балдарыңарды тартипте кармабасаңар сезонуңар начарлай бериши мүмкүн деп айткан адам болсо гана деген суроо пайда болот.
Баса, жыл сайын Ысык-Көл оюндары "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында болчу эле. Ал жердеги шарттар келген конокторду канааттандырбаганы айтылып, быйыл тендер менен "Кыргыз деңизи" тарапка жылдырылган.
Топ тепкичтин бир күнү
Өткөн аптанын акыркы күндөрүндө Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча биринчилигинин кезектеги туру болуп өттү. Былтыркы чемпион кочкор-аталык "Нефтчи" менен Бишкектин "Алгасынын" ортосундагы беттеш 1:0 эсебинде жалал-абаддыктардын пайдасына чечилди. Оюндун бешинчи мүнөтүндө Бакыт Маматов гол соккон. Экинчи бөлүктө "Нефтчинин" дарбазасына 11 метрлик айып белгиси көрсөтүлдү эле, бишкектиктердин чабуулчусу Владимир Веревкин 7 метрлик бош жер турса 10 сантиметрлик штанганы каңгырата тепсе болобу. Ошентип "Нефтчи" кезектеги чемпиондугуна үмүт отун жандырып, турнирдик таблицада биринчи болуп баратыр. Ал эми былтыр сүткө оозун күйгүзгөн Бишкектин "Дордою" ат арытып келген "Алайды" айранды үйлөгөндөй эле акырын 2:0 менен утуп коюшту.
Дүйнө биринчилигине жол ачылат
2012-жылкы хоккей боюнча дүйнө биринчилиги 4-майдан 20-майга чейин Финляндияда жана Швециянын муз аянттарында өтөөрү белгилүү. Бирок бул чемпионатка Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын командасы катышаар катышпастыгы белгисиз. Бул маселени 22-24-сентябрда Стамбулда өтүүчү эл аралык хоккей федерациясынын кезектеги конгресси чечет. Алар "добро" беришсе биздин хоккейчилер "С" тобунда Израил, Жаңы Зеландия, Люксембург, Греция жана Болгария өлкөлөрү менен күч сынашат. Эл аралык хоккей федерациясына 70-мүчө болуп кирген кыргызстандыктарга бул уюм болушунча көмөк көрсөтүп, калыстарды даярдоого да жардам берээрин убада кылды.
Волейбол өсүптүр, эй
Ысык-Көлдө Эл аралык оюндардын алкагында өтүп жаткан волейбол боюнча биринчиликте кыргыз оюнчуларына кытайлар кызыга баштады. Заматта волейболу өнүккөнү байкалган кыкемдер Тайпейде өтүүчү Эл аралык волейбол федерациясынын генералдык ассамблеясына чакыруу алганга да үлгүрүштү. Мындан кийин жымшык кошуналарыбыз менен катташып, оюнчуларыбыз Кытайдын клубдарында да ойноп калышы мүмкүн экен. Тагыраак айтканда "Салам-Аликти" бийик секиргичтеринин бирине ушул жерден эле сөйкө салбайлыбы деген сунуш болуптур.
Ал эми турнирдин жүрүшү жөнүндө айтсак, оюндун 3-күнүндө Бишкектин "Салам-Алиги", Ысык-Көлдүн "Жаңы-Мууну" жана Нарындын "Улар" командасы жеңилүү ызасын көрбөй келатыр. Бул турнирге казактардын "Темиртау", Россиянын "Шереметьево" волейбол клубдары келишсе да, кыргыздар теректей болгон атаандаштарына жемин жедирбей, аларды чекеден утуп, таң калтырып жатышат.
Кыз-келиндердин өйүзүндө айтылуу "Салам-Алик" Бишкектин командасына сенсациялуу түрдө жеңилсе, нарындык орус кыздар, тагыраагы "Улар" командасынын сулуулары азырынча эч кимге жеңиле элек.
Эркекче мушташкан эрке кыз
Өткөндө Валентина Шевченко деген мушкер кызыбызга ийгилик каалап франциялык дүйнө чемпиону Анжелик Питиотко чыкканы жатат деп жазганбыз. Бүгүн жыйынтыгын айтып коелу. Сүрөттө көрүнүп тургандай Валябыз франциялык бийкечти жерге сүйрөп ит акмагын чыгарды. Эркектердикинен кем калбаган ударларга туруштук бере албай бараткан Анжелик бул дүйнөгө жаралганына арман кылып жатты. Дүйнө жүзү боюнча аял аттуунун баарын сабап жаткан сулуубузду кайсы жигит эрдик кылып баш кошот экен деген суроо Валяны эле эмес, бизди да ойлондура баштады…





ДҮЙНӨ
күн
Цивилизацияңдурайын…
Грузияда Омало деген тоо арасында жаткан айыл бар. Ал жакка өмүрү цивилизация жетпептир. Өткөндө мындай жапайы жерге Германиядан эки турист келип, грузиндердин тоодо жасалган чыныгы винолорун изилдемек болушат. Конокторду өтө күчтүү винолор менен сыйлап отуруп тоолуктар мас кылып коюшат. Берки эки конок жигит эс-учун жоготкончо ичип, маймыл боло баштаганда бири-бири менен өбүшө башташыптыр. "Көгүштөр" жөнүндө үч уктаса да түшүндө укпаган айылдыктар немис жигиттерге жини келип, өлөөрчө сабап, колу-бутун байлап, бийик жардан сууга ыргытып ийишиптир.
Катышып көрсөңчү
"Тыды-дын-тын, тыды-дын-тын, тыды-дын-тын тын!" деген кадимки Nokia телефонунун өздүк музыкасы бар го. Ошонун ремикс, тагыраак айтканда өзгөртүлгөн, жаңыртылган вариантына финндердин бул компаниясы конкурс жарыялады. Жеңүүчүгө бир чемодан жашылбай узатылып, анын чыгармасы жаңы чыккан телефондордо жаңыра баштайт экен. Муну жазганыбыздын себеби, музыканы уурдай калып, кичине ремикс кылганды кыйын билген кыргыздар балким утуп калабы деген илгери үмүт да.
Кызмат колдун кири
Россияда аскер реформасы күчүндө. Анын алкагында Коргоо министрлигинин 160 генерал, полковниктери кызматтарынан ыргыды. Себеби эң жөнөкөй. Жыргал жашоого көнүп алган аскер чиновниктери алыскы аймактарга барып жетекчи болосуң деген буйрукту аткарбагандыгы үчүн таптакыр министрликтен алыстап атышат. Көрсө, погончон чоңдорго Москвада эле жашаган жагат тура.
Коркконго кош көрүнөт
Сакраментодо кызык окуя болду. Полисайларга, куткаруу кызматына бир кишини килейген жылан чагып алып жолдун ортосунда сулайып жатат. Жанында 2 метрлик жылан дагы эле турат дешет. Көзүн алайткан кызыл шапкечендер жетип келишсе эле, жашы өтүп калган кишинин жанында тыбырчылап килейген жылан жатат. Көрсө, жинди суудан бастырып алган 54 жаштагы Дэвид Сэнк мас абалында келе жатып чубалган питонду көрүп коркуп кетип өзү чабуулга өтүптүр. Жыланды 2-3 жеринен тиштеп салгандан кийин байкуш питон кыймылдай албай калган. Жыланга шашылыш хирургиялык операция жасалып, Дэвид мырза 10 миң доллар айып пулга жыгылды.
Саакашвилинин жей турган галстугу
Өткөн жылдары Россия менен Гогилердин согушу учурунда Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин түз эфирде кыжаалат болуп галстугун чайнап отурган кадры интернет беттеринде, телеканалдарда хит болуп кеткен. Ошондо айрым акылдууларда жей турган галстук чыгаруу идеясы башына кылт дей түшүп, Андрей Илларионов деген азамат бул ойду патенттеп, эми жей турган галстук чыгара баштады. "Реформатордун жей турган галстугу" деген аталыштагы товар жакынкы күндөрү бардык дүкөндөрдө пайда болот экен.
Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика