09.09.11 - 18-бет:
  Серпилген сезимдер

Алсырап жаным кейип турган кезде,
Опол тоо жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим же байкабай жүрөсүңбү,
Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?

Сүйүүнүн, никенин жүгү ушунчалык оор. Кээде экөөлөп эмес үчөөлөп көтөргөнгө туура келет деп акылмандар айткандай, адам болгондон кийин бирде болбосо бирде сүйүү үч бурчтугуна туш келип, ал бурчтун кайсы жеринен орун алууну билбей башыбыз маң болгон учур арбын. Сыртынан караган адамга сүйүү үч бурчтугуна кабылган адамдын турмушу кызык туюлушу мүмкүн. Чынында мите курттай кемирип жаткан оорунун азабы кандай оор экенин сөз менен эч ким айтып түшүндүрө албас.


Алия алдадыбы?..
Алия менен таанышып, көп жигиттин арасынан анын жүрөгүн ээледим. Чынында кандай адам болсо да бир ирет кылчайып карагыдай сулуу жан. Бир аз таарынчактыгы, анан эркелиги эле болбосо. Бирок ошол эркелиги да жүрөгүмдү элжиретип, кылыгына тойбой турам. Башында баары жакшы болчу. Сейилдеп баскан күндөрүбүз, бош убактыбыз болсо чалышып жолуга калган кездер азыр таттуу түш сымал гана болуп калды окшойт. Алиянын мен мурда байкабай жүргөн кылыктары үчүнчү курста окуп жүргөндө чыга баштады. Экөөбүз бир университетте окугандыктан чоң танаписте да жолуга калып, кокус сырттан көрүшүп калсак бири-бирибизге жымыңдап, көз кысып өткөнгө үлгүрчүбүз. Ошол жылы алардын группасына башка окуу жайдан Жоодат аттуу жигит которулганын уктум. Аны дагы Алия өзү айтпай, курбуларынан кокусунан уктум. Эмнегедир ошол атты алгач укканда бүткөн боюмду жагымсыз толкун аралап, жүрөгүмө дүрбөлөң түшкөн эле. Жүрөк кургур калп айтпайт тура, ошондон көп өтпөй эле Жоодаттын Алиямдын жанынан чыкпай шынарлап калганы көп байкала баштады. Алиядан сурасам, айткан шылтоосу "жаңы келген неме биздин окуу жайды билбейт, жакшылап тааныштырып эки жакты көрсөтүп коеюн" деген сөзү болду. Байкасам, эки жакты тааныштырбай эле бири-бири менен жакындан таанышып жүрүшөт. Ошондон бери мага кызганыч деген сезим тынчтык бербей келет. Сабагыман чыгып алып аларды аңдыганды адатка айландырдым. Ушинтип бат эле сүйүү үч бурчтугуна кабылып калдымбы? Алиямды тарттырып жиберемби деген коркунуч күн сайын күч алып, жанымды жай алдырбайт. Сүйүүм үчүн кантип күрөшөм.
Медер, 27 жашта, Бишкек шаары




  Адис эмне дейт?

Психолог Алина САПАРБАЕВА:
"Сүйүүдө үч эмес төртүнчүсүнө деле орун табылат"
- Медердин абалы азыр ар бир экинчи жашта, үй-бүлөлүү түгөйлөрдө кездешет. Менин негизги кеңешим, кызганычтын айынан уруш чыгарып, сүйгөн кызыңыздын көңүлүн иренжитпеңиз. Сүйүү үч бурчтугунда кимиси амалдуу болсо жеңет да, туурабы? Сен бул бала менен көрдүм деген сыяктуу ашыкча сөз жарата берсеңиз огобетер ортодо жарака чоңойгондон чоңоюп, бири-бириңден алыстаарыңар бышык. Андан көрө орой айтканда, ушундай кезде бир көзүңүз сокур, бир кулагыңызды дүлөй кылып койгон жакшы. Жайына коюңуз, башка балдар менен сизди салыштырып, өзү үчүн жыйынтык чыгарганы дурус. Балким сиздеги артыкчылыкты башкадан таппай күнөөсүн сезип кайрылаар. Эч болбоду дегенде сүйүү үч бурчтугунда төртүнчү адамга деле орун табылат. Балким жүрөгү сиз деп соккон бийкеч турмуш жолунда күтүп тургандыр.






Сүйүү үч бурчтугунда бурчка сүрүлүп калбоонун амалдары

Сол колдун ачуусун оң кол менен бас
Жигитиңиз, жолдошуңуз же колуктуңуз болобу, кокус сүйүү үч бурчтугуна кабылып калсаңыз мамилени тактап, маселени кабыргасынан койгонго шашпаңыз. Эгер сүйүктүүңүз башка жээктен бирөөнү тапса, ага өзүңүз себепкер болушуңуз мүмкүн. Балким аны туура эмес мамилеңиз менен өзүңүздөн оолактатып жаткандырсыз. Уруш чыгарып жакын адамыңызды эрегиштиргенде сиз тез уттурасыз.
Карышкырга кой кайтарт
Экөөңөрдүн ортоңорго турган үчүнчү адамдын көңүлүн тапканга аракет кылыңыз. Айтканга оңой, бирок багыңыздан болуп тилин таап алсаңыз, жеңишке кетчү жарым жолду басып өттүм дей берсеңиз болот. Биринчиден, ал адам сиз менен жакындан тааныш болсо сүйүктүүңүздүн жанына жологондон жазганып калат. Экинчиден, сиздин жакын адамыңыз менен жолугушкан сайын көз алдына сизди элестетип ыңгайсыз абалда болушу мүмкүн. Өзүн күнөөлүү же экөөңөрдүн жашооңордо өзүн ашыкча сезүү сезими жаралса деле чоң жетишкендик.
Дайыны жок шектенип сезимге доо кетирбе
Өзгөчө бул көрүнүш айымдарга тиешелүү. Эгер так далил жакын адамыңыздын кадырына шек келтирип, ар нерсени болжолдоп уруш чыгарбаңыз. Шектүү шекинет болуп телефонун чукулап из издөөнүн кереги жок. Эгер күйөөңүз сыр бербей тымпыйып жүрсө, ошол бойдон жаратты чукубай койгонуңуз оң. Кыздардын эсине түйчү алтын эреже: эч качан кыздардын ортосунда чыныгы достук болбойт. Кыздар бул жашоодогу жакшы, кооз нерсе үчүн бирдей аракет кылышат. Жыйынтыгында баарыбир эртели-кеч атаандаштык жаралат.






Атактуулардын арасындагы сүйүү үч бурчтугу
Жастин жайлаптыр
Голливуд жылдыздары Скарлетт Йохансон, Джастин Тимберлейк жана Камерон Диастын ортосундагы сүйүү үч бурчтугу мындан беш жыл мурда катуу күч алган. Ортобузда кызматташтык гана бар деген шылтоону бетине кармаган Скарлетт менен Джастин көп жерде чогуу жүргөнү Камеронго угулуп, Джастиндин жаңы клибинин бетачарына барганда экөөнүн ташталканын чыгарып ызы-чуу салган.
Бир эмес эки сүйүүгө кабылган Джоли
Актрисалар арасынан эркектин жүрөгүн багындыруу боюнча рекорд койгон Анжелина Джоли биринчи Бред Питти Женнифер Энистондон тартып алган. "Мистер жана миссис Смит" тасмасына тартылып жатканда экөөнүн кыялы келишпей ар бир күнү кырылыш менен коштолчу. Экөөнүн чуусунан тажаган режиссер аларды жертөлөгө камап салган. Жарым суткадан ашык караңгы жерде отурган Питт менен Жоли элдешип, ортолорунда махабат жаралган дешет. Эртеси эле Женнифер Энистондон кол үзүп Бред Жолинин үстүнө кирип алган. Анжелина Жолинин кезектеги курмандыгына Жонни Деп айланып кала жаздады. "Турист" деген тасмага чогуу тартылып, эротикалык эпизодду аткарышкан. Дептин аялы аны билип калып күйөөсүнүн чаң-асманын чыгарып, режиссерго кайра-кайра айтып жатып күйөөсү менен Жоли аткарган эротикалык эпизодду алдырып тынган.
Мизи кайта элек "кара пантера"
Актриса Ума Турман өзүн жеке жашоодо жолу жок деп эсептейт. Европадагы алдыңкы мейманканалардын ээси, жеке ишкер Андре Балаш Ума Турманга баш кошуп, ЗАГСка катталгандан кийин "кара пантера" Наоми Кэмпбелл менен көңүлдөш болуп калган. Тойго даярдалган чакыруу барактар элге таратылгандан кийин Ума Турман күйөөсүнүн жосунсуз жоругун билип калып кайрадан ажырашууга арыз берген. Көп нускалуу, белгилүү журналдар Наоми менен Андренин кучакташып жүргөн сүрөтүн чыгарып, Ума Турманга экинчи сокку кылышканын актриса азыр да таарынып айтып жүргөн кези.

Ынак ОСМОНАЛИЕВ, ырчы:
"Баары бир жүрөгүн багындырмакмын"
- Менин практикамда сүйүү үч бурчтугуна ачык кабылбасам да мен жактырган кызга дагы бирөөлөр көз артып жүргөнүн кулак кагыш кылып калышчу. Албетте мындай сөз суук эле угулат. Жакшы көргөн адамыңды кантип бирөөгө ыраа көрөсүң. Эгер болбой эле ачык эле "атакага" өтсө, атаандашым менен эрегишпейт болчумун. Тымызын жакшы жактарымды көрсөтүп, жакшы сапаттарым менен сүйүктүүмдү өзүмө арбап, баары бир жүрөгүн багындырмакмын. Мен жигиттерге мындай кеңеш берер элем: эгер атаандашыңар пайда болсо, артка кеткенчиктебегиле. Эки жагынан байкап, ал адамды жакындан тааныганга аракет кылгыла. Анын сиздин сүйгөнүңүзгө чын эле жакшы ниети барбы же убактылуу көңүл ачкысы келип жүрөбү, ушуну так билип алган соң гана кандайдыр бир чара колдонуу керек.

Жаныбек АЛЫКУЛОВ, куудул:
"Жүрөктү мыкчып калганым сүйүүнүн кесепети"
- Мен бир ирет сүйүү үч бурчтугунда жеңгем, бирде жеңилгем. Бирок баарыбир бул геометриянын мыйзамынан соо чыкпайсың да. Жүрөгүңдүн бир бурчу жараланып, сынып-бырчаланып чыгат. Адам элүүдөн ашкандан кийин жүрөк тушун мыкчып калганы эмнеден деп ойлойсуңар? Жетпей калган сүйүүнүн эле азабы. Мен сүйүү үчүн көп күрөштүм. Көңүлүм ооруду, шагым сынды, жыйынтыгында жеңип, азыр жакшынакай бүлөм менен жашап жатам. Турмуш болгон соң дайыма эле жеңе бербейсиң, кээде жеңилген кездерди эстесем өкүнүчтөн өзөгүң зыркырай түшөт.

Тынай АЛЫБАЕВ, ырчы:
"Аял эле маселени чечпесе…"
- Сен сүйгөн аялды дагы бирөө сүйүп калса, кызганып анын көзүн көгөртө коюп, же караңгы жерден тепкилегенден эмне пайда? Албетте ортого бирөөнүн кыпчылып алып сенин ордуңду талашканы жинге тийет дечи, а бирок аял сени сүйбөй аны сүйүп турса күйбөгөн жериң күл болот. Мен сүйөм деп эле өзүмчүл боло бергенден пайда жок. Сурап ичкен суу ичкен, тартып өпкөн жел өпкөн деген таамай айтылган сөз бар. Эгер аял сени сүйбөй ага ыктап турса, жөн эле тынч кое бергенден өтөрү жок. Көбүнчө сүйүү үч бурчтугуна кабылганда аял киши эле көп нерсени чечип коет экен.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА