09.09.11 - 17-бет:
  Каяша

Гезитибизге үстүбүздөгү жылдын 11-августунда "Кыргызжилкоммунсоюздагы" кызылдай мафия" деген макала жарыяланган. Мында аталган ишкананын эмгек жамааты 14-майдан тарта мыйзам чегинде иш таштоого чыкканы, анын себеби "Кыргызжилкоммунсоюзга" (КЖКС) жылуулук-энергетика адиси эмес, иш тажрыйбасы жок Мурат Мурзаевдин директор болуп келишине байланыштуу экени айтылган. Бул макала боюнча аталган мекеменин жетекчисин сөзгө тарттык.

Кыргыз турак-жай коммуналдык бирикмесинин директору Мурат МУРЗАЕВ:
"Мекеме буга чейин эле коррупцияга батыптыр"
- Мурат Садырбекович, "Кыргызжилкоммунсоюздагы" кызылдай мафия" деген макаладан улам сизди мафия башчысы деп койсок болобу?
- Биз бул макала тууралуу талкуу өткөрдүк. Албетте мындай көрүнүш азыр ар бир эле мекемеде болуп жатат. Бизде да ар кандай себептер менен жумуштан алынгандар бар. Бул алардын кезектеги аракети. Менде алардын эмне себептен жумуштан кеткени тууралуу документтер бар.
- Сиз бул мекемеге быйыл 12-майда директор болуп келипсиз. Буга чейин эмне кызматта элеңиз?
- Түшүнүп жатам, сиз бул суроону каршылаштарым мени бул тармак боюнча адис эмес дешкенинен улам берип жатасыз. Мен буга чейин "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында директордун милдетин аткаруучу болуп келгем. Ага чейин аталган мекемеде коммерциялык бөлүмдүн башчысы элем. Тактап айтканда, мен бул тармакка асмандан түшкөн жокмун, өз ишимди жакшы билем деп айта алам.
- Сиз келгенде бул мекеме кандай абалда эле, азыр кандай абалда?
- Мен келгенде бул мекеменин 465 млн. сом карызы бар болчу. Чынын айтканда "Кыргызжилкоммунсоюз" коррупцияга белчесинен батып кеткен экен. Мисалы, ошол эле мазутту өкмөттүн токтому менен жылына "Кыргызнефтегаздан" 10 тонна алыш керек болсо бул жердеги мурдагы жетекчилер мазут менен көмүрдү эки эсе кымбат баа менен Казакстандан алып келип турушкан. Керек болсо Жалал-Абадды жылытыш үчүн мазутту аталган шаардын өзүндө турган "Кыргызнефтегаздан" албай андан узак турган Казакстандан кымбат баада сатып келишкен. Көмүр боюнча деле иш ошондой жүрүп келген. Мындан бир жагынан өкмөттүн бюджети жабыркап, экинчи жагынан өзүбүздүн мазут, көмүр өндүргөн ишканалардын чыгарган продукциясын өзүбүз сатып албай калганбыз. Кыскасы, өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдогон эмеспиз. Албетте мындан мага чейин бул мекемеде отурган жетекчилер алдамчы фирмалар аркылуу өз чөнтөгү үчүн пайда көргөн. Ал эми "Кыргызнефтегаз" өкмөттүн ишканасы да. Ал жерден өз пайдасын бөлүшө албайт. Мына так ушундай себептен улам "Кыргызжилкоммунсоюз" буга чейин көмүр менен мазутту башка жактан сатып алып турган. Мындан сырткары былтыр Майлуу-Сууга 519 тонна мазут жетпей калды. Бул 10 млн. сомдун тегерегиндеги акча. Жалал-Абадда 800 тонна көмүрдүн дайыны жок. Чолпон-Ата шаарына 154 тонна мазут жетпей калган. Ал жердин директорлорун жумуштан алдык. Анан албетте мага каршы чыккандар көбөйөт. Бирок биз коррупциянын артынан сая түшүп иштөөнү уланта беребиз.
- Азыр мазут менен көмүрдү каяктан сатып аласыңар?
- Быйыл 10 миң тонна мазутту өзүбүздүн "Кыргызнефтегаздан" алып жатабыз. Көмүрдү да өзүбүздүн жергиликтүү ишканалардан сатып алабыз. Буга чейин кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кеткен пайда азыр өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө кете баштады.
- Алдыдагы кышка даярдык кандай? Силердин камсыздоодогу региондук шаарлар быйыл үшүбөйбү?
- Иш план менен баратат. Бирок азырынча өкмөттөн каражат маселеси толук чечиле элек. Бюджеттен бизге 735 млн. сом каралган. Ал чечилген, ал эми өкмөттүн токтому менен дагы 330 млн. кошумча каралыш керек эле, ал азыр чечилбей жатат. Кышка аз эле калды. Жогорудагы маселе өкмөт тарабынан чечилбесе маселе олуттуу бойдон кала берет. Биз жалпы жонунан быйыл 15 миң тонна мазут, 80 миң тонна көмүр даярдашыбыз керек. Мен бул маселени азыр өкмөткө коюп жатам. Дагы айтып кое турган нерсе, биздин мекеменин борбордук аппараты региондогу башка органдарыбызга үлгү болушу керек. Тилекке каршы буга чейин биздин борбордук аппарат күзгү болбой эле коррупциялашуу жагынан үлгү болуп келген. Буга чейин бухгалтердин, кассирдин үстүнөн кылмыш иши козголду. Себеби бизге чейин бир жарым айдын ичинде директордун да, бухгалтердин да колу жок биртоп суммадагы акча алынган. Буларды көрүп региондогу бөлүмдөрүбүздө да жогорудагыдай жетишпестиктер болуп турган. Албетте анын азабын кышында үшүп-шишиген кардарларыбыз гана тартып келген. Буюрса аларга бөгөт койдук.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Элета


20 жылдын аралыгында мамлекетти башкаруудагы жаңылык, айыл өкмөтү институтунун киргизилиши болду. Алар түздөн-түз дайындалып, мурдагы бийликтин жер-жерлердеги камчы чабары болуп келген. Учурда шайланат. Калкыбыздын 65 пайызы айыл жеринде жашап жаткандан кийин айыл өкмөттөрүнүн мааниси чоң экендиги талашсыз. Ошондуктан бул жергиликтүү бийлик өзүн өзү актадыбы, келечеги барбы деген суроо пайда болбой койбойт. Ушуга байланыштуу Кочкор районундагы Талаа-Булак айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу Шамил УСУБАЛИЕВге кайрылып ачык-айрым жооп алдык.

Мектепке 800 сом бералбай жер карайбыз
- Мыйзамга ылайык айыл өкмөтүн жергиликтүү депутаттар шайлашат. Айыл өкмөтүнүн баскан турганы, жасаган иш-аракеттери алардын көз алдында өтөт. Ушунун өзү айыл өкмөтүн жаза баспай, жакшы иштөөгө тарбиялайбы же алар менен жең ичинен келишүүгө аргасыз кылабы?
- Айыл деген айыл. Баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Ар бир иш-аракетиң элдин көз алдында. Иштейм деген киши айылдык депутаттардын эмес, ошол айыл элинин көзүнө тике карап иштеши керек. Ал эми айыл өкмөтү менен соодалашкысы келген айылдык депутаттар жок эмес. Бул Кыргызстандагы бийлик оорусу. Кандай болгондо да республикалык масштабда айыл өкмөттөрүн айылдык депутаттардын шайлашы жакшы практика. Анткени боло келгендей уруу-урууга, айыл-айылга бөлүнүүдөн кутулат окшойбуз.
Мамлекеттик деңгээлдеги дагы бир көйгөй айыл элинин бардык суроолор боюнча айыл өкмөтүн коколой бергендиги. Бүгүнкү күндө сугат суу, таза суу - ортолук менчик. Ар бир айыл өкмөттө ушундай. Эл өзү тарифти бекитип, ошо боюнча акча төлөп, жетекчисин жалдайт. Анан эле алардын ишинен кемчилик кетсе айыл өкмөттөрүн жакалап калышат. Алардын жетекчилерин эл өздөрү тарбиялап, тартипке чакырып, иштей албаганын бошотуп салбайбы. Ортолук ишти өкмөттүк иш менен аралаштырбоону элибиз үйрөнсө жакшы болот эле.
- Айыл инфраструктурасын, маданиятын өнүктүрүүгө, айылдык мектептин социалдык базасын чыңдоого айыл өкмөтүнүн чамасы жетеби?
- Айыл округу 100 пайыз мамлекеттик дотацияда отурат. Анын 96 пайызы республикалык бюджеттен келет. Калган 4 пайызын элдин мамлекетке болгон салыгынан чогултуп алгыла дейт. Эл болсо ошол карызды 5-10 жылдап төлөбөйт экен. Андыктан айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча жок болсо байкуш экенсиң. Айылдагы эки мектепке айына тряпка, самын, чака жана башкалар үчүн эле 800 сом кетет. Ошол табылбайт. Жер карайсың. Айылдын инфраструктурасын оңдоо боюнча долбоор жазып акча табуу аракетиндебиз. Бул жерде маселени депутаттар чечип, өкмөт аткарышы керек. Депутаттар да мындай маселеге кайдыгер карабай активдүү болушса дейсиң.
- Айылда көптөгөн жерлер айдалбай отоо чөп басып кеткени көрүнүп турат. Буга дыйкандардын чамасы жетпей жатабы же башка себептери барбы?
- Айдоо жерлеринин айдалбай калышына 2-3 себеп бар. Эң биринчиси, жалкоолук. Аны моюндаш керек. Мына, төмөнкү Кум-Дөбө айылынын эли Айдан келиптирби? Түтүнмө түтүн 2-3 га картошка айдап жакшы эле жашап жатышат. Экинчи себеп, сугат суусунун жетишпегендиги. Ушул багытта айыл элин уюштуруп жакшы эле аракеттендик. Эки жылда 19,5 км каналды кол менен тазалап чыктык. 2,2 км канал быйыл, былтыр 800 метр экскаватор менен тазаланды, 8 жерге дамба тостук. Ушунун убайын көрөөр мезгил келди. Үчүнчү себеп, көпчүлүк элдин колунда жоктугу. Үлүш жерлерин айдатканга чамасы келбей калып жатат. Жардам бергенге айыл өкмөтүнүн деле алаканы курук.
- Жайлоолорго кеткен жолдор, көпүрөлөр жайында эместей. Малчылар машинеси менен жолдун оңуна салып жайлоолорду тебелеп-тепсей берет экен…
- Жайыт ишин 13 кишиден турган жайыт комитети башкарат. Бирок булар жыргатып иштебегендиктен жайлоолордун кандай пайдаланылып жатканын жакшы билишпейт. Малчыларды сары журт кылбай көчүрүп туруу практикасы дегеле колдонулбайт. Натыйжада көпчүлүк жерлер тебеленип-тепселип керектен чыгууда. Малчылардын өздөрү бир жерден көчпөгөнгө, малынын көңүн чаап алганга кызыкдар. Ал эми мал жата берип чыласы сиңген ал жерлерге экинчи чөп чыкпай турганын эстеген жан жок. Жайыт комитеттин жетекчиси менен бухгалтери быйыл араң иштей баштады. Жайлоолорго жетчү көпүрөнү, жолду эл өзү каражат чыгарып салып алсын деген саясат башталганына эки жыл болду. Ал эми көпүрөлөргө келсек, быйыл 10 миң сомдук көпүрө салынды. Былтыр айылдын тың уул-кыздарынын жардамы менен 500 миң сомдук көпүрө салынган. Учурда АРИС программасы боюнча дагы бир көпүрө салынып жатат.
- Элет айылдарынын эң биринчи көйгөйү таза суу. Бул маселе чечилгенби?
- Таза суу дагы ортолук, элдик менчик. Моюнга алсак, муну такыр иштете албай жатабыз. Былтыр жарытып иштебегендерди түшүрүп жаштарды койдум эле, алар 2-3 ай иштеп басып кетишти. Себеби, айлыгы элден чогулмак, эл бербейт. Айлык албагандан кийин эч кимдин иштегиси келбейт экен. Резервуарлар алты жылдан бери тазаланбай, ичи балырга толуп, курт басып кетиптир. Атайын долбоор жазып 300 миң сом грант утуп, ошол каражатка резервуардын айланасын тостурдум. Эми болсо иштеп жаткан жетекчиси кетип калды. Эсепчиси кошо кетти. Кадр жок турабыз. Таза сууда проблема эми башталат. ЕБРге кредитти төлөй баштайбыз. Тариф 2,5 эсеге өсүш керек. Ушуну айылыбыздын жашоочулары түшүнсө жакшы болот эле. Ошентип айыл округунун башчысы катары ар түрдүү долбоор жазып акча тартып келүүдөн башка жолду көрбөй турам. Облус боюнча 63 айыл округуна келген долбоорду (мектеп куруу) утуп алуу үчүн күрөшүп жатабыз. Дегеле, айыл өкмөтүнө каражат булагын таап бербесе жана бийлигин бекемдебесе айыл өкмөтү институтунун келечеги жок. Айылдык демократия ушундай болуп калыптыр, ачуусу келген эле жарандарыбыз эмне кыйраттың деп айыл өкмөтүн сөгүп жатып калат. Кыйратайын десең бюджетиң чамалуу. Башкаларды билбейм, бизде кызматтык унаа да жок. Азыркы абалыбыз ушундай.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ