mainkaptal


Пользовательский поиск
  Арманым аттын башындай

Айдоочулар келет басылбай

Чубактын кунундай чубалган кыргызстандык айдоочулардын көйгөйүн "Жаңы Агым" буга чейин да бир нече жолу чагылдырган эле. Атүгүл акыркы жылы үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда жүк ташуучу айдоочулар алыскы аймактан бери келип атайын Транспорт жана байланыш министри Эркин Исаковго да кайрылышкан. Журналисттердин көзүнчө министр Эркин мырза айдоочулардын бардык көйгөйүн чечип берем деп убада кылып, аларды жолго салган. Бирок аликүнчө көйгөйүбүз чечилбей, дале колубуздан наныбызды башкаларга алдырып ишсиз отурабыз дешет атайын алыстан келген айдоочулар.

Көлбай КОЙЧУМАНОВ, Ат-Башы районунан келген айдоочу:
Транспорт жана байланыш министрлигине, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жүк ташуучу айдоочулардын көйгөйүн айтып бир нече жолу кайрылган элек. Биздин көйгөй премьер-министр Алмазбек Атамбаевге чейин жетип, ошонун негизинде 2011-жылдын 8-августунда жаңы токтом чыккан. Ал токтомдо Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүчү транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлери тууралуу жазылган. Бул токтомдун бизге тиешелүү бөлүгүн карасак, үч октуу жүк ташуучу автомобиль үч же төрт октуу чиркегичи менен 44 тоннадан ашпашы керек. Ошондо Кыргызстанга сырттан келген, сыртка чыга турган унаага жүктүн салмагын кошкондо гана 44 тонна болушу керек. Бирок өкмөттүн чыгарган токтомдору алигүнчө аткарылбай Кытайдан, Афганистандан жана башка жактан келген унаалар 60-70 тонна жүк менен келип, кайра ушундай эле салмактагы жүктөр сыртка чыгып атат.
Союз убагында менчиктештирип алган транспорту менен жан баккан кыргызстандык айдоочулар иштей албай калышты. Мурда деле жолго канча тонна жүк алып жүрүү боюнча чек коюлган. Ошол кезде ал аткарылчу. Союз тарагандан баштап Кытайдан Кыргызстанга салмакка карабай жүк ташып келгенден бери жолдорубуз талкалана баштады. Экинчиден, учурда Кыргызстандын жолун Кытай өзү куруп берип атат. Кайра эле ошол оңдолгон жолдорду кытайлар өздөрүнүн жүз тонналаган машиналарын алып келип талкалап атпайбы. Эгер мыйзамда көрсөтүлгөн салмакты сактабай ушундай кете берсе, жаңы салынган жолдор жарым жылга жетпей талкаланары турган иш. Чындыгында эл аралык стандарт боюнча оор жүк ташуучу унаалар 36 тоннадан ашпашы керек. Эгер Кыргызстанда мыйзам иштеп, токтомдор аткарылса өлкөбүздөгү айдоочуларда канча унаа болсо алардын бардыгы үй-бүлөсүн багып, иш менен камсыз болушмак. Эми өкмөт силердин унааңар эскирди, башка машине алып беребиз деп атышат. Алар алып бере турган унаалар автобазага Урманаев дегенге берилет деп айтып атышат. Эгер Урманаев унааларды ала турган болсо, ал 44 тоннаны гана жолго алып чыгарына күмөнүбүз бар. Мисалы, 44 тоннадан ашпасын деген мыйзам ишке киришсе Кытайдан же сырттан жүз тоннага чукул келаткан жүк биздин чегарага жеткенде эки-үч унаага бөлүнүп калат. Ошондо кытайлар жүктөрүн биздин унааларга салууга аргасыз болушат. Себеби бизде бери жакта чоң унааларды өткөрбөйт. Ошондо таразадан көзөмөлгө алып, мыйзамда көрсөтүлгөн тоннадан ашпай калат. Азыр бажыканада, чегарада унаанын салмагын текшерген тараза иштебей турат.
Эмнеге бул токтомду иштетпей жатканы түшүнүксүз. Жакында 8-августта чыккан бул токтомдун аткарылбаганын айтып Транспорт жана байланыш министри Эркин Исаковго кайра кайрылдык. "Өңдү көрсө жүз тайыйт" болуп бизди көргөндө ал баарын аткарам, макул дейт да, бирок эч кандай жылыш жок.
Орозмат БЕЧЕЛОВ, Балыкчыдан келген айдоочу:
- Бакиевдин заманында Кыргызстанга оор жүк ташуучу унаалар 38 тоннадан ашык өтпөй, беш-алты ай так иштеген. Ошондо катуу көзөмөл болуп, ага чейин Кытайдан келген жүз тонналык унаалар кайра артка кайтууга аргасыз болушкан. Эгер ошондой катуу көзөмөл болсо биякта деле тартип орномок. Бирок ал көзөмөл азыр болбой калды. Азыр деле биздин айдоочулар чет мамлекетке барып атышат. Чет мамлекеттерде, Кытайда биздин унаа үчүн жолу кичине чийилип же май тамып калса 3000-4000 доллар айып салып, машинени алып коет. Ал жерде биздин укугубузду коргоочу элчилер, консулдар иштебейт. Бизди ал жерде кандай соттойт, жазалайт, кытайлыктардын укугу.
Жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн Торугартка терминал куруу боюнча маселе көтөргөнбүз. Депутаттарга, өкмөт башчыларына, атүгүл кытай элчилигине да кайрылганбыз. Бирок эч кандай тыянак чыкпады. Бизге эч кандай бийликтин, саясаттын кереги жок. Үй-бүлөбүздү багып, наныбызды таап жесекпи деген эле максатыбыз бар. Кыргызстандагы айдоочулардын какшап айткан арманын чечип бералбаган Транспорт жана байланыш министри Эркин Исаков менен бажыкана жетекчиси Кубаныч Кулматов кетмейинче Кыргызстан оңолбойт. Алардын казынага акча түшсүн, элибиз жумуш менен камсыз болсун деп ойлобой, жең ичинен сүйлөшүп, өзүлөрүнүн кызыкчылыгын гана көздөгөнүнө нааразыбыз.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Шыпаагер

Эне аман болсо эл аман

Акыркы кезде Кыргызстанда рак оорусу күч алып, анын ичинен аялдардын эмчек рагы өтө көбөйө баштады. Анын кесепетинен көз жумгандар да көп. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей, бул дартты билбей жүргөндөргө сабак болсун үчүн Бишкек шаарындагы онкология борборунун башкы дарыгери, онко-гинеколог Бактыгүл БЕКБОЕВА менен маек курдук.

- Эмчек рагы мурда 45 жаштан жогоруларда көп катталса, азыр 35 жаштан баштап чалдыккандар көбөйдү. Бул дарттын алдын алуу үчүн аялдар жылына бир же эки жолу текшерилип турушу шарт. Эгер эмчеги ооруганы же шишигени байкалып, шектенүү пайда болсо дароо текшерилип, дарыгердин кеңеши менен дарыланып турушу шарт. Акыркы кезде рак оорусу абдан жашарып кетти. Бул дарт дарыгерге келип текшерүүдөн өтсө эле билинет. Аял өзү деле күзгүнүн алдына туруп эмчегин кармалап шишик бар же жогун байкаса болот. Бизге кайрылгандардын көбү эч нерсе байкалбай туруп эле шишик пайда болуп калды деп айтышат. Бул туура эмес. Аял өзү буга абдан көңүл буруш керек. Учурда эмчек рагынан башка да аялдардын жатын рагы күчөп, ооругандар жашарып атат. Аялдар өзгөчө ушул эки ооруга өзгөчө көңүл бурушу керек. Быйыл Саламаттык сактоо министрлиги эмчек рагынын күчөгөнүнө байланыштуу иш- чараларды өткөрүп, алыскы аймактагы аялдарды коомдук бирикмелер менен биргеликте профилактикалык текшерүүдөн өткөрүп атабыз. Учурда Чүй облусунда, Бишкекте ушундай дартка чалдыккан аялдардын саны көп кездешүүдө. Анүстүнө акыркы кезде айылдан борборго келген кыз-келиндер, аялдар көп. Алар соода жасап, иштеп атышат. Ошондуктан аларды текшерүү оңоюрак болууда. Ал эми алыскы аймакка барсак да райондун борборуна жетип, тоонун түбүндө жашаган айылдарга барууга мүмкүнчүлүк болбой атат.
- Маммология бөлүмүнө эмчек рагы менен кайрылган аялдардын канча пайызы өтүшүп кеткендер?
- Тилекке каршы, аялдардын алтымыш пайыздан жогорусу эмчек рагынын өтүшүп кеткен 3-4-стадиясында кайрылып атышат. Алар оорусунан таза айыкпаса да өмүрүн узартууга аракет жасап, химия терапия, нур менен дарылаганга аракеттенебиз. Канчалык эрте кайрылса 1-2-стадиясында айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү чоң. Жакында Бишкек шаарында атайын эмчек рагын алдын алуу боюнча форум өткөн. Бул форумга ЖК депутаттары катышып, мыйзамга ылайык бул дартты сакайтууга материалдык-техникалык жактан жардам беребиз деп убада беришкен. Себеби, бул дартты дарылоо бекер болуш керек. Бизде нур менен дарылоочу аппараттар эскирип кеткендиктен аларды жаңыртуу үчүн мамлекеттен жардам, жакшы иштеген мыйзам керек. Учурда онкология борборунда, маммология бөлүмдөрүндө атайын жабдыктар бар. Бул дарттын күндөн күнгө өрчүп атканына байланыштуу дарыгерлерге акы төлөнбөгөн ишемби күнү да кабыл алууну колго алып, аялдардын текшерилүүсү үчүн шарт түздүк. Ишемби күнү келип текшерилгендерге, бейтапканалардан атайын жолдомо менен келгендер үчүн бекер. Эгер онкологиялык оору байкалса алардын бардыгы бекер дарыланууга тийиш. Албетте, дарылоочу дары-дармектин көбү ооруканада жетишсиз. Аларды бейтап өзү сатып алат.
- Кыргызстанда бул дартка чалдыккан аялдардын саны канча?
- Өлкөбүздөгү жүз миң аялдын ичинен 8-9 аял ушундай дартка кабылгандар. Чындыгында Европа мамлекеттеринде бул дарт менен ооругандардын саны бизден көп. Ал жакта аялдар көп төрөшпөйт, туура эмес тамактанышат. Бирок ал жакта медицина абдан өнүккөн, бардык жабдыктар жетиштүү. Ошондуктан алар бул дартты жаңыдан башталганда эле билишет. Европада аялдар дарыгерлерге милдеттүү түрдө жылына келип, профилактикалык текшерүүдөн өтүшөт. Андыктан алгачкы стадияларында аларды дарылоого мүмкүнчүлүк чоң. А бизде бул дарт менен аз ооруса да өтүшүп, кечигип калганда гана кайрылып атканы чоң көйгөй.
Эмчек рагы эмнеден пайда болот?
Тамеки тарткан жаш аялдар, ошол эле учурда бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонуп эмчек рагын козготуучу клеткалардын көбөйүшүнө шарт түзөт экен. Аялдардын ашыкча салмагы да бул дартка кошумча болот. Эл аралык изилдөөлөрдүн тыянагы боюнча бул дартка чалдыккандардын үчтөн эки бөлүгү ашыкча салмак алып жүргөн аялдар. Бирок бүгүнкү күндө тест аркылуу да билсе болот. Бул дарт тукум кууйт дешет адистер. Андан тышкары, адамдын туура эмес жашоо-шарты, айлана-чөйрөсүндөгү тескери көрүнүш, психикалык тынчсыздануу да ушул оорунун өрчүшүнө себепкер.
Эмчектеги шишик денеге тарай элек болсо аны 97%га айыктырууга мүмкүнчүлүк болот. Бардык дарыланууга карабастан үч пайыз бейтап баарыбир бул дарттан көз жумат. Эгер шишик жакын жайгашкан органдарга тарап кетсе 80% дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Шишик метастазаны пайда кылса, анда жашоого 23% гана мүмкүнчүлүк алышат. Германия, Австрияда бул дарттын кайсы стадиясы экенине карабастан беш жылдан кийин деле 86% аял медицинанын жардамы менен жашап жүрө берет.
Ар бир адамдын организминде рак оорусун козгоочу клеткалар бар. Бирок алар улам өлүп, жок болуп, кара пайда болуп турат. Медиктер муну улам өлгөн клеткалардын программалаштырылганы деп айтышат. Бул программа генди тең салмакта кармап турат. Эгер BRCA1 же BRCA2 гендери эмчек рактарына жолтоо боло албай контролдон чыгып кетсе, шишик тез өсүп кетет. Бул дарттын пайда болуусун медицина кеңири иликтеп чыккан. Андыктан өз алдынча дарылануудан алыс болуп, дарыгерлерге гана кайрылган оң.
Даярдаган Назира КУЛМАТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
Яндекс.Метрика