mainkaptal
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Пользовательский поиск
  Этин жешти, табагын унутушту

Саясый ат чабыш. Сайда калган авторлор

Кээде туруп Кыргызстанда автордук укук, дегеле интеллектуалдык менчик мыйзамы барбы деген ойго кетесиң. Жок дейин десең "Кыргызпатент" аталган бакыйган мамлекеттик кызмат мекемеси иштеп жаткансыйт. Эмне иш аткарып жатканын өздөрү эле билбесе, коомчулукка бул мекеменин бар-жогу деле белгисиз. Себеп дегенде "Кыргызпатент" ушу күнгө чейин кыргыз музыка чөйрөсүндөгү өкүм сүргөн башаламандыкты жөнгө салалбай келет. Айталы дегенибиз, музыка тармагындагы укуктук мамилелер ушунчалык чаржайыт, чаташкан абалга жеткендиктен, карап туруп мээ кайык болуп кетишиң толук ыктымал. Радио-теледен кеткен музыкалык чыгармаларда авторлор бул жакта калып эле аткаруучунун аты аталат. Көздөрү жайнаган аткаруучусун го көрүп турабыз, ал эми сөзү кимдики, обонун ким чыгарганы табышмак. Аны уюштургандар буга маани беришпейт. Ушундан улам акын-композиторлор дайыма нааразы. Бул жааттагы укуктук мамилелер такталбагандыктан авторлор көп учурда унутта калып, интеллектуалдык менчикке болгон укуктары басмырланып, өзгөчө көп каражат төлөнгөн саясый өнөктүктөрдө сандан чыгып калмайы бар. Редакцияга башбаккан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Байдылда атындагы эл аралык сыйлыгынын ээси, акын Кыялбек Урмамбетов, композитор Бакыт Алишеров ушул өңүттөн кеп салышып, маселени кабыргасынан коюшту. Көрсө акын, композитордо деле арман болот экен.

Бакыт Алишеров:
"Музыка интеллектуалдык менчик"
- Алдыда президенттик шайлоо. Көпчүлүк кандидаттар, саясый партиялар өздөрүнүн шайлоо шаңын арттыруу үчүн ырчылар менен чоң суммадагы акчага (бир эле ырчыга 7 миңден 20 долларга чейин) келишим түзүшөт. Былтыр ушундай болду. Быйыл да ушул жол менен баратышат. Мындай көрүнүш салт болуп калганы качан. Жеке ырчыларга өктөөбүз жок. Алар күндөп-түндөп ырдашып, алгандарын жан эти менен актап алышат. Кеп биздеги өнөрдү баалоо маданиятынын, дегеле автордук укукту сыйлоонун жоктугунда болуп жатат. Ошол эле саясый партиялар, алардын лидерлери аткаруучулар менен келишим түзөт да, ошол ырды жараткан акындын, обончу, композитордун эмгегин унутуп калышат.
Баарыбызга белгилүү болгондой менчик кол тийгис. Автордук укук деле ошондой. Болгондо да интеллектуалдык менчик. Ал эми интеллектуалдык менчик дүйнөдө эң жогору бааланары белгилүү. Кыргызстанда бардык чөйрөдө автордук укукту сыйлоо маданияты али калыптана элек. Өкүнүчтүүсү ММКлар да автордук укукка дээрлик маани беришпейт. Кайсы бир аткаруучу, анын репертуары жөнүндө жазышканы, көрсөткөнү менен ал ырдын авторлору жөнүндө бир ооз да маалымат берип коюшпайт. Журналисттердин мамилеси бул болсо, башка чөйрөдөгүлөр тууралуу эмне айтабыз. Муну таарыныч катары кабыл албагыла. Чындык ушундай.
Саясый партияларга келсек, баары тең жаттап алгансып биз мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн күрөшөбүз дешип кыйкыргандай болсо биринен-бири өтөт. Ошол өңгөчтөрү үзүлгөнчө айкырып жатышып Кыргызстандын интеллектуалдык менчик жөнүндөгү мыйзамын, автордук укукту бузуп жатканын эске алып коюшпайт. Бир жөнөкөй мисал келтирейин. Дүкөндөн 15 сомго бир бөлкө сатып алдың дейли. Макул анын 1 сомун саткандыгы үчүн сатуучу алсын. 2 сомун арендасына төлөсүн. Ташып келгенине 2 сомун берсин. Калган 10 сому ошол бөлкөнү жасаган өндүрүшчүгө кетиши керек да. Музыкада деле ошондой болууга тийиш.
- Баке, ашыкпа. Ошол эле саясый партиялар же башка бирөөлөр силер ырчыларга чыгармаңарды бердиңер, ортоңордо өзүңөрдүн укуктук, каржы мамилеңер бар да дебей жандары жокпу?
- Биринчиден, ырчылар радио-теледе, башка жактарда ырдаса, бизге "Кыргызпатент" аркылуу кандайдыр бир пайыздык бөлүгү түшүп турат. Ал элдин чөнтөгүнөн түшкөн акча. Ал эми саясый компанияларда ырчыларды саясый партиялар өз чөнтөгүнүн эсебинен, өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн иштетип жатышпайбы. Айырма барбы? Демек, товар үчүн толук төлөсүн да. Ырчы бул жерде сатуучу. А эмне үчүн сатуучуга төлөп, тигил жакта калган товардын ээсин, акын, композиторду унутуп калышы керек?!
- Бирок ырчы, аткаруучуларга өзүңөр берип жатасыңар да ырдагыла деп…
- Биз чыгармаларыбызды ырчыларга баш-оту менен берген жокпуз. Алар бизден аткарууга, ырдоого гана укук алышкан. Демек, кайда гана ырдабасын, диск чыгарабы, клип чыгарабы биз менен бөлүшүүсү керек. Себеп дегенде биздин чыгармаларга болгон толук мүлктүк укукту сатып алышкан жок да. Композитор андай ырдоо укугун, айталы, 100 долларга башка дагы ырчыларга бериши мүмкүн. Ал эми ырга толук мүлктүк укук чоң сумма турат. Аны төлөгөндөр алсын да каалаган жеринде ырдай берсин. Эмне кылам десе ошо кылсын. Бул укуктук маданият. Ошондуктан ырчылар композитордун чыгармасын тигил же бул жерде ырдоо үчүн андан макулдук алышы керек. Башкасын айтпаганда да чоң суммалар төлөнүп жаткан азыркыдай саясый компания учурунда, бул тууралуу ырчылар тиги чакырган тарапка, заказчиктерге айтышы керек. Мен ырдаганым үчүн алам, ал эми ырдын сөзүнүн, обонунун авторлору менен өзүнчө келишим түзгүлө дешсин. Алар биз менен өзүнчө келишим түзүшсүн. Ошондуктан саясый партиялар ырчыларга заказ берүүнүн алдында автордук укук мыйзамын эстеп коюшса.
Кыргызстан ВОИСтин (Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик) мүчөсү. Андыктан Атамбаев болобу, Ташиеви болобу, башкасыбы интеллектуалдык менчик мыйзамын сыйлашы керек да. Булар укуктук мамлекет үчүн күрөшөбүз деп жатышпайбы. Демек, автордук укукту өздөрү да бузушпасын. Айта кетүүчү нерсе, Орусияда да ушундай болгон. Алар Дума аркылуу атайын мыйзам чыгарып алышып, бул маселени чечип алышты. Бул жагын биздин парламент да ойлонуп көрүшү керек. Бирок ага чейин биздеги интеллектуалдык менчик боюнча мыйзамды сыйласак деле көп маселе чечилчүдөй.
- Бүгүнкүдөй президенттик шайлоо өңдүү ири саясый компаниялар дайыма эле боло бербейт. Башка учурларда авторлор менен эсептешеби?
- Жакында "Патриоттук ырлар" аталган конкурс болуп өттү. Боло келгендей эле сыйлык, сыймыкты аткаруучулар алышты. Андай болсо аткаруучулар конкурсу деп эле атап алышпайбы. Ошол эле конкурстун талабы боюнча ага жалаң гана жаңы жазылган ырлар менен катышыш керек экен. Аткаруучулар өздөрү обон жазып барышмак беле. Обончу-композиторлордун жаңы чыгармалары менен катышышты да. Мындай болгондон кийин конкурс автордук-аткаруучулук деп аталышы керек эле да. Ошентип авторлорду (акын, композитор) эстеген жан болгон жок. Мындан тышкары ошондон көп өтпөй эле Ош шаарынын гимнине конкурс жарыяланып калды. Авторлорго 50 миң сом коюшту. Эми карап көрүңүздөр, экинчи борбордун гимнине "Патриоттук ырлардын" аткаруучусу алган үчүнчү байгенин кунундай акча коюшту. Ушуну улуттук символикабыз болгон гимнди, анын авторлорун сыйлоо деп айтабызбы?! Мунун өзү бүгүнкү музыка тармагындагы, жалпы эле маданияттагы билимсиздик, караңгылык деп айтаар элем. Башка сөз таппай турам.
Кыялбек Урмамбетов:
"Качанкыга чейин байкуш болуп жүрөбүз?"
- Кыке, келчү эмес элең. Тимеле буулугуп алыпсың го…
- Айтайын дегеним бул тема тууралуу мурда ойлончу деле эмесмин. Былтыр парламентке шайлоо болуп калбадыбы. "Ата мекен" партиясы (өзүм да ушул партияга мүчө болчумун) атайын концерттик топ түзүп жатышканынан, ага акын катары мен да кошулуп жаткам. Карасам ырчылардын ала турган гонорары асмандын башы экен. Көрүп туруп ал ырды жаратуучулардын (акындын, композитордун) эмгеги дегеле бааланбай, атүгүл эске алынбай жатканына чынын айтсам ичим күйүп кетти. Мисалы, менин сөзүмө жазылган ырды ырдаган Султан Каримовго 7 миң доллар төлөп жатышыптыр. Ошондо мен айттым, белгилүү ырчы Султанга теңелбейм, бирок ага төлөгөн гонорарыңардын жармысынан ылдыйраак эле төлөгүлө (3 миң доллар), барган жерде ырларымды тирүү окуп берем (ырчылар фонограмма менен ырдайт эмеспи), партия тууралуу калыстыгымды айтам деп. Башында 1000 доллар берели деп жатышкан, акырында Текебаев өзү ал аксакалды таарынтпагыла деп айтты дешип 2 миң беребиз дейт. Макул болбодум. Ошону менен аларга кошулбай баса бердим.
- Эки миң доллар деле жаман акча эмес го?
- Бул жерде кеп эки миң долларда эмес болчу. Ошондо мен саясый лидерлер, жалпы эле коомчулук акындын, композитордун автордук укугун сыйлоо дегенди таптакыр унутканын байкагам. Ошого ичим тызылдаган. Албай койгон себебим ошол болгон. Дегеле, жаратуучу деген бирөө эле болот. Музыкада ал акын жана композитор. Ал эми аткаруучулар миң болушу да мүмкүн… Текебаев ошондо өлкөдө эң биринчи мыйзамдуулук болсун деп жар салып чыкпады беле. Бирок автордук укуктук мыйзамды өзү тебелеген. Саясый лидерлер азыр да тебелеп-тепсешип, ырчылар менен күпүлдөтө келишим түзүп, Ай чапчыган акчаны бергенге даяр турушат. Ал эми обондун авторлору түштөрүнө да кирбейт. Айталы, чоң ат чабыш болуп, күлүгүңдү кошуп туруп калдың дейли. Анан ат чыгып келсе, байгени ошол күлүктүн ээси эмес чабандеси алып кетсе кандай болоор эле? Бул жерде ушундай болуп жатат.
Обондуу ырлар бул комуздун үч кылындай эле нерсе. Үч кыл жакшы толгонуп, күүгө салынса анан барып мыкты күү чыгат. Ал эми жалгыз кылдан күү чыгабы? Чыкпайт. Аткаруучу, акын, композитор ушул үч кылдай. Бүгүнкү шарттарда берки эки кылын эстебей эле жалгыз кылдуу комуз менен жарыша ойноп жатышат. Мисалы, бизде Эрик Кадырбаев деген кыргыздын мыкты музыканты, обончусу аранжировщиги бар эле. Көзү өтүп кетти. Орто Азия боюнча биринчи мюзикл жазган талант болчу. Азыр анын үй-бүлөсү квартирадан квартирага көчүп жашап жүрөт. Ал эми анын ырларын аткаргандар наам алып, машинаны байпактай алмашып, даңазалуу ырчы аталып, жакшы жашашат. Бүт өмүрүн, кайнаган талантын арнаган ырлары анын үй-бүлөсүн бакпайт. Ушул калыстыкпы? Чет мамлекеттерде мындай эмес. Автордук укук ыйык аларда. Бизде болсо 20-30 ырың мыкты катары саналган менен өзүң байкуш абалынан чыга албайсың. Ал эми биздин бир кылыбыз болгон аткаруучуларга ийгилик эле каалайбыз. Өздөрүнө алышпасын. Биз автордук укугубузду айтып жатабыз.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика