02.09.11 - 21-бет:
  Өмүргө балта чапкан кайдыгерлик

Бардыгын акчага сатып алган Переверзев, өмүрү кыл учунда турган
Илиязбек

Редакцияга башбаккан Сейитбек БАЙТЕРЕКОВ 2007-жылы туулган уулу Илиязбек Рысбаев кошунасынын кайдыгерлигинен өмүр бою майып болуп, ден соолугунан кантип ажыраганын айтып арызданып келиптир. Баланын ден соолугу толук айыкканга чейин баарын мойнума алам деп сөз берген кошунасы эшеги ылайдан өткөндөн кийин чала жан болуп калган наристеге кош көңүл мамиле жасап колуңардан эмне келет деп керсейип аткан экен.

Өмүр менен ойногон Переверзев
2009-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарындагы Ала-Тоо көчөсүндө жайгашкан кошунамдын үйүн сатып алган Александр Переверзев ал жерге өзүнө эки кабаттуу үй куруу жөнүндө кошуналардан уруксат сураган. Мен А.Переверзевден үйдүн долбоорун көрсөт деп сураганымда ал азыр даяр эместигин, даяр болоору менен көрсөтө тургандыгын айткан эле. 2010-жылы март айында А.Переверзевдин курулушу башталганда эле коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан анын салынып аткан үйү түн ортосунда өрттөнгөн. Өрттү өчүрүү үчүн мен, уулум Кыязбек жана кошунабыз О.Проскурин өз өмүрлөрүбүздү тобокелге салып анын үйүн өрттөн сактап калган элек. Ошондон көп өтпөй үйдүн экинчи кабатын кура баштаганда менин короомо ар кандай курулуш каражаттары учуп түшүп, өзгөчө менин балдарымдын жашоосуна чоң коркунуч туулду. Мен А.Переверзевге курулуш болуп жаткан жерди тосмого алышын, коопсуздук эрежелерди сактоосун сурандым. Эки-үч күн өтпөстөн экинчи кабаттан куруучулардын дагы бир шайманы учуп түшүп, навесимди жана шифер тосмомду талкалап кетти. Мен аны чакырып көрсөтүп, тосмо менен тосушун дагы сурандым. А.Переверзев эч кандай кам көргөн жок. Анын курулуп жаткан үйү жолго жакын болгондуктан жол тарапты тосмо менен курчап коюшун кошуналар да талап кылды. Бирок ал биздин өтүнүчтөрдү, талаптарды кулак сыртынан кетирип, курулушун уланта берди.

Мээси чайкалып, баш сөөгү сынып…
Менин дарбазамдын жанына орнотулган өзүнүн темир дарбазасынын бир жак бөлүгүн чыгарып экинчи бөлүгүнө жөлөп, эч нерсе менен бекитип да койгон жок. Ал дарбазанын бөлүгүн куруучулар ары-бери жылдырып курулушка кирип-чыгып жүрүшкөн, дарбаза күндүр-түндүр кулап кетиши мүмкүн эле. 2010-жылдын 30-май күнү болжол менен саат ондор чамасында менин үч жашар уулум Илиязбек короодон көчөгө чыгып бараткан учурда баягы жөлөнүп турган дарбазасынын бир бөлүгү кулап түшүп, уулумду басып калды. Анын чырылдаган үнүнөн апасы Мейликан Абдукеримова, уулум Кыязбек жана үйдөгү коноктор чуркап чыгышат. Алардын жардамдары аркылуу гана темир дарбазанын алдынан Илиязбекти сууруп чыгарышкан. Уулумдун башы канга боелуп, эсин жоготот. "Тез жардамды" күтпөстөн кошунабыздын унаасы менен Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирип, башына оор операция жасалды. Врачтардын маалыматы боюнча Илиязбектин мээси чайкалган, чекеси жарылып, баш сөөгү сынган.
Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан А.Переверзевге тиешелүү темир дарбазанын бир бөлүгү эч нерсе менен бекитилбегендиги такталып протоколго түшүрүлгөн жана биздин жазган арыз боюнча текшерүү башталган эле. Арадан алты күн өтүп, Илиязбек реанимацияда жатканда А.Переверзев күнөөсүн мойнуна алып, бала таза айыкканча дарылоого корогон материалдык чыгымдарды толугу менен өзү көтөрөрүн мага нотариалдык түрдө күбөлөндүрүп милдеттеме берди. Атүгүл чет өлкөлөргө, Россиядагы тааныштарыма алып барып дарылатып берем, кошуна болуп туруп Илиязбекти кантип карабай коеюн деген убадасына ишенип калдым. Илиязбек ооруканада жатканда дарыланууга жардам берип, биздин ишенимибизге киргенден кийин 2010-жылдын 6-августунда Бишкек шаардык Октябрь РИИБине менден тосмо арызды алдап жаздырып алды.

Он төрт жылдык азапты ким тартат?
Кийинчерээк ноябрь айында Илиязбекти экинчи жолу кезектеги дарыланууга ооруканага жаткырып чыккандан кийин А.Переверзевдин салып аткан төрт кабаттуу сегиз батирлүү үйү өзүнө эмес сатыкка курулуп атканын кошуналарымдан уктум. Ошондон кийин А.Переверзевге жолугуп, сен өзүм жашайм, Илиязды күнүгө көрүп туруп кантип жардам бербей коеюн деп айтпадың беле десем, анын кайдыгер гана "какая тебе разница, кто здесь будет жить" деген сөзүн укканда ага ишенимим жоголду. Көрсө, ал өзү үй салып, сатып бизнес жасаган адам экен. 2010-жылдын декабрь айында жергиликтүү муниципалдык башкарууга (МТУ) А.Переверзевдин эки кабаттуу үй салып, өзүм жашайм деп кол койдуруп алганын, бирок көп кабаттуу, бир нече батирлүү үй салганы тууралуу арыз жазгам. Ал жактан комиссия түзүлүп текшерүү келгенде "бул үйдү курган кожоюн чет өлкөдө жүрөт, ал келгенде гана документтерин көргөзөбүз" деген жоопту беришкен. Бирок ошол кезде А.Переверзев келген комиссияга мен кожоюн эмесмин, документтерди өзү келгенде көрсөтөт деп алдап койгон экен. Ошондон тартып А.Переверзевдин мага көз карашы таптакыр бузулду. Ал дарылоого кеткен чыгымдарды төлөмөк тургай менден кача баштады. Кийинчерээк баламдын оорусу күчөгөндө жолуксам, мен эч нерсе төлөбөйм, каалаган жериңе арыздана бер, тааныштарым бул маселени телефон аркылуу эле менин кызыкчылыгыма чечип коюшат деп басып кетти. Кырсык болгон күндөн тартып бир жыл үч айдын ичинде Илияздын алган жаракаттарынан улам бир нече жолу стационардык дарылоодон өттүк. Илиязбекти көргөзүп, кайрылбаган дарыгерлер калган жок. Үстүбүздөгү жылдын август айында Саламаттык сактоо министрлигине кайрылсак, Илиязбек 2025-жылы он сегиз жашка толуп, баш сөөгү толук калыбына келгенде гана сынган баш сөөгүнө пластик же титан коюуга мүмкүн болот экен. Ошентип Илиязбек өмүр бою майып болуп калды. Илиязбек он сегизге чыкканча дагы он төрт жыл бар. Он төрт жылдан кийин А.Переверзевди мен кайдан табам?

Наристенин убалы кимге?
Илиязбек акыркы жолу ооруканага жатып чыкканда талманын (эпилепсия) белгилери бар экенин айтышты. Албетте, куландан соо чуркап ойноп жүргөн балабыздын заматта майып болуп калышы бизге чоң сокку болду. Чындыгында балам жети айлык болуп төрөлсө да үч жашында эле абдан тың болуп чоңоюп келаткан. Жанагы кырсыктан кийин алсыз болуп жөндөн-жөн чалынып жыгылып, бир жак көзү чалыр болуп, оозу кыйшая баштады. Доктурга көргөзсөк башынан алган жаракаттан улам ушундай болуп атканын айтышты. Бир жыл үч айдан бери дарыны тынымсыз ичип келатат. Мээси бүлкүлдөп согуп турган башын көрсөтүп, чыдатпай ооруп атат деп ыйлаганда апасы экөөбүздүн заманабыз куурулат. Дарыгерлер да ага көп дары берсеңер бооруна, бөйрөгүнө жана башка организмине зыян дешет. Бул кырсыкка чейин Илиязбек №15 балдар бакчасына барчу. Азыркы учурда Илиязбектин баш сөөгүнүн сол жагындагы сынган майда сөөктөр алынгандыктан мээни тери гана каптап калды. Ошондон улам мээнин бүлкүлдөп соккону көзгө даана көрүнүп турат. Андыктан Илиязбекти бала бакча да алуудан баш тартты. Баланын ооруп атканын, ага дагы дары керек экенин А.Переверзевге айтсам колуңдан эмне келет дегендей керсейет. Мени алдаса го мейли, майып болгон баламды алдап атпайсыңбы десем, мен эч нерсе кылбайм, каалаган жагыңа арыздан, бардык жерде таанышым бар, басып коем дейт. Айлам кеткенде сотко кайрылууга туура келди. Анын кылмыштуу ишинин айынан уулум Илияздын ден соолугу кайра ордуна келгис болуп жабыркап, келечеги бүдөмүк. Балдарымдын апасы Мейликан кан басым оорусу менен каттоодо турат, Илиязбектин ден соолугун ойлоно берип, санаадан улам эсин жоготуп жыгылып калчу болду. А мен 1993-жылдан бери жүрөк оору боюнча каттоодо туруп, жыл сайын дарыланчумун. Уулум кырсыктагандан бери өзүмдүн ден соолугума деле карабай калдым. Акыркы жолу доктурлар менин да ден соолугум бир топ начарлаганын айтышты. Он гүлүнүн бир гүлү ачылалек, ойносо оюнга тойбой турган Илиязбектин майып болуп калышына А.Переверзевдин башы да ооруган жок. Тескерисинче, менин үйүмө катарлаш салынган төрт кабаттуу үйдөгү батирлерди эртерээк сатып, ал жерден изин жашырып кетүүгө шашылып атканы айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми биздин үйгө катарлаш салынган төрт кабаттуу үй азыр деле биздин кошуналарга, балдарыбызга өтө кооптуу боюнча турат.

Р.S. Переверзевдин шалаакылыгынан эч нерседен капарсыз, ден соолугу чың бала бир заматтын ортосунда майып болуп, ден соолугунан ажырады. Акыйкат издеп айласы кеткен Илияздын атасы Сейитбек Байтереков Бишкек шаардык Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Фемида өкүлдөрү А.Переверзевдин акчасына алданбай, бул ишти акыйкат чечип берет деген үмүттөбүз.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА