26.08.11 - 6-бет:
  Кырдаал

Ушундай министрликтин кереги барбы?
Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл болду. Бул убакта төрөлгөн балдар 20га чыгып солкулдап турган убагы. Бирок алар мектептен кандай билим алды, дегеле окудубу деген суроо келип чыгууда. Анткени, бул мезгилдеги дээрлик каралбай калган тармак дал ушул билим берүү системасы болгон. К.Бакиевдин тушунда 70 миң бала мектепке барбай калды деп (2007-жыл) чуу түшкөнүбүз эсибизде. Ошол окубай калган балдар жүргөндүр арабызда. Алардын келечеги эмне болду, айтыш кыйын.


Босогодо 1-сентябрь. Жаңы бийлик мектеп мугалимдеринин айлыгын көтөрүп бир эрдик кылганы бар. Ага улай эле инфляция деген итин да кое берип, же кармай албай, кармаса байлай албай моюп турган чагы. Бул эми өзүнчө чоң сөз. Айталы дегенибиз, быйылкы окуу жылына жалпы даярдык кандай, дегеле орто билим берүү системабыз оңолчу түрү барбы, ошо жөнүндө.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 2 миң 97 мектеп бар. Анда 1 млн.17 миң 416 бала билим алышат. (Ушул эле учурда ошол мектептердин тушуна салынган, ай нуруна чагылышкан мечиттердин саны 2000ден ашып кеткен.) Бул мектептердин дээрлик баарынын материалдык базасы эскирген. Айрым кырсык болгон жерлерде мектептер кыйрап калып, окуу процесси кышы-жайы дебей чатырларда, эч кандай шарты жок жеке менчик үйлөрдө өтүп жатат. Булардын арасында эскилиги жетип кулайын дегендери четтен чыгат. Бул ХХI кылымда, ушул тапта болуп жатат.
Кыргызстандын мектептеринин башкы көйгөйү - окуу куралдарынын жетишсиздиги. Мамлекет быйылкы жылга бул багытта 200 млн. сом бөлгөнүнө карабастан мектептер 62 пайызга гана окуу куралдары менен камсыз болгон. Анан кантип сапаттуу билим жөнүндө кеп кылабыз. Эл аралык PISA аталган салыштырып тандоо, иликтөө уюмунун маалыматына таянсак, Кыргызстан билим деңгээли боюнча дүйнөдө 65-орунда калыптыр. Буга ыйлайбызбы же күлөбүзбү, айтыш кыйын. Бирок чындык ушундай.
Сапат демекчи, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри К.Садыков агынан жарылдыбы же арманын төктүбү, айтор, бир факты келтирди. Анын билдиргенине караганда быйылкы жылы мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүрдү деген 3006 баланын билим деңгээлин текшерип көрүшсө, анын ичинен 86сы гана мындай аттестатка татыктуу деп табылыптыр. Эң кызыгы, мектептердеги педагогикалык кеңештин чечими менен аттестаттар ээлеринде эле калыптыр. Ал балдар азыр каалаган ЖОЖдорун тандап алып студент болуп койкоюп отурушат. Ылайым жакшы окуп кетишсин, бирок бул фактынын өзү мектептердеги коррупциянын, билим берүүнүн деңгээлин айтып турбайбы.
Ал эми Кыргызстандын жалпы көйгөйү - жумушсуздук. Анын айынан республиканын булуң-бурчунан агылган атуулдарыбыз Бишкекке, айрыкча жаңы конуштарга толуп кетти. Бишкекте 93 мектеп бар. Аларда 73 миң 650 бала окушу керек болсо, аргасыздан 100 миң баланы окутууга туура келүүдө. Ушул эле мезгилде республика боюнча 1972 бала таптакыр мектепке тартылбай калган.
Бишкек мэри Иса Өмүркулов акыркы 40-50 жылдын ичинде борбордун ичкерисине бир дагы мектеп курулбаганын айтат. Көрсө, мектептерге бөлүнгөн жерлер эбак эле оомийин болуп орду табылбай калыптыр.
Борбордун мектептериндеги орун жетишпегендик болуп көрбөгөндөй коррупциянын келип чыгышын пайда кылган. Азыр үйгө жакын, ылайыктуу делген мектептерден орун табуу кызылдай соодага айланган. Андагы мектеп фондусуна төлөнүүчү взностун өлчөмү 5 миңден 25 миң сомго чейин жетиптир. Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орунбасары Гүлжигит Сооронкуловдун айтымында, азыр 5 миң менен эч ким сүйлөшпөй калыптыр, 8 миңге чыгып кетиптир. Мынча акчаң болбосо балдарың окууга кирбей калышы толук мүмкүн. Мектеп фондусу боюнча өзүнчө кеп кылбаса, чакан макалада айталбайсың.
"Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүнө чыккан ошол эле орунбасар Г.Сооронкулов балдарды мектепке орноштурууда ортомчулук кызматын көрсөтүп жатканын оозу-мурду кыйшайбай туруп өзү айтты. Кыскасы, Бишкек шаарынын мектеп директорлору орунбасар өзү өтүнсө гана мектепке балаңды алышы мүмкүн. Г.Сооронкуловдун көкүрөк керишине караганда мектеп директорлору берки майда-чүйдөлөрүнө чүчкүрүп да коюшпайт экен. Ошентип Г.Сооронкулов башка иши калбай калгансып, кадыр-баркын салып балдарды мектепке орноштуруу менен алек. Мындан артык тамаша болорбу.
Аныгында Билим берүү жана илим министрлиги оюна эмне келсе ошону кылган мектеп директорлорун кызматтан алалбайт. Анткени аны алуу үчүн айыл өкмөтүнөн, айылдык депутаттардан уруксат алышы керек. Алардын макулдугусуз бул маселе чечилбейт. Ошондой эле мектеп үчүн минфинден бөлүнгөн бюджеттик каражат акыры барып айыл өкмөттөрүнө түшөт. Мугалимдер айлыкты айыл өкмөтүнөн алат. Айыл өкмөтү өз кезегинде мектептин материалдык базасына көмөктөшүүгө милдеттүү. Канчалык көмөктөшүп жатканын, мектептерибиздин мышык ыйлагыдай абалын жогоруда айттым. Быйыл бюджеттен мектептердин ремонтуна 100 млн.сом бөлүнгөн. Ал каражат дагы тегеренип барып айыл өкмөттөрүнө түштү окшойт. Мына майталкан. Демек, Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун иштен алалбаса, мектепке бөлүнгөн бюджеттик каражатка ээ болбосо, анда мындай министрликтин кимге кереги бар? Жоюп эле салбайлыбы!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.:38-67-13




  Ат жалында

Султан РАЕВ, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын уюштуруу жана Курманжан датка жылын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору:
"Мааракелерди жөнөкөй
өткөрүп жатабыз"
- Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузууга керектелчү каражат толук табылдыбы?
- Айкелдер жасалып бүттү. Азыр Москвадан Бишкекке жеткирүү маселеси гана калды. Кудай буюрса, бүгүн-эртеңден эстеликтер алынып келет деп турабыз. 31-августка карата айкелдер тургузулат. Монтаждоо иштерин жасоого Москвадан атайын алты адис чакырылган.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 25 млн. сомдон ашуун каражат чогулду. Бул дагы болсо Манас атабызды, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду сыйлаган мыкты патриот жигиттердин бар экендигинен кабар берет. Себеби айкелге сарпталчу каражаттын басымдуу бөлүгү ошолордун көмөгү менен жабылды.
- Айкелдерди алып келүүгө кетчү чыгым канча миллиондун башын жутат?
- Жол чыгымдарын Россия тарап көтөрөт. Биздин чөнтөктөн бир тыйын да коробойт.
- Эгемендиктин 20 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар кандай?
- Улуттук уюштуруу комитети тарабынан эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына жана Курманжан датканын 200 жылдыгына байланыштуу жүзгө чукул иш-чараларды өткөрүүнүн программасы түзүлгөн. Булардын бардыгы ушу тапта жүрүп атат. Биздин максатыбыз - жөн гана мааракени өткөрүп коюш эмес, элдин эсине түбөлүккө калчудай жакшы иштерди жасоо. Маселен, Гүлчө айылында Курманжан датканын музейин жасап атабыз. Ошол эле Гүлчө айылында Алымбек даткага арналган эс алуу багы ачылмакчы. Гүлчөдө ат майданы жок эле, бул маселе да жакын арада чечилип калышы мүмкүн. Мындай демилгени премьер-министр, ЖК төрагасы да колдогону кубандырат.
Эки тарыхый мааракенин фундаменталдык багыттарын аныктай турган иштерди жасоо да планда бар. Буга байланыштуу республикалык, эл аралык деңгээлде илимий-практикалык конференцияларды өткөрүп, терең тарыхый эмгектерди чыгаралы дейбиз.
- Мааракелерди белгилөөгө канча каражат бөлүнгөн?
- Өлкө казынасынан 30 млн. сом чегерилди. Кечээ Финансы министринин орунбасары Арзыбек Кожошев мааракелерди жөнөкөй өткөрүп атабыз дебедиби, мен дагы ушуга кошулам.




  Айтыла турган сөз эле

"Үч тамга" улут коопсуздугун сактайбы же бийликтин камчысын чабабы?

Мурдагы академик Акаев, "боксер" Бакиев заманында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) өлкө коопсуздугун сактабай эле үй-бүлөлүк режимдин заказын аткарчу мекемеге айланып калганы ачык айтылчу. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи, УКМКнын азыркы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин дарегине дагы ачуу сын-пикирлер мөндүрдөй жаап, анын бийликтин "кол баласына" айланганы көптөн бери айтылып келаткан. Мунун далили катары УКМК башчысынын мурдагы 1-орунбасары Марат Иманкуловдун кечээги билдирүүсүн мисал кылсак болот.
Марат мырзанын "Азаттык" үналгысына курган маегине караганда, атайын кызмат саясый кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруучу органдын милдетин аткарып атыптыр. Ошондой эле бул тармакка өз ишин билбеген адамдар кызматка тартылып атканын кошумчалайт. "Кеңешбек Дүйшөбаев биздин Улуттук коопсуздук комитетин бийликтеги бир ууч саясатчылардын пайдасы үчүн пайдалануучу куралга айлантып алды. ...Кадрдык саясатта өтө чоң катачылыктар кетип жатат. Чекисттик ишке тиешеси жок адамдар кызматка тартылып, кандайдыр бир белгисиз иштер менен алек болуп жатышат. Коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орунбасары болуп туруп, керек болсо алар эмне менен шугулданып жаткандыгын мен да билбейм. Жамааттын ичинде нааразычылык күчөп кетти. Арыз толтура. Тоноп жатышат, кызмат абалынан кыянат пайдаланышууда деген арыздар күндө келип түшөт. Мына ошонун бардыгына кийлигише албагандан кийин мен эмнеге ал жерде жетекчилик кызматта отурушум керек" дейт ал.
Мына ушундай. Көчөдө жүргөн адам ушинтип айтса бир жөн. Кептин баары "үч тамга" төрагасынын экс-1-орунбасары келтирген чуулгандуу фактыларда жатат. М.Иманкуловдун айтымында, өткөн жылдагы ажылык сапарга байланышкан чуу, мамказынадан уурдалган миллиондордун тегерегиндеги талашка алигиче чекит коюла элек. Бирок Марат Муканович кайсы чиновниктер өлкө бюджетин "кемиргенин" билерин, алар бийлик алмашкан соң жоопкерчиликке тартыларын баса белгилейт.
Марат Иманкуловдун жогорудагыдай билдирүүсүнө УКМК расмий жооп кыла элек. Эгер далилдүү аргументтердин негизинде айтылгандар жокко чыгарылса, анда Иманкулов жоопкерчиликке тартылышы ыктымал. Тескерисинче болсо, анда атайын кызматтын чыныгы беткабы сыйрылганы ошол.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ