26.08.11 - 13-бет:
  Тасма дүйнөсүндө

"Менин балалыгымдын асманы"
Алматы шаарында ушундай аталыштагы кино хит болуп, кары-жашы дебей аталган тасманы көрүшүүдө. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин балалыгын, өспүрүм кезин, жигиттик доорун камтыган тасманын салтанаттуу ачылышы 6-июль күнү анын туулган күнүндө болгон. Азыркы тапта режиссерлор "Менин балалыгымдын асманы" тасмасынын экинчи бөлүгүн тартуунун камын көрүп жатышат.

Мазмуну

Тасма Нурсултан Назарбаевдин "Оң жана солдорсуз", "Дүйнөнүн чок ортосу", "Евразиянын жүрөгүндө" деген чыгармаларынын негизинде тартылган. Ажонун бала чагына, башынан өткөн окуяларга басым жасалган тасма Султандын ата-энеси балага зар болуп мазардан бала тилеп отурганынан башталат. Үнү Кудайга жеткен ата-эне уулдуу болушат. Эгер төрөтканадан Алжандын (Султандын энеси) уулун башка балага аз жерден алмаштырып коюшканда азыр Казакстанда башка өлкө башчы отурмак. Султандын апасы мурда катары менен жети кыз төрөгөн коңшусунун арам оюн сезип уулун сактап калган. Анткени кош бойлуу кезинде аян түш көрүп, Алжан түшүндө суунун астынан мылтык алып чыгат. Мындан сырткары, мазарда отурган аял уулдуу болоорун алдын ала эскерткен. Тасманын калган бөлүгү Султандын бала кезиндеги күлкүлүү окуялар, атасынын башынан кечирген кыйынчылыктар менен коштолгон. Султандын бир арманы, кичине кезинде учкуч болом деген тилеги ишке ашпайт. Орто мектепти бүтүп Киевге барып авиациялык окуу жайга тапшырам деген оюн атасынын мекенине кызмат кыл деген бир ооз сөзү жеңип, кыйылып кала берет. "Менин балалыгымдын асманында" Султандын алгачкы махабаты Арай да четте калган эмес.

Тасмага корогон каражат
Катардагы адамдын жашоосу көпчүлүктү кызыктырбаса, өлкө башчысынын башынан өткөн тагдыр баарынын бүйүрүн кызытаары айтпаса деле белгилүү эмеспи. Тасмада негизги басым жаратылыштын кооздугуна жасалган. "Менин балалыгымдын асманы" киносунда курч сюжет болбогону менен сапаттуу тасма жаратууга үч миллион доллар жана бир жарым жыл убакыт кеткен. Режиссер Рустем Абдрашевдин айтуусунда, экинчи бөлүккө мындан көп каражат талап кылынуусу мүмкүн. Тасманын ачылышына чейин Нурсултан Назарбаев аны эки-үч ирет көргөн. Салтанаттуу ачылышта чыгармачыл топко, актерлорго ыраазычылыгын билдирген. Апасынын ролун аткарган актриса Алмагүл Алышеванын жанына келип "ыракмат апа" десе, эң кичүү каарман, президенттин бала чагын ойногон Елжас Альпиевден келечекте ким болгусу келерин сураган. Баланын учкуч болоорун укканда мен жетпеген тилекке сен жет деп батасын бериптир.

Президентти жараткан актерлор
Президенттин ролун баш-аягы төрт адам ойнойт. Ымыркай, бала, өспүрүм, боз уландын образдарын жаратуу үчүн адамдарды миңдеген адамдардын арасынан тандап алышкан. Өзгөчө алты жаштагы балдарды чогултуп кастинг өткөрүп, башкы каарманды тандоого көп убакыт кетип калган экен. Дагы бир маанилүү каарман - Нурсултан Назарбаевдин өзү. Үч-төрт мүнөттүк эпизодду тартуу чоң машакатка турган. Режиссердун идеясы боюнча элбашы туулуп өскөн жеринен самолет менен баратып өткөн окуяларды эстеп, баяндап бериши керек болчу. Президенттин убактысы ченелүү болгондуктан расмий иш сапарына бараткан жерин ылайыктап, анын жеке самолетунда тартышкан.
Алмагүл Алышева тартылган айрым эпизоддор каскадерлордун жардамы менен түшүрүлсө, кээ бир эпизоддорду өзү аткарган. Бул анын биринчи көрүнүктүү ролу. "Баарынан да мага тоодо суу ташып, от жакмагым азап болду. Андай шартка көнбөгөн жаным эки чака сууну илгичке илип көтөргөндө аябай эле кыйналдым. Жоопкерчиликти сезип аягына чейин чыдоого туура келди" дейт актриса. Алжан аян түш көргөн жеринде суунун астына түшүп мылтыкты алып чыгыш керек болчу. Суудан калкып чыкпаш үчүн белине оор темир тыйындарды курчап жүрүүгө аргасыз болгон. Эпизод бир нече дубль менен тартылгандыктан кайра-кайра сууга түшүп ооруп калганга да үлгүрүптүр. Кыйынчылыктардын баарына кайыл болгон актриса ушундай чоң ролго туш кылган тагдырына ыраазы. Учурда Алмагүл телеканалдардын биринде эмгектенип келет. Дагы бир көрүнүктүү роль Казакстандын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Нуржуман Ихтымбаевге таандык. Султандын атасынын карыган кезин аткарып күйөрмандарын дагы бир ирет кубандырды.

Нуржуман ИХТЫМБАЕВ:
"Кабыргамдын сыныгы сыртка карап калыптыр"
"Жетинчи асман", "Нандын даамы", "Мен Тянь-Шань", "Ай тутулган түнү", "Түнкү күзөт", "Супер биринчи" "Чыңгызхан" тасмаларында көрүнүктүү роль жараткан казак элинин актеру Нуржуман Ихтымбаев өз жашоосуна кыскача токтолду.
- Сиз кыргыз кинолоруна да тартылып жүрөсүз. Кыргыз менен казак актерлоруна кандай баа бересиз?
- Биринчиден, кыргыз боордошторго салам айткым келет. Менин актерлук кесибим калыптанып, тааныла баштаган кезде кыргыз кинолоруна да тартылып калдым. Болот Шамшиев, Геннадий Базаров менен иштешүү адамга чоң ырахат тартуулайт. Менин жүрөгүмдү жылыткан нерсе кыргыздын меймандостугу. Качан барба кучагын жайып тосуп алып, жакшы сый менен узатышат. Кыргызстанда канча болдум, бир да жолу казаксың деген сөздү укпадым. Канча жерди кыдырдым, Голливудда болдум. Салыштыра келсем кыргыз менен казактын актерлорунан өткөн талант жок экен. Бул сөздү мен башка чет элдиктерден да көп угам. Сүймөнкул Чокморов, Ашыр Чокубаев не деген таланттар! Бир өкүнгөнүм, учурда кыргыз киносунун убактылуу тыным алып калганы. Убагында Аскар Акаев президент болуп турган кезинде кыргыз киносуна көңүл буруп, каражат бөлүп берүүсүн сурангам. Макул деп ошол бойдон ал сөзү да ишке ашпай калды.
- "Менин балалыгымдын асманы" тасмасына кандайча тартылып калдыңыз?
- Кино тартылаарда режиссер тараптан сунуш түшкөн. Ролум менен мурдатан таанышып, жактыргам. Бийик деңгээлдеги кинодо образ жаратуу мен үчүн сыймык. Кинодо жерге салык төлө деп жөн жерден тийишип, анан ачуум менен алма бактардын баарын кыйып салат эмесминби. Тасма элдин назарына коюлары менен көпчүлүктөн алма бактарды кыйганга кантип дитиңиз барды деген суроо көп түштү. Чынында чирип бүткөн, эбак кыйылган бактарды жерге таштап мен балта менен тамырын чаап жаткандай түр кылганбыз. Ошондуктан байлап турган алма бактарды кыйып салды деп мага көрүүчүлөр нааразы болбой эле коюшсун.
- Актерлордун көбү дублерлордун, каскадерлордун жардамына ыкташат эмеспи. Сиз тартылган кинолордо да каскадерлор жардам беришеби?
- Каскадерсуз тартылуу кооптуу, бирок мен баарын өзүм кылганды жактырам. Жыгылыш керек болсо жыгылам. Бир жерим сынганына деле кайыл болуп тобокелчиликке барам. Эмгегиңдин акыбети кайтып экранда мыкты көрүнөсүң. Нурмухан Жантуриндин "Медалдын үчүнчү бети" деген киносунда тартылып жатып омурткамды сындырып алып, алты ай бейтапканада жаткам. Режиссер күнүгө келип, "чыныгы талантка кезиктим, сизди жоготуп алуудан корком. Эгер ушинтип каскадерлукту да өзүм алып кетем десеңиз бат эле майып болосуз" деп сарсанаа болгон эле. Дагы бир жолу "Бүркүттүн акыркы жылы" деген тасмага тартылып жатып Хакасиядагы Саянск тоолоруна бардык. Үйүр аттардын арасында калып чалынып жыгылып, кабыргамды сындырып алгам. Съемка учурунда анымды жашырып тыгыз корсет кийип алып тартылып жүрө бердим. Эки дублга араң чыдап, үчүнчү-төртүнчүсүндө дем алганым оорлой баштады. Кабыргамдын сынганын эч кимге айтпаган соң режиссер да түз бас, бат-бат чурка деп кээде урушуп жатты. Кечинде съемка бүткөндө мейманканага келип корсетти чечсем, кабыргамдын сыныгы сыртка карап калыптыр. Элдин таң калганын сураба.
- Актерлук кесибиңиз барбы?
- Менде педагогикалык кесип бар. Биз жашаган айылга бир күнү кино тартуучу топ келип калды. "Коогалаң таң" тасмасын тартышмак экен, менин айланчыктап жүргөнүмдү көрүп киного тартылууну сунушташты. Тушоом ийгиликтүү кесилгенден кийин "Казакфильм" студиясында иштеп калгам. 1968-жылы киноактерлордун студиясынан билим алдым. Кийин Москвада, Киев, Одессада андан ары Польшада, Финляндияда иштеп келдим. 1970-жылдан баштап 1982-жылга чейин Москвада жашап иштедим. 1983-жылы мекениме кайтып келдим.
- Балдарыңыздын ичинен сиздин жолду жолдочулар барбы?
- Азыр мен бактылуу ата, чоң атамын. Үч балам, үч неберем бар, байбичем кашымда. Эки уулум кичинесинен киного тартылып көрүштү. Ошондо эле көңүлдөрү калып калышканбы, азыр кино тууралуу уккулары да келбейт. Жалгыз кызым да бир жылдары "ата, мен актриса болом" дегенинен макулдугумду бергем, бирок кызым да көпкө чыдаган жок. Актерлук кесип эң оор, түйшүктүү да. Азыр кызымдын жеке иши бар, өз жашоосуна тың. Андан санаам тынч.
- Көбү актерлордун тагдыры тайкы болот дешет. Буга кошуласызбы?
- Кээси биринчи турмушунан жолу болбой, айрымдары убактылуу сүйүүгө азгырылып кетип тагдырын бузуп алып жатышкандан улам ушул сөз айтылса керек. Мен тагдырды бузуш же оңдош актерлорго эле эмес жалпы эле адамзатына тиешелүү болсо керек деп ойлойм. Макул, сүйгүң келип жатабы сүй. Бирок ошол сезимди тизгиндей билиш керек да. Мен өзүмдү укмуш жакшымын деп айтпайм. Убагында мен да сүйгөм, бирок ошол сүйүүнүн артынан ээрчип кетпей, өзүмдү токтото алдым.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА,
Бишкек-Алматы-Бишкек