26.08.11 - 11-бет:
  Ити чөп жебеген итий тармак

"Инвестиция акыйкатчысы түзүлсө иш илгерилемек"
Акыркы жылдары өлкөдөгү кырдаалдан улам чет өлкөлүк инвестиция жааты жакшы эмес. Муну өкмөт башчы да айтып келатат. Учурда инвестиция тартуу кандай акыбалда, мындан ары кандай болорун сурап, Экономикалык тескөө министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги Кубат МУРЗАЕВди кепке тарттык.

- Кубат мырза, акыркы үч-төрт жылда чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу өргө жылдыбы же өлдүбү?
- Акыркы үч жыл аралыгында чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү азайып кеткени жашыруун эмес. Алсак, 2008-жылы Кыргызстандагы чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү жогорку көрсөткүчкө жетип, 866 млн. 200 миң долларды түзгөн. 2009-жылы дүйнөлүк кризистен улам тышкы инвестиция азайып, 660 млн. 949 миң долларга төмөндөгөн эле. 2010-жылы болсо өлкөдөгү апрель, июнь окуяларынын таасиринен түз инвестиция 445 млн. 962 миң долларга чейин түшүп кетти. Бирок бул чет өлкөлүк инвестициянын азаюусу өтө чоң дегенди билдирбейт. Болгону инвесторлор Кыргызстандагы социалдык-саясый кырдаалдан чочулашып, бир аз тарткынчыктап турушат. Ал эми 2011-жылдын биринчи кварталында 228 млн. доллар инвестиция келиптир. Эми жыл аягына чейин буюрса дагы инвестициялар болот. Албетте, инвестиция тартууда мактанарлык натыйжа болбогону менен кыргыз өкмөтү апрель, июнь окуяларынан кийин ири жеке инвесторлорду кармап турууга болгон аракетин көрүп атат. Айрым чет өлкөлүк компаниялар учурда биздеги кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, тобокелчиликке салып, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө үмүт артып максаттуу иштеп атышат.
- Мисалы?
- Алсак, биздин стратегиялык инвесторлордун бири канадалык Stans Energy Corpation компаниясы азыр жигердүү иштеп атат. Компания Кыргызстанда 2000-жылдан бери иштеп, өлкөгө биртоп инвестиция салган. 2010-жылы компания бир катар аймактардагы геологиялык чалгындоо иштерине 200 млн. сом инвестиция салды. Чалгындоо иштери бүтсө 3-5 жыл аралыгында бул компания Кыргызстанга 500 млн. доллар инвестиция салганы турат. Мындан сырткары Кутессай II жана Калесай кендерине инженердик издөө, долбоорлоо жана айлана-чөйрөгө мониторинг кылуу иштерине 25-30 млн. сом жумшаганы турат. Ошондой эле ал Кыргызстанда мурун кабыл алынып, бирок иштебей келген "мамлекеттик жеке өнөктөштүк тууралуу" (МЖӨ) мыйзамынын алкагында долбоорлорду ишке ашырууга белсенип атат.
- "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк" болгондо жеке инвесторлор менен мамлекет кандай иштешип калат?
- Негизи "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк" системасы бул кошумча чет өлкөлүк инвестиция тартуу үчүн бирден бир экономикалык механизмдердин бири. Мисалы, кайсы бир чет өлкөлүк компания мамлекетке, тактап айтканда кайсы бир министрликке же ведомствого келет дагы "менде акча бар, бул тармакка инвестиция салайын дедим эле" дейт. Ортодо келишим түзүлүп, мамлекеттик орган менен жеке ишкер ортодогу милдеттемелерди, тобокелчиликтерди тең бөлүшүп алат. Ошондо мамлекет да, жеке ишкер да (чет өлкөлүк инвестор) курулган ишкананын же иштетилчү кендин жакшы иштеп кетишине, долбоордун сапаттуу ишке ашуусуна кызыкдар болот. Албетте, бизде тышкы инвестицияларды жөнгө сала турган либералдык мыйзамдар арбын. Бирок ошол мыйзамдар туура, так иштеш үчүн МЖӨ сыяктуу реалдуу механизмдер керек. Бул механизмдерди кыймылдатууга мамлекет да даяр болушу зарыл.
- Кубат мырза, Жалал-Абадда инвестиция жоктугунан 19 ири ишкана иштебей турат. Башка облустарда да канча ишкана токтоп турганын анализдеп көрдүңүздөрбү?
- Эгер статистиканы карасак, инвестициянын көп бөлүгү Чүй облусуна, Бишкекке келет. Албетте өлкөнүн түштүгүндө, алыскы райондорунда тышкы инвестиция аз. Мунун ар кандай себептери бар. Буга чейин иштебей турган ири ишканаларга жакшы да, жаман да инвесторлор келип кетишкен. Айрым ишканалар иштей албай банкротко да учурады. Ошон үчүн азыр ар бир облус, райондордун атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө баалоо жүргүзүш керек болуп турат. Башкача айтканда, ар облус, аймактарды анализдеп, кай аймак кайсы экономикалык тармактан аксап атканын такташыбыз керек. Анан мамлекет ошого жараша ошол аймактарга инвестиция салып, завод-фабрикаларды курганы абзел. Тилекке каршы, көп жылдардан бери мындай анализ, баалоо иштери жүргүзүлбөй келатат. Биз ушундан аксап атабыз.
- Убактылуу өкмөттүн улутташтыруусунан кийин инвесторлор Кыргызстанга инвестиция салуудан коркуп калышканы айтылат. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Албетте, улутташтыруу маселеси кайсы инвесторду болбосун чочутат. Ошондуктан биз улутташтырууда өтө кылдат болушубуз керек. Бул жерде соттор да бардыгын мыйзам чегинде чечсе дурус болор эле. Эгер сот инвестор же жеке ишкер кайсы бир ишкананы мыйзамсыз жол менен сатып алганын далилдесе, анда улутташтырылсын. Өкүнүчтүүсү, акыркы эки жылда кезексиз текшерүүлөр, текшерүүчү органдар өтө көп болуп кетти. Бир эле убакта бир компанияны Башкы Прокуратура, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Финансы полициясы, Социалдык фонд сыяктуу органдар текшерип калып жатат. Менимче, бул инвесторлорду качырат. Ошондуктан өкмөт убактылуу болсо да инвестиция омбудсменин түзүүнү ойлонсо. Анткени, азыр өлкөдө ар кандай чечилбеген маселелер көп болгондуктан жакшы инвесторлорго маани берилбей калып атат. Ошондуктан бул орган бизге өтө зарыл.

Мелис СОВЕТ уулу




  Мэрге кулак кагыш

АЛА-ТОО АЯНТЫНДАГЫ ТҮНКҮ БАЗАРГА МЭРИЯ ӨЗҮ КРЫШАБЫ?
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов дайыма "бизге шаардын тазалыгы жогору турат" деген сөздү айтканды жакшы көрөт. Тилекке каршы төмөндөгү одоно көрүнүштөн улам чындап эле мэрия үчүн шаарыбыздын тазалыгы биринчи орунда турарына ишенбей калдык. Же шаар башкармалыгында кош бийлик өкүм сүрөт окшойт.

ММК ны карасак мэр Иса Өмүркулов шаар тазалыгын сактоо себеби менен Ош базары сыяктуу соода түйүндөрүнө, жол боюндагы күркөлөргө катуу согуш жарыялап жүргөндөй болот. Бирок мэрдин шаардын кычыктарындагы күркөлөрдү көрүп, борбор шаарыбыздын чок ортосу болгон килейген Ала-Тоо аянтында учурда болуп жаткан бардакты көрбөй жатканы кызык. Көптөн бери, тагыраагы Иса Өмүркулов мэр болуп келгенден тарта ардактуу Ала-Тоо аянты кечки саат сегиздерден кийин кытай оюнчуктарын, балмуздак, семичке, суусундук, таттуу кебез саткан кадимки базарга айланат. Элде айып жок, алар жыргаганынан сатуучу болуп жүрбөгөнүн билебиз. Бирок Ала-Тоо аянты деген тамаша эмес да.
Албетте буга чейин деле Ала-Тоо аянтына майда-чүйдөсүн көтөрүп алып нары-бери басып сатып жүргөндөр болчу. Бирок азыркыдай товарын кенен-чонон жайып алып эч кимден коркпой отургандар жок эле. Сураштырып көрсөк, мурун аянтка соода кылгысы келгендерди ошол жердеги милиция кызматкерлери кууп-сүрүп турушчу экен. Ал эми 7-апрелден кийин аянттагы милиция кызматкерлери мындай укугунан ажыраптыр. Ошол жерде соода кылгандардын айтымында, учурда алардан Бишкек мэриясынын экономика, соода, муниципалдык бюджетти жана шаардык башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн аты-жөнү белгисиз кызматкери ар биринен айына 500 сомдон чогултуп алат. Аянтта жалпы жонунан 100гө жакын майда сатуучу бар. Орточо эсеп менен айына 40-50 миң сом кимдир бирөөнүн чөнтөгүн кызытууда. Албетте бул маалыматты тактоо кыйын. Себеби сатуучулардын колуна эч ким 500 сом төлөдү деген кагаз бербейт. Бирок учурда Ала-Тоо аянты кечки базарга айланып турганы факт. Ал кечки базар крышасыз болушу мүмкүн эмес. Эмне болгон күндө да бакандай болгон Ала-Тоо аянтын базар кылып ийүү мыйзамсыз, ага мэрия жооп берет. Андыктан ал жердеги сатуучулардын ээн-эркин иштеп жатканына мэрия крыша болууда деп жыйынтык чыгарсак болот. Кыскасы, ал жерге баргандар соода кылып, анын калдыгы менен аянтты таштандыга толтуруп баса беришет.
Албетте Ала-Тоо аянтында түн жарымына чейин жаштар жүрөт. Биз андагы түнкү базарга күбө болуп жүрүп улуу муундун "шаардын тазалыгын жаштар сактабай жатат" деген сөзү туура экенине ишендик. Эс алуу жайларында семичке чагышып, суусундуктун бөтөлкөлөрүн отурган жерлерине таштай салып кеткендердин дээрлик көпчүлүгү жаштар. Анан калса жалаң кыргыздар. Союз учурун көрүп калган муун өкүлдөрү же башка улуттун адамдары тазалыкты сактап, өздөрүнөн калган таштандыларын урнага салышарын байкаса болот.
Жакында эл аралык "Trend" агенттиги, "Business Week" жана NYC Partnership Consulting уюмдары дүйнө жүзүнүн эң булганч шаарларынын тизмесин түзүп, алардын катарына Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекти киргизгени маалым. Мындай тыянак абага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы, таштандылардын кайра иштетилиши жана жугуштуу инфекциялардын тарашы сыяктуу бир катар көрсөткүчтөрдүн негизинде чыгарылган. Ал эми аталган тизменин башында Иран, Кения, Каир жана Египеттин шаарлары турат.
Албетте мындай абал үчүн Бишкек мэриясы эле күнөөлүү эмес. Өлкөнүн борборунун ушул акыбалга туш болушуна республиканын катардагы атуулунан тартып бүтүндөй мамлекет, ага баш-көз болгондор жооп берүүгө тийиш. Себеби Бишкек Кыргызстандын борбору, бетке кармап сыймыктана турган шаары. Алардын ичинен Бишкекти мекендеп жашап жаткандар үчүн уят. Эгер ар бир атуул тазалыкты, тартипти сактап, айлана-чөйрөгө болгон мамилесин өзгөртсө, буга окшогон маселелер көтөрүлбөйт эле.
Жакында Ала-Тоо аянтына Манас атабыз менен Чыңгыз агабыздын айкели коюлганы турат. Эгер жогорудагы көрүнүш дагы да улана берсе улуттун сыймыгы болгон эки уул аянттагы соода-сатыкка жана маданиятсыз жаштардын абалына эмне дешер экен?..
Зайырбек АЖЫМАТОВ