19.08.11 - 4-бет:
  Үчүнчү көз

Ээрчиме кеңештин элге кереги канча?
Былтыр президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен мамлекеттик мекемелердин алдында коомдук Байкоочу кеңеш (БК) түзүлгөн. Андан бери арадан бир жылга чукул убакыт өтүптүр. Ушул аралыкта БК кандай иштерди жасаганын билүү максатында байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө диктофон сундук.

Кеңешбек
САЙНАЗАРОВ,
Билим берүү
жана илим министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин төрага орунбасары:
"ЖОЖдорду тазалоо
татаал
процесс"
- Байкоочу кеңештин башкы милдети - эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, чиеленген маселелерди чечүүнүн жолун табуу. Өзүбүздүн эле Билим берүү министрлигин мисал кылалы. Министрлик конкреттүү программанын негизинде иш алып барат. Бирок ошол эле учурда коомчулуктун жүрөгүн өйүгөн көйгөйлөр көңүл сыртында калып калышы ыктымал. БК дал ушундай көрүнүштөргө маани берип, аларды министрликке жеткириши абзел.
- Жогорку окуу жайга (ЖОЖ) тапшырыш үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүү керек. Тилекке каршы, акыркы мезгилде ЖРТ маанисин жоготуп бараткансыйт. Андан бөлөк программаны табууга болобу?
- Эл арасында ар кандай сөздөрдүн айтылары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кээлери туурасын, кээ бирлери жакшылап билип-билбей деле өз оюн айтат дегендей. Жеке мен ЖРТ өз вазыйпасын так аткарып атат деп эсептейм. Мунун аркасында агартуу системасында коррупциялык көрүнүштөр азайды. Айылдан келген жаштар билимине жараша өздөрү каалаган окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк алды. Андыктан, жалпы республикалык тестирлөөнүн "жаназасын" окутуу эрте.
- Кыргызстанда ЖОЖ аттуудан көп нерсе жок. Алардын санын кескин кыскартыш керекпи?
- Сиз сураган маселенин тегерегинде эки жолу талкуу өткөрдүк. Тилекке каршы, дагы деле бир жыйынтыкка токтоло элекпиз. Бул көйгөйдү кийинки отурумдарыбызда кайрадан карайбыз.Чындыгында өлкө аймагындагы окуу жайлардын сапаты чеке жылытарлык эмес. Бирок мунун баары убактылуу. Жылдын өтүшү менен жалаң акча жасоо максатында ачылган ЖОЖдор жабылат. Ага чейин окуу жайларга лицензия берүүнүн талабын күчөтүү зарыл. Ошондо гана ЖОЖду тазалоо процесси башталат. Бу өтө татаал, узак процесс.
- Билим берүү тармагын жаңылаш керек дейбиз. Кантип?
- Биздин Байкоочу кеңеш былтыр ноябрда түптөлгөн. Ошондон бери сегиз жолу отурумга чогулдук. Ар бир жыйында кеминде үчтөн маселе көтөрөбүз. Аларды да ич ара үчкө (мектепке чейинки жана мектеп окуучулары, ЖОЖ маселеси жана илим чөйрөсүнө тийиштүү көйгөйлөрдү чечүү) бөлгөнбүз. Ошол эле учурда электрондук почта аркылуу билим берүүгө байланыштуу маселелерди талкуулап турабыз. Алсак, жакында эле агартуу тармагын реформалоонун 2012-2015-жылга чейинки стратегиялык багытын аныктоонун айланасында талкуу жүрдү.
БК өз жемишин бере баштады. Жыл башында айрым аймактарда айлык акынын аздыгынан улам мугалимдер митингге чыгышкан. Биз да маянаны көтөрүү зарылдыгын билдирип сунуш жолдогонбуз. Анын негизинде айлык акы берүүнүн жаңы механизми иштелип чыкты.
Зоотбек
КЫДЫРАЛИЕВ,
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдындагы Байкоочу кеңештин төрага орунбасары:
"УКМК улут коопсуздугун сактайт деш кыйын"
- БКнын ичинен биз акыркылардан болуп май айында түзүлдүк. Айына бир жолудан жолугуп, кандай иштерди аткарууну талкуулайбыз. Өткөн айда Байкоочу кеңештин иш планын тактадык. Эми ошонун негизинде иш алып барабыз.
- Мисалы?
- Алгач атайын жумушчу топтор түзүлгөн. Маселен, мен финансист катары УКМК бюджетин өзгөртүүнүн жол-жобосун изилдеп атам. Ал эми кийинки топ коопсуздук кызматынын абагында жаткан адамдардын абалын териштирет. Дагы бир жумушчу топ телефон тыңшоо, укуктук-нормативдик актылардын үстүндө иштесе, акыркысы жалпы мекеменин ишин илгерилетүүнүн тегерегинде эмгектенүүдө.
- БК мүчөсү катары айтсаңыз, УКМК улут, мамлекет коопсуздугун сактаганга кудурети жетеби?
- Сурооңузга так кесе жооп берүүгө менде азырынча негиз жок. Анткени, былтыркы июнь коогалаңы сыяктуу кайгылуу окуялардын алдын алууга УКМКнын күчү жетет деп айтыш кыйын. Өзгөчө бул кызматтын каржы жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экен. Ошон үчүн мамлекет биринчи кезекте финансы маселесин чечиши зарыл.
Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, Коргоо министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы:
"Атайын комиссар болушу керек"
- Негизи Коргоо министрлигинин алдында Байкоочу кеңештин болушу зарыл беле?
- Россиянын куралдуу күчүндө дагы биздегидей БК бар. Анын башкы максаты - Россиянын аскердик потенциалын көтөрүп, жаңы технологияны пайдалануу болуп саналат. Эң кесипкөй адамдар ошол уюмда отурат. А биздин кеңештин табияты бөлөк. Атап айтканда, аткаруу бийлигинин кызматын коомчулукка көрсөтөбүз. Биринчиден, бюджетти туура пайдаланып атабы же жокпу? Экинчиден, мамлекетке кандай пайда алып келип атат? Элдин мүдөөсүн кандай аткарууда? Дал ушундай суроолордун жандырмагын коомчулукка ачык жеткиришибиз талапка ылайык.
24-март, 7-апрель окуяларынан кийин Коргоо министрлигине жана бөлөк күч органдарына көзкараштар өзгөрүлдү. Мисалга, Коргоо министрлигине таандык мыйзамдарда жазылган: "Куралдуу күчтөр конституциялык абалды, коомчулуктун коопсуздугун коргойт" деген пункт бар. Ошол эле маалда жалпы аскердик устав парламент тарабынан бекитилген. Демек, анда дагы мыйзамдын күчү бар. Мунун баарын аткарууга Байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзмөкчү.
- Анда көзгө көрүнөрлүк жылыштар барбы?
- 20 жыл бою "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деп келдик. Андыктан, 11 адамдан турган БК Коргоо министрлигин дароо оңдоп жиберет деген жаңылыштык. Не дегенде, президенттин токтомунда аткаруу бийлиги Байкоочу кеңештин сунуштарын кааласа кабыл алары, каалабаса четке кагары жазылган. Арийне, төрт айдын ичинде ондон ашык сунуш киргизип, бир катар иштерди аткардык. Муну Коргоо министрлигинин жетекчилери туура кабыл алышты.
Менимче, Коргоо министрлигинде президенттин же парламенттин атайын комиссары болушу абзел. Ал аскердик ишти мыкты билип, министр менен бирге куралдуу күчтөрдүн ишин аткарып, бардыгына жоопкер болуп, президентке же премьерге отчет бериши зарыл.
- Кыргыз армиясы чабал экени белгилүү. Мындай шартта ички-тышкы коркунучтардан кантип сактанабыз?
- Мунун бардыгы Акаевдин кадр тандоодогу жаңылыштыктарынан улам келип чыкты. Анткени, "Фрунзе-1" аталыштагы авиаокуу жайынын вертолетторун, самолетторун, тетиктерин кошо сатып жиберишкен. Мына ошентип Кыргызстандын аба күчтөрүнүн канаты кайрылып, талкаланып калган. Ошон үчүн кыргыз армиясынын техникалык базасын тез арада чыңдап, мыкты кадрларды куралдуу күчтөрдүн катарына кошуу керек.
Садык ШЕР-НИЯЗ,
Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы:
"Азырынча министрди сындабайм"
- БК негизделгенден бери кандай иштерди жасай алды?
- Аткарчу иштерибиз арбын. Кыргыз драмтеатрын оңдоо иштери кандай жүрүп атканын, бөлүнгөн каражаттар өз багытында жумшалып атканын билүү максатында атайын топ түзгөнбүз. Жумушчу топ иштин болжолдуу жыйынтыгын алып келди, аны кийинки отурумда кеңири талкуулайбыз. Биздин министрликтин 2013-жылга чейинки стратегиялык багытын аныктоого арналган талкууга катыштык. Министрлик менен биргеликте аны өкмөткө сунуштаганы турабыз. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз алдынча объектилерди кыдырып, айталык, кыргыз драмтеатрына, "Учур" театрына барып, алардын иши менен жакындан тааныштык. Негизинен ушундай жумуштарды аткарып жатабыз.
- Байкоочу кеңеш ошол мекеменин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп, конкреттүү сунуш-пикирлерди киргизет. Дегеле, министрликти реформалоо жаатында кандай оюңар бар?
- Реформалоо деп ооз көптүрө бергенден алысмын. Ар бир ишти так, таза аткаруу жолун үйрөнсөк деген багытты кармайм. Кайсы бир мекемеге сын айтуудан мурда, анын ички кухнясына аралашып, көйгөйлөрү менен жакындан таанышкан оң. Анын сыңарындай, министрликтин ички табиятын иликтеп аткан чагыбыз. Кандайдыр бир убакыт өтсүн, мына ошондо жылыштар байкалбаса өз сунушубузду билдиребиз.
- Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиевдин ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор бар. Сиздин пикир?
- Көпчүлүк учурда жаңы келген жетекчиге ушундай сын пикир айтылат. Ал эми маданият тармагы ар тараптуу, өтө оор багыт болгондуктан көп убакыт эмгектенүүгө туура келет. Кеминде бир жылдан кийин министрдин ишине баа берсек жарашат. Ага чейин сындаган туура эмес.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru,
тел.:38-67-19