12.08.11 - 3-бет:
  Сая-саалы

Дагы бир көзү ачык
Экс-депутат К.Исабековдун көзү ачыла баштаптыр, тобо! Ачылганда да "Республикага" Жалал-Абад, "Ата журтка" Ысык-Көл, Баткен, КСДПга Чүй облусу тийгенин эбак эле көрүп коюптур. Биз деле көргөн окшодук эле, бирок көзү ачыкка теңелип болбойт эмеспи. Даана көрүптүр, эй. Ошондон уламбы парламентке өткөн партияларга калкты үчкө бөлүп жатасыңар деп катуу эскертти. Эгер президенттик жарышты ушул жол менен өткөрсөңөр, кыргыз эли унчукпай койбойт деп каарданды. Кудай сакта, көзү ачыктын бир билгени бар окшойт.

Рентген экен
Эмки депутат Нарынбек Молдобаевдин көзү да оңой эмес окшойт. Жанагы президенттик ат жарышка ар коктудан, сай-сайлардан келип кошулуп жаткандардын көбү кызмат үмтөтүп, атургай кандидаттын шайлоо учурундагы кол тийбестигине жамына турайын деп (айрымдары кылмыш иши козголгон кыраандар дейт), кээ бирөөлөрү эл дарбыса кошо дарбып атымды чыгарып алайын деп жатканын ап-ачык эле көргөнүн айтты. Рентген деп ушуну айт.

Президент элеп көрөйүн деди
Президенттин аппаратында түзүлгөн жумушчу тобу Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Жогорку сотко жана Жогорку соттун конституциялык палатасына сунуш кылынган 40 адамдын кандидатурасын карай баштады. Президенттин айтымында, ага ким кимге кандай добуш бергени тууралуу документтер, ошондой эле аудио-видео жазуулары жетелек экен. Жарандык коомчулук тарабынан да тандоо иштери боюнча жаман сөздөр айтылып жатыптыр. Кебетеси далай соттор президенттин элегинен өтпөй калат окшойт.

Орус жараны турбайбы
Ал арада Соттор кеңешинде созулуп отурчу Ирэна Александровна Степкичева деген айым Орусиянын көздөй жараны экен. Тээ 1995-жылы эле ошол жактын эл эсебине кирип кетиптир. Андан бери сыр билгизбей сот, укук коргоо системасында иштеп келгени белгилүү болуп отурат. Мындай адамдар Кыргызстанга канчалык күйөт, айтуу кыйын.

Онтогон Орусия, кырдан караган Кыргызстан
Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна шар кирбей кетенчиктеп турушу Ала-Тоодо жаткан Кыргызстанга да көлөкөсүн түшүргөнү турат. Себеп дегенде Орусия уюмга кирсе Бажы союзунда бакандай өзгөрүүлөр болуп кетиши ыктымал. Бул күндө бажы салыгынын 90 пайызы Орусияга таандык. Аларды төмөндөтүүгө жол ачылмак. Кыргызстандын Бажы союзуна киришине да жеңил болмок. Кыскасы, орус онтобой кирип кетмейин, кыргызга кыйын болчудай.

Кызарбаган кытайлар
Чоң-Алайдагы Дароот-Коргон айылынын жашоочулары мында алтын иштетип жаткан кытайлык "Кайди", "Азия Голд интерпрайзес" компанияларына нааразы. Алар жер-сууну билгениндей чалчактата булгап, экологиялык зыян келтирип жаткандыгынын кесепетинен патологиясы өзгөргөн жаш балдардын төрөлүшү арбыган. Жергиликтүү эл бир нече жолу жол тосуп, техникаларын өткөрбөй каршылык көрсөтүп келет. Бийлик билмексен. Кытайлар кабагым-кашым дебей иштерин улантууда.

Айбек, Иса, Ак-Жарды бүтүргүлө!
Жума ортосунда премьер-министр Алмазбек Атамбаев Бишкек мэри Иса Өмүркулов менен Чүй губернатору Айбек Азыранкуловго сөгүш жарыялады. Көрсө, өкмөт башчы илгери эле эки чиновникке Ак-Жар жаңы конушун суу, электр жарыгы менен камсыз кылууну тапшырып, алар муну кулак сыртынан кетиришкен экен. Эми бул тапшырма кайра эле экөөнө тапшырылып, эки күн ичинде бул маселенин кандай чечилгенин өкмөт аппаратына билдирүү жүктөлдү.




  Крим-аалы

Унаа ууру узатпайт
"Ниссан-Террано" унаамды кимдир-бирөөлөр уурдап кетти деп токмоктук 32 жаштагы жаран изкубарларга кайрылган эле. Арадан эки күн өтпөй Хунчи айылынан Бишкекке келаткан унаа тартип сакчыларынын буйругуна баш ийбей токтобой өткөн. Артынан түшкөн изкубарлар Көк-Жар конушуна жакындаганда кылмышкерлер машинени таштап качып кетишкен. Бирок машине уурдаган жыйырма жаштагы Кубанычбек уулу Акылбек менен Шамшыбек уулу Медер тез эле кармалышты.

Аңгилер алыстабады
9-августта түнкү саат үч-төрт чамаларында Бишкектин 4-кичирайонунда жашаган 19 жаштагы кызды белгисиз эки аңги зордуктап кетишкени тууралуу арыз тартип сакчыларына түшкөн. Изкубарлар кылмышкерлердин сары изине түшүп, тез эле кармашты. Алар Ысык-Көл облусунан чыккан 21-22 жаштагы эргулдар экен. Эми темир тордо алар кандай кордолоору айтпаса да түшүнүктүү.

Жашабай жатып жымырып калган
Бишкек шаарындагы Ош базарынан 37 жаштагы аялдын 50 миң сомун чала тааныш, жашы жетелек Улук деген бала уурдап алыптыр. Ак-Өргөө конушунда жашаган аял ушунча сомун жоготконуна ичи ачышып, дароо тартип сакчыларына кайрылган. Ошол эле күнү Улук изкубарлардын кылтагына түшүп сурак берип отурат.

Канкор милиционерлер
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында жашаган Усманжан Халмирзаевге 7-август күнү үч милиционер автоунаанын тетиктерин сурап келдик деп машинеге салып кетишиптир. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин У.Халмирзаев аялына телефон чалып, милиционерлер аны катуу сабап, алты миң доллар талап кылып атканын айткан. Аялы аларга 30 миң сом берип жибергенден кийин У.Халмирзаевди бошотушуптур. Бирок үйгө келген У.Халмирзаев эстен танып, ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумат. Сотмедэкспертиза маркумдун көкүрөгү сынганын далилдеген. Ал эми аталган райондун аймактык милиционери Кайрат үй ээсине 30 миң сомду кайрып берген. Бул окуя боюнча кылмыш иши башталды.

Пенсионерлер акчасыз калышты
Бишкек шаарындагы Фрунзе-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен Аламүдүн районунун почтасына тиешелүү акча ташыган инкассатор унаасына кол салуу болгон. Акчаны уурдаган каракчылар изин жашырып кетишти, ал эми анда канча сумма болгону такталууда. Каракчылардын ким экендиги иликтенип атат.

Беткапчан каракчылар
Өткөн айдын орто ченинде Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Булак айылында жашаган жарандын үйүнө беткапчан беш каракчы кирип, аларды уруп-согуп коркутуп, акчасын, уюлдук телефонун алышкан. Ага да ыраазы болбой мылтык менен коркутуп, үй ээсинен 20 миң сом талап кылыптыр. Оңой олжо оңдурмак беле, чүмбөтчөн каракчылардын бири жакында колго түшүп, ал шериктерин айтып берип аткан кези. Бул каракчылардын мойнунда башка тоноочулук кылмыштары да болушу ыктымал экен.




  И-тагдаалы

213 метрлик чучук
Кыргыз менен казак кайда жүрбөсүн эт дегенде кайра тартпайт эмеспи. Айрыкча чучукка келгенде жантыгыбыздан жата калмайыбыз бар. Синзцян уйгур автономиясында жашаган казак отуз жылкы союп, узундугу 213 метрлик чучук жасады. Эми Гиннестин китебине кирем деп жулунуп жатат. Биздин Болот Шер Таласка той бергенде 40 жылкы сойду эле, ошолордун чучугун улаштырып көргөндө болмок экен. Балким биз утмакбыз. Мындайды байкабаган мөңкөштүгүбүз бар эмеспи. Президенттикке кандидаттыгымды коюп атымды чыгарам дебей, ушундай жол менен кетсек деле болчудан окшойт.

31 мектеп быйыл бүтөт
Финансы министрлигинин билдиргенине караганда, быйылкы жылы 66 мектептин курулушу башталып, анын 31и быйылкы жылы пайдаланууга берилет. Жалпысынан республикалык бюджеттен социалдык объектилерди курууга 1 млрд. 506 млн. сом каралган. Анын ичинде билим берүү мекемелери, ооруканалар, суу каналдарын калыбына келтирүү объектилери бар.

Эне-баланын "Накыл сөз казынасы"
"Боорукерлик" кайрымдуулук фондунун "Боорукердин сыр сандык" сериясынан эне-бала авторлор Гулия Тажиева менен Айсулуу Курманбекованын "Накыл сөз казынасы" аттуу 750 беттен турган көлөмдүү китеби жарык көрдү. Аталган эмгек аты айтып тургандай макал-лакаптардан, накыл кептерден турат. Алар өзүнчө ыраатка салынып, маанисине жараша тематикага бөлүнүп берилген. Бул эне-баланын сегизинчи китеби. Алардын улуттук нарк-насилге таянып жалпы эле адамдык баалуулуктарга үндөгөн буга чейин жасап келген эмгектери бөлөк тилдерге да которулган.

Өзбек, кыргыз бийлиги ойгонбойт го
Баткен облустук администрациясы Өзбекстан 600 млн. сом карыз экендигин билдирди. Ашыналар "Кыргызгаз" менен "Кыргызнефтегаз" АКсына азыркыга чейин пайдаланып келаткан газ-техникалык жабдыктарын, жерди 2000-жылы эле кайтарып бериши керек эле. Бул иш жасалган жок. 1270 гектар жерди мыйзамсыз ушу кезге чейин пайдаланып келатат. Ташкентке көп жолу эсепти жибердик, бирок эч кандай жооп жок делет облус бийлигинин маалыматында. Жергиликтүү эл маселени кабыргасынан койгон менен негедир өзбек, кыргыз бийликтеринин кыймылдайын деген түрлөрү жок.

Бюллетендерди эми бүктөй албайсың
Кечээ БШК президенттик шайлоо бюллетендери 5 баскыч менен корголоорун маалымдады. БШК өкүлү Мырзабек Аргымбаевдин айтымында, бюллетендер даярдалчу кагаздарда күндүз көрүнбөй турган көгүш, сары булалар болот. Шайлоонун биринчи, экинчи туруна 40 тонна кагаз кетип, ал Россиядан даярдалат. Мурдагы шайлоолордо кагаздын коргоо баскычы азыркыдан аз болчу дейт Мырзабек Аргымбаев.

Ат-башылыктар эми жыргайт
"Жойси" компаниясынын инженеринин жардамчысы Келдибек Ибраевдин айтымында, Ат-Башы районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу 2012-жылы аяктайт. Жолдун бул аймагына Азия өнүктүрүү банкынан 20 млн. доллар бөлүнгөн. Келдибек мырзанын билдиришинче, 39 чакырым жолдун асфальтына цемент жана минералдык, химиялык заттар кошулат. Адистердин айтымында, цементти колдонуу кымбат болгону менен асфальттын сапаты жакшы болот.

Күжүрмөн байрак кут болсун!
Бүгүн КР Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү белгиленип жатат. КР күч түзүмдөрүнүн курамындагы ар бир министрликтин жана ведомстволордун өздөрүнүн күжүрмөн байрактары бар. Жаза аткаруу кызматы мурда башка министрликтин курамында болсо эки жыл мурда өз алдынча мамлекеттик түзүм болуп уюшулган. Ушул өзүлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленип жаткан күнү бул кызматка КР президентинин жарлыгы менен күжүрмөн байрак тапшырылды.




  Жума кайрык

Алтымыш ажо, токсон депутат
Кыргызстандын тарыхында мындай ат чабыш, тагыраагы, президенттикке жарыш болуп көргөн эмес. Күздөгү президенттикке шайлоого катышчумун дегендердин саны 53кө жетип отурат. Бул тейибиз менен жүрүп отурсак, кандидаттардын саны боюнча Гиннестин китебине кирип калышыбыз ыктымал. Эмнегедир президенттикке аттангандардын арасында баягы Кубанычбек Апас көрүнбөйт. Калган түбөлүк кандидаттар толук. Мотуев жүрөт, сүйлөсө эле Путинден баштаган Акбаралы Айтикеев бар. Эски көздөрдөн Жаныш Рүстенбековдун карааны калдайгансыйт. Байге талашка өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн арасынан кимдерди гана көрбөйсүң. Кесиптери да ар башка, жаш курактары да ар кыл.
Ал эми саясый партияларга келсек, ар биринен бирден атанууда. Бизде амбициясы башына батпаган 156 партия бар экенин эске алсак, президенттикке кандидаттардын саны 200гө чаап барабы деп жаныбыз чыгып турат. Кыскасы, кийинки жуманын башында кандидаттарды каттоо токтотулат. Ага чейин дагы далай кызыктар чыкчудай.