05.08.11 - 4-бет: Жүр эй, бекер отургуча президенттикке арыз жазып коелу
Акыркы маалыматка таянсак, президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий кайрылгандардын саны отуздан ашты. Бир караганда ажолукка талапкер болуу оңойдой туюлат. А чындай келгенде шайлоого катышууга чейинки шарттарды аткаруу биртоп эле кыйын.


Алгач президенттикке талапкер катары катталууга кандай талаптар коюлганын билгенге аракет жасадык. Мыйзам боюнча 35-70 жаштын тегерегиндеги Кыргызстан жараны, өлкө аймагында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган, кыргыз тилинде сүйлөгөн адам президенттикке талапкерлигин кое алат. Мына ушундай критерийге туура келген жаран гана кайсы бир партиянын атынан же өзүн өзү көрсөтүү аркылуу талапкер катары катталуу укугуна ээ болот. Анүчүн БШК имаратына кирип, 405-бөлмөгө башбагасыз. Эгер партиянын атынан президенттикке ат салышсаңыз, анда партия курултайынын протоколун көрсөтүп, анан БШК атына арыз (сүрөттө көрсөтүлгөндөй, арыз кимдин наамына жолдоноору белгисиз - Н.К. ) жазышыңыз керек. Андан соң мына мындай бланкты толтуруу талапка ылайык (сүрөттү караңыз).
Өзүн өзү көрсөткөндөр да БШК атына арыз менен кайрылат. Муну менен катар кайсы жерде эмгектенерин документ жүзүндө тастыкташы зарыл. Паспортуңуз болбосо камсанабаңыз. Мындай кыйчалыш кырдаалда айдоочулук күбөлүк же пенсиялык күбөлүктү көрсөтүп деле арыз жазууга уруксат берилген. Кыскасы, өлкөнү жетектөөгө ташталган алгачкы кадам ушунакай жөпжөнөкөй.
Жогорудагыдай талаптар аткарылган соң президенттикке талапкерлигин коюуга ниетин билдирген жаран катары тааныласың. Ажо болчумун дегендер 16-августка чейин паспорт, айдоочулук күбөлүк же пенсиялык күбөлүгүн көтөрүп алып БШКнын эшигин жырта бергиле. Бул үчүн болгону бир саатка жетпеген убакыт талап кылынат.
100 миң сомуң барбы, бурадар?
Талапкерлерди сунуштоо аяктаган соң кыргыз тилинен экзамен тапшыруу процесси башталат. Ал 25-сентябрга чейин созулуп, бул аралыкта президент болчумун дегендер өзүнүн шайлоо алдындагы программасын үч барактан ашпаган көлөмдө жазып, мамлекеттик тилде көркөм окуп, өз оюн так баяндай билиши абзел. Талапкердин мамлекеттик тилди билер-билбесин 12 кишиден турган комиссия аныктайт. Мындай тосмодон ийгиликтүү өткөндөн кийин кезек талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого жетет.
Мамлекет башкарчумун деп көкүрөк каккандардын демин суутчу маанилүү нерсе бар. Атап айтканда, талапкерлер өзүн жактагандардын 30 миңден кем эмес колтамгасын чогултуп, аны 10-сентябрга дейре БШКга тапшырышы зарыл. Ушул жерден тактай турган орчундуу маселе бар. Мурда президенттикти эңсегендерге ар бир облустан 3000ден кол чогултуу талабы коюлса, азыр андай чектөө алынып салынган. Маселен, 30 миң колтамганы бир райондон деле жыйнап койсоң болот. Колтамгалардын аныктыгын текшерүү он күнгө созуларын кошумчалай кетели. Мындан сырткары, бардык документтерди текшерүү да он күндүн башын жутат.
Такка отуруу кыялында жүргөндөр күрөө иретинде 100 миң сомду 10-сентябрга чейин БШК эсебине которууга милдеттүү. Андан кечиктирилсе иштин ойрон болгону ошол. Баса, эгер талапкер жалпы шайлоочулардын 5% добушуна татыбаса, анда күрөөгө коюлган акча кайтарылбайт.
Ушундай шарттарды аткарган соң БШК президенттик орунга талапкерди каттап, күбөлүк берүүгө милдеттүү (күбөлүктүн үлгүсү төмөндө көрсөтүлгөн - Н.К. ). Бу туурасында ММК аркылуу расмий маалымат таратылмакчы. Мына ошондон кийин гана "чоң казатка" аттанууга жол ачылат.
"Талапкер-лердин саламат-тыгы текшерил-бейт"
Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча БШКда атайын жумушчу тобу түзүлгөн. Жумушчу топтун жетекчисинин орунбасары Канатбек АБДЫКАДЫРОВго кайрылып, керектүү суроолорго жооп алдык.
- Сөзүмдүн башында орчундуу маселени такташтыра кетейин. Эл арасында президенттикке талапкерлердин саны отуздан ашып кетиптир деген калпыс пикир жаралыптыр. Бул туура эмес. Себеби алар президенттикке талапкер катары катталуу үчүн БШКга арыз жазышты. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык документтерди тыкыр иликтегенден кийин чечим чыгарылат. Ага чейин бир дагы жаран талапкер катары таанылбайт.
- Өз каалоосу менен талапкерлигин чакыртып алууга болобу?
- Болот. Анүчүн 27-октябрга чейин арыз менен кайрылышы талапка ылайык.
- Талапкерлердин саламаттыгы текшерилеби?
- Биз мыйзам чегинде иш жүргүзөбүз. Талапкердин соттолгон-соттолбогонун, кайсы жерде эмгектенерин, кыскасы, керектүү маалыматтарды такташтырабыз. Бирок талапкердин саламаттыгы текшерүүдөн өткөрүлбөйт.
- Керектүү өлчөмдөгү кол топтоолор, күрөөгө коюлчу каражаттар берилдиби?
- Азырынча жок.




Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
"Эки тур болот"
- 30-октябрда негизги кайсы күчтөрдүн ортосунда күрөш жүрөт?
- Бу жерде ар кыл өңүттө ой жүгүртсө болот. Биринчиден, шайлоо кампаниясына болбоду дегенде 2 млн. доллар талап кылынат. Мындай ири каражатты табууга көпчүлүктүн чамасы чак келбейт. Демек, булардын артында кандайдыр бир күчтөр туруп, финансылык көмөк көрсөтөт.
Экинчиден, жеңишке жетүүнү каалаган күчтөр биригип ортодон ири каражат чыгарышат. Ал түздөн-түз азыркы бийликке каршы турууга багытталышы ыктымал.
Негизинен президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин жааты, Курманбек Бакиевдин жааты жана Алмазбек Атамбаевдин командасынын ортосунда айыгышкан кармаш орун алат.
- Мындан ким утат да, ким утулат?
- Реваншисттик күчтөр үчүн 30-октябрь - акыркы мүмкүнчүлүк. Бул күнү алар бардык аракетин жумшап, жеңишке жетсек дешет. Керек болсо күч колдонуп, ызы-чуу салууга аракет жасашат. Башаламандыкты токтотуунун жападан жалгыз жолу бар. Ал шайлоону таза, акыйкат өткөрүү. Эгер реваншисттик күчтөр шайлоодон таза жеңилгенине карабастан тополоң салса да эл тарабынан колдоо таба албайт.
- Талапкерлер бири-бири менен тандемге барары калетсиз. Сиздин божомолдо ким кимге кошулушу мүмкүн?
- Парламенттеги беш фракциянын төртөө КСДПга биригет. Муну менен катар саясый элитанын дээрлик 40%ы Атамбаевге ыкташы ыктымал. Ал эми реваншисттик топтор эмитеден эле ыркыраша башташты, бир мунасага келиши кыйын го…
- Шайлоо канча тур менен өтөт деп ойлойсуз?
- Сөзсүз эки тур болот.





Демократия "ат чабышка" айландыбы?
Макаланын башында айткандай, президент болгусу келгендердин саны отуздан ашып түштү. Бул чекеси гана. Аламан байге талашчу чыныгы "күлүктөр" эми суурулуп чыгат. Анда талапкерлердин саны 50-60ты чапчып жыгылабы? Буга карата ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн пикирин уктук.
Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер:
- Демократия десе эле 40-50 адам шайлоого катышуусу керекпи? Чындыгында талапкерлердин бир-экөө гана президенттикке аттанууга татыктуу. Калгандары конкреттүү максаты жок эле шайлоону оюнчукка - ат чабышка айландырып алышты.
Турсунбек АКУН,
КР акыйкатчысы:
- Сурооңузга эки өңүттө жооп берейин. Биринчиден, отуздан ашуун адамдын президенттикке ат салышарын ачык жарыялашы демократиянын белгиси. Анткени коңшу өлкөлөрдө ашып кетсе 2-3 адам президенттикке аттанат. Экинчи жагынан алып караганда, аты-жыты белгисиз кишилердин так талашам деши элдин бийликке болгон ишеними төмөндөгөнүнөн коңгуроо кагат.
Рахатбек ИРСАЛИЕВ, жеке ишкер:
- Акыркы 20 жылда бизде демократия өтө эле ашынып кетти. Иштегендин ордуна куру авторитет күткөндү өнөр кылып алдык. Өз атын чыгарыш үчүн көрүнгөн адам президенттикке аттанчумун деп арыз жазып атышат. Мен муну бийликтин аброю кетиши деп түшүнөм.
Динара ОШУРАХУНОВА, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын төрайымы:
- Мындай көрүнүш демократиянын ашынып же бийликтин аброю төмөндөп баратканынан кабар бербейт. Болгону жарандар өзүнүн конституциялык укугун пайдаланышууда. А шайлоодо эл кимге добуш берери башка маселе.





Майда бирок маанилүү
Президенттикке ат салышууну каалагандардын 23ү өз талапкерлигин өзү көрсөткөн.
Ажолукту эңсегендердин сегизине мурда-кийин кылмыш иши козголгону тастыкталган. Ошондой эле эки берен кайсы бир фирманын жетекчисимин деп жалган маалымат бериптир.
103 басылма менен 40 телерадиокомпания үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат алган.
30-октябрга белгиленген шайлоо өнөктүгү 499 млн. 438 миң 600 сомдун башын жутат.