05.08.11 - 23-бет: Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ
Улакчы
(аңгеме)

(Башы 21-бетте)
Окуудан келатып эле көкбөрү болуп атканын көрүп бурулуп калды. Эргештин буерде пайда болгонун биринчи байкаган, анын ар бир кыймылына көз салып, кишилерден качып өзүнчө жалгыз турганын ар нерсеге жоруп, эмнеге жөн гана карап Тиштээк Кашканын үстүндө соксоюп отурганына, эмне үчүн адатындай тонун чечип, анан чаап келип өзүнө ыргытып бербегенине түшүнө албай, Эргештин коңшусу, көзү азиз кемпирдин же элдин баары бир ооздон аташкандай, "көр кемпирдин" сегиз-тогуз жашар небереси өзүнчө бушайман жеп, жер бүткөндөн бери турган картаң Жалгыз Долононун тартайган-туртайган бутактарында кожум-кожум болуп, чөкө таандардай чуркурашып учуп-конуп, көкбөрүнү тамаша кылышкан жаш балдардын арасында ойго батып отурду. Эргеш акелеп эки-үч жолу кыйкырып көрдү. Бирок атайы укпастыгын кашында бастырып кеткенин көрүп башка кыйкырган жок. Эргештин баласы жок. Жакын арада аш-той, улак болуп калганда аны аркасына учкаштырып дайыма өзү менен кошо ала барат. Тонун, Тиштээк Кашкасынын жабуусун кайтартып отургузуп коет да, кайра улак бүткөндө учкаштырып ала кетет. Эргеш көңүлү жакшы болгондо улактан алган шыбагасын бүт эле ага карматат. "Ме сагырым. Көр энең экөөңөр шорпо кылып ичкиле" дейт. А көпчүлүк кезде ал үмүт кылса да бербей өзү үйүнө алып кетет. Эми Эргештин тонун алып келип бербесине көзү жетип түңүлө баштады. Алим Сарык ага да жаккан жок. Жанындагы жолдошторунун Алим Сарык жөнүндө бир гана Алим Сарык жөнүндө сүйлөшкөндөрү, Алим Сарыкты гана карашкандары анын да итиркейин келтирди. "И-ии таза, калп эле тырбалаңдайт. Эргеш акем жанында болсо шоона эше албайт элең" деди. "Сени караган эч ким жок, мактанбай эле кой" деди. Өзүнүн да Алим Сарыкты карап отурганы оюна келген жок. Өзүнөн өзү отуруп эле улактан кызыгы таркай баштады. Эс тарткандан бери дайыма баш-аягына дейре тынбай кызыгып карап отурчу көкбөрүсү, кээ-кээде кокусунан эле ымыркай дүйнөсү суусу жалп төгүлгөн челектей бош калып, аңгырап бопбош калып, таянарга тоо таппай, согушарга жоо таппай калганда, эртең, эртең, эртең же бүрсүгүнү, бүрсүгүнү, бүрсүгүнү, же анын аркы күнү - үйрүлөргө үйү жок, айрыларга алачыгы жок күндөрдүн биринде көкбөрү болот экен дегенди укса аңгырап бош калган ымыркай дүйнөсү кайрадан толуп, бака-шака түшүп, таянарга тоо табылгандай, кездешерге жоо табылгандай, тезирээк таңдын атышын, тезирээк күндүн чыгышын зарыгып күттүргөн, ичинен кудуңдатып сүйүндүрүп ушунчалык бактылуу кылган, дайранын шарындай күүлдөгөн элдүү-журттуу көкбөрү азыр анын итиркейин келтирип же итиркейине тийгенге да жарабай, эл-журт өлүккө үйүлгөн чымындардай же баягы биринчи кар түшөрдүн алдында мектепке кышкы отундук арчаларды ташыганы эркек окуучулар, эркек мугалимдер болушуп эшек, төө минишип тоого барышканда көрүшкөн.
Эргеш Бөрдөйдүн (айылда: кара, көк, сары, кызыл, мас улакчы Эргештер бар) аңгекке түшүп арам өлүп калган жалгыз уюнун тарпын жеп тоюп алышкандыктан уча албай койдой жайылып жүрүшкөн кузгундардай көрүнүп, адамдардын бири-бирине жөөлөшүп, күчтүүсү күчсүздөрүн урдура коюшуп, а тигиниси урдурганына да кайыл, басмайылынын үзүлгөнүнө да кайыл, ээри менен кошо ооп түшүп аттардын туяктарынын алдына калганына да кайыл (туяктарынын алдында калса да аттар адамды тепселешпей турганын Эргештен уккан), гүү-гүү, дуу-дуу түшүп турушкандарына кайдыгер гана көз учунан карап турду. "Эмнеге мынча дан талашышат? Эмнеге умтулушат?" деди. "Өлүккө" деди. Анан кайра "торпоктун" деп өзүн-өзү оңдоп, тактап койду. Бул кокусунан пайда болгон кайдыгерлиги Эргештин жөн гана карап тургандыгынан, балдардын баары каяктагы бир башка алыс жактан келген боккор - Алим Сарык деген неме жөнүндө гана кеп кылышкандарынан, Алим Сарыкты мактагандарынан улам экендигин, эгер ушу тапта Эргеш ага чаап келип тонун таштап кетсе, анан адатындай Тиштээк Кашкасы менен жыйынды бычактай жарып кирсе, мунун баарын заматта унутаарын, кайрадан кызыгып көрө баштарын өзү билип турса да мойнуна алгысы келген жок. "Өлүк чабыш, өлүк тартыш" деди. Кеткиси келди. Анын үстүнө курсагынын ачканын, балдар айткандай, ичегисинин үзүлүп баратканын сезди. Кыштын күндөрү чөнтөгүнө курут салып алат. Же карга көөмп коет. Анан мектептен келатканда жейт. Кээде таппай калат. Иттер уурдап жеп кетишет. Өтүгү тайгалак. Кар менен басканда күчү көп кетет. Курсагы тез ачат. Азыр болсо кар жок, кыш түшө элек… Ал ушул тапта бирөөнүн жоо сайгандай айкырып-кыйкырганын укту. Бул кыйкырган Алим Сарык эле. Алим Сарык улакты жерден эңип алып жапма басып Көк Быштысын жалга койгулаганча топтон жойлоп чыгып баратканын көрдү. Алим Сарык үйдөй таранчыга тийген кыргыйдай чакчалекей түшүрдү. Топту жарып чыккандан кийин чоң улакчылардын расмисин кылып жыйынды аралатып, айландырып бир чапты да эч кимдин кармашпаганын көрүп, Көк Быштынын оозун мөрөйгө көздөй бурду. Мөрөй Жалгыз Долоно эле. Бир гана чоң, шамалдай күлүк чум кара аттын үстүнө чымчыктай конгон кичинекей кыяктай арып чал өлүп-тирилип жалынып артынан ээрчип жүрдү. "Айланайын Алим Сарык! Балаңан айланайын Алим Сарык! Катыныңан айланайын Алим Сарык! Бир ашырып кой!" деди. Алим Сарык ага карап да койгон жок. Шамалдай чум кара ат минген чал көзү азиз кемпирдин небересинин таятасы эле. Кемпири, шамалдай чум кара ат, таятасы үчөө бир тамда жашашат. Бир бурчунда экөө, бир бурчунда шамалдай чум кара айгыр. Түндөлөрү экөөнө чырактын да кереги жок. Шамалдай чум кара айгырдын көздөрү чырактай күйөт. Чыртыйып эч ким менен сүйлөшпөйт. Көргөн-бакканы шамалдай күлүк чум кара ат. Үйүндө башка тиш чукурга бир нерсеси жок. Кемпиринин көйнөгү да жок… Кеткиси келди. Кайра көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Ой, эмне үчүн тонун чечпейт деди ал бир ойлогондон. Бир ойлогондон ушинтип ойлоду. Эргеш торпок улакты (кыпкызыл чоң торпок экен) эки колдоп чирене тартып Алим Сарыкты тап жылдырбай турду. Көзү азиз кемпирдин небереси кубанганынан "жашасын!" деп кыйкырып, тура калам деп Жалгыз Долононун башынан жерге учуп түштү. "Такымга баспайсыңбы?!" деди ал учуп баратып. Эргеш кичинекей коңшусунун кеңешин уккандай ичигин шарт чечип ыргытты. Улакка эки колдоп кычкачтай жабышты. Такымга басты. Алим Сарык улакты алдырып жиберди. Көзү азиз кемпирдин небереси учуп барып ордунан турганда улакчылар кыраан-каткы күлүп жатышкан эле. Ал элеңдеп эч нерсеге түшүнгөн жок. Чоң улакчылардын расмисин кылып топ аралата чаап жүргөн Эргешти көрдү. Артынан кубалаган эч ким жок эле. Эргеш жалгыз чаап жүрдү, улакчылар аттарынын жалына өбөктөшүп, ооп-жыгылып күлүп жатышты. Энеден туума Эргештин жүзүнө карап (ылдый жагына карагандан коркту), эмне болгонун түшүндү да, оң жак чыканагы (жерге чыканагы менен тийди) сынып кеткендей ооруганынанбы же башкаданбы, ыйлап жиберди.
А Эргештин артынан бир гана баягы таятасы жалынып-жалбарып: "Айланайын Эргеш! Катыныңан айланайын Эргеш! Балаңан айланайын Эргеш! Чочогуңан айланайын Эргеш! Бир ашырып кой, бир ашырып кой!" деп кубалап жүргөнүн көргөн жок.