29.07.11 - 20-бет: ДҮЙНӨ
күн

АТДҮЙНӨ. Жакында эле Дэвид жана Виктория Бекхэмдердин үйүндө үч уулдан кийин кыз төрөлбөдү беле. Кош жылдыз эрке кызына Харпер Севен деген ат беришти. Журналисттер эмнеден улам мындай койдуңар десе, Вика сулуу Харпер Ли деген жазуучу бар. Анын "Алмаштыргычты өлтүрүү" аттуу чыгармасы мага аябай жагат. Ошол жазуучунун атынан мен Харпер койсом, Дэвид өзүнүн футболкасынын номери жети болгону үчүн кызына Севенди кошуп койду деди (жети англисче севен). Аны укканда жанагы жазуучунун аты аталган чыгармасы китеп дүкөндөрдө калбай, китеп кайра-кайра бастырылып жатыптыр.

ДЫРДҮЙНӨ. Мэрилин Монрону ким гана билбейт. Токсондогу чоң ата деле ал жөнүндө сөз болсо убагында шилекейин кылк жутуп жүргөнүн айтат. Ошол тарыхта бир жаралчу сары чач сулууну кимдир бирөөлөр 1947-жылы төшөктө балыктай туйлап жатканын тартып алышкан экен, эми ал пленка колдон-колго миллиондогон жашылбайларга сатылып атыр. Биринчи жолу 1997-жылы сатыкка чыккан 8 миллиметрлик пленкадагы Мэрилиндин бирөө менен эзилип жатканын көргүсү келгендер болбоду дегенде 2 миллион АКШ сому менен кош айтышат тура.

АТДҮЙНӨ - 2. Атың чыкпаса жер өрттө деп жүрчү элек го, эми ага экинчи сүйлөмдү да кошо берели. Анткени арабдардын 22,6 миллиард байлыгы бар шейхи Хамад бин Хамдан аль Нахьян өзүнө тиешелүү аралдын бетине килтейтип өзүнүн атын жаздыртып салды. Тамганын чуңкурунун бийиктиги 1 километр, туурасы 3 километр болгон жазууну космостон да көрсө болот экен. HAMAD деген жазуунун баш жагы, тагыраак айтканда биринчи, экинчи жана үчүнчү тамганын жарымы сууга толтурулгандыктан космостон көк болуп көрүнөт. 63 жаштагы шейх дүйнөдө автомобилдеринин жалпы санынын баасы боюнча да биринчи орунду эч кимге бербеген миллиардер катары белгилүү.

ШЫРДҮЙНӨ. Гиннестин рекорддор китебине дагы бир ийгилик киргизилди. Чынында кыргыздар кичине даярданса бул жетишкендикти басып өтсө деле болгудай. Доминиканын беш студенти 300 саат токтобой китепти сыртынан үнүн катуу чыгара окуп рекорд коюшту. Алардын жаңы рекордун катташса да, кийин муну бирөө жаңыртып коюшпасын деп дагы деле окуп жатышат. Алар өлкөнүн экс-президенти, белгилүү тарыхчы, жазуучу, саясатчы Хуан Боштун чыгармалары менен ийгилик жаратышты.

БЕТДҮЙНӨ. Кадимки Эрнест Хемингуэй бар го, ошол Флориданын Ки-Уэст аралында жашаган да. Жыл сайын анын туулган күнүнө карата белгилүү жазуучуну сыйлагандар ошол жерде окшош түгөйлөрдүн конкурсун уюштурушат. Бул салтка айланган конкурс 1981-жылдан бери келе жаткандыктан, калыстар тобун мурунку жылдары эң окшош деп табылган адамдар түзөт. Бу жылы он экинчи жолу катышып жаткан Мэтт Джинео жеңүүчү деп табылды. Биомедициналык инженер болуп иштеген 64 жаштагы абышка уткан акчасын Хемингуэйдин бардык чыгармаларынын коллекциясын чогултканга жумшайт экен.

КЕТДҮЙНӨ. Улуу Британиянын жогорку соту 22-июлда кадимки эле Кыргызстанга кирип-чыгып жүргөн Борис Березовскийге ажырашкан аялыңа 360 миллион доллар төлөп бер деген чечимин колуна карматты. 52 жаштагы Бешарова 64 жаштагы Борянын капчыгын жукартканы менен анын азыркы аялы Елена Горбуновадай жыргай албай калды го. Анткени Березовскийде акча деген тигинен тизсең Тбилисиге жеткидей көп экен. Баса, бул ажырашуудагы акча сындыруу Англиянын тарыхындагы эң чоңу имиш.

АТДҮЙНӨ - 3. Жаңы Зеландияда "Үстү жабык ?16чы аялдама" деген ысымды ымыркай балага коебуз дегенде, жаңы төрөлгөндөрдү каттоо бюросу ак эткенден так этти. Көрсө ошол аялдамада "иш кылышкан" эки жаш ушунчалык таасирленишкенден ошол аялдаманын урматына баласынын атын коебуз деп сөз беришкен экен. Кийин балаңар элдин алдында кандай абалда болот деп кабатырланган өкмөт адамдары демилге көтөрүп, 102 атты коюуга тыюу салуучу мыйзамды токутканга жетишти. Эми Жаңы Зеландияда Гитлердин урматына Адольф деген атты да койгонго болбойт тура.

ШОКДҮЙНӨ. Европада жашашкан Ли Лин менен Ли Дзюань аттуу эки жаш жубайдын үч жылдан бери бала төрөп аларды сатып келе жатканы ачыкка чыкты. Интернет оюндарына ушунчалык берилип кеткен эки көк мээ ордунан жылбай ойноп отуруу үчүн акча таппай ушул жолду ойлоп табышыптыр. Үч жыл ичинде үч баланы жарык дүйнөгө алып келип кымбат баага сатып ийишкен күкүктөргө оюн эле болсо болду экен.




  KYRGYZSPORT

Алмазбектин аты өчпөйт
Жалал-Абадда Кыргызстандын волейбол боюнча спорт чебери Алмазбек Жуманазаровдун жаркын элесине арналган VIII турнир болуп өттү. Ага республиканын аймагынан 12 команда катышып, биринчи орунду "Алмаз" командасы ээлеп, алар "Кара-Кулжаны" финалда 2:0 эсебинде утуп жеңишке жетишти. Эмнеге эки эле партия деп таң калып жатасыздарбы? Анткени турнир 35 жаштан ашкандар үчүн, башкача айтканда, ветерандар арасында болгондуктан, чалдар чарчап калбасын деп эки жеңишке чейин уюштурушкан. Коло медалды Жалал-Абад шаарынын командасы "Кара-Марсты" 2:1 эсебинде утуп тагынышты. Турнирдин мыкты оюнчусу болуп Кочкорбай Көчкөнбаев аныкталды.

Боводу
2014-жылы Бразилияда өтүүчү футбол боюнча дүйнө биринчилигине баруу үчүн тандап алуу турунда кыргыздар "чү" дегенде эле ала допучан кошуналарыбызга туш келип калган. Чүчүкулактан ишибиз жүрүшпөй калганы аз келгенсип, 23-июлда Ташкентте өткөн биринчи беттештен да жолубуз болбоду. Беттештин биринчи бөлүгүндө оюндун 28-мүнөтүндө Александр Гейнрих ала тоолук балдарды шалпайтты. Кийин 48, 56, 90-мүнөттөрдөгү Марат Бикмаев, Сервер Жепаров, Улугбек Бакаевдин голу ачууну ачуу басат болуп эле кирип жатты. 4:0 менен жеңилип келген соң, кечээ Бишкектеги жооптуу беттеште 5:0 эсебинде жеңсек гана кийинки баскычка чыгат элек, оюн ..-.. эсебинде жыйынтыкталып, кыргыздар ашыналар менен болгон беттешти 2014-жылы болчу чемпионатка чейин оомийин кылып койдук.

Болот экен го болтурса
Россиянын Волгоград шаарында олимпиаданын үч жолку чемпиону Евгений Садовойдун урматына арналган эл аралык турнирде Кыргызстандан барган мадырабаш Никита Пауков сууда сүзүү боюнча эки рекорд коюп, үч алтын медаль тагынып турнирдин мыкты спортчусу деп табылды. Аны машыктырып жүргөн Александр Заваринский "моя школа" деп чекеде мыймыңдап сыймыктанып турду эле, уюштуруучулар ага да "Эң мыкты машыктыруучу" деген наамды ыйгарып ийишти. Дагы бир кыргыз Азиз Сансызбаев үч дистанциянын жыйынтыгында күмүш медаль тагынып, кыргызстандык балдардан да "толк" чыгаарын далилдеп койду.

Даярдаган
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ