29.07.11 - 13-бет:
  Медалдын аркы бети

Той да бүттү…

Өткөн аптада 20-21-июль күндөрү Нарын эли Куйручуктун 145 жылдыгын белгилешти. Дүйнөнүн керемет жерлеринин бири болгон Соң-Көлдө өткөн иш-чарага президент Роза Отунбаева баш болуп, саясатчылар төш болуп жабыла барышты. Карызга кокодон батып турган Кыргызстандын дүңгүрөтө өткөргөн тоюн биз да кое бербедик.

Чоңдорду чогулткан чоң маараке
Соң-Көлгө жетээрин жетип алып, козу карындай жыбыраган боз үйлөрдү көргөнчө шашасың. Анткени сахнага ылайыкташкан дөңсөөсү бар жер көлдүн түштүк тарабында болгондуктан, аны тегеренип бир саатча жол жүрүүгө туура келет. Борбордон 7-8 сааттык алыста жайгашкан жерге акча үнөмдөө максатында мамлекет башчысы вертолет менен эмес машине менен кирип барды. Ак үйдө күндүз күйүп турган жарыктарды эмне көзүңөр көрбөйбү деп өз колу менен өчүрүп жүргөн Роза Исаковна үнөм жагынан чоңдорго жакшы эле үлгү болду окшойт. Же Текебаевдин айылчылап жүрөсүңөр деген сөзү көкөйүнө көк таштай тийгенби, айтор, тоонун башына да жалгыз тик учагыбызды минбептир. Баса, Өмүрбек мырза башка саясатчылардан айырмаланып, Соң-Көлгө саясый упай топтогону айылчылап барбады. Президенттикке аттанып калышым мүмкүн же кимдир бирөөгө чуркайм дегендин баары ошол жакка жетип барышты. Биз көргөндөн Канатбек Исаев, Аликбек Жекшенкулов, Темир Сариев, Ибрагим Жунусов, Иса Өмүркулов, Дамира Ниязалиева, Алтынбек Сулайманов, Акылбек Жапаров, Аскар Салымбеков, Алманбет Шыкмаматов, Эркин Алымбеков жана башка толгон токой чоң чокойлор жүрүштү. Бир сөз сүйлөбөгөндөн кийин же бир ат чабышка түшпөгөндөн кийин неге барышты деген суроо туулбай койбойт.

Эсил кайран эдельвейс
Кызыл китепке кирген эдельвейстин атын алыстан угуп, өзүн деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан Соң-Көлдөн көрдүк. Уюштуруучулар той өткөрүү үчүн болжол менен 20 километр чарчы жерге кулачын жайышыптыр. Жалпысынан 4-5 күн ичинде канча эдельвейс о дүйнө кеткенин бир кудай жана ошол эдельвейстер өздөрү билишет. 300дөн ашуун боз үй көлдүн жээгин бойлой тигилсе, оюн-зоок өтчү аянт, сахна жайгашкан жер жолдун боюнда, коноктор лагеринен үч километр алыстыкта жайгашкан. Көпчүлүк жөө дагы, машине менен да, атчан да тынбай каттай беришип көк майсаң куп эле тебеленди. Биртоп кылым өтсө да чирип жок болбогон желим бөтөлкөлөр менен целлофан баштыктардын чачылганын, ар кайсы жерге көмүлгөнүн айтпай эле коелу. 15 миңден ашуун адам күнүнө 3 килограммдан 3 күн таштанды таштаганда эле Соң-Көлгө 100 тоннадан көп таштанды алып барган болобуз. Баса, бир эле ошол жерге орнотулган сахнанын баасы 20 миң долларды чапчый түшкөнүн укканда чатыры тешилип, сабакка баралбай жаткан айыл окуучулары эске түштү.

Той дегенде тонубузду чечебиз
Куйручуктун тоюн өткөрүү боюнча өкмөт өз токтомун чыгарып бергени менен, каражат жагынан бир да тыйын жардам берген жок. Бүт чыгымды Жумгал эли, жалпы нарындыктар өз моюндарына алышты. Бул жагынан бали дегиң келет. Ушул аймактан чыккан аттуу-баштуулардын баарына салык салынган. Түгөл-Сайдын кулуну облус жетекчиси болуп турганда өткөрүп албасак болбойт дештиби, айтор, тоголок дата болбосо деле топ сүрөөнгө алып ийишти. Дагы жакшы, Канатбек Муратбеков колунан иш келген инсан катары жогорку деңгээлде жакшы уюштурду. Ошентсе да бул той бизге эмне берди деген суроо туулбай койбойт экен. Мынча болду дагы беш жыл чыдап туруп биротоло 150 жылдыгын уюштурушса эч ким кың дей алмак эмес. Же Жумгалдан губернатор болбой калат деген коркунуч болдубу?
Кыргыздын ар бир аймагынан сөзсүз түрдө тарыхта калчу инсан чыккан. Алардын ар биринин тоголок мааракесин өткөрө берсек качан бутубузга турабыз деп ойлонуш керек эмеспи? Айтмакчы, Латвиядан, Германиядан келип Кыргызстан, көп күндүк тойлор, Соң-Көл жөнүндө даректүү тасма тартып жүрүшкөн коноктор бир "КамАЗ" арак заматта сатылып кеткенин айтып таң калышты. Биздин журналист экенибизди билип алып, эмне, силерде ушундай тойлордо баары сөзсүз түрдө ичиш керекпи деп сурады. Көрсө, боз үй ичинде аксакалдар, боз үй сыртында жөргөм өрүп отурган кыз-келиндер, ары жакта жаш балдар, жадагалса тартипти карап отурган кызыл шапкечендер "Куйручук атабыздын арбагы колдосун!" деп алып жатышат го деп бизге көнүмүш болуп калган нерсени көзүн алайта кабарлады. Аны дагы сүрөткө, видеого тартып алганда не дейсиң.

Эгер Куйручук ушуларды көрсө эмне демек?
Той өткөндөн бери Көкөтөйдүн ашындай кылып айрым маалымат каражаттары ой-да мактап жазышты. Биз аларды кайталабай, калыстык үчүн медалдын аркы бетин жазганыбыз туура эле болсо керек. Анткени жакында Курманжан датканын 200 жылдыгы, Алымбек Датканын 210 жылдыктары эл аралык деңгээлде дүңгүрөп өткөнү турат. Ага бул ирет мамлекет очойто каражат бөлгөн. Соң-Көлдө кетирилген майдабарат кемчиликтер ошол жерде кайталанбасын деп уюштуруучуларга күмүш сырга тагып коелу дедик.
Кандай гана иш-чара болбосун элге жеткирүүдө журналисттердин эмгеги чоң. Бу жолу маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө көңүл бурулбай, алар башкы окуялардын күбөсү боло албай, кайсы жерде кандай оюн, канчада кайсы иш-чара болорун билишпей, айрымдары ач, кээлери жөө калышыптыр. Кайтаарда унаасы жок калган калемгерлерди кадимки Муратбек Бегалиев өзү ар кайсы машинени тосуп, ала кеткиле деп салып жатканы уят көрүнүш. Айдоочулар менен оркестрдеги жаш музыканттардын ач калганы башка кеп. Ошол себептен алар түн жамына кетип калышкан.
Атайын Оштон, Жалал-Абаддан келген айрым чабандестер, балбандар качан, кайсы жерде мелдеш өткөрүлөрүнөн кабарсыз калып, катышпай калганы өкүнүчтүү. Жалаң эле же Жумгалдын кулуну же нарындыктар баш байгени алып кетип жатканы конокторду нааразы кылбай койгон жок. Андан да баш байгеге коюлган машинелердин көбү болушунча эзилип бүтүп калыптыр. Айтыштан Жеңишбек Жумакадыр утуп алган машинени Аалы Туткучев айдап баратып капотунан түтүн чыгып, жолдо суу куюп жатышканын тойдон кайткандардын баары эле көрүштү. Ушундан көрө 5 миң долларга жапжаңы "Жигули" эле коюп коюшса болмок экен деген акылдуулар жүда эле көп болду. Чарчап калса да "мерс" деген аты бар экенин эч ким түшүнө бербеди.
"Бөрк ал десе баш алат" дегендей "баш" алгандар да жетиштүү болду. Концерт болчу жерге ырчылар менен алып баруучулар жука артист көйнөктөрүн кийип алып маршруткасы менен сахнанын жанына бара жатышса, кызыл шапкечендер менен мамлекеттик кайтаруу кызматынын "карышкырлары" аларды сахна жакка өткөрбөй койсо болобу. Эч кимди өткөрбө, азыр концерт башталат деген буйрук болгон деп коет дагы. Ырчылар, алып баруучулар бул жакта жүрсө кантип башталмак эле деп чоңдорго чыгып отуруп араң сахнага жетишти. Эртеси алып баруучу Нурзат Токтосунованын көйнөгүн киргиздирбей коюп, жөнөкөй кийимчен жүргөн Нурзат сахна артынан сулуулар конкурсун башкарып отурду.
Бекеринен Куйручук атабыз "Менин сөзүмдү кемитпей, кийинки муундарга жеткиргиле. Сөзүм тирүү болсо, менин тирүү болгонум ошол" деп айтпаса керек. Бул деген жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт эмес, Куйручук олуянын акыл-насаат, учкул сөздөрү, өмүр баяны камтылган китептерди жетиштүү санда чыгаруу жөнүндөгү керээзи болсо керек.

Эгер мындай ысырапкорчулукту көргөндө Куйручук олуя башка сөз айтса керек эле…
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, Соң-Көл - Бишкек