presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шайлоо KG

ЖУМУШУҢ ЖОК БОЛСО ПРЕЗИДЕНТТИККЕ
ТАЛАПКЕРЛИГИҢДИ КОЙ

Жума ортосунда президенттик шайлоону өткөрүүчү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандап алуу үчүн чүчүкулак кармоону уюштуруучу комиссия түзүлдү. Өлкө боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиясы куралууга тийиш. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү 15-июлда аяктаган, аталган шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерин 24 саясый партия көрсөткөн.
Бул жумада президенттик шайлоого "Московский Комсомолец Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов, убактылуу иштебеген Темиркул Өмүралиев жана Коргоо министрлигинин кызматтан чегинген полковниги Болотбек Казакбаев "Инсанат" коомдук фондунун жетекчиси, 55 жаштагы Өмүрбек Эгембердиев билдирген. Натыйжада президенттик орун үчүн ат салышам деген талапкерлердин саны 15ке жетти. Буга чейин "Эл үчүн" партиясынан Арстанбек Абдылдаев, "Ата журт" партиясынан Камчыбек Ташиев, "Бүтүн Кыргызстандан" Адахан Мадумаров, "Жашылдар" партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев жана Коммунисттер партиясынан Исхак Масалиев президенттикке ат салыша турганын айтышкан. Мындан тышкары, ЖК депутаты Курманбек Осмонов, Жогорку соттун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушу жок Тургунбек Нарикеев, Жылдызбек Стамбаев, Игорь Трофимов, Нурлан Мотуев өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн.
БШК азырынча аталган талапкерлерди каттай элек. Мыйзамга ылайык алгач талапкерлердин экиден ыйгарым өкүлдөрү катталышы керек. Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, БШКга 100 миң сом төгүшү зарыл. Мындан тышкары, бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. 15-августтун кечинде БШК талапкерлерди каттоону аяктайт.
Саясый айдыңда аты-жыты белгисиз жарандардын президенттикке талапкер болуп жүргөнү бир чети күлкүңдү келтирсе, бир чети жаңы системанын иштей баштаганынан кабар берет. Бул да болсо жасалма эмес чыныгы демократиянын жышааны.


  Зилзала

БАТКЕНДЕГИ СЫНЧ ҮЙЛӨР СЫНООДОН ӨТТҮ, ҮЛГҮ КЫЛБАЙЛЫБЫ

20- июлга караган түнү, саат бир жарым ченде эки ирет жер силкинип, анын биринчиси 8 баллга, экинчиси 3 баллга чейин жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын Баткен облусунда болгону аныкталып, анын илеби Бишкекте, Ташкенде, атүгүл Казакстандын аймагында да сезилген. Бактыга жараша Кыргызстан тарапта өлүм болгон эмес. Ал эми Өзбекстандын Баткенге чектеш Фергана облусунан кеминде 13 киши мерт болуп, 100 чакты киши жараат алганы расмий кабарланды.
Кечээки маалыматка караганда ооруканага кайрылган 15 атуулубуздун 13ү амбулатордук дарыланууга жиберилди. Эки адам "мээси козголду" деген диагноз менен стационардык дарыланууга жөнөтүлдү. Тиешелүү кызматтар, жергиликтүү бийликтегилер зилзаладан кийинки абалды иликтөө иштерин жүргүзүп, аймакты кыдырып жүрүп элдик эски ыкма - сынч менен курулган имараттар эч кандай жапа чекпегенин, тескерисинче кийинчерээк курулган үйлөрдүн биртобунун дубалдарында 5-6 сантиметрге чейин жарака кеткенин байкашкан. Атүгүл Кадамжай шаарчасындагы "Баатырлар аллеясына" бир ай мурда эле тургузулган советтик Кыргызстандын алгачкы жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун айкели үч жеринен чарт бөлүнүп, Полот хан менен Абсамат Масалиевдин эстеликтери да жапа чеккен. Расмий маалыматтарга караганда аймакта 83 турак-жай авариялык абалда. Ал үйлөрдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө.
Учурда калк ичинде жер титирөө дагы кайталанышы мүмкүн деп чочугандар көп. Албетте жер титирөө качан болорун так айтууга азырынча илим алсыз, өнүккөн өлкөлөрдө да бул мүмкүн эмес. Бирок сейсмология институту ӨКМга 2020-жылга чейин өлкөнүн кайсы аймактарында катуу жер титирөө болушу мүмкүндүгүн белгилеген атайын картаны киргизгендерин, ошого жараша олуттуу жер титирөө болушу мүмкүн делген жерлерге коопсуздук чараларын, даярдык иштерин күчөтүү зарылдыгын айтып туру.
Кечээ Кадамжай районунда турак-жайы жараксыз абалга келгендер үчүн он орундуу 105 чатыр, кырк орундуу 10 чатыр орнотулду. Бул районго жалпы он орундуу чатырдан 75 даана, кырк орундуу чатырдан 10 даана алынып келди. Баткен жана Ош облустарында азырынча 56 социалдык-маданий имарат жана 687 турак-жайга зыян келгени аныкталды.




  Майланыш

БИР КОЛУ МЕНЕН СЫЛАП, ЭКИНЧИ КОЛУ МЕНЕН ЖААККА ЧАПКАН "ГАЗПРОМ"

Кечээ Кыргызстанга "ГазпромнефтьАзия" компаниясынын Россиядагы Астрахань, Салават жана Куйбышев мунай иштетүүчү ишканаларынан жөнөтүлгөн ири көлөмдөгү бензиндин алгачкы бөлүгү келди. Ушундан улам апта аягында АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон чектөөнүн алынышы мүмкүн. Ал эми келерки аптада АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майына болгон чектөө алынышы күтүлүүдө.
Бишкекте 16-июлдан баштап күйүүчү май тартыштыгы башталган. Мындай абал өлкөнүн түштүк аймактарында мурдатан эле өкүм сүрүп келет. Кыргызстанга күйүүчү майды дүңүнөн Россиянын "Газпромнефть" компаниясы сатат. Ошондуктан ал монополист деп таанылган. Бул компания ошондой эле өзүнүн жүздөгөн май куюучу станциялары аркылуу чекене соода да жүргүзөт. "Газпромдон" сырткары күйүүчү майды аз өлчөмдө көптөгөн чакан компаниялар сатат. Алардын ирилери Бишкекте ШНОС, БНК болсо, түштүк тарапта "Кыргызойл" жана "Томас" компаниялары.
Байкасаңыз, Бишкекте май тартыш учурунда "Газпромнефтинин" май куюучу жайларында бензин аз өлчөмдө бирок өз баасында куюлуп, ал эми БНК май куюучуларында 41 сомдон каалаган өлчөмдө берилип жатты. Бишкекте жок болуп жаткан АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензиндер Ош, Жалал-Абад жана Баткенде алда качан эле таңсык болгону менен, башка компанияларга таандык май куюучу станцияларда баасы 40 сомдон жогору сатылып жаткан. "Газпромдун" май куюучу станцияларында жогорку сапаттуу бензиндердин баасы аларга салыштырмалуу арзан, бирок жок. Демек, бул жерде кандайдыр бир жең ичинен сүйлөшүп алып "акча жасалып" жатышы мүмкүн деген ой туулат. Бирок бийлик өкүлдөрү ага назар салган жери жок.
"Газпром" кези келгенде саясый куралга айланып, Кыргызстанды каалагандай калчап коерун көрсөтүп, өз билгениндей акча таап алды. Кыязы, президенттик шайлоонун алдында Москва ошол куралын көрсөтүп, Алмазбек Атамбаев болсо шашылыш түрдө Россиянын борборуна аттанды. Анын Путин менен болгон жолугушуусунда күйүүчү майды Кыргызстанга үзгүлтүксүз берүү маселеси менен бирге эки тараптуу кызматташтык да талкууланган. Азырынча Россия Кыргызстанга кандай талаптарды койгону белгисиз. Ал ортодо бензин менен солярка Кыргызстанга мурдагы баасында келип туруусу үчүн биз "Дастандын" 49%, "Кыргызгаздын" 75% акциясын аларга бермей болдук деген божомол айтыла баштады.
Кыргызстанды кышында Өзбекстан көгүлтүр отуну менен калчылдатса, Россия каалаган учурунда күйүүчү майдын күйүтүн тарттырып келет. Көпчүлүк мамлекеттер өзгөчө чет өлкөлүк компаниядан көз каранды болбоого катуу аракеттенет. Кыргызстан али бул боюнча ойлоно элек.





  Баскан жол

Анын эмгеги элдин эсинде

Өмүр бою прократура тармагында иштеп, 1998-жылы 57 жашында дүйнөдөн өткөн Марат Кенжакунов 1941-жылы 22-июлда жарык дүйнөгө келген. Бүгүн маркум тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.
Ал 1966-жылы окууну бүткөндөн кийин Кемин райпрокуратурасына тергөөчүлүк кызматка жиберилип, аерде 1969-жылга дейре эмгектенген. 1969-жылдан 1971-жылга чейин партиялык кызматта, 1971-1975-жылдары Токмок шаарынын прокурору кызматында иштеген. Андан кийин республикалык прокурордун орунбасары болуп дайындалган. 1979-1983-жылдарда Фрунзе шаарынын прокурору, 1983-1986-жылдары республиканын транспорт прокурору болуп эмгектенсе, 1981-жылдан 1992-жылга чейин Биринчи май райондук, Бишкек шаардык прокурордун жардамчысы, бөлүм башчысы, шаардык прокурордун орунбасары, 1992-1994-жылдары башпрокурордун биринчи орунбасары, 1994-1996-жылдары Ысык-Көл облусунун, 1996-жылдан өмүрүнүнүн аягына чейин Бишкек шаарынын прокурору болуп үзүрлүү эмгектенген.
Бүгүн аны эскерип жаткан жолдоштору Марат Кенжакунов өзү шайыр, тамашакөй болгону менен, табиятында өтө ыймандуу, уяттуу, тунук адам болчу дешет. Башкалардын кубанычын да, кайгысын да, проблемаларын да жүрөгү менен кабыл алчу. Ошону менен бирге мамлекеттин да, коомдун да кызыкчылыктарына, проблемаларына бүт өмүрүн багыттап, күндүр-түндүр иштеп, чарчадым-чаалыктым дебеген чыныгы профессионал, накта юрист эле деп эскеришет.




  Сөң-Көлдө той

Олуянын мааракеси да элдикинен өзгөчө

20-21- июль күндөрү айтылуу Соң-Көл жайлоосунда кыргыз элинин Калыгулдан кийинки эле акыркы олуясы Кудайберген (Куйручук) Өмүрзак уулунун 145 жылдык мааракеси белгиленди. Анын маарекеге карата тургузулган эстелиги Жумгалдын Куйручук айылында ачылды.
Өкмөт Куйручук атабыздын мааракесин өткөзүү боюнча атайы токтом чыгарганы менен каржы жагынан жардам көрсөткөн эмес. Мааракени мамлекеттик деңгээлде өткөзүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылынары шексиз. Жумгалдык туугандар бул тойду ар кайсы жактан акча сурап отурбай өздөрү эле өткөрүү боюнча чечим кабыл алып, марафон өткөрүп биртоп суммадагы акча чогулган. Ага Кыргызстандын белдүү жигиттеринен салым кошкондор да чыккан.
Соң-Көлдө өтө турган улуттук оюндардын алды болуп көк бөрү башталып, ага атактуу "Дордой", "Бөрүлү" баштаган командалар катышты. Көкбөрү 20-июль күнү башталып, финал 21-июль күнү аяктап, баш байгеге "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаа, кийинки орундарга акчалай сыйлык тапшырылды. Андан соң кыргыз күрөшү, ат чабыш, анын ичинен кунан чабыш, жорго салыш болуп баш байгеге "Мерседес", "Жип" үлгүсүндөгү автомашиналар сайылды. Мындан сырткары, сулуулар, ырчы-чоорчулар сынагы да болуп өттү. (Бул маареке тууралуу учурда Куйручук тоюна катышып жаткан кабарчыбыз кийинки саныбызда кенен маалымат берет.)
Адатта мындай юбилярдын 150 же 130 жылдыгы, башкача айтканда тоголок жылдыгы белгиленет. Ал эми Куйручук атанын эмне үчүн 145 жылдыгы белгиленип жатканы азырынча түшүнүксүз.
Зайырбек АЖЫМАТОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??