presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Үч кошкон собол
Шайлоо чатагы, түндүк-түштүк жана коогалаң каңкуусу
1. Эл арасында президенттик шайлоо чыр-чатактар менен коштолот деген сөз бар. Сиз шайлоонун тынч өтөрүнө ишенесизби?
2. Президенттик шайлоодон кийин Кыргызстан түндүк-түштүккө бөлүнүп кетиши ыктымал дешет. Буга кандай карайсыз?
3. Ош коогалаңы кайрадан кайталанары каңкууланууда. Мындай ойго кошуласызбы?


Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер:
1. Сурооңуздун чечмелениши - президенттикке ат салышчу адамдардын саясый укуктук маданиятына жана жеке жоопкерчилигине байланыштуу болот. Өз элинин, мамлекетинин тынчтыгын, бейпилдигин ойлогон адамдар болсо, алар мындай абалга жеткиришпейт. Тилекке каршы, азыркы талапкерлердин арасында ар кандай адамдар болуп жатат. Арасында бийик жоопкерчиликти сезе билгендери, ошондой эле акыл-эси, билими, маданияты, жүрүм-туруму өтө төмөн адамдар да бар.
2. Мен бул маселеге өтө олуттуу карап, андай абалга жетишине ишенбейм. Биринчиден, кантсе дагы элибизде тунук акыл-эс, жоопкерчиликти сезе билүү сапаты жогору. Экинчиден, шайлоого катышкан талапкерлер дагы чоң жоопкерчиликти сезет деп ойлойм. Буга өткөн жылдагы апрель, май окуялары сабак болот деп үмүт артам.
3. Жаңы эле түштүктөн кайттым. Кыргыз калкы да, өзбек калкы да андай кайгынын кайра кайталанышын каалабайт. Ал эми айрым бир турмуш тиричилик деңгээлиндеги болуп аткан чыр-чатактар олуттуу деңгээлге өсүп жетпейт. Былтыркыдай коогалаңдын кайталанышына эл дагы, мамлекет дагы жол бербейт. Себеби, кайра эле ошол окуялар эч кимдин жүрөгүнөн кетпеген сабак болуп турат.
Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК вице-спикери:
1. Ишенем. Себеби, эл чыр-чатак, ызы-чуудан тажады. Карапайым калк ынтымак, биримдик, бейпилдик болсо гана өлкөбүз өнүгөрүн, экономикабыз жанданарын түшүндү. Кудай буюрса, шайлоо тынч өтөрүнө бардык шарт бар. Анүчүн азыркы өкмөт бардык аракетин жумшоодо.
2. Кыргызстандын мамлекет катары сакталышын каалабаган айрым күчтөр ушундай ушактарды таркатууда. Тилекке жараша, андай күчтөр өтө аз, дээрлик жокко эсе. Нечендеген кылым бою нарк-насилин, салт-санаасын, улуттук маданиятын жоготпой сактап келген кыргыз эли мындан ары да өлкөсүн, эгемендүүлүгүн сактап, өнүккөн мамлекетке айланаарына ишенем.
Туура, жашоо жакшылык-жамандык, ак-кара менен коштолот. Бирок дайыма акыйкаттык, тазалык, адилеттик жеңет. Биздин акылман эл кимдин ким экенин ажырата билип калды. Ошон үчүн Кыргызстаныбыз эч качан бөлүнбөйт. Мен буга коомчулукту ишендирип кете алам.
3. Өткөн жылдагы июнь коогалаңы бизге сабак болушу керек. Мындай трагедиялуу окуя экинчи ирет кайталанбасын кудайдан тилейли. Жакында болгон Кыргызстан улуттар ассамблеясынын VII курултайы, андан мурдараак парламенттик комиссия отчетун жарыялап, анда улуттар ортосундагы мамилени чыңдоо, Ош коогалаңы кайрадан кайталанбашы үчүн кандай чараларды колдонуу керектиги айтылды. Бүгүнкү күндө улуттар аралык алаканы жакшыртуунун үстүндө иштер жүрүүдө. Бул иштин башталышы гана. Андыктан акылдуу эки элдин ортосуна эч ким от жага албайт. Ош окуясы кайрадан кайталанышы ыктымал дегендер - Кыргызстандын душмандары.
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, генерал-майор:
1. Шайлоонун чыр-чатаксыз, тынч өтүшү - мунун баары бүгүнкү бийликтин кыймыл-аракетине байланыштуу болот. Эгер бийлик адатына салып, былтыркы референдумдагыдай жана күздөгү парламенттик шайлоодой административдик ресурстарды пайдалана баштаса, анда албетте чыр-чатак чыгат. Азыр эл булардын көзбоемочулугуна жол бербейт. Президенттик шайлоодо былтыркы референдум учурундагыдай бир кандидат үчүн гана добуш бербей, элдин тандоо укугу камсыз кылынышы керек. Биз аны камсыз кылабыз, бийликтин шайтан оюндарына жол бербейбиз.
2. Элди түндүк-түштүккө эбак эле бөлүп коюшкан. 2009-жылкы президенттик шайлоодо Атамбаев өлкөнүн түндүгүндө "Бишкекти Кокон хандыгынын сарбаздары басып алды" деп ачык айтса, тар чөйрөдө "түштүктүктөр басып алды" деп үгүт жүргүзгөн. Ал эми түштүккө барганда "менин түбүм түштүктөн, ата-тегибиз Баткенден болот" деп сайраган. Чыныгы саясатчылар мындай ыплас оюндарды ойнобойт. Ошонүчүн элди түндүк-түштүккө бөлгөндү токтотушубуз абзел. Биз муну токтотобуз. Элди түндүк-түштүккө бөлүп алышканынан былтыр убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 7-апрель жана июнь окуясынан кийин өздөрү түштүккө баралбай калышты. Бүгүнкү күндө да бийликтин сөзүн түштүктө эч ким укпайт.
3. Кыргызда "оюндан от чыгат" дейт. От менен ойногонду токтотуш зарыл. Бүгүнкү бийлик Ош коогалаңынан сабак алган жок. Парламенттик шайлоо алдындагы добуш үчүн сепаратисттер менен болгон оюндарын азыр да кайталап, президенттик шайлоонун астында ойноп жатышат. Муну элдин баары көрүп, байкап турат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Анүстүнө июнь жаңжалынан кийин Пакистандагы Өзбек ислам кыймылынын армиясына 400дөн ашык жаңы толуктоолор барып кошулду. А биздин коопсуздук кызматтар алардын ар бир аракетине адекваттуу жооп бералбаганын өткөн жылдагы мисалдан көрдүк. Эң башкысы, былтыркы Ош окуясынын күнөөкөрлөрү жоопко тартылган жок. Аларды бүгүнкү бийлик ар кандай шылтоолор менен жоопкерчиликтен сактап калышты. Мына ушул факторлорду эске алганда, июнь трагедиясы кайталанып кетиши ыктымал. Бирок биз буга жол бербешибиз керек.
Жоомарт САПАРБАЕВ, ЖК депутаты, "Ата мекен фракциясы:
1. Албетте чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн. Бирок ал шайлоого катыша турган саясатчылардан көз каранды. Менин билишимче, президенттик шайлоого аттанчулардын арасында административдик ресурсту колдонууга даярданып жаткан талапкерлер да бар. Эгер алар 7-апрелдин сабактарын жакшы окубай калган болсо... Менин айтаарым, андай адамдар Кыргызстандын акыркы саясый тарыхын жакшылап барактап чыгышсын.
2. Түндүк-түштүк маселесин дайым кээ бир ыплас саясатчылар өз кызыкчылыктарында колдонуп келишкен. Тилекке каршы, президенттик шайлоодо да бул маселени көтөрүп, талапкерлерди өздөрүнүкүнө жана "башкаларга" бөлүп саясый упай топтоо менен жеңгенге аракет кылышат. Бул туура эмес жана мындай көрүнүштөргө жол бербөө керек.
3. Ош коогалаңы болот дегенден алысмын… Болбойт дегенге ишенгим келет. Элдин тагдырына балта чаап, кандын үстүнөн упай топтогон шылуундардын жүзү эртели-кеч ачылат. Биз, эл мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөгө тийишпиз.
Анвар АРТЫКОВ, ЖК депутаты,
"Ар-намыс" фракциясы:
1. Мындай кептердин чыгышына негиз бар. Башкасын айтпаганда да, биздин партия ("Ар-намыс") алигиче президенттикке бирдиктүү талапкерин аныктай элек. Буга лидерибиз Феликс Куловдун таасири зор. Эмитеден ушинтип интригалар башталды, шайлоо кампаниясында талаш-тартыш ого бетер курчуйт го.
2. Биздин саясатчылар, өзгөчө шайлоо кампаниясы маалында жээк-жаат, уруу-урук, түндүк-түштүккө бөлмөйдү курал катары пайдаланышат. Арийне, андан Кыргызстан тең экиге бөлүнүп кетпейт. Өлкөбүздүн келечеги алдыда.
3. Жок. Бүгүнкү күндө тынчтык гана керектигин элибиз жакшы түшүнөт.
Жеңишбек ЭДИГЕЕВ, журналист:
1. Экинчи ыңкылаптан кийин Бакиевдин Ататүрк болчу жайы бар эле. Эми ошондой бакты эртеңки шайланаар президентке да буюрат. Анткени башынан көп азапты өткөргөн, тажаган кыргыз элине азыр бир эле сөөм ишеним жарата алган адам жетпей турат. Курсагы ач эл менен саясатчылар каалагандай оюн кыла берсе болот. Ошон үчүн элден мурда он беш талапкердин ону башын бириктире алса, кыргыз үчүн улуу иш кылышкан болоор эле.
2. Кыргыз эли баарыбыз бир тууну желбиретип, бирок түндүк менен түштүктүн өзүнчө аймактык, салттык мыйзамдары иштесе түзүк болот деп элестетем.
3. Түштүк көйгөйлөрүн чечүүнүн бир жолу - борборду түштүк аймагына көчүрүү деп ойлойм.
Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу:
1. Менимче, шайлоо тынч өтөт. Анткени парламент борбордук шайлоо комиссиясынын курамын өзү каалагандай түзүп алды. Албетте шайлоо маалында анча-мынча таарынычтар орун алат. Арийне, ал республикалык масштабга чыкпайт.
2. Мурдагы бийликтин тушунда түндүк-түштүк ажырымы даана байкалган. Бу илдет эски режимден бизге мурас катары калды. Мындай шартта президенттикке аттанган фигуралар регионалдык бөлүнмөйдү пайдаланышы мүмкүн. Бирок, ал Кыргызстандын экиге бөлүнүп калышын шарттай албайт.
3. Менин оюмча, Ош коогалаңынын кайрадан кайталанышы күмөндүү нерсе. Июнь окуясында сепаратисттик күчтөр негизги ролду ойногон. Учурда алар бөтөн жерде жүргөнү маалым.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru,
тел.:38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??