presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ой-санаа

Апрель окуялары адекваттуу баасын алдыбы?
Июнь айынын башында президенттин катышуусу менен өткөн ЖК комиссиясынын апрель-июнь окуялары боюнча отчетун караган парламенттик "шоуга" баарыбыз күбө болгонбуз. Андан бери парламенттин кароо жыйынтыгына, депкомиссиянын ишине, кабыл алынган чечимге ыраазы болгон, эми өлкөдө туруктуулук болуп, коомчулук кол кармашат деп айткан бир жанды укканым жок. Ошол ЖК отурумунда "Ата мекен" партиясынан депутат Ширин Айтматованын "менде актерлук жөндөмдүүлүк жок. Андыктан бул драмтеатрга катышкым келбейт" дегенин негиздүү деп эсептейм.

Кагылыш кайдан чыкты?

Мени өзөлөнтүп-өкүнткөн өтө маанилүү маселенин парламенттин токтомунда камтылбай калганын айтайын. Бул 2010-жылдын апрелиндеги кандуу окуяларга адекваттуу баа берилбей калганы. Анүстүнө УӨ мүчөсү Темир Сариевдин ошол жыйында "…эгер 7-апрель болбогондо июнь трагедиясы болбойт эле" деген сөзүнө менимче, баары эле макул болсо керек.
Каза болгон дээрлик 90 адамдын жакындары, жүздөгөн жарадар болгондор, өлкөнүн бардык элдериндей эле, бир жылдан ашык мезгилден бери мурунку оппозициянын лидерлеринен, кийинки убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн атайылап провокацияга барып, нааразы болгон массаны (кээсинде курал да бар эле), Бакиевдин куралданган киши өлтүргүчтөрү менен кагыштырышканын эл алдында моюндарына алат деген күтүүдөн чарчап бүтүштү. Ага чейин мурунку президент Бакиевдин Ак үйдү, өзүнүн бийлигин колуна курал алып коргой турганын айтканын баарыбыз билчү эмес белек. Ал эми оппозициянын лидерлери протесттик акцияларды өткөрүүдө массаны түз эле Ак үйгө үндөшпөдүбү. Буга байланыштуу укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өзүнүн интервьюсунда: "Өкүнүчтүүсү, биздин лидерлердин өздөрүнүн тагдыры үчүн кооптонбогондугу, өздөрүн камакка алууга жол бергендиги өтө коркунучтуу жаңылыштык болгон…Түрмөгө отуруу менен өздөрүнөн 7-апрелде митингге чыккандар үчүн жоопкерчиликти алып салгандык болуп саналмак" дегени бар. (Т.Үмөталиева: Революционные события 6-7 апреля в Бишкеке. Как это было. "centrasia.ru" 10.07.2010)

Кейиген генерал, аша чапкан авантюра
Өзүмдүн "Үчүнчү жаңылыш-тык - көз карандысыз Кыргызстан үчүн кыйроо" аталган интервьюмда ("21-май.2010. "24.kg") үч айдан бери республикадан сырткары жүрүп, март айында келип эле генерал Мирослав Ниязовдон төмөнкүлөрдү укканымды айткам. Ал мындай деген: "…Жакында эле өздөрүнүн демилгеси боюнча оппозиция лидерлери менен жолуктум. Алар 7-апрелде өтө турган акцияга катышуумду өтүнүштү. Эмне кылганы жатасыңар деген менин суроомо, шартка жараша аракет кылаарын, оңу келип калса бийликти штурм менен аларын айтышты. Мен даярдыксыз штурмга барууга болбостугун айтып, мындай авантюраңарга катышпайм дедим. Анда алар өздөрүнүн аракетин кандай уюштурса боло тургандыгы боюнча кеңеш сурашты. Мен ишти Нарын, Таластан баштоону, анткени бийликке тигил жактарга куралдуу күчтөрдү, техниканы жеткирүү үчүн убакыт керектигин, ал жактан жолду бууп салып көпкө турууга боло тургандыгын, анан бүтүндөй республика көтөрүлүп чыгарын айттым. Ал эми болсо болоор, болбосо жок деген аракетке кошулбайм дедим".
Парламент депкомиссиянын отчетун карагандан кийинки кырдаал, өлкөнүн башка жарандарындай эле мени да өткөндү бир сыйра сыдыргыга салып чыгууга, айрым окуяларды айтып берүүгө, анын ичинде апрель "революциясынын" алдындагы өзүм эрксизден күбө болгон, өзүм жакшы түшүнгөн окуялар жөнүндө кеп салып берүүгө аргасыз кылып тургансыйт.

БЭКке ишенбейбиз
Жогорудагы Мирослав Ниязов менен болгон сүйлөшүү БЭК лидерлери Р.Отунбаева жана Т.Тургуналиевдердин ортосунда, алар камактагы И.Исаковго барган учурларында болуп өткөн. 2-3-апрелде БЭК лидерлеринин бири Темир Сариев менин көзүмчө Мирослав Ниязовго чалып, алар эки жолу жолуккан. Кийин Ниязовдун мага айтып бергенине караганда, ал 7-апрель акциясына катышууга үндөптүр. Ниязов мындай аракетти "даярдыксыз авантюра" атап, "кан көп төгүлөөрүн, элдин мойнун сындырып алышаарын" айтат.
4-апрелде бизге Кемин шаарчасынан оппозициянын Чүй, Кемин райондорундагы, Токмок жана Ысык-Көл облусундагы жаштар өкүлдөрү телефон чалып жолугушууга чакырышты. Кеминге генерал, мен, дагы бир киши болуп үчөөбүз жөнөдүк. Бизди кыркка жакын, өздөрү тааныштырышкандай айыл, шаарлардагы активисттердин лидерлери тосуп алышты. Мен алардан улуу катары бизди эмне үчүн чакыргандарын сурап калдым. "БЭК уюштурган 17-марттагы курултайдан кийин бизге Бишкекке 1000 киши алып келесиңер деп тапшырма беришти. Сыягы Ак үйдү чабуулга алууга керек окшойбуз. Биз Бакиевдин режимин кулатканга даярбыз, бирок БЭК лидерлеринин жетекчилигинде бара албайбыз. Анткени ишенбейбиз. Эгер генерал бул ишти колго алса, аны менен барганга даярбыз" дешти. Мен генералдын өзү менен сүйлөшкүлө дедим. Ниязов алардын ишенимине алкыш айтып, үзөнгүлөштөрүн кыяпатка таштап кетпеген офицердик салтка бекем турарын, бирок 7-апрелде кишилерди алып барбагыла, өзүңөр да барбагыла, бөөдө кан төгүлүшү мүмкүн, андан көрө Токмокто, Кеминде ж.б.жерлерде бийликти колго алгыла деп кеңеш берди.

Түнү бою түрмөгө отургузуп чыкты
7-апрелде мен генерал менен эртең мененки эс алууга чыктык. Саат сегиздер чамасында Тоголок Молдонун эстелигинин тушунда турганыбызда Ниязовго Роза Отунбаева телефон чалып, "Мирослав Жумабекович, кеңеш бериңизчи, биз эмне кылышыбыз керек, бийлик түнү бою түрмөгө отургузуп чыкты, азыр менин эшигимди сындырып жатышат". Ага Ниязов: "Мен силерге эч качан элди Ак үйгө алып келбегиле, калган аймактар кошулганча Таласты, Нарынды кармап тургула, анан барып Бакиевге бийликтен кет деп ультиматум койсо болот дебедим беле" деди.
Эмне үчүн таң эртеден "Форумдун" алдына барып турушкан БЭКтин лидери Р.Отунбаева жана анын камалбаган активисттери, спецназдын жана милициянын куралын тартып алып куралданган адамдардын Ала-Тоого аянтына агылган тобун бөөдө кан төгүлбөс үчүн токтотуп калууга эч кандай аракет жасаган эмес? Кандай болгондо да БЭК генерал Ниязовдун Ак үйгө чабуул койбоо жөнүндөгү көп жолу эскерткен сөзүн укпады. Алар сөз жүзүндө тынчтык митинг деп коюшуп, аныгында бардык жолдор менен керек болсо кан төгүп болсо да бийликти алууну көздөгөндөй таасир калтырууда.
Сөзүм кургак болбос үчүн 2010-жылдын 12-апрелинде улуттук филарманияда өткөн курултайда 7-апрелдеги трагедияга катышкан жаштардын өкүлү оппозиция лидерлерин, аянтка чыккандарды тагдырдын буйругуна таштап качып кетишкенин, жашынып калышканын айтып чыкканын келтирейин. Анда отурган Э.Каптагаев күндүзгү саат үчтөрдө аянтта болгонун, күбөсү бар экенин жанталашып айтып чыккан.

Анттын авторлору
Эмил Каптагаев 17-мартта өткөн БЭК курултайында (Э.Каптагаев модератору болгон) анын уюштуруучулары катышуучуларды Кудай алдында Бакиевдин режимин кулатуу үчүн ант бердирген экен. Бул бэкчилердин кылмыштуу аракети эмей эмне?! Биринчиден, булар эч кандай даярдыксыз, куралсыз адамдарды Ак үйгө ат коюуга чакырган, ал жакта снайперлер, спецназ бар экенин билишкен. Экинчиден, митингге чыгып мерт болгондордун көпчүлүгү бэкчилердин жогоркудай провокациялык анты тууралуу кабары да жок болчу.
Айтылгандардан улам бэкчилердин 7-апрелдеги жүрүм-турумдарын атайылап эл менен Бакиев бийлигинин күчтөрүн куралдуу кагыштыруу катары баалайм. Менимче, эл деле макул болот болуш керек, азыркы бийликке көз карандысыз комиссия 6-7-апрелдин даярдалышын жана уюштурулушун, андагы фактыларды тыкыр карап чыгышы, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексине ылайык укуктук баа да берилиши керек.

Бээ десе төө дегендер
ЖКдагы депкомиссиянын отчетун карап чыгуу учурунда мурунку оппозициянын айрым лидерлери, кийин УӨ мүчөсү болгондор чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, ошол учурдагы иш-аракети үчүн чоң сыйга татыктуубуз дегендей айтышты. УӨнүн мүчөсү А.Бекназаров минтип жатпайбы: "УӨ бийликти басып алган эмес, болгону өтүп жаткан окуялар үчүн жоопкерчиликти гана алган…УӨ өлкөдө тартипти орното баштады… УӨ 7-апрелде бийликти алып Ак үйдүн жанында элди кимдер атканын териштире баштады… 9-апрелде республикада бийлик деген жок болду. Мурунку бийлик өлкөдөн качып чыгып башаламандык жана мародерство башталды. Ошондуктан биз кырдаалды колго алдык". (ИА "24.kg", 03.06.2011)

Бекназаровдун мындай чаргытма сөзү кимге багышталган?!
7-апрелдин кечинде Отунбаева, Сариев Ак үйдө мурунку өкмөт башчысы Д.Үсөнов менен бирдикте бийликти тапшыруу боюнча документке кол коюшпады беле?! Ошол эле түнү убактылуу өкмөт түзүлүп, бардык өлкөдөгү бийликти, жоопкерчиликти мойнуна албады беле?! Бекназаров мырза ар дайым өзүн элден акылдуу көрсөткүсү келет. Ушундай эле 7-апрелдеги кандуу окуяларга дегеле тиешеси жоктой маңыздагы сөздөр Ө.Текебаев, И.Исаков өңдүү "револция жетекчилери" тарабынан да айтылды. Кандай гана бийлик болбосун өзүнүн аракетине же аракет жасабагандыгына жараша адекваттуу жооп бериши керек.

Тил табышып кетишти
Парламенттеги апрель-июнь окуяларын териштирген депкомиссиянын жыйынтыгын кароо барып-келип эле формалдуу болуп калды. Акаев-Бакиев учурунда да бийликтин өз элине каршы кылмыштуу аракетине (Аксы окуялары. 2002), көптөгөн заказдык киши өлтүрүүлөргө адекваттуу жооп берилбей калбады беле. Биз азыркы бийлик да жүрөк үшүткөн трагедиялар боюнча адекваттуу чечим кабыл алынышына жол бербей тургандыгын түшүнүшүбүз керек. Карап турсак, кечээки бир-бирине кайнаса каны кошулбаган тараптар "революционерлер" менен "реваншисттер" бийликке жетип, аны эт жасаган табактай бөлүп алышкандан кийин болуп өткөн элдик трагедияны да уруп ойнобостон өз ара тил табышып алышкандай. Ушинтип азыркы бийлик турган-турушу менен акаев-бакиев бийлигине эгиздей окшошуп турбайбы. Кантебиз, кылымдардан элибиз үмүт менен жашаган. Келечекте келе турган бийлик өз миссиясын аткарат, күнөөлүүлөрдү экинчи тургус кылып жазалайт деген үмүт шооласын өчүрбөйлү.
Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер


кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??