presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Экс-министр Бакыт Калыевдин абалы начар
7-апрель окуялары боюнча соттук отурумда Улуттук коопсузук комитетинин ички медицина кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев жана соттук медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асипа Ибраева көрсөтмө берип, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин ден соолугу коркунучта экенин белгилешти. Бактыбек Калыев кант диабети, үчүнчү даражадагы гипертония менен ооруп жатат. Буга чейин ЖКнын алтымыштай депутаты жана Калыевдин адвокаты айыпталуучунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнгөнү кабарланган. Эми анын үй камагына чыгар-чыкпасын ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбеков чечмекчи. Апрель окуялары боюнча кийинки соттук отурум 25-июлда уланат.

БШК нааразычылыкты угат
Боршайкомдун коомдук кабылдамасы ишке киришти. Коомдук кабылдама Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн жана аппарат кызматкерлеринен туруп, президенттик шайлоо бүткөнгө чейин дем алышсыз иштейт. Кабылдама БШК имаратында жайгашып, шайлоо жараянына байланыштуу жарандардан, талапкерлерден түшкөн арыз, даттанууларды териштирет жана атуулдардын шайлоо укугун камсыз кылууну көздөйт.

Максимдин үйүнөн жоголгон акча чыры уланууда
Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын эки кызматкери Акимали Турдалиев менен Жолдошбек Иманалиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Алар өткөн жылдын ноябрь айында Бекназар Капаров аттуу адамдын 215 миң доллар өлчөмүндөгү мүлкүн опузалап тартып алган деп күнөөлөнүп жаткан. Ага чейин бул эки милиция кызматкери Бекназар Капаровду Максим Бакиевдин үйүнөн акча таап алган деп кармашканы айтылган. Милиция кызматкерлеринин жактоочусу Токтогул Абдыев соттун бул өкүмүнө макул эмес.

Сот баары бир болот
Кадыржан Батыровдун соту жабырлануучулардын жана жактоочулардын келбей калганынан улам ушуну менен алтынчы жолу жылдырылууда. Бул жумада да соттук ишке 60 жабырлануучунун ичинен бир жабырлануучу жана эки күбө келген. Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана Халилжан Худайбердиев баштаган алты адамга былтыркы июнь окуялары боюнча айып тагылган. Айыпталып жаткандар башка өлкөдө жүргөндүктөн, аларга өкүм сырттан угузулмакчы.

Чоң Алайда 125 үй жабыр тартты
Түштүктөгү жер титирөөнүн кесепети Чоң Алайга да кедергисин тийгизди. Жакенди айылында 67 тамдан жарака кетип, анын он беши жашаганга жараксыз деп табылса, 52 үйдү башынан-аягына чейин оңдоп-түзөө керек экени аныкталды. Ушул эле районго караштуу Шиве айылында 58 үй жарака кетип, анын тогузунда жашоого мүмкүн эмес.

Бир күндө 10 млн. сомго чыгым болобуз
Бир күндө мамлекеттик казына он млн. сомго чыгым болууда. Бул тууралуу көз карандысыз эксперт Расул Умөталиев билдирди. Анын айтуусунда, 15-июндан бери Камбар-Ата ГЭСи иштебей турат. Күн сайын мынча каражаттан кур калып жатканыбыздын себеби, электроэнергияны сатып ала тургандар табылбай жатат. "Энергетика министринин орунбасары Автандил Калмамбетов электроэнергияны сатып ала турган эч ким жок дейт. Былтыр ушул маалда бизден бир эле учурда жети казак компаниясы сатып алып турушкан. Быйыл кардар табууга кандай кыйынчылык жаралып жатканы түшүнүксүз" дейт эксперт Расул Үмөталиев.





  Крим-аалы

Араң турган айбан
Ноокат районунан Бишкекке келип, нан жаап иштеген 31 жаштагы киши жыйырмадагы кызды жумушка чакырып, 20-июль күнү түнкү саат үчтө зордуктап салган. Зордукчул аңги тез эле Ленин РИИБинин изкубарларынын кылтагына түштү.
Камчаткадан катын кармайм деп…
Россиянын Камчаткасына эки ай мурун иш издеп барган кыргыз жараны тамактануучу жайдан башка улуттагы эки кыз менен таанышкан. Кыздар жигитти конокко алып барышса, ал үй ээсин сабап, эки кызды кезек-кезеги менен зордуктап салыптыр. Кыздардын бири 23, экинчиси 25 жашта экен. Жыйырма үч жаштагы кыз бир түндө эки жолу зордукталганын айтып жергиликтүү тартип сакчыларына арызданган экен, аял сагынган кыргызды Камчатканын милициясы дароо камакка алды.
Түнкү каракчылар тутулганда
Чүй облусунун Аламүдүн районунун изкубарлары тарабынан төрт кылмышкер кармалды. Алар буга чейин бир нече кылмыш жасап далай элди сызга отургузушуптур. Кылмышкерлер күндүзү атайын кооз үйлөрдү карап, белгилеп, түнкүсүн беткап кийип, куралданып алышып белгиленген үйдү карактаганга киришкен. Алар үй ээлерин коркутуп, уруп-согуп кымбат-баалуу буюмдарын, унааларын, акчаларын тартып алышчу. Алар 42 жаштагы Б.Омушев, 34 жаштагы З.Борончиев, 20 жаштагы Б.Курманалиев жана 21 жаштагы Нурлан уулу Нурсултан экен. Кылмышкерлердин жашаган жерин текшергенде 12 калибрлүү мылтык, чүмбөттөр, колкап жана уурдалып-тонолгон буюмдар табылган. Булардын үстүндө дагы ачылалек кылмыш иштери болушу ыктымал дешет изкубарлар.
Энеден айланган селсаяк
Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан эки аялды зордуктап өлтүргөн Токмок шаарынын тургуну, өспүрүм курактагы селсаяк бала кармалды. 11-июлда Кара-Балта шаарындагы мекемелердин биринин тосмосунан 40 жаштагы аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Аялдын сөөгү бир жума жаткан экен. Ага чейин да көп кабаттуу үйлөрдүн балконунун алдынан 45-50 жаштардагы аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өлүгү табылган эле. Эки аялдын өмүрүн кыйган өспүрүм арак ичип алып жасаган кылмышын айтып берди. Энесиндей аялдарды зордуктап өлтүргөн селсаяк эми темир тордо.
Суу өмүр эле эмес өлүм да
Ош облусундагы Исфайрам суусуна У.Рахманов агып кетип, анын сөөгүн куткаруучулар бир күндөн кийин табышкан. Ал эми Чүй облусундагы "Теплые ключи" эс алуу аймагына барган 46 жаштагы Т.Бөрүбаев да сууга чөгүп кеткен. ГЭС-5 көлмөсүнө сууга түшөм деп кечки саат алтыларда барган Н.Надырбек уулу да чөгүп кетип, анын сөөгүн куткаруучулар алып чыгышты.
Эрди-катын эсине келди
Орусиянын Протвино шаарчасында иштеген кыргыз-өзбектерге 3-майда кол салуу болгон. Аталган шаардын жашоочулары эрди-катын Ольга менен Алексей Лошковдор өзбек менен кыргыздын чогуу жашаган үйүнө курал алып кирип, аларды уруп-согуп, сөгүп өз өлкөлөрүнө кетүүсүн талап кылышкан. Жабырлануучулардын жазган арызын жергиликтүү сот карап чыгып, улутчул эрди-катынга жазасын берди. Эри А.Лошков үч жыл алты айга, ал эми аялы Ольга эки жылга шарттуу түрдө кесилишти.




  И-тагдаалы

Эгиздер элди таң калтырды
Ош шаарынын Т.Сатылганов атындагы китепканасында "Таланттуу эгиздер" деген аталыштагы сынак өткөрүлдү. Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган сынакты "Сурия" кайрымдуулук фонду уюштурган. Түштүктөгү бардык эгиз таланттар сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ыр, бий менен коштолгон сынакта эгиз адамдар экөө тең бирдей таланттуу болоруна ишенгендерден да таң калгандар көп болду.
Бишкек качан тазаланат?
Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу Ала-Тоо аянтындагы, Эркиндик бульварындагы теннистик столдорду, тез тамактануучу жайларды тазалоо буйругун берди. Ошондой эле айлананы жашылдандырууга, иретсиз илинген жарнамалык тактайчаларды оңдоого аракет кылышат. Тактайчаларды иретке келтирүүдө андагы одоно каталарга да көз салып койсо ашыкча болбос.
Жалал-Абаддагы жаңы толкунду кармаңыз
20-июлдан тарта Жалал-Абад шаарында "Эхо" деген аталыштагы жаңы радио уктуруу жаралды. "Калемгер кыздар" фондунун демилгеси менен ачылган берүүнүн негизги максаты - улут аралык пикир келишпестикти жоюу. "Эхо" радиосу кыргыз жана орус тилинде бир күндө тогуз саат иштеп, бул убакыттын 30% ын жергиликтүү жаңылыктар, 20%ын эл менен күч структураларынын ортосундагы пикирге, дагы ушунча пайызын көңүл ачуучу уктурууларга бөлүштү.
Отуз күндүк орозо, ой хорошо, хорошо
Быйыл орозо маалында берилүүчү битир садага 1 кг 600 грамм буудай же 25 сом болот. Бул чечимди муфтияттын уламалар кеңеши бекитти. Ошондой эле бул жылы орозо айы 1-августта башталары айтылууда.
Балдар ай,
ошол үчүн балдарсыңар...
Жыл башынан бери Кыргызстан боюнча 480 өспүрүмдүн жоголгону тууралуу кайрылуу түшкөн. Алардын 427си табылып, туугандарына кайтарылган. Ал эми 53 жашы жете элек өспүрүм алигиче дайынсыз болууда."Өспүрүмдөрдүн жоголушунун ар кыл себептери бар. Кээде балдар ата-энелери менен келише албай атайын эле үйдөн качкан учурлар кездешет" дейт ИИМдин басма сөз кызматы.
Бишкекти бруцеллёз каптаптыр
Кашайып Бишкекте бруцеллёзго кабылгандардын саны өсүүдө. Маселен, шаардагы ?4 үй-бүлөлүк медицина борбору 2009-жылы бруцеллёзге кабылган бир учурду, 2009-жылы эки учурду каттаса, 2010-жылы бул көрсөткүч 10го жеткен. Мындан улам шаардык адистер бул илдетке каршы чечкиндүү аракет көрүү, жергиликтүү бийлик менен жарандык коомдун аракетин бириктирүү керектигин билдирүүдө.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??