presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аш көп болсо каада ошончо
Той десе кыргыз жантыгынан жата калат эмеспи. Ушу жума ичинде эле Соң-Көл жээгинде Куйручук олуянын 145 жылдыгы дүңгүрөп өттү. Иса Өмүркулов, Канатбек Муратбеков, Дамира Ниязалиева сыяктуу тыңчыкмалар бу тойго бир нече миңдеген доллар кошкону белгилүү болду. Ал эми ишемби күнү Алайдын Чыйырчык жайлоосунда Тилеке баатырдын айкели орнотулуп, урпактары ашын бергени жатышат.
Тилеке баатыр XVII кылымда жашаган, кыргыздын оң-сол канатын, ичкилик урууларын башын кошууга аракет кылган, Аксу, Үч-Турпан жана Фергана өрөөндөрүн ээлеп жаткан адигине тобунун жол башчысы болуп, кыргыз-калмак, кыргыз кытай согуштарында далай мөрөй алган. Тилеке баатырдын сегиз уулунун бири Алымбек датка болгон. Айтмакчы, аш берүүнү Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов уюштуруп жатат.
Баатыр бабабыз, жайлоодогу той жакшы дечи. Бирок кыргыз той десе кыстаган турмушту, күйүүчү майдын жоктугун, кымбатчылыкты унутат экен. Анүстүнө августтан тарта орозо башталса той деген биртопко чейин токтойт эмеспи. Ушундай тойлорго канча каражат кеткенин эсептеген жан барбы?


Качанга чейин тилемчи болобуз?
Күйүүчү май кризисин чечүү үчүн Москвага шашылып учуп барган биздин премьерди кесиптеши Владимир Путин дароо кабыл албай көпкө күттүргөнүн жеке булактар билдиришти.
Буга таңгала турган эч нерсе жок. Атайы шайлоо алдындабы же кокусунанбы, айтор Россия Кыргызстанды каалагандай калчай ала турганын дагы бир жолу далилдеди. Атамбаев сыйкырчы эмес го, бирок Кыргызстан дагы канчага чейин ушундай абалда кала берет?

Батаны да аяйсыңарбы
Нарын эли түп көтөрүлө Соң-Көлдүн боюнда Куйручуктун 145 жылдыгын белгилешүүдө. Ага "ата журтчу" депутат Нариман Түлеев да кошул-ташыл болуп өз жанынан үч боз үй тиктирип, үч жылкы союп, тойго келгендерди мейманчылаган кези. КурСалиевичтин "уулу" дасторкон үстүндө мага бата берип койгула, президенттикке талапкерлигимди коюп жатам десе, ажерде отургандардын бири бай болгур, үгүт ишиңди шайлоо жакындаганда жүргүзчү, азыр ичкенибиз аш болсун деп тигини таш тиштегендей абалда калтырды.

Кудайга койдум!
Эл өкүлү Нариман Түлеев спикер Ахматбек Келдибеков менен "Ата журттун" төбөлү Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоонун астында экс-ханзаада Айдар Акаевден 1 млн. доллар сураса, ал 500 миң "жашылбайды" колундагы алтын сааты менен кошо Камчыкеге белек кылганын жар салды. Бирок Камчыбек мырза мунун баары жөө жомок экенин бизге телефон аркылуу айтты: "Мен Акаев, Бакиевдердин биринен да сокур тыйын алган эмесмин. Эгер Айдардан акча алганым чын болсо, анда үстүдө Кудай карап турат. Ал эми Нариман "Ата журттун" артынан депутаттыкка жеткенин унутса керек. Мен аны жамандабайм, Кудайга койдум".

Генералдар ача жолду тандашты
"Темир генерал" Феликс Кулов президенттик шайлоодо генерал Өмүрбек Суваналиевди колдоору маалымат каражаттарында жазылган. Арийне, эки берендин ортосун кайрадан кара мышык аралап, тандемдин таш-талканы чыкты. Көрсө, жолдош Шаршенбаевич баштапкы оюнан кайтып, ажо жарышта партиялашы Акылбек Жапаровду сүрөмөй болуптур. Андан дагы партиясынын жыйналышын тың өткөрө албай эки жаат болуп чабышып, Куловдун ортодо калганы анын позициясы өтө майдаланып баратканынан кабар бербейби?

Жанышты ким "посылать" этти?
Бийликтин бийик секисинде жүргөн фигуралардын бирине Жаныш Бакиев звандап, кезектеги "долясын" жөнөтүүнү буюрбайбы. Анда тигил берен кааласаңыз өзүңүз келип фирмаларды иштетиңиз. Мындан ары сизге акча бералбайм дегендей Жаныштын жаагын жап кылыптыр.

Сабырбектин сабыры канчага жетет?
Саламаттык сактоо министри Сабырбек Жумабеков күзгө таяп кызматтан кетерин жакындарына шыбыраганын эшиттик. Анткени ЖоКе "боссунун" жубайы Аида Токтоматова аталган мекемени сырттан башкарып, Жумабековдун шайын оодарып атат дешет узун кулактар. Мындан улам Артисбек атанын уулу креслосун бошотуп, жеке менчик клиника ачууну пландаштырууда. Миңдеген кишиге экинчи өмүр тартуулаган Сабырбек мырза эми өз ордун чындап тапчудай.

Эр чекишпей бекишпейт
"Республикачы" Исхак Пирматов менен "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында, теле, гезит беттеринде абысындай айтышып, бири- биринин абийирин айрандай төгүшкөн болчу. "Эр чекишпей бекишпейт" демекчи, Пирматов-Текебаев "дуэлине" акыры чекит коюлуп, экөө элдешип тынышты. Өмүке үкасынын актыгына ынангандай, сыягы. Анткени атайын комиссия Пирматовдун "Кыргызнефтегаз" ААКсын жетектеген кезин тыкыр иликтеп, кыпындай да илинчек таба албаганы жакында расмий жарыяланат.

Түштүктөн бирдиктүү талапкер чыгабы?
Бүгүн-эртеңден түштүктүн кыйындары чогулуп, президенттик шайлоодо кайсы инсанды колдошорун аныкташат. Жыйында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров , эл өкүлү Марат Султанов , "чоң муштум" Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги добушка коюлмакчы. Билермандар үчөөнүн кимисине токтолорун убакыт көрсөтөт.

Чачат же табат
"Бомба жардырам" деп атып Жалал-Абад губернаторлугунан ыргыган Бектур Асанов ажо жарышка катышарын шардана кылганы белгилүү. Эми ал шайлоодо колдоо көрсөтүүнү суранып жердеш акаларына жуучу жибериптир. Маселен, Азимбек Бекназаров Бектур мырзанын катына алигиче жооп жаза элек. Бектур мырзанын бекем обдулуп калганына караганда капчыкты дурус эле калыңдаткан окшойт. Шайлоодо анысын чачат же дагы табат.

Депутаттык орун талашта
Мандатын таштап Миграция министринин орунбасарлыгына дайындалган Куштарбек Айтматовдун ЖоКедеги депутаттык орду талашка түштү. Келишимге ылайык, бошогон орунга түштүктүн бир кулуну отурушу керек эле. Бирок ортодогу интригалардан улам баштапкы келишим аткарылбай, мандат маселеси чечилбей келет. Муну көргөн Айтматов, ка-ап, депутаттыктан кетпей турсам болмок экен деп бармагын кырча тиштеген кербези.

Назарбаев аман болгой эле
Нурсултан Назарбаев жакында Германиянын бир клиникасына барып дарыланып жатат. 71ге чыккан Нураке эркектердин кадимки простатит оорусу менен ооруп операция болду дешсе, жок, рак экен дегендер да чыкты. Неси болсо да аман болгой эле.

"Жаңы Агым - пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??