22.07.11 - 12-бет:
 "Жаңы Агымдын" китеп текчесинен

"Кудай күбө кусалыктын айынан
Ырдап атып ыйлап ийет булбул да"
Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановду өз мезгилинин үнү, ар-намысы, абийири болуп турган акындардын анабашы десек жарашат. Тилекке каршы, учурда кыргыз поэзиясында андай акындар сейрек. Анын кийинки мезгилде жарык көргөн "Сарногойдун коргону", "Ак тилек", "Жалгыздык ыры" китептери акын кайрадан чыгармачыл дүйнөгө жаңы дем, жаңы шык менен киришкенин айгинелейт.

"Жалгыздык ыры" тууралуу

Жашоодо жалаңдап ар бир адамдын башында турган бир чындык бар. Ал -жалгыздык. Бу нерсени сезген адам да, сезбеген адам да бактылуу. Жалгыздык бар экенин туйган адамдын бактылуулугу - бул жашоонун кубанычы эмне, арманы эмне экенин ажырата билип, ар бир эле пенденин сөз менен айтып бере албай турган бөксөөсү бар экенин түшүнүп, андыктан душманыңды да аяп, жан-жагыңдагы адамдардын баарын өз балаңдай сүйө алган деңгээлге көтөрүлүп, өмүрдүн баркын билип, дилиңде Кудай жашап, өз өмүрүңдү өтөйсүң. Ошол эле учурда өмүрдө мындай сезимдер болорун туйбай, жөн-жай эле пенде катары ичип-жеп, ажатканага барып, билимди машина сыяктуу механикалык түрдө өзүңө сиңирип, бирөөгө акыл үйрөтүп, байлык, бийлигиңе ишенип бапырап, жоро-жолдошторуң менен шарактап ойноп, жалгыздык деген эмне экенин билбей жашап өткөн деле бактылуулук. Албетте акын айткан жалгыздык - бул кара башыңдын сыңарлыгы эмес. Ошондуктан улуу кыргыз "атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар", болбосо "даанышмандын теңтушу көп, теңи жок" деп кыска-нуска айтып койгон.
"Күнөөм кайсы бул азапты көргүдөй,
Сагынычтан болдум, болдум өлгүдөй.
Жакындасам алыстайсың тоолордун,
Чокусуна чыгып кеткен мөңгүдөй.

Оо, жарыгым, бийиктебе, ылдыйла,
Айландырба ырдап турган ырды ыйга,
Кудай күбө кусалыктын айынан,
Ырдап атып ыйлап ийет булбул да" дейт эл акыны Анатай Өмүрканов биз сөз кылып жаткан "Жалгыздык ыры" деген китебинде. Байкадыңызбы, көз алдыңызга ырдап жатып ыйлап ийген булбул тартылдыбы? Өзүңүздө деле көөдөнүңүзгө бир океандай болгон кусалык батпай, буулуктуруп ырдагыңызды да, ыйлагыңызды да келтирген учурлар болгондур…
Минтип эргип, элжиреп ар бир ырга арбалып, акын менен кошо сезим күүсүн черте берсек кагаз түтпөйт. "Жалгыздык ырындагы" ар бир ыр адам жүрөгүнүн миң кырлуу жактарын ачып, дирилдеген сөздөр менен жандүйнөңдүн чаң баскан жерин тазалап, күн үп болуп турганда капысынан бетиңди сылап өткөн салкын желдей эс алдырып, поэзия деген улуу түшүнүк бар үчүн бул дүйнө сакталып тургандай таасир калтырат. Ошол эле учурда көк желкеңден алып силкилдетип ойготуп, акылга келтирип, күлкү бар жерде арман, ыр бар жерде ый болорун түшүндүрүп, май баскан көзүңдүн майын эритет. Ырлар биринен экинчисине өзүнө коюлган "Жалгыздык ыры" деген аттын өзөгүн кармап, сүйүүнү ырдаса да, "Жамгырда калган кызды" ырдаса да жалгыздык деген эмне экенин туюнтуп жүрүп отурат.
Аңдап байкаган адамга ар бир эле кыргыз атын билген, 128 ыры телерадиодон түшпөй ырдалып жүргөн бакандай болгон эл акынынын жалгыздык темасына кайрылып жатканы кандайдыр бир сыр катары өзүнө тартат. Окуп чыксаң ар кыл ырлар менен кошо андагы элүүдөн ашык тунук сезимди билдирген кумар лирикасы сезимди кытыгалап жатса да, акырындан адам жалгыздыгын, аалам жалгыздыгын айгинелеп, эстетип тургансыйт. Жыйнактан акындын мурдагы ыр китептериндеги бийиктиктен жогорулаганын, дагы жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар экенин туйса болот.
Аталган ыр жыйнактын баш сөзүн Кыргыз республикасынын баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуев жазган. Аксакал акыныбыз аталган китептеги чыгармаларга таасын баасын берип келип, сөзүнүн аягын "Анатай Өмүркановдун жаңы ыр китеби жөнүндө тыянак оюм: акын азыркы мезгилдин ар кыл көрүнүштөрүн көркөм сөз аркылуу ийгиликтүү чагылдыра алган, орчундуу терең ойлорду чебердик менен айткан окурмандарга салабаттуу белеги, поэзиянын жетишкен чоң жеңиши. Ал өзү алып жүргөн эл акыны ардак наамды бул китебинде дагы бир жолу актагандыгы далилдүү. Алдын ала айтаарым: Анатай Өмүркановдун "Жалгыздык ыры" аттуу ыр китеби жарык көргөндөн кийин мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка ат салыша турган чыгарма" деп аяктаган.
Ал ал болду. Мен бул китепти окуп чыгып Анатай агайга "Сооронбай агай айтып жаткандан кийин бул китепти чындап эле Токтогул сыйлыгына көрсөтүңүз, ал наамды сиз албаганда ким алмак эле" десем, быйыл мен ал сыйлыкка көрсөткөнгө кечигип калыптырмын деп коет жарыктык киши. Албетте кеп сыйлыкта деле эмес, бирок ийгиликтин эрте-кечи жок.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Канатыңар талыбасын

Каражат чечилсе эле "Учур" учканы турат
Мамлекеттик "Учур" жаштар театры жакында Россиядагы А.Чехов атындагы театрда Бүткүл дүйнөлүк театралдык фестивалда талантын тартуулап келишти. АКШ, Улуу Британия, Франция баш болуп катышкан таланттардын арасында биздин актерлор жакшы пикирге арзып, көңүлдөрү көтөрүлүп турган кездери. Жемиштүү сапар, ага болгон даярдыктар тууралуу театрдын актеру Нурдөөлөт КОПОЕВ сөз кылды.


- Маегибизди алгач жакшы жаңылык-тан баштасак.
- Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк театр фестивалына катышып келгенибизге кубанып турган чагыбыз. Канада, Испания, Италия, Япония, Улуу Британиянын катарына Кыргызстан да кошулду. Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" драмасын ойнодук. Мындан үч жыл мурун спектаклди тажик режиссеру Бардо Абдразаков койгон болчу. Москвага кетээр алдында ал атайын келип үч күн катуу даярдык көрдүк. Ушул эле спектакль менен Алматыда гран-приге ээ болуп, Татарстанга да барып жакшы пикир жараткан элек. Москвадан театр сынчылары биртоп мактоолорун айтышты. Өзгөчө кыргыз театры өз нугунда бара жатыптыр, театр деген ушундай болуш керек деген сөздөрү төбөбүздү көккө жеткиргендей болду. Муну айткандарынын себеби, азыр Батыштагы театрларда техниканын өнүгүшү менен атайын эффекттерге басым жасашып, актердук чеберчилик арткы орунга жылып бара жатыптыр. Театрды көбү жандуу киного айлантып алышкандай. "Күлала" деген англиялыктардын спектаклин көрдүк, сахнага поездди алып чыгып декорациясын укмуш жасашыптыр. Элдин баарынын көңүлү жасалгага бурулуп, актерлор экинчи планга жылып калганы байкалат экен. Эгер театр ушундай нукта өнүксө, анда келечекте өзөгүн жоготуп коюшу мүмкүн деген пикирлер айтылды.
- Бул фестивалга катышуу үчүн кандайдыр бир сынактар болдубу?
- Былтыр декабрь айында дүйнө жүзүндөгү дасыккан сынчылар кыдырып келишип бизди да көрүшкөн. Спектаклдин кыскача мазмунун айтып бергенбиз. Таасир калтырган окшойбуз, арасынан бирөөсү "Бишкекте "Учур" театры бар экен. Артисттеринин көбү Щепкин атындагы окуу жайды бүтүшүптүр. Чыныгы таланттарга чакыруу берели" деген сунушун башкалар да колдогон экен. Баары ойдогудай өттү, элдин купулуна толдук. Буюрса, күзүндө Ташкентте, Удмуртияда өтө турган фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алдык. Азырынча тактала элек, буюрса эмки жылы күз же кыш айларында Лондондун чоң шаарларына ушул эле спектакль менен гастролдоп келүү алдында турабыз.
- Чет жакка чыгарда баары каражат маселесине келип такалат эмеспи. Бул жолу материалдык жактан ким колдоо көрсөттү?
- Былтыр Египеттин Каир шаарына чакыруу алган болчубуз. Акчанын жоктугунан бара албай калдык, жыйынтыгында уюштуруучулар эле материалдык жактан чыгым болуп калышты. Анткени биздин жата турган жерибиз, бир күндө үч маал бериле турган ысык тамактын акчасы эбак төлөнүп коюлган. Биз болгону барган- келген жол кирени табышыбыз керек болчу. Ал да колдон келбей калды. Мурдагы жылы Түркияга да ушул эле шарт менен чакыруу алганбыз, анда да каражат жок бара алган жокпуз. Бул жолу корктук. Келишимде көрсөтүлгөн бөлүмдөрдү көрсөң жүрөгүң түшөт. Эгер чакырылган тарап келе албай калса кеткен чыгымдарды төлөшөт. Жер титиреп же кырсыкка байланыштуу келе албай калса, анда кечиримдүү деген бөлүм жазылыптыр. Кудай жалгап май айында президентибиз интернетти карап отуруп фестиваль өтөрүн окуптур. Англия, Франция, Британия, Кыргызстан деп жүргөнүн көрүп Султан Раевден сурап билген экен. Өзү спектаклди көрүп кеткенден кийин гана каражат жагынан колдоо көрсөттү. Башында поезд менен баруу жөнүндө сөз болгон, бирок узак жол жүргөндө чарчап мээ эс албай, спектаклге даяр болбой калабыз деп учак менен барууну айттык. Баш-аягы он төрт кишинин жол киреси төлөндү. Жаткан жерибиз, ичкен тамагыбыз уюштуруучулар тараптан болду.
- Сахнанын декорацияларын да кошо ала бардыңыздарбы?
- Сахнада үстүбүздү чатыраш темир гана жаап туруш керек болчу. Калган кровать, чемодан, стол-стулдардын баарын сүрөткө тартып интернеттен салып жибергенбиз. Барсак, бүт даярдап коюшуптур. Мисалы, мен көтөрүп чыга турган илгерки жашыл чемоданды кайдан тапмак эле деп ишенген деле эмесмин. Көрсө бүт өлчөмү, салмагы менен издеп дайындап коюшкан экен. Бардык шарттарды түзүп бергенине ыраазы болуп келдик.
- Көрүүчүлөрдүн арасында биздин жердештер болдубу?
- Бирин-серин байкадым. Москвада ырчы эжекебиз Жылдыз Осмоналиева жашайт экен. Ал гүлүн көтөрүп куттуктап келди. "Би-Би-Сиден" Гүлнара Касмамбетова эжекебиз колдоп жүрдү. Үчүнчү күнү Аскар Салымбеков биз тууралуу уккан экен, Питерде жүргөн жеринен атайын келип баарыбызды сыйлады. Кыргызстанда жүрүп ушул спектаклди көрбөгөнүмө өкүнөм деп жакшы сөздөрдү айтты.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА