presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Кыргызстандын социалдык тармагы, тагыраак айтканда, пенсиялык системасы башка тармактар сыяктуу коомдук турмуштун жакшысына да, жаманына да күбө болуп келатат. Акыркы 20 жылда бу тармакта кандай өзгөрүүлөр болду, азыркы улуу муун пенсияны кандай алып атат, учурда иштеп аткандар жакшы пенсия алыш үчүн эмне кылуусу керек, келечек муундан эмне күтсө болот? Мына ушундай суроолорго КР Социалдык фондунун төрагасы Мукан АБУЛГАЗИЕВ жооп берди.

Экономиканын абалын пенсиядан бил

- Мукан мырза, азыркы тапта Кыргызстандын пенсиялык саясаты экономикага байланыштуу экени белгилүү. Бул саясат ушинтип эле жүрүп отурабы же келечекте туруктуу позицияга ээ болобу?
- Биздин өлкө өз алдынча болгону пенсиялык саясат түп-тамырынан өзгөргөн. Союз таркаганда бизде 220 миң эле пенсионер болгон. Азыр 530 миң пенсионер бар. Ошентип өз алдыбызча болгондон кийин пенсия берүү боюнча көп кыйынчылык болду. Пенсиялык фондду түзүүдө ар бир адамдын эмгеги, кызыкчылыгы эске алыныш керек экенин түшүндүк. 1996-жылдан тарта ар бир адамга жеке эсеп ыйгарып, ошо эсепке тапканынын бир бөлүгүн которуп, кийин ошо маалымат менен пенсияга чыгуу системасы иштеп келатат. Мурда жеке эсеп атуулдукту алгандан кийин ачылса, азыр адам туулгандан тарта эле 14 номерлүү жеке эсеп ачылат. Туулгандан көзү өткөнгө чейин ошо жеке код менен жүрөт. Бул жеке эсепти бизден башка, салык, бажы, мамкаттоо, паспорт системасы жана бейтапканалар колдонушат. Биздин пенсиялык саясат өз экономикабызга чак, тең салмактуу. Ошентсе да кээде сергек акылга караганда популисттик саясат жеңип кеткен учурлар болгон. Мисалы, 2005-жылы эркектердин пенсия жашын 63төн 60ка, аялдардыкын 58ден 55ке түшүргөндө депутаттар өлкө экономикасын эмес, шайлоочуларга эптеп жагууну гана ойлошкон. Анткени айталы, 63төн эмес, 62ден тарта эле пенсияга чыгат десек, ошо бир жыл үчүн Соцфонд миллиарддаган каражат табышы керек.
Келечекте ким көп иштесе көп, аз иштесе аз ала турган жана пенсия деген адам алтымышка чыкканда эле эмес, иштеп аткан ар бир айда мамиле түзө турган объект экенин билсе позициясы бекем болот.
- Азыр Казакстандын жеке менчик пенсиялык фонддору жакшы иштеп жатканын айтышат. Биз да ушу жолго түшсөк кандай болоор эле?
- Так ошо Казакстандын жеке менчик пенсиялык фонддору былтыр банкрот болду. Казакстанда пенсиянын базалык бөлүгүн мамлекет төлөйт, калганын жеке менчик фонддор менен контракт түзүп ошоякка төлөгүлө, алар банкрот болсо биз гарант болобуз деген саясат бар. Казакстандын газы, нефтиси бар, ошонүчүн гарант боло алат. Былтыр банкрот болгон фонддорго Назарбаев бюджеттен акча берип жаап койду.
А бизде болсо жеке менчик пенсиялык фонддор ирденмейинче, топтомо бөлүктүн каражатын 2013-жылга чейин Соцфонд башкарсын деп атабыз. Ага чейин алардын мыйзамдык базаларын толук иштеп чыгып, айталы, кокус жеке менчик пенсиялык фонд, башкаруучу компаниялар банкрот болсо эмне болоору нормативдик актыларда иштелип чыгышы керек. Ушулардын баары аныкталгандан кийин адамдар бизге келип, мобу жеке менчик фонд жакшы иштейт экен, каражатымды ушуга которуп койгула десе которобуз.
- Мукан мырза, акыркы жолу май айында көтөрүлгөн пенсияда беш жыл жогорку билим алып, 30-40 жыл жан аябай эмгектенгендер менен өмүр бою ар жерде тийди-качты болуп жүрүп пенсияга чыккандар меники эмнеге миң эле сом деп нааразы болгондор ортосундагы теңсиздикти кантип жоюуга болот?
- 1-майдан тарта пенсияны көтөргөндө ушу маселе чыкты. Бирок биздин Конституцияда, башка мыйзамдарда мамлекет адамдардын социалдык коргоону камсыз кылат деп кепилдик берилген. Ошонүчүн аз алгандарга көбүрөөк, көп алгандарга азыраак кошулду. Азыраак алгандар иштеп жүрүп майып болгондор, ата-энеси өндүрүш учурунда курман болгон балдарга көбүрөөк көтөрүлдү. Бара-бара сиз айткан 30-40 жылдап жакшы иштегендердин, Соцфондго жакшы төлөм жасагандардын пенсиясын көтөрөлү деген оюбуз бар. Себеби биздин азыркы система ким аз иштесе аз, көп иштесе көп пенсия ала турган шартка алып келет.
- Кыргызстандагы 530 миң пенсионерге бир айда канча каражат жумшалат?
- Май айына чейин 1 млрд. 450 млн. сом жумшалчу. Кийин көбөйгөндөн кийин айына 1 млрд. 650 млн. сом кетет. Мыйзам боюнча биз пенсияны өткөн айга төлөшүбүз керек. А биз июлдукун июлда эле төлөп атабыз. Анткени 60-70 пайыз эл айылда жашайт, караганы эле пенсия. Аз да болсо элибизге жөлөк болсун деп атабыз.
- "Жаңы Агым" гезити өткөн айда Соцфонддогу ыксыз чыгымдар жөнүндө жазды эле, окугандырсыз…
- Соцфонддун абалы начар болуп атса ушундай чыгымдар керек беле деп жазыпсыздар. Биринчиден, өзүбүзгө сарпталган каражаттын баары мыйзам менен бекиген жылдын административдик чыгымдарынан кетет. Турникет койду дейт, биерде иштегендердин телефондору, компьютер жоголгон учурлар болгон. Ошонүчүн бизге кирип-чыккандар жөнүндө маалымат болсун дегенбиз. Өзүн сыйлаган адам адегенде иштеген жерин оңдойт. Коллективдин иштешине шарт түзбөгөн адамда жетекчилик касиет болбойт. Шарт түзбөй туруп кантип иштин сапатын талап кылууга болот?
- Азыр базарларда иштегендер же эч жерге салык төлөбөй жалаң өзү үчүн иштегендер да биртоп. Мындайлар кийин пенсияга кантип чыгышат?
- Биздин мекендештер азыр көп нерсеге көзү жетип, ар нерсеге сарамжалдуу карап калышпадыбы. Ошол эле Дордойдо же башка базарларда иштегендер камсыздоо полисин сатып алышып, өз эсебине ай сайын акча которуп турушат.
- Пенсиялык система менен адам иштей баштагандан тарта эле мамиле кыла баштайт экен. А биз ушу кезге чейин Соцфонд десе жалаң абышка-кемпирди гана элестетебиз. Эмне үчүн жогорку класстардын, дегеле иштей баштаган жаштарга жакшы иштесең жакшы пенсияга чыгасың дегендей маалыматтар кенен жетпейт?
- Швейцарияда социалдык фонддордун эл аралык бирикмеси бар. Мен жакында ошояктан 9-класстагы окуучуларга жок дегенде бир айлык курсту мектеп программасына киргизүү маселесин көтөрдүм. Бул боюнча мүчүлүштүктөр көп. Мына жакында эле ардактуу пенсионерлерибиз Төлөгөн Касымбеков, Насыр Давлесов, Ян Фишер, Уркаш Мамбеталиев сыяктуу белгилүү адамдар дүйнөдөн өтүштү. Булар кайда, кандай иштегендиги, кийин кандай пенсия алгандыгы боюнча элге ачык айтып, пенсияга олуттуу мамиле жасоого чакырык жасап маалымат тараталы деп атабыз. Иш ыргактуу жүрүш үчүн туруктуу кадр саясаты болсо андан бетер жакшы болмок.
- Ушу кезге чейин сиздин кайсы партияга тиешелүү экениңиз айтылбай келет…
- Мени бул кызматка дайындап жатканда партиялар жөнүндө сөз болгон эмес. Алмаз Атамбаев Соцфонддун көйгөйү көп, ошонүчүн ишти билген адамды коебуз дептир. Башка татыктуулар деле бар эле, бирок мени тандашыптыр. Бир да партияда болгон эмесмин, ошентсе да өзүмдүн көз карашым бар. Социалдык чөйрөдө иштеп келатканыма 16 жыл болду. Чындыгында экономиканын начардыгынан элди жашоого жете турган пенсия менен камсыз кыла албай келатабыз. Саясатты, экономиканы башынан туура эмес башкаргандардын айынан ушундай абалга келдик. Атуул катары парламенттен, өкмөттөн мен деле туура социалдык саясатты күтөм. Былтыр канын-жанын аябай жакшы турмуш үчүн курман болгон мекендештерибиз үчүн сыймыктанам. Ушундай кадамдар болуп аткан соң, өлкөбүз оң жолго түшөт деп ойлойм.
- Айлыгыңыз канча?
- Кошумчалары менен 25-27 миң сом алам. 1994-1997-жылдары бизнесте жүргөм. Ошонун пайдасы азыр деле тийип атат. Ишкердикти өнүктүрүү фондунда да иштегем.
- Сиз экөөбүз бүгүн Соцфонд жөнүндө окурмандарга толук маалымат бере алдыкпы?
- Дагы айтаарым, биздин пенсиялык саясаттын маңызы мында. Биз, азыр иштеп аткандар төлөгөн акчадан ата-энелерибиз пенсия алышат, биз пенсияга чыкканда балдарыбыз биз үчүн төлөйт. Ушуну туура жолго коюп, пенсияны адам жашоосуна жете тургандай кылып берсек эле элибиз муну сезет. Чындыгында бүгүнкү экономиканын барометри - бул пенсиялык система.
Анан чыр-чатак, талаш-тартышты азайтып иштегенге өтсөк. Иштеп аткандарга ишеним артканды да билсек жакшы болоор эле.
Аскер САКЫБАЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??