15.07.11 - 7-бет:
  Сотко кандай сурооңор бар?

Адамды асманда Кудай, жерде сот жазалайт
Сот реформасы башталды. Апрель окуяларынан кийинки оң жагына жасалып жаткан иштердин бараандуусу да ушул болду окшойт. Анткени сот бийлиги адилеттүү болмоюн өлкөдө мыйзамдуулук сакталбайт. Мыйзамдуулук болбогон жер анархиянын айылына, түнөгөн төшөгүнө айланат. Мындайда реформа жасамак түгүл мамлекеттин өзүнүн жашап турушу да кыйын. Бул маселе боюнча Ош облустук сотунун төрагасынын орунбасары Нургүл БАКИРОВА мындай дейт.

- Нургүл айым, дегеле кандай адам сот боло алат?
- Сот - бул адам тагдырын алаканына салган адам. Адамды тигил же бул кылмышы үчүн асманда кудай жазаласа, жерде сот жазалайт. Сот бир гана мыйзамды билбестен, турмуштун күнгөй-тескейин мыкты билген, окуянын кандай болуп өткөнүн терең түшүнгөн психолог, баарыдан мурда нарк-насилден тайбаган инсан болушу керек.
Сот - коомдун күзгүсү. Бул кооз сөз эмес. Сот турган турушу менен ошондой адам болушу керек. Мен 8 жылдык соттук тажрыйбамда кандай гана тагдырларды көрбөдүм. Кимдир бирөөгө жаза чыгаруу - жети эмес миң өлчөп бир кескендей иш. Хирург адамдын бир жерин туура эмес кесип алса ал майып болуп калат. Сот туура эмес чечим чыгарса, чечимдин туура эместигин билип турган адамды тирүүлөй эле бир эмес эки өлтүрөт. Турмушу, тагдыры бузулганы аз келгенсип, адилетсиздикке күйгөн адам моралдык, руханий жактан турбай калат. Андыктан судья ката кетирүүгө, жаңылышууга укугу жок.
- Сиздин айтымыңызга караганда соттордон өткөн идеалдуу адам жок окшойт. Турмушта андай эмес да. Канчалаган тагдырлар соттордун колу менен талкаланууда. Карапайым калк, дегеле жалпы коомчулук соттор боюнча жакшы пикирде эмес. Алкы бузук, ким көбүрөөк пара берсе ошого тарткан, адам тагдырын уруп ойнобогон, колунда бийлиги бар, коомубуздун "коркунучтуу" өкүлдөрү катары каралат. Же андай эмеспи?
- Соттордун баары эле ошондой дегенге болбойт. Ырас, бул системаны реформалоо керек. Беш кол тең эмес да. Өлкөбүздөгү сот бийлиги өз ишин мыкты билген, чыныгы профессионал сотторубуз бар болгондугу үчүн таптакыр урап түшпөй кармалып келе жатат. Соттордун ишинде болобу, башка тармакта болобу, айтылып-айтылбаган, аттап өтүүгө болбой турган бир нерсе бар. Ал - ыйман. Философиялык, кала берсе диний көз караштан алганда да кудай байлыкты, бийликти баарына эле бериши мүмкүн. Бирок ыйманды бербесе андай адамдан баарын күтсөк болот. Сот системасы адамдар иштеген жер. Адам ар кандай болот экен, арабыздан "ыймансыздар" чыга калып жатканын жашыра албайбыз. Бирок жалпы сот системасы жөнүндө жаман айтканга болбостур.
- Азыркы жүрүп жаткан сот реформасына кандай карайсыз?
- Оң эле карайм. Арууланып, тазаланып турганга не жетсин. Бирок "чылпагын алам деп көзүн чукуп албай" же киринткенден кийин баланы суусу менен кошо ыргытып жибергендей кылбай мыкты иштеп жаткан сотторду да ыргытып жибербешибиз керек. Сот асмандан түшпөйт. Аны даярдоо, тарбиялоо канчалаган каражатты, убакытты алат. Андыктан сотторду тандап алууда буга чейин кандай иштеген, адам катары кандай, профессионалдык даярдыгы жетиштүүбү, ал жөнүндө эл эмне дейт өңдүү критерийлерди эстен чыгарбасак.
- Эл эмне дейт деп жатасыз. Муну менен элдин пикирин эске алуу керек дегенди айтмакчысызбы?
- Ооба. Кимдин кандай адам экенин, ишинин төркүнүн эл билбей койбойт. Эл - баарын көрүп турган тараза. Судья - кесиби боюнча эл менен иштешкен, элге жакын адам. Анын ишин баалачу да ошол эл. Андыктан элдин пикирине таянсак эч жаңылбайбыз. Сотторду тандап алуудагы башкы критерий элдин пикири болуш керек.
- Турмушта сотторду көп көрбөйбүз. Булар кайда жашаган, эмне ичип, эмне жеген немелер? Бул өзү кызмат этикасыбы же эл арасынан кимдир бирөө таанып коюп желкеге коебу деген сактыкпы?
- Андай деле эмес. Сот деле адам. Бала сүйөбүз, жар сүйөбүз дегендей. Бирок соттордун дайыма эле эл арасында кенен-чонон басып жүргөнүн чектеген кызматтык этикага тиешелүү жактары бар. Ошон үчүн көпчүлүк дайыма эле көрө бербейт. Эл алардын ишине баа бериши керек. Ушу жерден соттордун ишине байланыштуу бир нерсени айта кетейин. Сот негизинен талашкан эки жактын бирине чечүүгө мажбур. Же ар кандай болуп калышы мүмкүн. Анткени турмуш деген миң кырдуу да. Ошондо утулган тарап утуп кеткен тарапты соттун алкымын майлап ийди деп ойлошот. Ошону менен ким жаман сот жаман. Ушу стереотиптен кутулмайын соттор жакшы кеп укпайт.
- Кантип кутулабыз?
- Ал үчүн сотко болгон элдин ишенимин кайтаруу керек. Чыны менен таза соттор келсе эл ишенбей койбойт. Аларды көрө билүү, туура тандап алуу - азыркы жүрүп жаткан сот реформасынын башкы милдети.
- Соттун максаты чындыкты табуу эмеспи. Сиз өзүңүздүн практикада чыгарган чечимиңиз үчүн өкүнгөн учуруңуз болду беле?
- Ар бир сот өкүм чыгарар алдында ошол өкүнбөгөндөй деңгээлде ички жетилген даярдыкта болушу керек. Антпесе жаңылышат. Жеке практикамда ар бир өкүм чыгаруунун алдында болуп өткөн окуяны жүз электен өткөрүп, жаның төрт чарчы болуп кеткен учурлар арбын. Чындыктын учугун ошентип атып табасың. Артыңда адам тагдыры тургандыгы да санаага салбай койбойт. Эгер ички сезим-туюмуңда чыгарган өкүмүңдүн тууралыгына ишенсең эч нерседен коркпойсуң. Бардык жерде тастыктай алганга кудуретиң жетет.
- Соттук иштерге коомдогу болуп жаткан окуялардын таасири барбы?
- Таасири болбой койбойт. Айрыкча акыркы 20 жыл ичиндеги дээрлик анархиялык деңгээлге жеткен ар кандай окуялар, коомдун бай-кедейге бөлүнүп калышы, туташ жумушсуздук, карапайым адамдардын эптеп эле жашап кетиш үчүн ар кандай кылмышка барып жатышы, кылмыштын түшкө кирбеген түрлөрүнүн келип чыгышына алып келди. Карап туруп жакаңды кармаган учурлар көп эле. Соттор күндөлүк практикада жазылган мыйзамдын негизинде иш алпарат. Ошол эле учурда калкыбызда кылымдардан жашап келаткан, элибизди эл, адамды адам кылып турган каада-нарктарыбыз, жазылбаган мыйзамдарыбыз бар эмеспи. Учурда ушу эки мыйзамга тең жатпаган көрүнүштөр толуп кетти. Бул коомубуздун трагедиясы. Айталы, кыргызда качан эле дүнүйө үчүн атасы баласын, кызы энесин сотко берчү эле. Аргасыздан кайда баратабыз, минте берсек эл катары касиетибиз калабы деп чочуйсуң.
Ошентип бүгүнкү сотторго бир тарабын ыраазы кылып, экинчи тарабын ыйлатып коюп отура бербестен акыйкатты чукуп көргөзүп, ага жараша жазалап, ошондой эле ыйман-ызатка, каада-наркка такаган тарбиялык иштерди жүргүзүүгө да туура келет. Бирөө болбосо бирөөнө жетер. Анткени бир гана материалдык кызыкчылыкты көздөп калган коомдо сот боло албайсың. Сот болуп да кереги жок.
Темирбек Алымбеков, тел:. 38-67-13




  Алгандын бермейи бар

Улуттук банк неге унчукпайт?
Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт деген математикалык эреже бар. Азыр бул эреже учугу табылбаган Улуттук банкка куп жарашып турат. Дегеним, азыркы тапта банк жетекчиси Зина Асанкожоева болгон менен анын орунбасары баягы эле Бактыгүл Жээнбаева. Банктык системада мындан башка эч өзгөрүү жок. Негедир жаңы төрайым банкрот болгон "АзияУниверсалБанк" жана толгон-токой башка банк көйгөйлөрү тууралуу ооз ачпай келет.

Деги мамлекетти ким тоноду?

Бийлик алмашканы Улуттук Банк (УБ) банктык көзөмөл ордуна убактылуу башкарууну киргизип, АУБдун мурдагы ээлери муну мамлекеттик рейдерлик катары сыпатташкан. Элдин Бакиевдерге болгон жек көрүүсү күчтүү болгондуктан буга маани берген жан деле болгон эмес. Эми гана кыргызстандыктар бийлик Бакиевдерге шылтоолоп ири суммаларды сугунуп, жеке эле экс-президенттин жакындарына эмес, жеке менчик ээлери менен инвесторлорго тиешелүү каражаттарды да жегенин баамдай башташты. Эгер АУБ тууралуу айта кетсек, УБнын биринчи катасы апрель окуясынан соң банктан бардык мамлекеттик каражаттарды чыгарып кетпегендиги. Тактап айтканда, АУБ эсебинде Соцфонддун 1,5 млрд. сому жана өнүктүрүү фондунун 880 млн. сому калып калган. 2010-жылдын апрель айынын ортосунда банк активдеринде 13 млрд. сом болгон. Болгондо да мунун ичинен 3 млрд. 393 млн. сомду жогорку ликвиддүү активдерге кошууга болор эле.
Жалпак тил менен айтканда, 7-апрелден кийин АУБда эки ай ичинде мамлекеттин жана жеке акча салуучулардын акчаларын төлөп берүүгө жетиштүү сумма болгон. Тиешелүү мамлекеттик органдардын өздөрү апрель революциясынан соң банкта акча болгонун аныкташканы менен, Бактыгүл айым акча апрелге чейин эле чыгарылып кеткен дегенден тажабай келет. Эгер акча сыртка чыгарылып кеткен болсо УБ жетекчилиги неге бардыгын элге ачык айтып, фактыларды жайып бере албайт?

"Залкар" түзүлдү, а отчет кана?
АУБдун активдерин бөлүштү-рүүгө келсек, негедир бу жагы да бүдөмүк. Банк активдеринин кайсы бир бөлүгүн атайын администратор Каныш Шаршекеева өз башкаруусуна алса, калган активдерден "Залкар" банкы түзүлгөн. Бирок, негедир эмдигиче мыйзам талап кылган кредиторлор жыйыны өткөрүлбөй, квартал сайын жарыяланып туруучу банктын финансылык отчетунан дайын жок. Мунун баарын көрүп турган УБ жетекчилиги маалыматтын баары жабык болушун талап кылып келет. "Залкар" банк билермандары отчетту ачыктабай, купуялоо менен бирге өздөрүнө 100 миң сомго чейинки айлык маянаны төлөөнү да унутпай келишет. Банктын директорлор кеңеши менен башкаруусунда болсо Бактыгүл Жээнбаева менен "Залкар" башчысы Максат Ишенбаевдин мурдагы кол алдындагылары жүрөт. "Залкар" банк болсо кредиттерди негедир шектүү берип атса, атайын администратор АУБ клиенттеринин бир бөлүгүн "Залкар" банкка шектүү которуп келет. Башкача айтканда, кимдин эсебин АУБдан "Залкарга" которушту Каныш айым гана билет. Бизге кайрылгандардын айтымында, ким пара берсе анын эсеби "Залкарга" которулат, а бербегендердики АУБда калат. А АУБда калат деген, салган акчаңды өмүрү ала албайсың дегендик.
"Залкар" банктын милдеттемелеринин азайышы менен кредитке берилүүчү каражат азайып барат. Банкка ишеним аз болгондуктан негизги акча которуулар россиялык банктар аркылуу жүргүзүлүп келет. Ошол себептен банк аркылуу акча которуулар азайып, банкка түшүүчү таза кирешелер дээрлик жок. Банктын капиталы да ишенимдүү эмес. Мындай натыйжасыз башкаруу, албетте менеджмент менен УБ жетекчилигинин "эмгегинин үзүрү".

Михаил Надель эмне дейт?
АУБ директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Михаил Наделдин айтымында, Улуттук банк жетекчилиги мыйзамды одоно бузган. "Банк жетекчилиги Башмыйзамдагы бадырайта жазылган мыйзамды бузуп, тебелешти. Ошондуктан алар азыр мен тараптан берилчү доо арыздан коркуп турушат. Бирөөнүн мүлкүн тартып алуу дүйнө өлкөлөрүндө мыйзамсыз экени баарыбызга маалым. Ошондуктан өлкө бийлигинин эл аралык арбитраждык соттун чечими боюнча миллиондорду төлөп берүүдөн башка аргасы калбайт. А АУБду кайтарып алуунун азыр эч кандай мааниси жок. Улуттук банк жетекчилиги өлкөдөгү эң ири банкты ачык эле тоноп алды. Мындай зыян үчүн сотто мен ири суммадагы компенсацияны талап кылам" дейт Михаил Надель.
Кокус Михаил Надель сотко берип калса, биринчи кезекте өлкөнүн мурдагы жетекчилери, анан УБ жоопкерчиликте болот. Бул экөө тең сот убагында жок болгондуктан жоопкерчилик өкмөткө жүктөлөт. Демек, алкымы чоңдордун айынан кайра эле мамказнага күч келет. Агезде "крышасы" күчтүү Бактыгүл Жээнбаева да, анын "крышасы" да кызматта болбойт. Бул жагын бир кезде бизнесинин эки тизгин, бир чылбырын Бактыгүл айымга карматкан Өмүрбек Бабанов мырза ойлонот болду бекен?

Мелис СОВЕТ уулу