15.07.11 - 5-бет:
  Байпак, банке даярбы?

Банктар банкрот болсо эртең эмне кылабыз?

Кыргызстан банктар союзунун президенти Анвар Абдраев шаршембиде кызык маалыматты ачыкка чыгарды. Анын айтымында, "Ысык-Көл" инвестбанкынын, "Манас-Банктын" жана "КыргызКредитбанктын" жалпы карызы бүгүнкү күндө 9,7 млн. долларды чапчыйт.
"Биз банктар союзунун атынан өкмөттүн дарегине бир нече жолу сунуштарыбызды жөнөткөнбүз. Ал катта баалуу кагаздарды чыгаруу да айтылган эле. Бирок азырынча эч кандай жыйынтык жок" дейт Анвар мырза. Анын пикиринче, эгер азыртадан өкмөт тиешелүү чараларды көрбөсө, бул банктар Улуттук банктын нормативдерин аткара албай "АзияУниверсалБанктын" кейпин кийип калышы толук ыктымал. Белгилей кетсек, "Манас-Банк" ЖЧКсы менен "КыргызКредитбанк" ААКсына 2011-жылдын 31-январында 18 айлык мөөнөт менен, ал эми "Ысык-Көл" инвестбанкына 2010-жылдын 27-декабрында консервациялоо режими киргизилген. "Банктардын мындай начарлап кетиши алардын карыздарына гана байланыштуу. Эгер жыл аягына чейин бул маселе чечилбесе, банктар банкротко учурайт. А бул мамлекет үчүн дагы бир экономикалык чоң сокку" дейт Анвар Абдраев. Айрым экономика адистеринин айтымында, азыр Кыргызстандын банк системасы өтө кооптуу абалда турат. Банктар милдеттемелерин аткарбай эле банкрот боло бергендиктен инвесторлор, жеке бизнесмендер, карапайым жарандар да банктарга ишенбей калышкан. Буга апрель окуясынан кийинки миллиондор чыры да кошул-ташыл болуп, эл мамлекеттик да, жеке да банктарга акча салуудан баш тарта башташты. Буга өкмөт, парламент, Улуттук банк маани бербесе, эртең кредит, ссуда берүү да азайып, экономикага чоң зыян болорун айтышат экономисттер.


  Саясат курсак тойгузбайт

Кымбатчылык моюнда, кыйынчыкмалар оюнда

Өкмөт маянаны көтөрүп салдык деп бөйрөк таянып турганы менен базар баалары айлап, жумалап, атургай күн санап өсүп барат. Улуттук статистикалык комитети болсо 11-июлда инфляция өткөн жылдагыга салыштырмалуу 21,4 пайыз өстү деп, 13-июлда 2011-жылдын биринчи жарым жылдыгында 7,2 пайыз болду деп так цифраны айта албай турат.
Айлык эки өстү деп айрымдар алакан ушалаганы менен базарда көп керектелүүчү тамак-аш продуктулары кымбаттагандан кымбаттап барат. Башкасын айтпаганда да, жыл башынан бери эт, суу май, кумшекер, картошка, ун сыяктуу азык-түлүктүн баасы бир кыйла өскөн. Өзүбүздөн өндүрүлгөн эттин көбү учурда Казакстан, Иранга чыгарылып кетип жаткандыктан азыр кой, уй этинин бир килограммы 280-400 сомдон сатылууда. Жай ортосу болсо да картошка 25-30 сомдон түшпөй, жашылча-жемиштер арзандабай турат.
Бул аз келгенсип жыл башынан берки кийим-кечектин кымбатташы карапайым калктын капчыгына катуу таасирин тийгизүүдө. Статкомитеттин маалыматына таянсак, быйыл нан, ун азыктары 13 пайызга, ун 16, эт 14, суу май, малдын майы 5, кумшекер 15, жашылча-жемиштер 14 пайызга кымбаттаптыр. Ошол эле мезгилде көк май (дизель) 2 пайызга, бензин 8-9 пайызга чейин көтөрүлгөн. Эл аралык эксперттер Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандагы маянанын көтөрүлүшү инфляциянын жогорулашына шарт түзөт деп айтып келишет. Эл ишенген эргулдарыбыз болсо президенттик шайлоо, курултай, чукушмай, тытышмай менен алек.


  Бул кыргызда эле болушу мүмкүн

Курултай да сатылабы?

Жакында мекендешибиз Төрөбай Көлүбаев Элдик курултайды уюштуруучуларды Дастан Сарыгулов Аликбек Жекшенкуловго, Кадыр Кошалиев Адахан Мадумаровго сатты деп айыптап чыккан. Бул коомчулукта биртоп талаш-тартышты жаратып, ар кандай ушак-айыңдар да тарап кеткен эле.
Чын эле ушундайбы деп байланышканыбызда, курултайдын демилгечилеринин бири Кадыр Кошалиев айтылгандардын баары жалган экенин билдирди. "Биринчиден, курултайды сатып жибергидей ал товар эмес. Экинчиден, Элдик курултайга катышкан миңдеген кишилердин ар биринин өзүнчө ой-пикири бар. Үчүнчүдөн, Элдик курултайдын өтпөй калышына же аны президенттик шайлоо алдында пайдаланууга кызыкдар күчтөр болуп атат. Ошолор кара пиарды күчөтүп, кимдир бирөөлөргө көө жаап атышат. Жакында Элдик курултай кыймылы менен "Кыргыз эл биримдиги" кыймылы жыйын кылып, биригүү меморандумуна кол коюлду.
Президенттик шайлоо боюнча айтсак, курултайдын иши шайлоого такыр байланышпайт. Эгер биз шайлоого курултайды байланыштырсак, балакеттин баары башталаары турган иш. Андыктан биз саясаттан алысыраак болууну чечтик. Биздин негизги максатыбыз - Элдик курултай институтун Башмыйзамга бийлик бутактарын көзөмөлдөө укугу менен киргизүү жана аны адилеттиктин кепилдиги катары биротоло орнотуу. Азыр айрым бирөөлөр мени дале президенттик аппаратта иштейт деп атышат. Мен расмий түрдө 16-мартта өз арызым менен кеткем. Курултайга бийлик болобу, оппозиция болобу, баары катыша алышат. Андыктан мындай жалаалар негизсиз" дейт Кадыр мырза.
Даярдаган Мелис СОВЕТ уулу


  Өйдө-төмөн

Башпрокуратура башканы коюп өзүн көзөмөлдөсө

Жума башында Чүй облусунун прокурору Кемелбек Жунушалиевдин кызматынан алынышы биртоп ызы-чуу жаратты. Анын жактоочусубуз деген элүү чакты киши Башпрокуратураны айланып митинг өткөрүп кирсе, "АКИpressте" "7-апрель жаштар кыймылынын" мүчөсү Мирлан Бекитаев Чүй облусунун прокурору К.Жунушалиевдин кызматынан алынышын мыйзамсыз деп чыкты. Ал эми бул ишке киришкен "Бириккен улуттук кыймылы" Башпрокурор А.Салянованын же К.Жунушалиевдин таламын талашпай тургандыгын айтып, алар адилеттүүлүк үчүн күрөшө тургандыгын белгиледи.
Жунушалиевдин жактоочулары "ал прокуратура тармагында 25 жылдан бери эмгектенет. Биз ишенген принципиалдуу, чыныгы кесипкөй. Аны 8-апрелде эл өзү шайлап алган. Кезегинде ал Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, биринчилерден болуп арыз жазып кызматынан кеткен. Бүгүнкү күнү да ал Бакиевдердин мыйзамсыз иштерин иликтеп жатат эле. Андыктан кызмат ордунда калып, ал иштерди аягына чыгарышын колдойбуз. Анын ордуна өздөрүнүн адамын коюу үчүн ага ар кандай күнөөлөрдү коюп, каралоого аракет кылып жатышат. Бул кызмат үчүн чоң суммадагы акча алышса керек" дешет.
"7-апрель жаштар кыймылынын" мүчөсү Мирлан Бекитаев буга кошумча катары учурда бул прокурорлордун ордуна Бакиевдин кадрларын коюп жатышканын, өзүнүн ички булактардан алынган маалыматтары боюнча ал ишке аппарат башчы Эмилбек Каптагаев кызыкдар экенин айтып чыкты.
Биздин жеке булактардын берген маалыматына караганда К.Жунушалиев менен А.Салянованын тиреши жөнөкөй эле маселеден башталган. Андан 2-3 күн мурун Башпрокурор Аида Салянова Чүй облусунун райпрокурорлорун чогултуп коллегия өткөрөт. Жыйында облпрокурордун Башпрокурорсуз эле өзү комиссия түзүп, райондун прокурорлоруна эскертүү берип жибергени айтылат. Аңгыча буга таарына түшкөн облпрокурор Башпрокурор Салянованы чыбыктай кыздын колунан эмне келмек эле деп тоготпогонбу, айтор, "кана эмесе, прокурорлор мени менен кошо чыккыла эшикке" деп чамынганда, прокурорлордун бардыгы эшикти көздөй атырылып чыгып кетет. Залда болгону Москва районунун прокурору калат.
Башкы прокурор Аида Салянованын "Бириккен улуттук кыймылына" кат түрүндө берген жообуна караганда, Жунушалиев Башпрокурорсуз эле өзү комиссия түзүп, райондун прокурорлоруна эскертүү берип жиберген. Аны териштирүү үчүн өтө турган жогорудагы жыйынды үзгүлтүккө учураткан. Бирок Башпрокуратура аны бул үчүн да жумуштан алган эмес. Болгону эскертүү берели дегенбиз дейт Аида Салянова. Эң кызыгы, Жунушалиев эртеси күнү кызматтан алына электе эле жылан чакпай, жылкы теппей "мени кызматтан алышты жана райондордун прокурорлору да кызматтан алынды" деген жалган маалымат таратып, элди жыйнап митингге чыккан. Ушундан улам Башпрокуратура аны чындап эле кызматтан алып салган. Ал эми райондук прокуратуранын прокурорлору кызматтан алынган эмес.
Албетте облпрокурордун Башпрокурордун жыйынын таштап басып кеткени мамлекеттик кызматкерлердин этикага сыйбаган жоругу, субординацияны сактабагандык. Аскердик тартиптеги, күч структурасындагы көзөмөлдөөчү органдын кичинеси чоңуна баш ийбей митинг уюуштуруп жүргөнү уят. Ошол эле учурда бул боюнча Башпрокурор Аида Салянованын саясый кадамынын артында "бир канча саясый кулактар көрүнөт". Салянова өз алдынча чечим чыгарбай пионер катары жогору жактагы саясый заказдарды аткарып жатат деген да пикирлер бар.
Зайырбек АЖЫМАТОВ