15.07.11 - 3-бет:
  Сая-саалы

Президенттин уулу креативдүү экен
Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов менен депутат Ширин Айтматова Кыргызстанга келе жаткан чет өлкөлүк туристтерди чек арадан тосуп алып, аларга туристтик жайлар тууралуу баракчаларды таркатууну көздөшүүдө. Алар алгачкы акцияны ушул ишембиде казак-кыргыз чек арасындагы "Ак-жол" бекетинде баштайт. Ширин Айтматованын айтымында, мындай акция Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтердин көңүлүн буруу жана аларга маалымат берүү максатын көздөйт. Бул идеяны Ширин Айтматовага Атай Садыбакасов сунуштаган.

Эби менен эркелет, УКМК угат
УКМК узун кулагын кеспейби же күчкө салалыбы маанисинде айрым депутаттар алкынды эле, тиги тарап таптакыр андай кылууга "бовойт" дешти. Себеби тыңшап турбаса "тымызын" иштерин жүргүзө албай калышат экен. Андай узун кулагы, тыңшагычы болбосо баягы Зикирбаевдин бандасы, Оштон бир катар террористтик уюмдардын мүчөлөрү, 4 терракт ачылбай калмак экен. Сыягы УКМК узун кулагын (тыңшоочу укугун) оңой менен бере койбойт окшойт. Балээ болуп эрди-катындын эркелетишкенин тыңшаганга жетпесе эле болду.

Мынча партия менен жоо чабабызбы?
Кыргызстанда каттоодон өткөн саясый партиялардын саны 156га жетиптир. Арасында "Жарык Кыргызстан", "Алга, Кыргызстан!" өңдүү аты тааныш, кармалап эле тургуң келген аттар жүрөт. Кудай у-ур, күздөгү президенттик ат салышта булардын баары жарышка түшсө бири-бирин тебелеп салышпаса болду. Деги саяпкерлери жарашкай эле.

Келдибеков кебелип да койбойт
Парламент президенттин катышуусунда өткөн пленардык жыйынында Өмүрбек Текебаев Отунбаеваны кескин сындап, "айылчылаганды токтоткула" деген. Бирок Ахматбек Келдибеков мурда болуп көрбөгөн сандагы делегация менен Индонезия, Малайзияга "Боинг" самолетун жалдап кетти. Буга чейин да жаңы самолет чакырып, Россия аймагына чыкканы парламентте айтылган эле.
Президенттин, башка мамлекеттик кызматтагылардын мындай сапарларынын баасы кеминде 100 млн. сомго чыгат. Анан да көпчүлүгү максатсыз. Айылчылаганды адегенде өзүңөр токтотпойсуңарбы, урматтуу депутаттар.

Кымбаттаган "майтокоч"
"Kursiv.kz" 2011-жылдын беш айында Кыргызстанга сырттан кирүүчү күйүүчү жана майлоочу майлар 25 пайызга кыскарганын жазды. Басылманын билдиришинче, Россия тарап алгач май айында күйүүчү май берүүнү убактылуу токтотуп, кийин июнь айына чейин узарткан. Казакстан күйүүчү майды Кыргызстанга экспорттоого россиялыктардан мурда тыюу салган. Эми эки тараптан тең күйүүчү май алып келүү такыр азайышы мүмкүн деп билдирет аталган басылма. Учурда бензин жумасына 30-40 тыйынга жогорулап баратат. Өкмөт тараптан азырынча эч кандай реакция байкалбайт.




  Крим-аалы

Кино көрүп кыйшыйгандар
2011-жылдын 8-июлунда эки жаш бала Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 26 жаштагы тургунун уурдап кетип, аны куткаруу үчүн 1 миллион сом талап кылышкан. Алар эртең менен "Дэу-тико" машинасын токтотуп, анын айдоочусун коркутуп шаардагы кичи райондун бирине айдатып барып, ал жактагы батирлерде кармашкан. Анда акча жоктугун билишкен кылмышкерлер аны кое берип унаасын айдап кетишип айылга катып коюшкан. Жабыркаган тарап буга чейин алар менен эч бир мамилеси жок экендигин айтып милицияга кайрылган. Облустук ички иштер башкармалыгынын оперативдүү издөө аракетинин натыйжасында эки кылмышкер кармалып, учурда кылмыш иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүйбөсөң сүмүрөң кал
Бишкекте 18 жаштагы кызга сүйүүсүн арнап сунуш киргизген жигит оң жооп албаганына ачууланып, аны бычак менен өлтүрүүгө аракет кылган. Кызын куткарууга чыккан кыздын атасы да жабыркап, участкалык милиция келип араң токтотуп калган.
Андан соң бала өзүнө өзү бычак сайып өмүрүн кыйууга аракеттенген. Учурда ал Бишкек шаардык травматология ооруканасында жатат, абалы жакшы. Жүрөгү бүтүн экен.

Кылтакка илди кыргыздар
Мурда үч тамга деп тергелип жүрүп дагы бир тамга кошуп алган МУКК Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чоң террористтик уюмдун мүчөсү Низами Абиевди кармашты. Н.Абиев 2010-жылдын 23-августунда Тажикстандагы абактан анын кызматкерлерин өлтүрүп качып чыгышкан кылмышкерлердин бири эле. Ал адам өлтүрүү, баңгизатын таратуу, сатуу, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары соттолгон.
Кыргызстанда ага каршы мамлекеттин чек арасын мыйзамсыз өткөндүгү боюнча кылмыш иши ачылды.

Оруска кызыгып о дүйнө кетти
Красноярскийде 22 жана 24 жаштагы кыздар аларды зордуктоого аракет кылган 40 жаштагы кыргыз жаранын өлтүрүп салышкан.
Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча кыздар досу менен кечинде алкоголдук ичимдик ичип алышып ойноп жүрүшкөн. Такси тосуп турган кыргыз жаранын салып алышып, таанышып, чогуу эс алышкан. Ал кыздардын бирине эметпейлиби деп тийишкенде, жини келген кыздар тоо этегине айдап барып аны мууздап, бир нече жолу бычак менен сайгылашып, өлүктү бадалдын арасына ыргытып салышкан.

Көралбастык көр казат
Москвада денесинин 35 пайызы күйүп кеткен 19 жаштагы кыргыз кызы Склифосовскийдин медициналык борборунда жатат. Өткөндө белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөп кетишти деди эле, кылмыштын бети ачылып калды. Жабырланган Бегимай Акунова менен чогуу жашаган анын курдашы Асел З. дос баласы Тилек Омаровдон Бегимайды өлтүрүп бер деп суранган. Кыздын жумушунан кеч кайтканын билген кылмышкер подъездден күтүп, бензин менен өрттөп өлтүрмөк болот. Маскачан качып чыккан жигит машина айдап качайын деп бирөө көрүп калганын байкап машинаны таштай качат. Дал ошол машина техникалык тейлөө кызматына калтырылгандыгы аныкталып, андан ары ал жерде 19 жаштагы кыргыз жигити иштегени баарын орду ордуна койду.




"Жаңы Агым" чакырат
"Жаңы Агым" гезити жашы отузга чейинки фотокорреспондентти жумушка чакырат. Өзүнүн профессионалдык аппараты болсо, сүрөт тартуунун ыкмаларын жакшы билсе, андан жакшы. Бизге келип иштесеңиз айлык, калемакы жагына нааразы болбойсуз. Байланыш телефону: 38-67-03, 38-67-73.

Рамзанга бишкектик Рамзандан боз үй
Жуманын шаршембисинде Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго белекке бериле турган боз үйдүн ачылыш аземи болду. Боз үйдү Бишкек шаар тургуну Бейшенбек Жумашалиев экинчи мөөнөткө ажолук тактыга отурган чечен башчысына тартуулайт. Бейшенбек мырзанын айтымында, анын түшүнө Рамзан Кадыров кирип, небересинин атын Рамзан койгон. Бул тууралуу ал президентке кат жазып, ал мекендешибизди конокко чакырган экен. Ага куру кол барбоону чечкен бишкектик Рамзандын чоң атасы Чеченстан ажосуна 20 миң долларлык хан боз үйүн белекке берүүнү эп көрүптүр. Мындан сырткары, Рамзан Кадыровго өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин да тартуусу тапшырылмакчы.

Биз буддист болуп жүрбөйлү?
Кыргыз-орус археологиялык экспедициясы "Красная речка" шаарчасынын жанынан жума ортосунда эки кишинин боюндай бийиктиктеги Будда статуясын таап чыгышты. Казуу иштерин башкарган Асан Торгоевдин билдиришинче, лотос ыкмасында отурган бул статуя чоподон жасалган. "Биз бул байыркы искусство эстелигин тазалап, бардык сыныктарын чогултуп кайра реставрациялап чыгабыз. Бул көп убакытты талап кылат. Ошентсе да бул Кыргызстан музей фондунун татыктуу кооздугу болуп кала берет" дейт Асан Торгоев.

Ажылыкка барсаң борборго кел
Мусулмандар диний башкармалыгынын катчысы Максат Мамбеталиевдин билдиришинче, жакында Кыргызстанда ажылыкка даярдоо борбору ачылат. Бул борбор Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, өзүнчө юридикалык мекеме болот. Борборду диний билими бар, компетенттүү адам башкарып, ал мындан ары үзгүлтүксүз иштемекчи. Катчынын билдиргенине таянсак, борбор орозо айы
бүткөн соң ажылыкка барууну каалагандардын арыздарын кабыл ала баштайт.

Универ жаңы ректорлуу болду
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков эки күн мурун Улуттук университеттин ректору Аалыбек Акунов кызматтан алынганын билдирген. Ал эми Аалыбек Акунов болсо саясый куугунтукка кабылып жатканын жар салып жаткан. Кечээ Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин ректорлук кызматын аркалаган Аалыбек Акуновду кызматтан алуу тууралуу премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин расмий буйругу чыкты. Акунов Эмгек кодексинин 83-беренесинин 11-пунктуна ылайык "эмгек милдеттерин одоно бузган" деген жүйөө менен кызматтан алынды. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Искендер Исамидинов окуу жайга жаңы ректор болуп дайындалды.