mainkaptal
Пользовательский поиск
ДҮЙНӨ күн

ТОЙДҮЙНӨ. Атактуу "Барселона" футбол клубунун "Камп Ноу" стадионунда биринчи жолу үйлөнүү үлпөтү болуп өттү. Экс-хоккейчи Ибан Англада менен Сигрид Санстын тоюна 260 адам келип, киши башына 110 евродон төлөп беришти. Мындай кошумча кызматты каталондук клубдун жетекчилиги былтыркы күздөн баштап көрсөтөөрүн жарыяласа да алгачкы кардар ушул айда гана кайрылган. Барселонанын футбол талаасына той өткөрүү үчүн 200дөн 750 кишиге чейинки коноктордун болушу шарт. Коку-уй муну эмне жазып салдык дейм да, болгону бетке туткан жалгыз стадионубуз болсо… Спартак стадионунун жетекчилиги укпасын э, айтпагыла.

КЫЗДҮЙНӨ. Футбол жылдызы Дэвид Бекхэмдин жубайы Виктория Лос-Анжелесте көз жарып, кыз төрөдү. Атактуу "Спайс Гйелс" тобунун солисткасы менен Англиянын экс-капитанынын ортосундагы бул төртүнчү бала. Буга чейин алар 11 жаштагы Бруклин, сегиз жаштагы Ромео жана беш жаштагы Крузду тарбиялап келишкен. Бекхэмге бешик бооң бек болсун деп кое береличи укпаса деле.

ЭПДҮЙНӨ. Англиянын Шепрет айылынын тургундары жаңы ачылыш жасашты. Айылдагы сыракананы жаап салышкандан кийин бийликке ачуусу келген тургундар илгерки замандан калган телефон будкасын ичимдик сатуучу пабга айландырышты. Кол те лефондор пайда болгондон бери колдонулбай калган будканы жергиликтүү бийликтен шарттуу түрдө 1 фунт стерлингге сатып алган ишкер "Ит жана сөөк" деген аталыштагы сыраканага кошумча текче жасап ичимдик сата баштады. Эми шепреттиктер дүйнөдөгү эң кичине сыракана катары Гиннестин рекорддор китебине кириши күтүлүүдө.

ШОКДҮЙНӨ. Флоридалык Джон Херн жумушка дайыма велосипед менен барат. Жакында уктап калып жин ургандай катуу ылдамдыкта ишине шашып баратып жол боюна чуркап чыккан аюу менен кагышып кетти. Болжол менен 140 килограммга жакын салмактагы аюуну көргөн Джони дароо качып жөнөгөн. Ал эми айбан болсо да велосипедге кызыгып кармалап аткан аюуну машинада бараткандар чөнтөк телефонуна сүрөткө тартып алышыптыр.

ЖАТДҮЙНӨ. Италия премьер-министри Сильвия Берлускони менен 18 жашка чыга элегинде жатып жүргөн марокколук сулуу Карима аль-Маруг боюнда болуп калыптыр. Кол тийбестиги алынган өкмөт башчысын камакка алалы деп полисайлар аракет көрүшсө, бала аныкы эмес, жигитим Лука Риццонун баласы деп билдирди. Мен мурда болгону 13 жолу гана Берлускони менен жаткам деп таңкалтырган Кариманын саясатчыга доосу жок имиш. Мурда полисайларга кысым жасап келген 74 жаштагы саясатчыга жашы жете элек кыз менен жаткандыгы үчүн кылмыш иши кайра козголсо 12 жылга камалышы мүмкүн. Бизде мыйзам күчтүү болсо кыргыздар чиновниктери жок калсак керек.

СҮЙДҮЙНӨ. Кытайдын Хэнань аймагынын тургуну, 29 жаштагы Лю Пэйвэнь 23 жаштагы сүйгөнү Лин Сюэнин колун сураса, тиги сулуу мени сүйсөң 500 мил (800 километрден көп) аралыкты басып өтүп сүйүүңдү далилде дептир. Анткени Лин сулууга жаккан ырдын мазмунунда мен сен үчүн 500 мил аралыкты жөө өтүп болсо да баргым келет деген саптар бар экен. Сүйгөнүнүн сөзүн эки кылбай 1000 милдик (1600 километрден ашык) аралыкты басып өтөм деген жигит сапарга аттанды. Ал тарыхта 1000 милди басып өтүп сүйгөнүнүн эшигинин алдында кулап түшкөн биринчи адам катары катталууну туура көрүптүр. Башында тамашалап койгон сулуу Люнун мындай кадамына ичи жылып, кандай гана кырдаал болбосун мен ага турмушка чыгам деп маалымат каражаттарына билдирди.




  KYRGYZSPORT

Спорт ден соолук эле эмес, атак-даңк, жеңиш ырахаты да
(Башы 13-бетте)
Жеңилгенди жаман көргөн Сатыбалдиев
Волейбол федерациясынын президенти болуп бериңиз деп топ чапкычтар кайрылгандан бери экс-башпрокурор спорттун бул түрүнө жакшы көңүл бурду. Учурда волейболду мектеп программасына киргизбейлиби деп демилге көтөргөндөр болуп атат. Анткени жараты аз бул спорттун түрү чабал болуп бараткан кыргыз балдарынын алп болуп чоңоюп, бийиктикке умтулууга тарбиялайт эле деп адистер ойлошот экен. Элмурза Ракиевичтин өзүнүн айылынын атынан коюлган үч волейбол клубу бар. "Салам-Аликтин" кыздары да, балдары да такыр жеңилбегенинин себеби бар. Утулганды жаман көргөн саясатчы өз командасына күчтүүлөрдү топтоп алган. Күйөрмандар "Салам-Аликке" каршы жан үрөп жатканын байкаган федерация президенти кийинки сезондо аттуу-баштуу кыйын топ чапкычтарды башка клубга берип, жаш балдарды гана алып калам деген планы бар тура. Ар эки аптада эле волейбол майрамын уюштуруп жаткан волейбол федерациясы командалык спорт түрүнөн үлгү көрсөтүп жатканын көпчүлүк жашырбайт. Баса, федерация президенти өзүнүн жоро-жолдоштору, тегерегиндегилери менен биргеликте аптасына үч жолу топ ойноорун да айта кетели.
Мухтардын керээзи
Нарындан волейболист чыкчу беле деген сөзгө чычалап "Теңир-Тоо-Замандаш" деген клубду кармап келген "Замандаш" партиясынын лидери, маркум Мухтарбек Өмүракунов Нарындын командасы да чемпион болот деп теңир-тоолук спортчуларга жаңыдан өзгөчө көңүл бура баштаганда шум ажал алып кетти. Инисинин баштаган ишин жерге калтырбай учурда "Теңир-Тоо-Замандаш" волейбол клубунун ишин анын агасы Эмил улантып, патриот жигиттин арбагы ыраазы боло турган аракеттерди көрүп жатат.
Мирлан Амантуров деген асфальт-бетон чыгаруучу заводдун жетекчиси бар. Ысык-Көлдөн биртоп байлар чыкканына карабай жалгыз өзү жалаң көлдүк жигиттерден куралган "Жаңы-Муун" деген команда ачкан. Иши оңунан чыгып, өткөн аптада жыйынтыкталган Кыргызстандын көп турдуу чемпионатынын күмүш медалдарын тагынышты.
Кадимки "Аюу", "Тан", "Артезиан" соода маркасы менен таанылган фирма Нарындын айылында жүргөн балдарды топтоп келип аларга жумуш берип, "Улар" деген волейбол клубун ачышкан.
Учурунда Өмүрбек Кутуев жана Рысбек Керимбаевдин демилгеси менен түзүлүп, кийин унутулуп калган "Динамо" спорт клубуна экинчи өмүр берип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орунбасары Алым Козубаев жакшы аракеттерди көрүүдө. Анын талабы менен азыр кызыл шапкечендердин көбү топ ойноп калышты. Жакында бул клуб КМШ өлкөлөрүнүн арасында болчу турнирге катышуу үчүн Москвага жөнөйт.
Нарындын губернатору Канатбек Муратбеков жыл сайын жайдын этегинде атасына арналган турнир өткөрүп, нарындыктарга машине сайып берчү. Быйыл губернатор кызматын ээлегенден кийин бүткүл Кыргызстан боюнча топ чапкычтарды чакырып байгеге машина коем деп убада берди. Ушундай эле убаданы ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков берип, Курманжан датканын 200 жылдыгында алайлык кыйындар волейбол боюнча райондор аралык турнирге машина коюп берерин кыйытканы белгилүү.
P.S. ордуна
Спорт - ден соолук булагы, улуттун келечеги деп миң какшаганыбыз менен мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбаса аны өнүктүрүү кыйын. Базар экономикасынын шартында кыргызда байлар көбөйдү. Бюджет төшөгүн ары тартса башы ачылып, бери тартса буту ачылып турган мезгилде ошол байларыбыз тырышпай, спорт тармагына салымын кошсо өздөрүнө деле жакшы го. Анткени, паланчанын командасы утуп алыптыр деген жаңылыкты уккандагы чоңдордун ырахаттануусунан ашкан сезим жок экенин өздөрү айтып жүрөт. Байлыгын аркы дүйнөгө деле алып кете албаган соң, жаштарды спортко тартып соопчулук иш жасашса кана дегендер чекеден чыгат. Спортту колдогон бизнесмендерге жеңилдик берип, көп жерлерде артыкчылык көрсөтүшсө алар деле спорт клубдарын кармаганга кызыкдар болоору айтылып жүрөт. Африка өлкөлөрү спортчуларды тарбиялап жан багып жатканын көпчүлүк биле бербейт. Уругвайдын дүйнөлүк чемпионаттагы ийгилигенен өлкөдө футболчуларды тарбиялоо мамлекеттик планга киргизилиптир. Бир жыл өтүп-өтпөй жакында эле Уругвайдын мадырабаштары жаштар арасында дүйнө чемпиону аталышты. Болбосо, дүйнөлүк чемпионатка барууга каражат таппай калган өлкө курамасынын чыгымдарын ушул өлкөнүн капитаны, футбол жылдызы Диего Форлан жалгыз көтөргөнү кийин белгилүү болду. Ал эми Польша, Куба сыяктуу Кыргызстанга окшогон кичинекей, кедейирээк өлкөлөр волейболду мектеп программасына киргизип алышып, азыр Россия, Бразилия менен тең тайлаша медаль талашып жатышат.
Бетти даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ