15.07.11 - 20-бет:
  Жайытты бакканды билсең

Жайлоодо жатсаң сонун да

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жайлоо, жайыт деген түшүнүк баарыбызга жат эмес. Кайран СССР кыйрагандан бери ошол жайлоолорубузга кетчү жолдор, көпүрөлөр талкаланып, көпчүлүк алыскы жана орто аралыктагы жайыттарыбызга чабандар жете албай калышкан. Чөнтөгү тешик бюджет жакты карагандарга эки алаканын жайып акча жок деген өкмөттү көрөсүң.

Жайыттарыңды бери кой, эл жашаган аймактагы көпүрөлөр каралбай, жадагалса борбор шаардагы четирээк жактагы жолдордун тамтыгы чыккан. Ушундай учурда дээрлик Кыргызстандын ар бир айыл өкмөтүндө жайыт комитеттери түзүлүп, аны уюштуруу, аларды окутуу үчүн АРИС уюму 4 миллион доллар каражат кетирсе, эми ирденип калган жайыт комитеттеринин ар бирине 200 миң сомдон грант берип биртоп көйгөйлүү маселелерди жоюп жатышыптыр. Баса, өлкө боюнча 459 айыл өкмөтүнөн 5 гана жайыты жок айыл өкмөтүндө жайыт комитети жок экен. Жайыт комитеттер жалпы элдик чогулушта жыл сайын малдын башынан алынчу салыкты такташып, ар он эки айда жайыт комитеттеринин курамын шайлап турушат. Андан соң ошол айыл өкмөткө кирген 4-5 айылдын тургундары эң көйгөйлүү деп эсептелген долбоор сунушташат. Мисалы, АРИСке жиберилген долбоорлордун көпчүлүгү жайлоого кетчү жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоону максат кылган долбоорлор болсо, айрым учурларда гана мал сугаруучу жайларды куруу же чөбү жок такыр болуп бараткан жерлерге чөптүн үрөнүн себүү жагы айтылган.
Учурда айыл чарба инвестициялары жана кызматтары долбоорунун алкагында кандай иштер болуп жатканы тууралуу долбоордун координатору Кубанычбек ИСМАИЛОВ төмөнкүлөргө токтолду:
- 2008-жылдан баштап Кыргызстан боюнча 454 жайыт комитеттери түзүлгөн. Аларга ар бирине 200 миң сомдон грант таратыла баштады. Бүгүнкү күндө 320 жайыт комитети тиешелүү гранттарды алып, максаттуу колдонуп жатышат. Жалпысынан 70 миллион сомго жакын каражат таратылып бүттү. Буюрса дагы калган 134 жайыт комитети өздөрүнө тиешелүү каражатты колдоруна алышат. Жалпы республика боюнча 454 жайыт комитетине 90 миллион сомдон ашуун акча берилет. Жакшы жери ар бир берилген гранттын бир сомуна жергиликтүү жааматтар 60-70 тыйындан үстүнө кошуп жатышат. Ошондо бир долбоорду бүтүрүүгө биз 200 миң каражат берип жатсак, алар жалпы эсеби 300-350 миң сомдук иштерди бүтүрүшүүдө. Бул жайыт комитеттеринин бутуна туруп, өзүнүн иш аракеттерин өздөрү жасап жатканын билдирет. Ошондо Кыргызстан боюнча 90 миллион сомдук эмес 150 миллион сомдук долбоорлор бүткөнү жатат.
Апта башында Таласка кире бериш жердеги арканын жанында жайыт комитеттеринин мүчөлөрү менен АРИС адистеринин катышуусунда көчмө жыйын болуп, ал жерде Талас облусунун төрт айыл өкмөтүнүн жайыт комитеттерине 200 миң сомдук сертификат тапшырылды. Андан соң чогулгандар долбоордун алкагында курулган Ош-Бишкек жолунун жээгиндеги таластыктар чыкчу жайлоого кетчү Өтмөк көпүрөсүнүн ачылыш аземин өткөрүштү. Баса, эгер белгилүү бир көйгөйлүү маселе эки же андан ашык айыл өкмөттөрүнө тиешелүү болсо, биргелешип бүтүрсө болоору ушул жерден билинди. Анткени Таластын Нуржан жана Долоно айыл өкмөттөрү биригишип өтмөк көпүрөсүн жана Кызыл-Жар жолун сүрдүрүүгө 564142 сомдук каражат жумшап, элге пайдасы тийген чоң иш бүтүрүштү. Бул каражаттын 402250 сому АРИСтен берилсе, элдин накталай салымы 15600 сом, ал эми материалдык жана жумуш түрүндөгү салым 146292 сомду түзгөн.
Сөзүбүздүн аягында ошол көпүрөнүн ачылышында бата берген аксакалдын "Дүйнөлүк банк акча бере берсин, АРИС элге бөлө берсин" деген кыскача каалоосун айта кетсек. Анткени коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) көп жылдан бери жалаң гана элге пайдалуу жумуштарды бүтүрүп келе жатканы талашсыз. Кыргыздар бекер болсо уксус да таттуу принциби менен сырттан келген жардамдарды ойда жакшы көрөөрүн кантип жашырабыз? Бир гана эл өзү долбоор менен тиешелүү жактарга кайрылышы керек. Мына жайыт комитеттери түзүлүп, бир сыйра 200 миң сомдук гранттын колдоосу менен маанилүү иштерин бүтүрүп алышты эле, кийинкиде өздөрү эле мындай иштерди өкмөттү карап отура бербей, жалпы элдин катышуусу менен чечип алууга көздөрү жеткенин жайыт комитеттеринин мүчөлөрү жашырышпады.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




  Кекиртектен чыккан көйгөй

Кыргызды кымызы кырбасын…

Кыргыз кымыз ичмейинче кыргыз эмес да. Өзгөчө чыныгы тоолук жигиттер шаарда жүрсө да айылдан кымыз алдырып ичип турушат. Атактуу Суусамыр жайлоосу өзүнүн касиеттүүлүгү менен айырмаланып, илгери "оо, Суусамырдын кымызы тура" деп сыймыктана иччү улуттук суусундугубуздун учурда баркы кетти. Азыр эл арасында Суусамырдан кымыз албай эле койгула деген сөз тараган. Эмнеге антип жатышат деп өткөндө мен да жолдон кымыз ала келгилечи деп жакындарымдан сурандым эле, 160 сомум жөн кеткенин түшүндүм. Атайын Суусамырга барып кыргыздын кымызынын аброю эмнеге түшүп жатканын билгенге аракет кылдык.

Көрсө, илгери биз сыймыктанып ичип жүргөн убакта бээ саагандардын кымызын бат эле талап кетишип, кымыз саткандар "юпи сыяктуу эле порошокту сууга чылап койсоң кымыз болуп калса э, чылап эле сата берсең…" деп кыялданышчу экен. Пул тапкычтардын кыялын орундатканга баягы эле кытайлар жардамга келиптир. 4-5 жылдан бери ошол жок нерсенин баарын ойлоп табышкан көзү жымшыктардан келген ак порошокту сууга чылап саткан кымызчылар ойда байып атышкандарын байкагандар көп. Бул оңой оокаттын бир нече эсе пайда алып келгенин мындай эле санап көрсөңүз болот. Болжол менен бир литрге 10-15 сомдук порошок кетсе, суу бепбекер. Чылап туруп эле 70-80 сомдон ура беришет экен. Күнүнө жок дегенде 100 литр сатканда эле 5-6 миң сом табышат. Бир айда 200 миң сом асмандан түшүп жатса, алар "жайлоого" чыкпай анан ким чыгат? Мейли, жанын багып жатышат деп көз жумуп коеюн десең, кытай порошогунун жакшы-жаман жактарын изилдеп көргөн киши жок.
Мындан 3-4 жыл мурун Суусамырдан кымыз ичишкен бир машиненин жүргүнчүлөрүнүн баары өлүп калып, рулдамын деп ичпей койгон айдоочу гана тирүү калган окуя болгон. Анда кымыз куйган чаначка жылан түшүп калып уусун чачып ийиптир деген жомоктогудай жооп болгон. Ошондо айрым билермандар болду-болбоду порошоктун курамында ашыкча бир нерсе болгон деп айтышкан. Ал окуя унутта калганы менен күндөн-күнгө Суусамырдан же Ош базарынан кымыз сатып алгандардын даамы начар экен, анан ичти оорутуп жатат деп арыздангандары күчөп барат. Журналист катары Суусамырда кымызды кантип сатышаарын элге түшүндүрүп, сак болууга чакыруунун аракетин көрдүк. Кадимки кардар катары жол боюндагы боз үйгө кирип кеп баштадык:
- Ассолом алейкум!
- Алеки салам!
- Кымыз барбы?
- Бар.
- Канчадан?
- 5 литрге чейин алсаң 80 сомдон, андан көп алсаң 70 сомдон беребиз.
- Кымызыңыз порошок эмеспи?
- Жок ай, ким айтты биздикин порошок деп?
- Дайыма каттаган айдоочулар жол боюндагылардын баарынын кымызы порошок деп жатышат го?
- Ал тээтиги жактагы катар турган кымыз саткычтардыкы. Мен чабанмын, көрдүңбү тиги желеде бээлер турганын. Алардыкында 20 чатырга бир желе туш келип турбайбы.
- Атыңыз ким?
- Ой, сен кымыз аласыңбы же мени менен таанышканы келдиңби?
- Порошоктон кантип кымыз жасаганды сиз көрдүңүз беле?
- Эй, иничек, кымыз алсаң ичип көрүп жакса алып, жакпаса кете бер да, мага порошок-морошок деп башымды оорутпай…
Чындыгында желеде бээлери турган чабандар өзүн жаманатты кылгысы келбей катары менен тизилген кымыз саткычтардан алысыраак конуп, өзүнчө тирилик кылышат экен. Ал эми жанагы шек санап жаткандарга желеси жок эле кымыз сата бересиздерби деген суроо берсек, биздин жайлоо алысыраак, күндө эртең менен алып келебиз ал жактан деген жоопту угасыз. Кымызыңызды ичип көрсө болобу, мынча литр алат элек дегендерге таза кымыздан ичиришет экен дагы, идишке куюп бергенде эле порошокту айдап ийет тура. Аны ичип көрүп, бул жанагыга окшобойт го десең, ой эми эле сүт куйганбыз, ошого башкача сезилип жатат деп жооп табышат. Биз Суусамырда кымыз порошогун иликтеп жүрүп, учурда курут, кытайдын жумурткалары да атайын порошоктордон жасалып жатканын угуп таң калдык. Курут го мейли, жумуртканы кантип жасайт деп суроо узатсак, кантип жасаганын билбейбиз, бирок ушул жактан жасалып чыгып жатканын ишенимдүү булактардан уктук деп Кытайдан жүк ташыган соодагер эже оозду ачырды.
Улуттун келечегин ойлоп, эмне жеп, эмне кийип жатканыбызды текшерүүгө алган адам жок. Кытайдын алмасын керек болсо курт жебейт экен. А кыргызбай арзан деп кемирип атат. Уругубузду алсыздандырып, жок болуп кеткенде үйлөрүн сатып алып отуруп эле басып алабыз деген пландары бар экен деп айылдагы саясатчы чалдар кеп куруп отурушат. Кулагыбыздын сыртынан кетире берип жок болуп кетпесек эле болду.
Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ