mainkaptal
Пользовательский поиск
  Түпкүлүк

ОСМОН ИМПЕРИЯСЫН КЫРГЫЗДАР ТҮПТӨГӨНБҮ?

9- июлда жазуучу Асыкбек Оморовдун "Осмон империясы жана азыркы Түркия" аттуу тарыхый-илимий эмгегинин бет ачары болуп өттү. Ачылыш аземге жазуучулар, тарыхчылар, окумуштуулар ж.б кыргыз элине белгилүү коомдук ишмерлер чогулуп, бул жаңы тарыхый чыгармага өз бааларын беришти.

Асыкбек Оморов Фрунзе политехникалык институтун, кийинчерээк Россиянын Новосибирск шаарындагы Геодезия жана картография институтуна тапшырып, геодезия инженери кесибин алып, көп жылдар Россиянын, Монголиянын шаарларында эмгектенген. Ал 30 жылдан ашык "Чынгызхан", "Темирлан", "Осмон империясы жана бүгүнкү Түркия" жана "Атилла" деген тарыхый китептери үчүн материалдарды Евразиянын 16 мамлекеттеринен баалуу тарыхый булактардан чогулткан. Анын буга чейин жарык көргөн "Чынгызхан" аттуу илимий-популярдуу чыгармасы Мустафа Кемал Ата Түрк атындагы эл аралык илим жана маданият уюму тарабынан "ХХI кылымдын эң мыкты тарыхый китеби" деп табылып, алтын медаль менен сыйланган.
"Осмон империясы жана азыркы Түркия" деген китебинде ал дүйнөлүк тарыхта белгилүү болгон, VIII кылымдын аяк ченинде Орто Азия чөлкөмүндө кышкысын кар жаабай ондогон жылдарга созулган кургакчылык болгонунун, ошол улуу кургакчылыкта көчмөн элдер туш тарапка чачылганы, кайсы бир уруу Орто Азия чөлкөмүндө Енисейге көчкөнү, ал эми Чаткал өрөөнүнөн жана Бермет туздуу көлдөн 500дөн ашык каңды уруусу чогулуп, уруу башында турган Сулайман деген адам кичи Азия чөлкөмүнда жашаган сельжук уруусуна көчүп барып, сельжуктардын султаны Ала ад-Дин Кейкубаттан Эскишехир (азыркы Анкара шаары) аймагына жашоого уруксат алышканын айтат. Кийин Сулаймандын баласы Эртагрыл баатыр уюштургуч, көсөм болуп чыга келип, ал Эскишехирди эле коргобостон баатырлык менен салгылашып, Анадолу менен Изник аймактарын Византия империя бийлигинен тартып алганы, Византия империясы өз тарыхында сельжук бийлиги менен кыргыздардын биргелешкен чабуулунда эки жолу жеңилүүгө дуушар болгону баяндалат. Экинчисинде Сулаймандын баласы Эртагрыл Византия империясын биротоло жеңип алат. Кийин анын баласы Осмон да акылдуу, көрөгөч, уюштургуч, баатыр чыгып, 1299-жылы Осмон империясын түптөп, өзүнүн атын берип империяны көзү өткүчө, 1324-жылга чейин башкарган биринчи император катары тарыхта калат. Бийлик муундан муунга өтүп отуруп Осмон империясынын тарыхында 1923-жылга чейин 37 император башкарып, эң узак башкаруу катары алты кылымдан ашык, тагыраак айтканда 632 жыл, кыргыз улутундагы Осмон империясы болуп дүйнөлүк тарыхта аты калды деп айтылат бул эмгекте.
Натыйжада азыркы түрктөр биздин бир туугандар. Алардын түпкү теги кыргыздар. Ал эми учурда түрктөрдүн мурду коңкоюп, Европа түспөлдөшүп кеткени кезинде Сулайман европа улутундагы аял алып, андан кийин бүтүндөй эли европа улутунан үйлөнүүнү мода кылып алгандыктан, азыркы түрктөр кыргыздарга окшошпой калган.
Дагы бир так деп эсептелген фактыга таянсак, XI кылымда Византия империясы менен Осмон империясы согушат. Изник шаарында Осмон империясы жеңилип баратканда кыргыздардан жардам сурап кайрылат. Катуу салгылаштын биринде сельжуктардын жоокерлери жеңилүүгө дуушар боло баштайт. Ошондо 30 миң кыргыз атчан жардамга барып чыгыш жак капталдан "чапкыла", "ургула", "каапырларды өлтүргүлө" деген үндөр менен ат минген жоокерлер пайда болуп, рыцарларды четинен өлтүрө башташкан. Жогоруда аталган кыргыз тилиндеги ураандар бүгүнкү күндө да Стамбул шаарында түрктөрдүн архивдик тарыхында сакталуу турат. Рыцарлар менен болгон согушта сельжуктар кыргыздардын жардамы менен Византия империясынын Изник шаар чебин талкалап, биротоло өзүнө караткан. Ал кыргыз баатырларынын урматына 2004-жылы Түркиядагы КР элчиси Төлөмүш Океевдин демилгеси менен Изник шаарына эстелик тургузулган. Ал эстеликтин ачылыш аземин жасоого экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев биртоп жолу чыгынып, бирок ар кандай себептер менен жолу ачылбай келген. 7-апрелден кийин Алмазбек Атамбаев дал ошол Изник шаарына барып эстеликти ачып, кан чыгарып, өз сөзүндө түрк элинин башына оор күн түшүп турганда ушинтип кыргыз баатырлары жанын аябаганын айтып Кыргызстандын ага чейинки карызын кечтирип, чөнтөгүнө дагы акча сала келген.
Китептин ачылыш аземинде Асыкбек Оморовдун өз улутунун тарыхын тактап, улуттук иделогиянын негизин түзгөнгө чоң салым кошуп жатканы айтылып, бул эмгеги мамлекет тарабынан бааланыш керек деп белгиленди. Чындыгында эле буга чейин түрк боордошторубуздун акчасына кызыгып алардын идеологиясын жүргүзүүгө көмөктөшүп, байыркы эл деп эсептелген кыргызды тескерисинче түрк атанын балдары деп келишкен тарыхчыларга караганда А.Оморовдун эмгеги бардык жагынан колдоого арзыйт.
Зайырбек
АЖЫМАТОВ




  Майкечен маек

Ырчы
Клара АЛИБЕКОВА:
"Татыктуу адам чыкса жашоомду жаңыртканга даярмын"
- Чыгармачылыктан алыстап уулуңуз менен алышып жаткан кезиңиз экен. Балаңыз мектеп курагына келип калса керек?
- Буга чейин Жалал-Абадда ата-энем, уулум менен турдум. Азыр ыр жаздырып, клип тарттырайын деген ой менен борборго келдим. Чыгармачылыкка кайра киришсем деген ниетим бар. Августтун аягына чейин бул жакта жүрүп уулумдун окуусу башталганда кайра кетем го. Көпкө чейин сахнага чыкпай жүргөнүмдүн себеби жеке жашоомо, уулума байланыштуу болду. Байэлди ата-энеме түртө салбай өзүм кашында болуп тарбия бергим келди. Ансыз деле төрт айынан бери атамдар колунан келген жардамын берип, көзүмдү карап келе жатышат. Буюрса, быйыл уулум мектепке барганы турат. Азырынча ошол жакта эле ата-энемдин колунда туруп билим алат окшойт. Кийин шартты байкаштырып борборго алып келишим мүмкүн.
- Атасы биринчи класска киргенде барабы?
- Мен Байыштын уулум менен кабарлашып турганына каршы эмесмин. Атасы такыр эле дайынын билдирбейт дегенден алысмын. Кээде уулуна каралашып үстү-башын жаңыртып турат. Телефон чалып сүйлөштүрөбүз. Телевизордон көрсө маңдайына чуркап келип Байыш атам деп кудуңдап калат. Экөөбүз ажырашып жатканда элдин аялдарындай болуп документ даярдап алимент кестирип алганга жараган эмесмин. Байыш уулуна өз эрки менен жардам берип келет. Бергенин алабыз, өзүбүз сурабайбыз.
- Чыгармачылыгымды жандандырайын деп жатасыз, баары эле каражат маселесине такалат, колдоо көрсөткөн адамдарыңыз барбы?
- Азыр чын эле ар бир кадамың акча болуп калды. Мисалы, мурда мен жаңы чыккан кезде ырдаганымды жактырган куудул Жаныбек Алыкулов бекер эле борборго алып келип сахнага чыгарып, көпкө чейин колдоо көрсөтүп жүрдү. Бүгүнкү күндө баары өзгөрдү. Мен буга чейин иштеп каражат деле чогулткан жерим жок, иштешели деп кызыгып сунуш киргизгендер да боло элек. Азырынча өз күчүмө таянып жаткан кезим.
- Бир убакта атыңыз алыска таанылып, элдин баары сиздин ырлар менен жашап калган. Күйөрмандарыңыз сизден көп нерсени күтүштү эле, алардын ишеничине кайра кантип кирсем дейсиз?
- Ушинтип суроо берээриңизди алдын ала сезгем. Ооба, убагында бир ыр ырдай турган жерде элдин суроо-талабы боюнча төрт ыр ырдап күйөрмандарымдын алкышына татычумун. Албетте мага ошончолук ишенимин артып, колдоп-коштогон күйөрмандарымдын алдында мен милдеткермин. Кийин сахнадан көрүнбөй калганда да телефон чалып, сен ырдашың керек дегендер көп болду. Мага ишеним арткан күйөрмандарды жоготуп албасам экен деп дагы колуман келишинче изденип жатам.
- Ырчылыктан сырткары болсом балким тагдырым башкача болмок деген өкүнүү болбойбу?
- Менин азыркы турмушум Кудайдын буйругу менен болду деп гана билем. Байыш менен кыз-жигит болуп бир жылдан ашык сүйлөшүп жүрдүк. Кийин ортодогу бузукулардын айынан уруша кетип көпкө чейин байланышкан жокпуз. Ошол бойдон чынын айтсам, кийин кайра табышабыз го деп үмүт деле кылган эмесмин. Буйрук менен кайра элдешип дүркүрөтө той бердик. Экөөбүздүн ажырашканыбызга чыгармачылык себеп болгон жок. Тескерисинче чыгармачылык жактан бири-бирибизди колдоп, түшүнүү менен мамиле жасачубуз. Орто жолдон кайын журтумдун кийлигишүүсү ажырашканга алып келди. Кайненеме жаккан жок окшойм. Барганда кызматымды кылып, шаарга келсе ысык чайымды берип жылуу-жумшак узатчумун. Кайсы жеримен жаздым, билбейм. Кийин деле жашап кеткенге, очогумду бузбай сактап калууга көп аракет кылдым. Буюрбаптыр, эки жылдан кийин экөөбүз эки башка жолго түштүк.
- Балким өтө эле жооштугуңуз, боштугуңуз себеп болгондур?
- Мүнөзүмдүн өтө жумшак экенин үйдөгүлөр көп айтат. Мурда такылдаган тың кыз эмес белең, өзүңдү таштап салдың дешет. Мурдакыдай эле болчу деп маал-маалы менен эсиме келтирип турушат. Башында башкача болчумун, чын эле өзүмдү таштап салдым окшойт. Мага караганда сиңдим Жанара өзүнө да, сөзүнө да тың. Экөөбүз бир жылдары чогуу гастролдоп калганда кээ бир мен ойлонуп отурган маселелерди ал эки мүнөттө чечип салчу.
- Уулуңуз деле чоңойду, кайра турмуш куруп жаңы жашоо баштайын деген ой барбы?
- Атамдар балаң чоңойду, биз багабыз, турмуш куруп өзүңдү ойло деп жатышат. Туура айтышат. Бирок биринчи турмушта жаштык, мастык менен жаңылыштык кетиргенден кийин башың маң болуп калат экен. Адамдарга оңой менен ишенбөөчүлүк, өзгөчө өзүңө болгон ишеним солгундап калат тура. Жаңы жашоо баштайлы деп сунуш киргизгендер бар, (күлүп) өзүм эле "тормозить" этип жатам.
- Жалгыздыктан тажаган жоксузбу?
- Ата-эненин, бир туугандын, достун, күйөөнүн, айтор, ар биринин жолу ар башка.Ата-энеге айткан сөздү күйөөңө, күйөөңө айтчу сөздү ата-энеңе айталбайсың. Кайгырганда капаңды, сүйүнгөндө кубанычыңды бөлүшө турган адам ар дайым жаныңда болсо жакшы да. Кээде ушундай учурларда өзүмдүн жалгыз экенимди сезем. Кайра өзүмдү алаксытып, жалгыздыкка моюн сунбаганга аракет кылам.
Анара

ДҮЙШӨНАЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ