mainkaptal

Пользовательский поиск
  Көңүл чордонунда

Мегаком чыры, Рыкунованын ыры

Кыргызстандын экономикасы үчүн Мегаком компаниясынын канчалык мааниси бар экенин элита түгүл элеттеги элибиз да жакшы билип калды. (Менимче, билимдүүсүнгөн борбордогу элита дечүлөргө караганда алыскы-жуукту байкаган анык элдин каймактары элет аталчу карапайым адамдарыбыз болсо керек.) Ошону менен жыл сайын бюджетке 1,5 млрд.сомго чукул салым кошуп жаткан бул ишкананы кандай болсо да колдон чыгарбоо зарылдыгын түшүнүп турабыз. Кеп тырышып эле жакшы саан уй экен, эми бирөөгө бербейли дегендикте эмес. Мегакомдун айланасындагы афералык иштердин жумурткасын чегип көргөнүбүздө, 100 пайыз Кыргызстандын менчигине алып коюуга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктүн бардыгында. Азырынча мамлекеттин карамагына өткөн 49 пайыз акциябыз колубузда. Бирок кийинки кездердеги сот процесстери ошол үлүшүбүзгө да суук укурук ыргытчудай көп санаага салчу болду. Биздин сатылма сотторубуз (башкача айтуу кыйын), күн карама укук коргоо органдарыбыз кандай оюндарды ойноп ийет, күндө күмүш тапкан Мегаком өңдүү алтын тоогубуздан ажырап калбайбызбы деген ойлорго алдырбай койбойсуң.

Кызылы жок кыргыз соттору
Мегаком мүлк талашы сотто гана барып чечилчү маселе болчу. Соттон сотко сүйрөшүп отуруп, акыркы сөзүн айтчу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна да жеткенбиз. Эми чечилет дегенбиз. Тилекке каршы, 20 жыл аралыгында бүтүндөй коомубуздай эле ирип-чирип, былжып кеткен кыргыз сот бийлиги "гүлчатай" жүзүн көргөздү. Көп жазганымдай М.Бакиевдин сателиттерине чыркыратып туруп никесин кыйды. "БиМоКоМдун" мүлкүн аларга тартып берди. Белгилүү болгондой Мегаком кызыбызга көз кыскан күч күйөөлөр көп эле. Аттарынан да башыбыз адашып калган. Эсте калганы Кипрде (оффшордук аймак) туулуп, киндигин орустарга кестирип (Олег Огнянников, Леонид Рейман) тура калып эле Кыргызстанга чуркап келген "Пенвелл" деген компания апрель окуяларынан кийин "Альфа Телекомду" өзүбүздүн сотторго бере салып, катары менен жайлап чыгып келаткан. Эки сотто тең (райондук, шаардык) эңип кеткен. Дагы коомчулуктун кысымы, УӨ өкмөттүн аракети менен араң токтотконбуз. Кокус Жогорку сотко жетсе эмне менен бүтөөрүнө деле көз жетип калды. Утуп эле кетмек экен. Анын жанында "Серпеус" дечү үзөнгүлөшү бар. Тек жайы Украинадан чыккан имиш. Бирок ал дагы оффшордук аймактарда туулган ойрон. Ошол жакта туулгандын баары эле соо "бала" болбойт экен. Көрсө, кеп туудургандарда турбайбы. Санжырага жакын жаныбыз ата-тегин сүрүштүрсөк, айтылуу М.Бакиевге барып такалат. Бул компания да биздин соттор аркылуу "уттум" деп тилин чайнап жүрчү. Кандай эле булар "ута" берет десек, балтанын сабындай болуп маселенин баары өзүбүздүн соттордо жаткан тура.

Өпкө кармаган Бекназаров, өзүбүздүн Рыкунова
Убагында УӨ мүчөсү болгон А.Бекназаровдун Мегакомду мынчалык талаштырбай эле 100 пайыз улутташтырып койгонго колу келген учуру болгон. Бакиевдер "жыттанат" деген мүлктөрдү көгөндөп турган мезгилинде Мегаком соода маркасы менен шугулданган "Альфа Телекомду" ("БиМоКоМ" да ушунун бир бутагы) алдына салып айдап келе бергенде эч ким, эч нерсе дей алмак эмес. Тескерисинче, Кыргызстандагы болгон-бүткөн революциялардын рыцары кайран Азикең, камчыланып жакшы эле качырып барганы менен казан толо эт кайнап турса, ошонун үстүндөгү калкыган өпкөсүн чолок найзасынын учуна илип алып (49 пайызын) бастыра берген. Жарыктык киши кур дегенде өз кадырын сыйлап жамбашы кайда дегендей кабак бүркөгөнгө жараган эмес. Айтымында, Мегакомдун 51 пайызында көз акыбыз бар дешип, тонун аңтара жамынган "пенвеллчилер" туурадан чыга калып атын үркүтүп ийиптир. Дагы жакшы, озунганыма жараша 49 пайызын илбедимби деп өзүн да, элди да сооротуп келет. Демейде ким көрүнгөндү тебелеп турчу Азикенин алкынган аргымагы бул жолу кандай эле үркүп туруп алганы табышмак бойдон калууда. "Альфа Телекомду" М.Бакиевдин оң колу А.Елисеев түзгөнү, ага чейин "БиМоКоМдун" тегерегинде алиги "Пенвелл", "Серпеус" компаниялары аралашкан азыткы оюндар болуп өткөнү Азимбек өңдүү бетинде тамтыгы жок (көп найза тийбедиби) рыцарга белгилүү болгон эмес деп айтуу кыйын. Ошону менен бул чатак Чубактын кунун быякка калтырып, чубалып эле келатат.
Баса, ошо барышында А.Бекназаров эзелки аты Роза Качиева, эмки аты Раушан Рыкунова деген келинди атына учкаштыра барып, Мегакомго таштап келген дешет. Бул эркек аттууну эки мүнөттө арбаган каракөз А.Бекназаровдун БЭК партиясынын белдүү мүчөсү болгон имиш. Азимбек акең соо жүрбөйт. Ар дайым кыргызды ойлойт. Ойлогону ушул, ошол калтырып кеткен Раушан Рыкунова айымы учурда Мегакомдун илебине бир жылынып алсам деген соттордун, бийлик лөктөрүнүн аты-жөнүн тергебей эле (эмнеге тергемек эле, жаш да) ачык айтып, абийирлерин күлдөй төгүүдө. Мунусу үчүн А.Бекназаровго алкыш жана дүңк дебеске аргабыз жок.

Рыкунованын ырларынан…
Рыцарь А.Бекназаров жай кишини учкаштырбай калсын. Раушан Рыкуновасы Жаңыл мырзадай кайраттуу жан экен, Мегакомдун картасын ачып салды. Кимдер кандай көзүрлөр менен ойногонунан өйдө айтты. Анын айтымында, башкы оюнчулар баягы эле балта сап сотторубуз, аларга ар түрдүү жолдор менен кысым жасаган үлкөн кызмат адамдары болгон. Макул, анын айткандарын жалган, жанына күч келгендеги жалаасы дейин десең окуянын жүрүшү, логикалык жагдайлар, жарыяланган соттук өкүмдөр бул келиндин тегин жерден сүйлөп жатпагандыгын далилдеп тургансыйт.
Сөзүбүздүн башында "Пенвелл" компаниясы кыргыз сотторунан катары менен эле утуп чыгып келаткан дегенбиз. Көрсө, "сырыбызды билип алган, үйүбүзгө кирип алган" бул компаниянын өкүлдөрү бардык инстанциядагы сотторду, мыйзам сакчысы деген Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн сатып алуу үчүн 1,5 млн.доллар жумшап жиберишиптир. "МК Азия" гезитине жарыяланган "Сдала всех" деп аталган макалада (12-18-июль, 2011-жыл) Раушан Рыкунова "БиМоКоМдун" Жогорку сотто кантип "жиликтенип" кеткенин, ал үчүн Башкы прокуратуранын башкармасынын начальниги Владимир Краснокуцкий деген неме Жогорку соттун убактылуу төрайымына 200 миң доллар, Момбеков дегенге дагы 200 миң доллар бергенин, бул акчаларды (400 миң доллар) "Пенвеллдин" өкүлү Артур Акопян бөлгөнүн айтып чыкты. Момбеков деген судья (атын унутуп калыптыр) мындан кийин да Раушан Рыкунованын өзүнөн 300 миң доллар алган экен. Көп өтпөй Момбеков эмнегедир иштен четтелип калыптыр. (Сыягы бөлүшпөй койгон го.)

Ушунун сөзү чын, эй
"Пенвелл" компаниясы өздөрүнүн пайдасына Бишкек шаардык сотунан да утуп кеткени белгилүү. Бул процесс да Р.Рыкунованын айтымында, шаардык соттун төрагасы Марс Жакуповдун судья Калиса Качкыналиеванын уулу аркылуу 400 миң долларды жалмап ийгени менен бүтүптүр. Бу, Калиса Качкыналиевасы ким болуп кетти десек, көп жылдардан бери Бишкек райондор аралык сотунда иштеп, жалаң гана экономикалык чыр-чатакка байланышкан маселелерди караганга адистешкен (каяктан бирдеме өөнөрдү билсе керек) айым экен. Рыкунова бул судья айым "Бител" компаниясына байланышкан соттук иштерде миллиондорду апчыган деген ойду айтты. Ошону менен кадимки Ч.Баекованын Эйват деген уулунун ортомчулугунда Жогорку сот менен алгачкы сүйлөшүүлөр болуп өтөт. Ал жигит Рыкунованы Жогорку соттун төрага орунбасары Эркин Токтомамбетовдун эшигин тээп кирип ээрчитип барат. Ошондо Эркин Божокоевич түз эле "канча бере аласыңар, канчасын мага, шефке канчасын" деп сураптыр. Канча берели десе кечинде айтам дептир. Кечинде "Троя" казиносунун жанына чакырып алып 300 миң долларды атап, "адегенде акчаны бересиңер, эртеси чечим колуңарда болот" деген экен эргул. Р.Рыкунова "ушунча сурап жатат" деп Артур Акопянга ("Пенвеллдин" өкүлү) айтат, анысы ары-бери майышымыш болуп жатып, акыры берет. Эркин Божокоевич менен экинчи жолугушуусунда ал жогорку кеп кылган Калиса Качкыналиевага "консультацияга" жиберет. (Ушунун өзү эле биздин сот системабыздын туташ коррупцияланышып кеткенинин белгиси эмеспи). Калиса эжеси аларды көргөнүнө аябай кубанып, акыры баш-аягы 700 миң долларга иштерин жайгарат.

Эми мамлекетке алышыбыз керек
Раушан Рыкунованын айтымында, "Пенвелл" компаниясы Мегакомду колго тийгизүү үчүн 7 млн. доллардын тегерегинде "чыгым" болуптур. Буга ишенүүгө болот. Кокус колго тийип калса бул каражатты аз эле убакыттын ичинде кайтарып алаарын сезип турабыз. "Альфа Телекомго" А.Силич "кедейкандык" кылып турганда оффшордук аймактарга 27 млн.долларды бир эле которуп оозубузду ачырганын унуткан жокпуз.
Раушан Рыкунова бул сөздөрүн айтканына көп эле күндөр өттү. Эң кызыгы, Жогорку соту болобу, райондук деңгээлдеби, аты аталгандардын бирөө дагы "жаныңды жегир, жалган айтасың" дегенге жараган жок.
Раушан айым албетте өзүнүн иши күч органдарында тургандан кийин албетте актанып атат дечи. Жогорку өзү айткан параларды бергендиги үчүн жооп берээрин деле айтып жатат (Мисалы, НТС каналынан ушундай сүйлөдү). Бирок соттордон, прокурорлордон баштап, эл ишенген Ө.Текебаев, атүгүл спикер А.Келдибековдун да аттарын ала жыгылышы көп нерсенин башын кылтыйтып тургансыйт. Булар деле талкан сугунуп алгансып дымып эле калышты.
Кандай болгондо да Раушан Рыкунова Мегакомду кимдер "мүлжүшкөнүн" аты-жөнүнөн бери ачык айтууда. Бул адамдар жакында өздөрүнө куюлган жугундудан оңой менен арыла албай калышты окшойт. Эң негизгиси өзүбүздүн соттордун, бийлик адамдарынын колу менен өгөйлөнгөн Мегакомду башынан сылап, тигилерден эси чыгып калган немени жакшылап апаптап, үстү-башын күбүп, жүз пайыз акциясын мамлекетке алып коюуга мыкты мыйзамдык, укуктук шарттар түзүлдү. Мындан башка оңу келбейт. Анткени соттор кантип сологонун, аларга кантип пара бергенин "Альфа Телекомдун" өкүлү Раушан Рыкунова өз оозу менен айтып отурат.
Дагы белгилей кетүүчү нерсе "Пенвелл", "Серпеус" компаниялары кийинки кездерде маалымат согушунун жаңы ыкмасын тандап алышкандай. ММКларда бири сүйлөсө, бир тыңшап, кайра бир-бирин толуктаган материалдарды жарыялашып тымызын күрөшүн улантууда. Талашканга "картөшкө" жок деп туруп экөөнү тең элден алыс кууганга мезгил жетти. Ал үчүн Мегакомдун иштерин бетинде кызылы, жүрөгүндө мамлекеттик кызыкчылык ойногон, жаңы дайындалган соттор карашы керек. Ашыкпайлы, иш ошого баратат.

Асан КОЗУЕВ,
тел.: 38-67-13




кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика