mainkaptal
Пользовательский поиск
  Көл жээгиндеги көкөй кести

"Бийлик Балыкчы базарына көңүл бурбаса самосуд кылабыз"

Балыкчылыктарды шаардагы эки базар гана багат. Эл ишенген аким, мэрлердин энөөлүгүнөн улам эки базарды тең айрым эргулдар башкарып, элге да, мамлекетке да кыйратып пайда алып келген эмес. Кербен базарынын сатуучулары атагы алыска кеткен Капар Мусакунов кланынын мурдагы, азыркы өкүмзордугун айтып, папке, шапке талашып аткандарга жеткирип коюубузду өтүнүшкөн эле. Өкмөт, парламент, президент кулакдар болуп бир натыйжа чыгар деген ниетте базардагылардын ачуу арманын ортого салдык.

Амантур Шаршекеев, Балыкчы шаарындагы Кербен базарынын эт сатуучусу:
- Базардагылардын алды 20 жылдан бери ушерде эмгектенебиз. Ошондон бери базарды Капар Мусакуновдун кланы каалаганындай калчап келди. Капар Мусакуновдун баласы Марат Мусакунов Балыкчы ветеринария башкармалыгынын начальниги болсо, кызы Кира, аялы Багира, дагы бир уулу Турат базардагы ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын (ВСЭЛ) адистери болуп иштешчү. Өзү болсо 75 жашка чейин ВСЭЛдин башкы адиси болуп иштеди. Булар ушунча убакыт кызматтык абалынан пайдаланып базардагыларды жакшы эле эзишти. Ошол себептен апрель революциясында балыкчылыктар Мусакуновдорду кызматтан алууну талап кылышып, Мамлекеттик ветеринария департаменти аларды кызматтан алган. Убакыт өтүп баары тынчыганда Мусакунов кланы сегиз баланы сотко берип, жалган жалаа менен көбүбүздү соттон сотко сүйрөп атат. Марат Мусакунов ветеринария илиминин докторумун деп он жыл бою мамлекеттен айына 600 сомдон алып келген. Жакында Илимдер академиясы анын ветеринария илиминин доктору да, кандидаты да эмес экендигин тастыктады. Ошого болбой эле булар бизди күнөөлөп, мурдагы кызматтарына ээлик кылууга аракет кылып атышат. Өкмөт, парламент ушундай маселелерди карап, чечип берсе болот эле. Азыр Мусакуновдордун өкүмзордугун көрүп туруп 7-апрелде революция болгонуна деле ишенбей кетип атабыз.
Өмүрша Бейшеев, эт сатуучу:
- Мусакуновдор менен 16 жыл иштедим. Ушулар келгени бизде тынчтык жок. Булар башынан эле таза этти сатып атсак деле ар кандай айыптарды салып акча алышчу. Кээде бизге өздөрү өлгөн уйлардын, жыттанып кеткен эттерин мажбурлап кымбат саттырган учурлары болду. Капар Мусакуновдун алкымы күндөн күнгө чоңоюп Балыкчынын ичиндеги сегиз бала бакчанын, ооруканалардын, Балыкчы училищасынын ашканаларына ээлик кылып, өзүнүн эт, сүттөрүн гана өткөзүп калган. 7-апрелде Мусакуновдор мурдагы кылгандарынан коркушуп, эл куубай эле өздөрү качып кетишкен. Алар жок бир жылдан бери жакшы иштеп калганбыз. Эми баары тынчыганда ал жөн жатпай прокуратура, сотторго арызданып, биз облустук, шаардык сотторго суракка барууга аргасыз болуп атабыз. Сотко өздөрү келбей адвокаттарын жиберип коюшат. Эптеп убара болуп барсак, сот процессин жылдыртып ташташат. Кыскасы, булар элди такыр кыйнап бүтүштү. Азыр Балыкчы эле эмес Тоң району, Ысык-Көл облусунун эли булардын кандай адамдар экенин жакшы айтып бере алышат. Булар Бакиевдерден айырмасы жок кишилер. Капар Мусакуновдун азыр Кербен базарында эле жеке менчик 16 объектиси бар. Мусакунов базардагы мамлекеттик лаборатория имаратын менчиктеп алып, азыр лабораториясыз калдык. Бул аз келгенсип, ал жаңы мэрге кол койдуртуп шаардын ардактуу атуулу болуп алыптыр. Ошонун аркасы менен шаар четинен олчойгон жер кестирип алган. Муну айтып, жазып кайрылбаган жерибиз калбады. Эми президент менен премьерге эле кайрылуу калды. Капар Мусакунов Балыкчы эле эмес өз айылындагы жерлердин көбүн басып алып, элдин малын камагандыктан айылдаштары анын эки машинасын өрттөп жиберишкен. Алар азыр буларды таш бараңга алабыз деп араң турушат. Ага болбой эле бул ар кайсы инстанцияларга арыз жазып, ар кимди каматып атат. Элдин азыр ушунчалык жаны кашайып жарылганы эле турат. Бийлик бул маселени туура чечип бербесе арты кандай болот, айтыш кыйын.
Жумагул Жумакунов, ветеринардык адис:
- Мен Мусакуновдор кеткенден кийин элдин сунушу, өкмөттүн буйругу менен ветеринардык адис болуп иштеп атам. Капар Мусакуновго апрель революциясынан бери мэрлердин да, соттордун, прокурорлордун алы жетпей койду. Бул мурдатан Балыкчыга диктатор болуп көнүп алыптыр. Атургай прокурор, соттор мунун ишин карагандан коркушат. Муну көрүп отуруп деги азыр өкмөт барбы же жокпу билбей да калдык. Балыкчы шаарынын элин эби жок эзген бир адамды тыйып, ага тиешелүү чара көралбаган өкмөт деги не деген өкмөт?! Арызданбаган, айтылбаган жер калбагандыктан азыр эл самосуд кылгандан кайра тартпай калды. Эгер өкмөт чечип бербесе жакында аргасыз ушул кадамга барабыз. Анткени сотторго ишеним болбой калды.
Аманат Мамырканова, сатуучу, Балыкчы шаарынын тургуну:
- Ушерде эт сатып иштейм. Капар аба тууралуу айта турган нерсе көп. Бу киши эң маданиятсыз, үй-бүлөсү менен текши пас адамдар. Булар базардагы адамдарга бузулган эт, тамак-аштарын саттырышып, алардын айынан далайлар банкрот болушуп үйлөрүн алдырышты. Жеке өзүм Мусакуновдордун айынан үйүнөн айрылган бирөөнү билем. Булар 7-апрелде качып кетишип, эми эч ким аларга тийишпесин билип алып каалаганын жасап атат. Капар Мусакуновдун былыктары бүт фактысы менен соттордо, бизде турат. Жергиликтүү, облустук, шаардык сотторго кайрылып, натыйжа болбогондо Башкы прокуратурага эки жолу кирдик. Атургай Аида Саляновага да жолуктук. Ал биздин адвокатыбыздын айткандарын маани берип уккан да жок. Кээ бир гезиттер биздин көйгөйүбүздү чагылдырса, Капар Мусакунов кайра алардын үстүнөн арыз жазып атат. Эми такыр айлабыз кетсе жакында Ак үй алдына чыгалы деп атабыз. Эгер биз мыйзам бузуп аткан болсок жоопкерчилик тартууга даярбыз, бизди соттошсун. Сотторго сүйрөлүп жүрүп соода кыла албай калдык. Капар Мусакунов базардагылар аптекамды өрттөштү, талкалашты деп сотко кайрылыптыр. А аптекасын баласы талкалап, кызы өрттөгөн. Анан кайра элге жалаа жаап атышат. Өзүнүн айылында болсо жөн жерден 16 адамды сотко бериптир. Баарынан кызыгы, айылынан өрттөлгөн машинени Балыкчыда да өрттөлдү кылып атышат булар.
Мамбеткул Муса уулу, эмгек ардагери, I топтогу майып:
- Менин айткандарымды Атамбаев менен Отунбаева укса жакшы болот эле. Азыр Балыкчы шаарында коррупциялык система катуу тамыр жайып, баары тонолуп, сатылып бүттү. "Сельхозхимия", "Кирпотреб" ишканасы толук тонолуп, ташылып кетти. Шаардын паркындагы балдар ойноочу карусель турушу менен жоголду. Шаардагы килейген объектилер, ишканалар болбогон акчага сатылып кетти. Келген мэр, акимдер тоноп эле кетип атат. Балыкчыдагы канча жылдан бери өстүрүлгөн кара бактарды Бекжанов деген мэр кыйдыртып пансионатына төшөттүрүп алды. Азыр Балыкчыда абага тараган цианид-калийден улам ар бир экинчи жапжаш балдар жүрөк оору, инсульт, кант диабети менен ооруйт. Ушу тапта күнүгө шаардан экиден өлүк чыгып атат. Эч бир мэр, аким бул тууралуу жогору жакка айтпай атат. Бейит толуп, коерго жер жок калды азыр. Балыкчыда союзу боюнча үчүнчү орунда турган элеваторубуз бар эле. Аны Кыдыкбек Исаев сатып Дубайга качып кетти. Азыркы бийлик аны неге кармай албайт? Кумтөр облустук бюджетке Балыкчы шаарынын калкынын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн деп, 16 жыл бою компенсация төлөп келген экен. Андан сырткары шаар бийлиги Кумтөрдөн ай сайын шаардын өнүгүүсү үчүн деп 5 миң доллардан алат экен. Ушул акчадан шаарга бир тыйын да жумшалган жок. Ушунун баары элдин жанына батып бүттү. Иш, аш, кийим жоктугунан балдар мектепти таштап жол жээгинде ар нерсе сатып калышты. Балыкчы элин азыр эки базар эле эптеп багып атат. Мени бийлик кессе кесип жиберсин. Биздин үнүбүздү укпаса жеке мен капчыгайды жардырып туруп, өзүмдү өрттөп жиберем. Парламент, бийликтегилер биринин артын бири чукушпай элге жакын болуп, элдин көйгөйүн угушпайбы.
Токтобек Өмүров, базардагы сатуучу:
- Чынында азыркы бийликтин жүргүзүп аткан саясаты элге жакпай атат. Бийлик алсызбы же эл турмушунун оңолушун каалашпайбы түшүнбөйм. Апрелден соң баары жакшырат деген үмүттөрүбүз таш капты. Карасак, азыр мамлекеттик кызматтарга мурунку эле жегичтер келип отурушту. Балыкчыда акыбал аябай эле оор. Бул жерде дыйканчылык да, мал чарбачылык да кыла албайсың. Караганыбыз эле базар. Эки жылдан бери базарда да соода начар. Базардагылар кредит алышып, төлөй албай жалгыз үйүнөн ажырап калып атышат. Шаарда 15-20га жакын автобаза бар эле алардын бири да иштебей, кээси менчиктелип, айрымдары таптакыр таланып кетти. Түштүктө чет өлкөгө кеткендер көп дечү элек азыр бизде деле жаштар калбай баратат. Минтип отурсак бара-бара Балыкчы деген шаар жок болуп кетет го.
Шайыргүл Тагаева, сатуучу:
- 10-15 жылдан бери базарда соода кылып жан багабыз. Апрель революциясынан кийин ижара акысы чечилбей азыр акча төлөбөй эле турабыз. Мурун бир павильон, орун үчүн 2000 сом төлөчүбүз. Кийин сыртка товар чыгарганыңар үчүн да төлөйсүңөр деп башташкан. Азыр ушуну чечип беришсе жакшы болот эле. Чынында Кербен базары кимге тиешелүү экенин мамлекеттик, шаардык бюджетке биз төккөн акчадан которулар которулбасын деле билбейбиз.
Мелис Совет уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ