mainkaptal
Пользовательский поиск
  KYRGYZ SPORT

Спорт ден соолук эле эмес атак-даңк, жеңиш ырахаты

Элибизде "Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат" деген сөз бар. Муну укканда айрымдар дүйнөдөгү байларынын саны боюнча алдыда турган АКШ эмне кылат болду экен деген суроону да беришет. Көрсө, Сэм байкемдин байлары пулу көгөрө баштаганда спорттун белгилүү бир түрүнөн команда сатып алып, жоро-жолдош, теңтуштарына ошонусу менен мактанышат тура. Менчиктештирүү башталгандан бери кыргыз чоңдору мамлекеттин байлыгын болбогон акчага сатып алышып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып өлкө байлыгын жерине чейин чекеден сатып отуруп ойда байышты. Эл өзүн-ички тышкы миграциянын жардамы менен багууда. Бюджеттин акчасы толугу менен эле креслодогулардын курсагына бара жаткандай сезим калчу болду. Ошол байларыбыз бир сыйра эки-үчтөн катын алышып, сонун жерлерге заңгырата там салышып бүткөндөн кийин, байлар дагы эмне кылчу эле деп бир сыйра дүйнө жүзүнө көз жүгүртүп, спорттук клубдарды ачышып же федерациялардын башчылыгына шайланмайды модага айлантып алышты. Алардын ичинен чын эле спортко салым кошуп жаткандары жок эмес. Өткөн сандарыбызда кайсы белгилүү саясатчы канча пансионатты басып жыгылганын, кимдин аялы ким экенин жазсак, бул жолу кайсы чоң кайсы спортко тиешеси бар экенин аныктадык.

Албетте Бакиев!
Өткөн президенттик шайлоонун астында "Албетте Бакиев!" деген ураан мода болбоду беле. Ал ураан эмес эле мыйзам болчу. Конституцияга эле кирбегени калбаса, илибой жерде Бакиевдер болуш керектиги жазылбаган мыйзам болгон. Ошол себептен ар бир үй-бүлө мүчөлөрү белгилүү бир спорт федерациясына президент, кээ бир учурда эки федерацияны колуна алып алышкан. Алсак, Курманбек Бакиев өзү дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңешти жетектесе, Бакиевдердин эркеси Максим күрөш федерациясынын президенти болуп, президент болуунун алгачкы даамын ошол жактан татып жүргөн. Дал ушул жердеги президент деген статус ага жагып, өлкө башчылыгына аттангысы келген ниетин айтып жүргөн. Салы аванын Адылбек уулу каратэ-до улуттук федерациясынын креслосунда чалкаласа, дзю-дону Марат Курманбекович басып жыгылган. Баса, качкын ажонун улуу баласы көзү тойбостугун ушул жерден да көрсөткөнүн айта кетпесек болбойт. Максимдин братаны ок атуу спортун да өзүнө алганына караганда көзгө атаар мергендердин кызматынан колдонгусу келген окшойт. Өтө "маанилүү" иштер менен "алаксып" жүргөн Жаныш Салиевич мен эмнеден кур калдым дегиче, ага болгону кыргыз түшүнбөгөн триатлон спорту тийип калган. Эмне болсо да мейли, мага баш ийген спортчуларым, президент деген статусум болсо эле болду деген Жаныш Бакиев триатлончуларды калкалап келген.

Авторитет болсо колуңда,президент болгон сонун да
Федерациянын президенттигине эмне эле кызыгышат десе, президент деген статустун өзү чоңдорго, байларга жакшы угулуп, анын артынан өлкө президенти болуп калсам ажеп эмес деп ырым кылышат тура. Анан да дапдаяр бир команда сага баш ийип калса, федерациянын шылтоосу менен чет жакка чыгуу, виза алуу жана башка жактарынан көп жеңилдик болот экен. Дагы бир жагы, сага кылмыш иши козголуп же бир саясый заказ болгон учурда кең далылуу спортчулар дароо сенин тарапкерлериң болгону биртоп эле саясый курал болуп берээри түшүнүктүү. Кыскасы, мартабалуу кошумча бийлик тизгини. Мунун жоопкерчилик, милдет жактары бар экенин баары түшүнбөй жатканы өкүнүчтүү.

Учурдагы чылбырлуу байлар
Өткөн жылдын 7-апрелинен кийин биртоп федерацияларда алмашуулар болгону менен ок атуу федерациясынын президенти деген статус дагы деле Марат Бакиевге таандык. Бокс федерациясынын президенти бир кезде СССРди багынтып жүргөн спортчу, учурда Ысык-Көл облусунун прокурору болуп турган Абдувахид Калмурзаев болсо, мурун бул федерацияны жетектеп жүргөн чоң муштум депутат Камчыбек Ташиев боксчуларга вице-президент. Камчыкенин өзүнүн жеке спорт клубу бар. Ал клуб бир гана чемпиондорду эмес президенттикке талапкер саясатчынын ишенимдүү жансакчыларын тарбиялап турат.
Баскетбол федерациясы өткөндө теледен федерацияга президент керек деп жарыя берип жатышты эле, автобизнес менен шугулданган Анвар Дунларов аттуу дунган улутундагы ишкер бул абройлуу кызматты басып жыгылды.
Мелис Турганбаев учурунда СССРдин чемпиону болуп спорт чебери деген наамга жетишсе да спортту таштабай, учурда эркин күрөш федерациясын жетектеп келет. ИИМ министринин орунбасары спорттун бул түрүнө чоң салым кошуп жатканын балбандарыбыздын эл аралык мелдештерде көрсөтүп жаткан ийгилигинен байкасак болчудай.
Грек-рим күрөшү федерациясынын президенти спорт чебери Арзыбек Кожошев.
Ал эми жалпы күрөш федерациясына, тоюс, Максим Бакиевдин ордуна Болот Абилдаевдин биртууганы, калың капчыктуу, эл аралык аренада аброю бар Бейшен Абилдаев шайланган. Бээжин олимпиадасында Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин ийгилигине ушул кишинин таасири тийген экен. Анткени эл аралык федерацияда ошол өлкөнүн өкүлүнүн авторитети жок болсо, ал жактан келген спортчуларды калыстар "чаап" коюшат тура.
Сноуборд федерациясынын президенти кадимки Турдакун Усубалиевдин небереси Эркин Сыргакович болуп алып, эл аралык мелдештерге көп катышканы менен чыныгы кыргыздарды тартпай жатыптыр.
Бетке кармаган жалгыз велоспортчубуз Евгений Ваккердин устаты Эркин Акрамов велоспортуна жооптуу болуп жүрөт. Бул тармакка жакшы көңүл бурулса Женя браттан кем калбаган кыйын велочуларыбыз чыгышы мүмкүн экен.
Жеңил атлетика федерациясына мурда башпрокурордун орунбасары болуп жүргөн Канат Аманкулов президент. Учурда Канат мырза Улуттук олимпиада комитетине катчы болуп шайланды. Бу жигит эл аралык мамилелерде өзүнүн кыйындыгын көрсөтүп, кыргыз спортуна чоң салымын кошуп келет. Татьяна Колпакованын турнирин эл аралык деңгээлге көтөрүп, Кыргызстанда өтчү бир гана лицензия берүүчү жарышка айлантты.
Генрих Балян деген жигит сууда сүзүү жана стол үстүндөгү теннис федерациясына жооптуу. Бул бизнесмен мырзанын "Сан-сити", "Карвен клуб" жана Ысык-Көлдөгү "Карвен 4 мезгил" деген пансионаттары бар экени белгилүү.
Дзю-до федерациясынын президенти Азамат Бакасов учурда Улуттук кооопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын камагында отурат. Ага ар кандай күнөөлөр коюлганы менен дзю-дочулар Азамат сүттөн ак жигит деп жатышат.
Амангелди Муралиев футбол федерациясына президент эле, ал премьер-министр болуп турганда көп нерсени жасаса болмок экен. Он жылдан ашуун убакыт президент болуп турса да эл күткөн нерсе акталбай калыптыр. Айбек Алыбаев деген сот департаментин жетектеп жүргөн, Бакиевдин жардамчысы болгон мырза учурда ФФКРдин башчысы. Мишель Платини, Зеф Блаттердин кабинетине кирип сүйлөшүп чыкканын билебиз, эмне кылып ийерин азырынча айтуу кыйын.
Спорт журналисттери федерациясынын президенти Улукбек Салымбеков.

Элдин каалоосун эске алышаар
Жаа атуу федерациясынын президенти Арсланбек Малиев болуп жүрүп эчтеке кыйратпаганынан бул спорттун сүйүүчүлөрү башкы шорочу Табылды Эгембердиевди кудалап жатышса, Табылды брат мен ордону жакшы көрөм дептир. Ой сиз деген патриотсуз да, жаа атуу бул кыргыздын улуттук спорту деп капчыктуу жигитти бул орунга шайлаганы калышты.
Теннис федерациясын учурунда ата-бала Танаевдер жетектеп жүрүп жалаң чоңдор менен байлар катышуучу элиталык спортко айлантып ийишип, анын иши жапма челектей көпчүлүккө билинбей өтчү. Учурда бул федерацияны теннис академиясынын ээси Марат Теңизбаев жетектеп атканы менен, бул орунга Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловду алып барганга көпчүлүк кызыкдар экен. Футбол магнаттары Аскар Салымбеков менен Совет Сакебаевдин спортко кошкон салымы тоодой. Болгон байлыгын аябай жүргөн миллионерлерге көпчүлүк волейбол клубун ачышса болмок деген сунуш айтып жатышат. Бир учурда экөө тең болгону бир турнирге "Абдыш-Ата" жана "Дордой" командаларын кытайдын "одноразовый" идиштериндей кылып катыштырышкан. Ошону менен дайны жок. Көптөгөн спорт комплекстерди салып ийишкен патриот жигиттерибиздин кулагына элдин сунушу күмүш сырга болсун.

Колу бошобогон Келдибеков, кароосуз калган алайлыктар
Оор атлетика федерациясына президент болуп Акматбек Келдибеков Бакиев заманында эле салык кызматын жетектеп жүрүп шайланган. Таптакыр колу бошобогон саясатчынын спортчуларга жардам берүүгө ниети бар, бирок убактысы жок экенин спикерге кирип спорттун бул түрүн кантип өнүктүрүүгө болоорун талкуулап чыккандар айтышууда. Акмат мырзанын ар аптанын жекшембисинде улак чабарын жакшы билебиз. Анын кымбат баалуу күлүк аттары бар. Андан сырткары, ЖК төрагасы марттык кылып алайлык чабандестерге 500 миң сомдук аттарды белек кылган. Мурда мындай белектерди экс-ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев жасачу. Конгонун аттары азыркыга чейин кыйындыгын көрсөтүп жүрөт. "Ата журт" партиясынын лидеринин дагы бир спортко салым кошкон жагы бар. Спикер мырза алайлык жаш балдарды Бишкекке алдыртып, КР жогорку лигасында ойногон "Алай-Датка" аттуу волейбол клубун ачкан эле. Такыр колу бошобой, тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай жүргөндүктөн алайлык волейболчулар спорт менен эмес соодагерликке азгырылып, өз алдынча тирилик өткөрүп жүрүшөт. Тарап кетүү коркунучунда турган клубдун өкүлдөрү парламенттин 15 пайызын ээлеген алайлык депутаттарга, ошол райондон чыккан байларга кайрылышса, Акыш акаңар өзү карай берсин деген жооп угушуп, башка клубдарга өтүү жагын карап жатышыптыр.

(Уландысы 21-бетте)



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"