15.07.11 - 11-бет:
  Саратан

Көздөн учкан көк жээк
Элге таанымал инсандар жайкы эмгек өргүүсүн кантип өткөрөрүн билүү максатында төмөндөгүдөй эки суроо узаттык. Көпчүлүгү кереметтүү көл жээгинде кумга оонап, жайлоонун таза абасынан кере жутуп, бал кымыздан татарын айтса, кээлери таптакыр эс албайбыз дешти.
1. Жайкы эс алууну кайда, кимдер менен өткөрөсүз?
2. Эс алууга жалпысынан канча каражат коротосуз?


Турусбек МАМАШОВ,
коомдук ишмер:
1. Ысык-Көлдөй кереметтүү жер дүйнө жүзүндө жок. Көлгө барабыз.
2. Ушунча тытынып иштеп атып өзүңдөн акча аяганың туура эмес. Ошон үчүн биз көңүлдөгүдөй эс алууга аракет жасайбыз. Жалпысынан 3000 доллар чыгымдайбыз.
Алтынбек СУЛАЙМАНОВ, ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:
1. Жыл сайын Кара-Кой жайлоосунда эс алууну салтка айландыргам. Быйыл да үй-бүлөм, тууган, дос-тамырларым менен чогуу он күн жайлоого чыксамбы деп турам. Атты жайдак чаап, улак тартып, мергенчилик кылуудан өткөн ырахат жок болсо керек. Андан соң кайрадан жумушка киришем.
2. Ал жакта жакын туугандарым жашайт, бардык чыгым алардын мойнунда. А биз базарлык гана алып барабыз.
Бакыт ТӨРӨБАЕВ, вице-спикер:
1. Үй-бүлөм менен Жалал-Абаддагы санаторийде эс алабыз. Мындан сырткары, Ысык-Көлгө путевка алып койдук.
2. Чыны, путевканын баасын унутуп калдым. Айтмакчы, көпчүлүгү Төрөбаевдер өздөрүнө караштуу "Ямайка" пансионатында эс алышат деп ойлошот. Тилекке каршы, "Ямайка" иштебей турат.
Бегалы НАРГОЗУЕВ,
коомдук ишмер:
1. Эл катары эле Ысык-Көлдө сууга түшөм. Анан Ак-Сай жайлоосуна барып бир жума жүрүп келсемби деген оюм бар. Андан келгенден кийин Аксы, Сары-Челекти кыдырып келсемби дейм.
2. Канча чыгым болорун эсептей элекмин. Жер кыдырганда машинанын бензинине эле акча кетпесе, башка деле көп каражат сарпталбайт. Ал эми негизги чыгым көлдөгү эс алуу жайларына кетет го. Кечээ уулум Эсентур быйыл Кара-Ой айылындагы "Долинка" пансионатына баралы деп интернеттеги "Долинканын" сайтына кирип брондоп жаткан. Жаңылбасам үч орундуу, эки бөлмөлүү жатак күнүнө 114 доллар турат экен. Демек ошол цифраны эс алып жаткан күндөрдүн санына көбөйтсөк жалпы суммасы чыгат да. Анан албетте чөнтөк чыгымдар деген болот.
Ыргал КАДЫРАЛИЕВА,
ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
1. Өмүрүмдө жайлоого чыккан эмес элем. Быйыл атайын чыгынып Кара-Шоро жайлоосуна эки баламды ээрчитип бардым. Бирок бир да күн чыдай албай кайтып келе бердим. Азыр айылдагы ата-энеме жардамдашып жүрөм. Жакында Ысык-Көлгө кетебиз.
2. Төрт путевканы 20 миң сомго сатып алдык. Калганын көлгө барганда көрөбүз го.
Турсунбек АКУН,
КР Акыйкатчысы:
- Үч жылдан бери эс алуу дегенди унуткам. Азыр иштеш гана керек. Мен негизи иштегенден ырахат алам. Ал эми ден соолугу начарлар, нерви жукалар эс ала беришсин. Кудайга шүгүр, менин саламаттыгым бекем.
Токтогул ТУМАНОВ,
ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
- Алигиче кайжерде эс аларымды такташтыра элекмин. Болгону эл менен жолугушуунун планын түзүп атабыз.
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
1. Мен өзгөчө эс алам. Аксы, Чаткал, Таластын ортосунда улуу тоолор жайгашкан. 15-августта ошол жакка аттанабыз. Улуу тоолорго барып үңкүрлөрүнө түнөйм. Ажерден чөптүн он чакты түрүн чогултуп өзүмө дары жасайм. Сурагандарга да чөп дарыдан берем.
2. Болжол менен 8-9 миң сомдун тегерегинде сарптайбыз.
Куштарбек АЙТМАТОВ, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орунбасары:
- Бул кызматка жаңыдан орношконума байланыштуу эмки жылга чейин отпуске деген жок.
Дамира НИЯЗАЛИЕВА,
ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
- Ушул айдын аягына чейин региондорду кыдырабыз. Алты айдын ичинде кандай жумуштарды аткарганыбыз боюнча эл астында отчет беребиз дегендей. Өзүңөр билгендей августта орозо башталат. Ыйык рамазан айында көлгө түшүүгө болбойт эмеспи. Андыктан, бала-чакамдын кашында эле отурсам керек.
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат" партиясынын жетекчиси:
1. Канчалаган мамлекеттерди кыдырдым, бирок, алардын бирөөсү дагы биздин Кыргызстанга жетпейт. Ошон үчүн ар бир адам патриот катары өз өлкөсүндө эс алышы абзел. Мен да алгач Дөң-Алыш (Кочкор району) жайлоосундагы туугандарымдыкында кымыз ичем. Андан кийин Ысык-Көлгө барып күнгө кактанабыз.
2. Көлдө үйүбүз болгондуктан ашыкча чыгым деле тартпайбыз.
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, ЖК депутаты, "Ата мекен" фракциясы:
- Эки жыл Америкада эс алып келбедимби (күлүп). Мындан ары иштейм, шайлоочуларым менен жолугушуу өткөрөм. Ошондой эле үч комитеттин тапшырмасы менен УКМК тууралуу мыйзам даярдашым абзел.
Сабыржан АТАЖАНОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
1. ЖКдан Ысык-Көлгө эки путевка алдык. Эми көлдү көздөй сапар тартабыз.
2. Жубайым экөөбүзгө жол киреден сырткары 11 миң сом кетет.
Нуржамал БАЙБОЛОВА, коомдук ишмер:
1. Учурда Ысык-Көлдө жүрөбүз. Бул жакта досубуздун үйү бар. Аба ырайы ойдогудай экен, суу жылуу.
2. Тамак-ашка 30 миң сомдой короду.
Алмазбек КАРИМОВ,
экс-депутат:
- Быйыл жайкы эс алууга чыкпайм. Себеби коомдук иштер менен алектенип жүрөм. Жумушум абдан көп.
Таалай САБИРОВ,
Оштун 1-вице-мэри:
- Бизге отпуске бербей атышат. Анткени президенттик шайлоого карата даярдык көрүшүбүз зарыл. Чамасы жайында иштеп, кышында дем алат өңдөнөбүз.
Мелис ЭШИМКАНОВ,
коомдук ишмер:
1. Үй-бүлөм менен Ысык-Көлдө жүрөм. Жайында АКШдагы уул-кызыма барып келсемби дедим эле, шартка байланыштуу Америка сапары күзгө калды.
2. 30-40 миң сомдун тегерегинде каражат жумшадык. Океандын ары жагына барсам канча миң доллар капчыктан ыргырын эсептей элекмин.
Кубанычбек КАДЫРОВ,
экс-депутат:
1. Чет өлкөгө барганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан келерки жумада кичи мекеним Ысык-Көлгө барабыз. Он күнчө эс алган соң күздөгү президенттик шайлоого даярдык көрө баштайбыз. Шайлоо жыйынтыкталгандан кийин үй-бүлөм менен чет жакка саякаттап келем го.
2. Чыгымдын баарын Чолпон-Атадагы ата-энем көтөрөт.
Султан РАЕВ, коомдук ишмер:
- Отпуске маалында бир чыгарма жазып бүтүрсөмбү деп шымаланып аткан кезим. Жеке мага жакшы чыгарма жазуудан ашкан ырахат жок. Ошол мен үчүн чыныгы эс алуу.
Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасы:
- Менде кайдагы эс алуу? Отпускеде Таластагы тууган-туушкандарыма учурашып келип, анан үй ремонтуна киришем.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru,
тел.:38-67-19