08.07.11 - 8-бет:
  Талашка түшкөн жердин таржымалынан

Комплекс кимдердин колкосуна тикен болууда?

Мындай кадамдарды убактылуу өкмөттүн айрым бир мүчөлөрү "Коогалаң" даректүү тасмасы даярдалып жатканда жасашты. Алар апрель-июнь окуяларындагы чындык мен тараптан чыкпаса экен деп, айрыкча чагымчыл сөздөрдү көбүртүп-жабыртуу үчүн убактылуу өкмөткө кайсы бир күчтөр керек эле, ал күчтөрдү да табышты. Алар республикабыздын эң жогорку кызмат ордунда иштеген, азыркы учурда "Ысык-Көл" фонду аталган уюмдун төрагасы Т.Чынгышев, мүчөлөрү Б.Акунов, С.Урманаев ж.б.
Эмне эле "Ысык-Көл" фонду деп аталган уюмдун жогоруда аты аталган жетекчилери комплекс үчүн берилген жердин тегерегинде акылга сыйбаган сөздөрдү таратып жатышат? Чынында эле алар эл ынтымагын бузганы жатышабы? Же өз кызыкчылыгын көздөп жатышабы? Же болбосо саясый "буюртманы" аткарып жатышабы? Кыргыз элинин биримдиги, эркиндиги жана бүтүндүгү үчүн кызмат кылган, туш тараптан кыскан орус, кытай империясынын, ооган калкынын көрүнөө да, көмүскө да басып алуучулук саясатына айбат көрсөтүп, теңата мамиледе болуп, баатырдыкты, акылмандыкты көрсөткөн, жалпы кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу тарыхый инсан Курманжан датка атындагы комплексти курдурбоо максаттарынын артында ким жана эмне турат, о.э. Чынгышевдер эмнени көздөшүүдө? Кыргызды кыргыз кылып түптөгөн тарыхый инсандардын скульптуралык композициясына, кыргыздын, Кыргызстандын тарыхый музейине эмнеге алар каршы, алар өзү кимдер ж.б. суроолорго жооп берип коюну чечтим. Т.Чынгышевдин, Б.Акуновдун, С.Урманаевдин, Т.Керексизовдун ж.б. чыныгы жүзүн эл билсин.
Дагы бир жолу кайталап айта кетели, көл жээгинен берилген жер Жылдыз Жолдошованын жери эмес. Курманжан датка кайрымдуулук фондуна Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-жылы 20-март ?148, 2008-жылы 11-сентябрь ?507 токтомдорунун, Ысык-Көл облустук администрациясынын 2002-жыл 9-декабрь ?257, 2008-жыл 24-апрель ?66, Ысык-Көл райондук администрациясынын 2002-жыл 10-июль ?300, 2008-жыл 18-март ?635 жана Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин, айыл өкмөттөрүнүн токтомдорунун негизинде мыйзамдын нугунда 49 жылга ижарага берилген. Жер берилип жатканда 2001-жылы, бүт Чоң-Сары-Ой айыл тургундары тарабынан, о.э. облустук, райондук жетекчилер, активисттер, ошол мезгилдеги ЖК депутаттары, айтор коомчулук тарабынан бак-дарактар отургузулуп, куран окутулуп болочоктогу бул комплекске эл батасын берген.
2003-2005-2009-2010-жылдары да эл менен жолугушуулар болуп, музейге таш коюу аземине бүт калайык калк дагы бир ирет катышкан. Фондго эмне себептен Өрнөк айылынын жанынан жер берилип калды, себеби башка айылдарда жаманбы-жакшыбы пансионаттар бар экен, жумуш орду менен алар камсыз болушкан. Ал эми Өрнөк айылынын тургундары да комплекс бүтсө, келечекте сөзсүз жумуш орду менен камсыз болушат. Мунун эмнеси жаман? Анан да Курманжан датканын эстелиги Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" комплексине орнотулсун дегендерин кантесиң. Себеби Чынгышевдер жакшы билет, өз учурунда Т.Керексизов азыркы "Рух Ордону", "Манас Рух Ордосу" деп атаган, тилекке каршы кийинчерээк башкаларга берген соң, Манас атабыздын атын алып салып, жөн эле "Рух Ордо" деп атап койду. Мезгилинде А.Акаев "Манас Рух Ордосу" дегени үчүн ошол жерди Керексизовго бөлүп берген эле.
Бир күнү мен барып калсам, Ташкул агай мага Курманжан датканын эстелигин илбирси, айтылуу ыйык дарагы менен "Манас Рух Ордосуна" койгонун көргөздү. Мен ошондо абдан кубанып, агайга ыраазычылык билдирип, айтарга сөз таппай калгам. Бирок Керексизов көп өтпөй Манастын атын рух ордодон кандай өчүрсө, Курманжан датканын эстелигинин ордуна бакыйтып Н.Назарбаевдин эстелигин коюп, датканын эстелигин алып салган. Бул чындык бүгүнкү күнгө дейре айтылбай келди эле. Эми убактысы жетти окшойт, эл билсин чындыкты. Мен Ташкул агайдай эч ким кыргыздын салтын, тарыхын, үрп-адатын баалабаса керек деп ойлочумун. Көрсө жаңылышыпмын. Ошондуктан Курманжан датканын эстелиги "Рух Ордого" башка эч качан коюлбайт, бир гана комплекске коюлат.
Экинчи чындык, ошол "Ысык-Көл" фондуна дагы А.Акаев 20 гектар жер бөлүп берет, алар эмнегедир ал жерге казак элинин тарыхый инсаны Чохан Валихановдун эстелигин салабыз деп, ошол эле биз сыйлаган Н.Назарбаевден акча каражатын сураганга бел байлашат. Ыраматылык М.Садыркулов намыстанып Кыргызстандын мурунку премьер-министри Чынгышев, Акунов ж.б. казак элинин тарыхый инсанына казак президентинен акча сурап эстелик салгандан көрө салбаганы жакшы деп, анан мага комплекске акча сурайлы деп айтып калды. Көрсө, Садыркулов өзү да казак элинин уулу экен. Ошондо мен Садыркуловдон бешбетер намысыма келдим эле. Себеби бул комплексте Барсбек, Махмуд Кашгари, Атаке баатыр, Ормонхан, Боромбай бий, Калыгул, Чолпон-Ата олуялардын, Алымбек датка, Курманжан датка, Шабдан баатыр, Байтик баатыр ж.б. эстелиги салынат. Экинчи чети кыргыздын, Кыргызстандын 1917-жылга дейре, совет доорун, эгемендүүлүгүн камтыган тарыхый музейи да курулат. Ошондо мен Медет Чокановичке айттым эле мамлекетибиздин, өкмөтүбүздүн башчысы ким болбосун сөзсүз бул комплексти колдойт, ал эми казак туугандардан акча сурап кыргыз тарыхын түптөбөйм деп. Кийинчерээк "Ысык-Көл" фонду 20 гектар жерин сатып жиберишиптир, чынында эле элге күйсө жок дегенде пансионат салып коюшмак, анда жергиликтүү эл иштемек.
Анан эмнеге "Курманжан датка" фондунан жерди талашып жатат деген суроо туулат, ага үч нерсе себеп. Биринчиси, убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Жолдошовага Ош окуясы боюнча кысым көрсөтүү керек болчу, аброюна шек келе турган материал издешет, табышпайт. Ошондо алар комплекске асыла баштайт, өздөрү эмес "Ысык-Көл" фонду аркылуу. Алардын макул болгон себеби, мыйзамдуу фонддун 15,6 гектар жерин аларга алып берүүгө убада беришкен. Жеке кызыкчылык да ушул жерде орун алат, анүстүнө азыркы учурда бул жер өтө баалуу болуп калган. Суусу чыккан, электр зымдары өткөрүлгөн, канализациясы курулган, бир сөз менен айтканда инфраструктурасы бүткөрүлгөн.
Экинчиси, саясый кызыкчылык. Көл кылаасынан президенттик шайлоого да чыга турган инсан бар, "Ысык-Көл" фонду колдогон. Чынгышовдор көптү көргөн чоң саясатчылар, алар жөндөн-жөн эле "буюртманы" аткарышпайт жана мындай чырдуу нерсеге аралашпайт.
2011-жыл Курманжан датка жылы болсо, мындай көрүнүш кимдин болбосун кыжырын кайнатат. Жерди өкмөт алып коё турган болсо, датка жылында кандай гана иш-чаралар өтпөсүн, КР өкмөтү тарабынан бир тыйынга арзыбай калат. Курманжан датка талашсыз саясый тарыхый инсан, андыктан алардын бул кадамдарын түздөн-түз А.Атамбаевге каршы жасалган кадам десек болот. Мына ушул кадамды А.Атамбаев өз убагында түшүнүп, азыркы учурда комплекстеги музейди куруу үчүн 30 млн. сом өкмөт тарабынан бөлүнүп берилди. Өкмөттүн акчасы фондго эмес, Госстройго түшөт, подрядчик аныкталып курулуш иши башталат. Бирок бул комплекс инвесторсуз бүтпөйт.
Үчүнчү себеби, мына ушул улуу муун, совет доорунда иштегендер, кыргыздын тарыхына күйбөгөнү аз келгенсип, эмнегедир кээ бир калмак туугандарыбыз кыргыздын тарыхын жерий баштаганы да өкүндүрөт. Эмне себептен ушундай инсандарыбыз мекенчил, намыскөй боло алышпай, жеке кызыкчылыгы үчүн өз тарыхын тебелегенге барышат?
Мемориалдык комплекстин курулушу түн уйкусун бузган "Ысык-Көл" фондунун айрым мүчөлөрүнө айтарым, бузуп-жаруучулук аракеттериңиздерге карабастан аталган объект курулат, көл жээгин көркүнө чыгарган курулуш болот. 1,5 миңдей жергиликтүү Өрнөк айылынын калкы жумуш менен камсыз болот, карапайым калктын балдары ушул комплексти тейлешет. Үзүрүн азыркылар гана эмес, кийинки муундагылар да көрүшөт. Чексиз ыраазычылыктарын билдире турган мезгил да алыс эмес.
Курманжан датка элдин ынтымагын, биримдигин, көз карандысыздыгын эңсеген. Бир эл, бир журт болушун тилеген. Мен жакында республиканын көп жерлерин кыдырып чыктым. Бардык айылдарда мааракеге байланыштуу ураан-плакаттар, портреттер илингенин, иш-чаралар өткөрүлүп жатканын көрүп абдан ыраазы болдум. Эл кызын, улуу тарыхый инсанын өтө аздектеп, датканы сыйлап-урматтап аларына көзүм жетти.

Жылдыз ЖОЛДОШОВА, Жогорку Кеңештин депутаты