08.07.11 - 4-бет: … Общечеловечность не иначе достигается как упором в свою национальность каждого народа.
Ф.Достоевский. Записная книжка
(1863-1864)
Улутчулдук
Ал Ош окуясы кайнап атканда катуу билинди. Ош мэри "мен улутчулмун" деп жарыя айтты, "ОБСЕ полициясы Ошко киришине каршымын" деди, эмне үчүн Р.Отунбаева М.Мырзакматовду кызматтан албайт маанисинде кыйкыра берип, европа коомчулугунун кулагын тундурду. Өзбек сепаратисттерине өзгөчө жакты. Кыргыз бийлигин, айрыкча күч органдарын алигиче "улутчулдук" менен омуроолоп, европалык кожоюндарына том-том отчет жазып атышат. Комиссия отчетунда да ошолордун "отчету" орчун орун ээлейт. Эсеби маселең, М.Мырзакматов улутчул кылык-жоруктары менен айыпталат, бирок бири да далил тапкан жок делинет.


Гоголдун өлбөс "Өлүү жандарында" минтип айтылат: "Кечирип койгула! Биздин каармандын оозунан көчөдө угула калчу сөз чыгып кетти өңдөнөт". Анын сыңары биздин парламент башчысы Ахматбек Келдибеков кечээ, депутаттар каникулга тарар алдында карапайым акыл айраң калар маалымат таратты. Төраганын айтымында, биздин депутаттар Финляндияга барып Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуяны түрө изилдеген Эл аралык комиссия жетекчиси Киммо Кильюнен менен маңдай-тескей кездешиптир. Кильюнен мырза Кыргызстанга барат элем, айрым кырдаалды түшүндүрүп, айрыкча депутаттар жана фракция жетекчилери менен жолугат элем деп суранган имиш. Келсин, угалы, балким анын да өз жүйөсү бар чыгар маанисинде кененчилик кылды төрага. Аңгыча болбой "Азаттык" радиосу (6.07) эл аралык "нурдуу мейман" кыргыз депутаттары чакырса бара турганын айтты сыягында маалымат таратты. Ошентип демилге кай тараптан көтөрүлгөнү азырынча көмүскө.
Албетте, ал эч мааниге ээ эмес. Коомчулуктун эсин эки кылган маселе бу. Төрага Киммо Кильюненге парламент персона нон грата, жалпак тил менен айтканда аны Кыргызстандын босогосун аттатпоо чечимин жарыялаган эмес, тек гана талкуулаган деп билдирди.
Бул жерде "сен же селсебет калп айтып атат" сыягындагы маселе сыйпалатпай колго урунат. Ушул жылдын 26-майында парламент Эл аралык комиссия отчетун жабыла каргап, 2010-жылдын июнундагы Кыргызстан түштүгүндөгү окуяларды дүйнөлүк коомчулукка туура эмес түшүндүргөнү жана өз өлкөсүндө кадыр-баркы өтө шектүү экендигине байланыштуу комиссия жетекчиси Киммо Кильюненди мындан нары Кыргызстанга киргизбөө тиешелүү органдарга тапшырылсын маанисинде чечим кабыл алганы, аны 120 депутаттын 95и колдоп добуш бергени бүт Кыргызстан кыйырына кабарланган. Атүгүл кыргыз тарап кызуу кубаттаган бир кыйла талкуу жүрүп кеткен.
Ал аз десек, кечээ жакында президент Отунбаева пресс-конференцияда парламенттин К.Кильюненге чыгарган чечими чектен чыккан улутчулдук (махровый национализм) катары баалаганын ММК дүйнөгө кабарлады.
Бу дагы жетишсиз десек, "Голос Америки" радиосунун билдирүүсүнө караганда, АКШ конгрессинин Хельсинки комиссиясы Кыргызстандагы этникалык кагылышты талкуулап, кыргыз бийлиги Эл аралык комиссия сунуштарын четке кагып, өзбек этносун дагы эле куугун-сүргүнгө алып, күч органдарынын колу менен кордук көрсөтүп жатканын белгиледи. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев КР өкмөтү Эл аралык комиссия ишин өтө жогору баалай турганын, анын адамзатка каршы кылмыш жасалган маанисиндеги бүтүмүнөн башка көпчүлүк тыянактары менен сунуштарына макулдугун билдириптир. Ошол эле учурда президент Роза Отунбаева Киммо Кильюненге чыгарган чечимди кайра кароону жакында парламенттен суранганын эскерткен экен.
Баса, талкууга Кильюнен өзү да катышып, "кагылышта убактылуу өкмөт өз калкын сактай алган эмес", "айрым личностторду (алар ким болмок, албетте "чектен чыккан кыргыз улутчулдары" да - А.Т. ) сот жообуна чакыра турган колубузда айныгыс далилдер бар", "байкашымча, депутаттар жоопкерчиликтен качып, мени иттей талап атат" маанисинде сүйлөптүр. Жумгактап айтканда.
Суроо туулат: Ахматбек Келдибекович президент Отунбаеванын олуттуу зекүүсүнөн кийин каратып туруп калп айтып, калган демилгечи депутаттар култуюп отурабы же Кильюнен айткан личносттордун ичинде айрымдары барбы? Эсеби маселең, ал отчетто ашынган улутчулдар катарында "Ата журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков да аталат.
Кимдир бирөөлөр мажбурлаппы же өз акылынан чыгарыппы, айтору Ахматбек Келдибековичтин парламенттин кыйшык изин кеч болсо да түзөйлү деген ниети колдоого татыйт. Парламент Эл аралык комиссия отчетун талкуулоого комиссия жетекчисин, атүгүл мүчөлөрүнүн бардыгын болбосо да, бирин-экисин чакырып катыштырса, окуянын объективдүү, субъективдүү чындыгын айкындоо аракетинин салттуу эрежелери сакталмак. Эки тарап тең далилге - далил, аргументке - аргумент, кылапатка - кылапат, логикага - логика каршы коюуга шарт түзүлмөк. Тилекке каршы, талкуунун андай цивилдүү жолу эч биринин эсине келген жок. Парламент адатынча жаакташып, жакалашып, ит тартышка айланып, К.Кильюнен үчүн Кыргызстан көздөн учкан көк жээк болуп аткансып, экинчи кыргыз жерине кийирбөө чечимин чыгарып тарап кетти. Натыйжада Кыргызстан эл аралык саясый оюндардын эрмегине айланды.
Айрыкча улут маселесинде. Байкап баксаңыз, кийинки мезгилде кыргыз элин улутчулдук менен "уруп-сокмой" өткөн кылымдын 30-жылдарынын үрөй учурган деңгээлине жетти. Хуман Райтс Вотч (HRW), ОБСЕ өкүлдөрү өңдүү чет элдик ондогон "космополитизм менеджерлерин" мындай кой, алардын акырынан жем жеп, жан баккан өзүбүздүн эле укук коргоочу сөрөйлөрүбүз Ош окуясында жалаң кыргыздардын "улутчулдугуна" уйгактай жабышты да калды.
Мурда да жазгам, азыр да айтам, ОБСЕ, HRW өңдүү европалык көптөгөн уюмдар кечээки "кансыз согуштун" психологиясынан чыга элек. Советтик зор империянын эбак таш-талканы чыкканын унутуп, андан калган мамлекеттерди баягыдай эле бөлүп-жаруу, майдалап башкаруу аракетинде. Укук коргоочуларыбыз деле ошондой: "коммунисттик интернационализм" чынжырында. "Коммунисттик партиянын манифестин" дагы бир ачып көрүң: "… коммунисттер улутту, Атамекенди жокко чыгарат деп айыпташат. Жумушчулардын Атамекени болбойт. Ошол жок нерсени жокко чыгарууга да мүмкүн эмес". Ошентип окушкан, зачет алышкан, ошону азыр да башкалардан талап кылып атыры. Байкаганга бийлик тармактары сыяктуу эле укук коргоо институттарына да жаңы муун келмейинче, булардын айрымдарынан коомду, Атамекенди коргоо кыйын болуп калды.
Ал Ош окуясы кайнап атканда катуу билинди. Ош мэри "мен улутчулмун" деп жарыя айтты, "ОБСЕ полициясы Ошко киришине каршымын" деди, эмне үчүн Р.Отунбаева М.Мырзакматовду кызматтан албайт маанисинде кыйкыра берип, европа коомчулугунун кулагын тундурду. Өзбек сепаратисттерине өзгөчө жакты. Кыргыз бийлигин, айрыкча күч органдарын алигиче "улутчулдук" менен омуроолоп, европалык кожоюндарына том-том отчет жазып атышат. Комиссия отчетунда да ошолордун "отчету" орчун орун ээлейт. Эсеби маселең, М.Мырзакматов улутчул кылык-жоруктары менен айыпталат, бирок бири да далил тапкан жок делинет.
Ошолордун дооматынан кутулайын деппи, же башка дагы концепциясы барбы, айтору Роза Исаковна парламент комиссиясынын талкуусунда: "Июнь окуясы боюнча 167 иш сотто каралып жатат. Айыпталгандардын 70-80%и өзбектер экен, бул кандай? Жабыр тарткандардын көбү өзбектер болсо, кайрадан эле алар соттолуп атканын кандай түшүнсөк" деген маселени кабыргасынан койду.
АКШ режиссеру Роланд Эммерихтин "Патриот" деген кинофильми эсиңизде бардыр. Кыргызстандагы бардык телеканалдар бир эмес, эки сыйра көрсөттү сыяктанат. Англия колониясынан бошонуу үчүн Түндүк Америка согушу. Кан суудай ага баштаганда эрдиги менен даңкы чыккан отставкадагы полковникти үзөңгүлөш досу майданга чакырат. Полковник барбайм деп таккесе жооп берет. Согуштан чарчадым, бала-чакам менен тынчырак чарба жүргүзүп, эс алайын дейт. Улуу баласы "чектен чыккан" патриот экен, болбой кан майданга катышып, жарадар болуп кайтат. Көп өтпөй англистер анын чарбагы жайгашкан жерди басып кирет. Жарадар баласын өлтүрөт, ага болушам деп дагы баласы душмандын колунан курман болот. Чарбагы, үй-жайы тыптыйпыл өрттөлөт. Эки көзүн жоодуратып каратып, таламандын тал түшүндө. Ошентип дөгүрсүгөн отряд жөнөй берет. Полковник калган өспүрүм баласы, кичинекей кыздарына мылтык карматып, атканды үйрөтүп, душман бараткан жолдун капталынан чыгып, жалгыз өзү отрядды ойрон кыла талкалайт. Андан соң баласы менен армияга кирип, отряд түзүп дегендей, душманга кызыл кыргынды тири укмуш салат. Акыры душман жеңилет, тынч турмуш башталат. Арийне, тигилер сенин эки балаңды өлтүрсө, сен алардын эки-үч миң аскерин неге кырдың деген маселе чыкпайт.
Жообу ушундай Роза Исаковна. Ыгы жок "менсиресем" кур моюнда. Мен бул маселеге байланыштуу 3-4 макала жаздым сыяктанат. Анын бири Өктөбүр революциясы казандай кайнап атканда жазылган Василий Розановдун "Анархия принциби" аттуу макаласындагы маңдайга матай койгондой чындыкка такагам. "Жашоо укугу турмуш негизин түзгөн ар кандай эрежелерден бийик турат, - дейт орошон ойчул. - Анархия - бул акмакчылык, бирок "мен ошол акмакчылыкты жашоого жар болоюн, жашоодо бар болоюн деп жасап атам". Анын айкын мисалы, түн катып келаткан адам өзүнө кол салган адамды өлтүрөт. Эгер өлтүрбөсө, өзү өлмөк".
Ош окуясында өзбек менен кыргыз ошондой акыбалда калды дегем. Кандуу кагылышты кыргыздар эмес, куралчан өзбектер баштаганы, алар кыргыздарды кордоп, зордоп, өлтүрүп киргени бардык комиссиялар жыйынтыгында айтылат. Оштогу чачкын кыргыз топтошуп жашаган өзбектерден кырылып каларда улутташтары ар айылдан чогулуп түшүп, өзбектерди көбүрөк өлтүрүп ийгени чын. Согушта башка - баш деген принцип болбойт. Жогоруда айтылгандай, алар өлтүрбөсө, тигилер аларды өлтүрмөк. Жеке адамга гана тиешелүү сыяктанган ал ысык дөшүгө ("сен өлтүрбөсөң, ал сени өлтүрөт") бүт элдин өмүрү, тарыхы коюлат дейт андан нары акылман. Кеп кайсы улут канчадан өлүп, кимиси жеңилип, кимиси жеңгенинде эмес. Кеп мамлекет ошол ысык дөшүнүн үстүндө калып, денеси катуу күйсө да, андан аман-эсен чыккандыгында. Аман-эсен дегенибиз, бөлүнүп, жарылып, жок болуп кеткен жок. Бөлөбүз, жарабыз, алсыратабыз, жоготобуз деген кара түнөк күчтөрдүн тилеги таш капты. Ким таш каптырды? Улуттук аң-сезим. Коммунисттик, советтик идеологиянын кандуу кылычынан кутулганыбыз чын болуп, коркпой айтсак, улутчулдук. Улуттун бир аты орус тилинде мамлекет, ошол улутка таандык сезимиң сага канат байлап, көтөрмөлөйт, эркиндикке үндөйт, анүчүн керек болсо ажалдан да кайра тарттырбайт.
Ушул туштагы орустун улуу жазуучусу Валентин Распутин "Ыйманга камчы чаппаганда…" ("Если по совести…") аттуу макаласында, бурмаланып кетиптир делбесин, орусча келтирейин: "… понятия "родина", "патриот", "память", "история" все больше и больше сталкивают в националистическое русло" деп жазган. Совет мезгилинде эле. Коммунисттик интернационализмдин ирбити жүрүп турган кезде эле улуу акын Байдылда Сарногоев:
Улутчул дешээр билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн, - деп ырдаган.
(Уландысы бар)
Алым ТОКТОМУШЕВ