08.07.11 - 2-бет: Бабанов баарын бажарып келатат
Акыркы күндөрү биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун таскагы катуулап барат. Жакында эле ага тиешелүү деп айтылып жүрчү НТС телеканалы бүт өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал эми депутаттар жакында парламенттик телеканал кылууну чечкен "5 канал" да Бабановго жакшы мамиледе эле.
Мындан сырткары КТРК менен да Бабановдун мамилеси "беш". Айрым депутаттардын айтканына караганда, КТРКнын маалыматтык редакциясында Бабановдун ал жердеги көзү жана кулагы болгон бир айым иштейт экен. Ал өз программасынан Өмүрбек мырза жөнүндө жалаң гана жакшы маалыматтар кетишине көзөмөл жүргүзүп турат. Ушундай "услугасы" үчүн ал кызыкдар тараптан айына беш миң доллар айлык алып турат дешет депутаттар. Акча табуунун ушундай жолу бар экенин билбесеңер, эми билип алгыла.

Эламандын атасын ууландырышканбы?
Башбакандын орунбасары Ибрагим Жунусов ооруканага жатып чыкты. Дарыгерлердин айтымында, Ибрагим мырза кант диабети менен ооруган. Ал эми жеке булактарыбыздын кабарлашынча, вице-премьерди белгисиз адамдар ууландырууга аракет жасаптыр. Учурда бул иш боюнча атайын кызмат иликтөө жүргүзүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгын убагы келгенде жарыялайбыз.

Камчыке кадимкисиндей эле
Эл өкүлдөрү каникулга чыгардын астында мамлекеттик резиденцияда тойчук өткөрүп, ой-да чартаңбай тебишти. "Ата журттун" лидери Камчыбек Ташиев "бөдөнөнүн сүтүнөн" ашепке "сеп" этип алганбы, айтор, салтанат ортолоп калган маалда алагүү болуп келип, "эшек оюн салды" дейт. Кайран Камчыке тарелкаларды четинен "кырып", ал ортодо спикер Ахматбек Келдибековду ичке акырын нукуп сен башкаларга төрагасың, а мага жөн гана доссуң деп тамаша-чыны аралаш демитти.

Адахан кимдин алдына келди?
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Кочкордогу Исакеев айылынын тургундарына жолугуп кайтты. Анда ал президенттик шайлоого катуу даярданып атканын, өзүн түштүк чөлкөмү толук колдоорун айтыптыр. Эми силер колдосоңор гана баары жакшы болгону турат деп чогулгандарга жалооругандай маанайда кайрылганы. Адахан Кимсанбаевич былтыркы парламенттик шайлоодо так ушу Кочкордон куулганы белгилүү. Теңир-Тоонун эли менен эсептешмейин иши илгерилебесин түшүнгөн го.

Ак үйдөн акимиятка секирик
Кечээ "республикачы" депутаттар Куштарбек Айтматов менен Алтынай Өмүрбекова мандатын тапшырды. Бирок алар жылуу ордун бошотуп эле тим отуруп калышпайт. Маселен, Куштарбек мырза миграция министринин орунбасарлыгына дайындалса, Алтынай айым Ленин райондук администрациясын жетектемекчи.

Каптагаевдин кабагы былк этпейт
ЖК ажылык иштер боюнча президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин саясый, моралдык, укуктук жоопкерчилиги такталып, тийиштүү чаралар мыйзам чегинде көрүлүүсү зарылдыгы туурасында токтом токуду. Буга байланыштуу Эмилбек Саламатовичке кайрылсак, "кай бир депутаттар Жогорку Кеңешти ыплас саясый оюндардын аренасына айландырып жатышат. Ошол токтомду кабыл алууга негиз болгон бир да факт жок, жөн эле "ушундай айып тагып коелу, анан көрө жатабыз" деген чечим. Ишенбесеңер депутаттардан бардык документтерди сурап, өзүңөр иликтеп чыккыла" деди.

Ичи күйгөндөр туз жаласын
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Шейшенбек Байзаков өзү отурган борбордук имаратты кудум эле борбордук маданий үй сыяктуу көңүл көтөргөн мыкты мекемеге айландырып койду. Босогосун аттасаң айтылуу Айтматовдун мыкты ойлору, кыргыз маданиятынын, адабиятынын, тарыхынын өкүлдөрүнүн сүрөттөрү, Ысык-Көл, мыкты жайлоолордун көрүнүштөрү көз жоосун алат. Түрмө башчысынын мекемесине эмес, маданият министрлигине киргендей болосуң. Баса, маданият министрлиги, дегеле башка бардык мамлекеттик мекемелер Шейшенбек мырзадан үлгү алышса жаман болбос эле.

Акыйкаттыкпы же "ата журтчулукпу"?
"Ата журт" фракциясы сотторду тандап алуу кеңешинин мүчөлүгүнө "Адилет", "Шок-факт", "Кайдасың?" телеберүүлөрүнүн автору Нышанбек Кочкоровду сунуштоодо. Албетте, Нышанбек мырзанын телеберүүлөрүн көргөндөр аны кара кылды как жарган калыс адам деп суктанышары турган иш. Бирок аны жакындан билген калемдештери акыйкаттыкка караганда "жашылбайды" жакшы көрүшөрүн саймедиреп келишет. Башкасын айтпаганда да Нышакебиз өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо үкасы Садыр Жапаровдон үгүт кампаниясына деп үлкөн сумма алып, калемдештерин катыра иштетип, акырында аларды сызга отургузуп кеткенин эч ким унута элек. Ушундай адамдар жогоруда аталган кеңешке келсе акыйкаттыкты туу туткан эмес, акчага атасын сатууга даяр соттор ээрге минбейт деп ким кепилдик бере алат?

Ой Төрөбек, бизге да жер бөлө кет
Бишкектин вице-мэри Төрөбек Имашев учурунда Октябрь районунун акиминин орунбасарлыгын аркалаган. Ошол кезде шаардан жер ала албай жүргөндөр Төрөбек мырзага кайрылышса, ал камаарабай "лидерлериңерге кайрылгыла, ошолор чечет баарын" деп далайларды сызга отургузган Анвар Алдеков аттуу беренге барууга үндөйт. Ошентип андагы аким орунбасары, мындагы вице-мэрге ишенгендер бүгүн уйдан жок же уй байлаган жиптен жок отурушат. Угушубузга караганда, азыр да бу киши шаар четиндеги жерлерди пулдоодо негизги ролду ойнойт экен.

Көздөн учкан көк жээк
Күнү кечээ "темир генерал" Феликс Кулов премьер Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Экөөнүн ортосунда кандай сөз жүргөнүн так айтыш кыйын. Ошентсе да ФШК АШАдан кайрадан өкмөт башчылыгын сураганын, бул кызматты берсе президенттик шайлоодо чоң колдоо көрсөтөрүн убада кылганын Шаршеновичтин жакындары бизге шыбырады.

Жаңы тандем: Сариев-Исаков
Саясат айдыңында ушундай жаңылык тарады. Генерал Исмаил Исаков менен "Ак шумкардын" төбөлү Темир Сариев "баш кошуп", ажо жарышка чогуу аттануу чечимине токтолушуптур. Буюрса, мындан ары да ушу сыяктуу күтүлбөгөн тандемдердин далайын көрөт окшойбуз.

Жөн кетпептир
Президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаров кызматтан расмий кетти. Энди Азике "Бүтүн Кыргызстандын" жетекчиси Адахан Мадумаровдун шайлоо штабын жетектеп, азыркы бийликтин ?1 оппонентине айланышы ыктымал. Мунун аныгына жакын арада күбө болобуз.

РИОнун келечеги
Дагы беш айдан кийин өлкө башчысы Роза Отунбаева өз ордун бошотуп берет. Мындан улам, РИО эмитеден өзүнө ылайык жумуш караштырууда. Азырынча билгенибиз бу: Отунбаевага БУУнун Борбор Азия боюнча бөлүмүндөгү бир фондду жетектөө сунушу түшүп атыптыр.

"Жаңы Агым" - пресс