01.07.11 - 8-бет:
Бизнес-пресс
Ибилистин уясы кайда?
"Мегаком" компаниясынын айланасындагы мээ айныткан ызы-чуу эми даана кайнай турган болуп калды. Болгондо да өзүбүздүн карачечекей сотторубуз отун улуу жагып, көөрүгүн үйлөп, боркулдата кайнатып турушпайбы. Кыргызстандын келечегине күйгөн ким гана болбосун буга ичи тыз дебей койгон жок. Ырас, бул маселе укуктук негизде чечилиши турган иш болчу. Кашайганда өзүбүздүн соттор 40 мүнөттүн ичинде жиликтеп жиберишип, табакты жакшы жасап, учасын үстүнө бастырган боюнча барып, баягы эле М.Бакиевдин алдына (БиМоКоМго) ийиле тартып туруп беришпедиби.
Карапайым адамдар БиМоКоМу эмне, "Альфа Телекому" эмне, Мегакому эмне - ажыратышы кыйын. Эки ооз сөз менен айтсак, БиМоКоМду алгачкы туудурган атасы (1999-жыл) кыргыз эле болчу. Бул алтын баштуу кыргыздын аты-жөнүн тактай албай келем. Кадимки санжырадан бетер бардык булактарда кыргыз деп айтылат. Анан Айдар Акаевдин көзү түшүп, бечара кыргызды кырдан ары түртүп жиберип (2005-жылы, июль айында) БиМоКоМду мөңкүтүп жетелеп кетет. БиМоКоМ туулгандан тың чыкты. Ар бир баскан изинен акча табылып турду. Айдар атасынын этегине илешип элден чыга качканда, БиМоКоМду "жетимсиретпей" (2009-жыл) Максим Бакиев илип кетти. Жөн илбей жеткен эле жеринен бөлө чаап, 49 пайызын өзүнүн "Forntek Enteprses Limited" (Белизде катталган) компаниясына, 51 пайызын "Penwell Business Limited" компаниясына энчилейт. Ошол эле жылы ээсин алмаштырды шылтоосу менен (июнь, 2009) Penwellди жолбун иттей эле ташка алып кууп чыгымыш болушуп, БиМоКоМду жасалма банкротко учуратышып, "Альфа Телекомду" түзүшөт. Анын башында Максимдин "максымдашы" А.Елисеев турган болчу. Ошону менен "Алфа Телеком" деген аталышта Мегаком соода маркасын жамынып, апрель окуяларына чейин кирип келишет. Көпчүлүк басма сөздөр Penwell менен М.Бакиев кайнаса каны кошулбайт деп жазышты. Андай эмес. Жалаң оффшордук аймактарда көз жарып, бир максаты Мегаком өңдүү ишканаларды саап турууну көздөгөн канчалар жүрбөдү Бишкекте. Аларды санап акылыбызды тумандатпайлы. Бирок Penwell ошолордун жоондорунун бири болчу. М.Бакиев менен булар сиам эгиздериндей эле туташып калган. Буга мисал катары Мегаком соода маркасы менен соодасы жүрүп турган "Альфа Телекомго" А.Силич деген неме М.Бакиевдин тушунда да, андан кийин да жетекчилик кылып турду. Ушунун эле өзү алардын теги бир жерден экенин айтып турбайбы.
Ошентип Мегаком дүйнөлүк масштабдагы аферанын уясына айланып кеткен. Алардын эмнени көздөөрү сокурга деле дайын болуп калган. Бирок алчы-таасын жеген эл аралык шылуундардын мындай аракети азезилди, албарстыны, ибилисти, шайтанды, атүгүл алты кылым мурда көргөн Нострадамусту да айныткан чечилгис түйүнгө айланганы ырас эле. Мунун бир гана жолу Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгына чечүү болчу. Ага алардын сыртынан мыйзамдуу көрүнгөнү менен ичи ириген иш-аракеттери эң сонун юридикалык себеп болуп бермек. Кашайганда биздин соттор, кызматтык өсүүнүн чеги болгон Жогорку соттун судьялары теңирден тескери кетишти. Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгына каршы чечим чыгарышты.
Жогорку соттун судьясы болуу оңой эмес. Эчендеген электен өтүп анан жетет. Эң мыкты профессионал, кара кылды как жарган калыс катары бааланат. Бул жолу андай болбоду. Көрсө, Жогорку соттун Мегакомдун мүлкүн ("Альфа Телеком", 49 пайызы мамлекеттики) БиМоКоМго, тагыраагы, М.Бакиевге тартып берели дегенине караганда шектүү бир нерсенин жыты бардай.
Жогорку соттун судьясы Д.Максимбе-кова Биринчи май райондук сотунда иштеп жүргөндө эле ошол кездеги бул райондун судьясы Ж.Алиеванын "кошелогу" болгон деген сөздөр айтылууда. Кийин Ж.Алиева Жогорку соттун төрайымы болгондо "кошелогун" калтырбай өзү менен кошо ала келген. Кызыгы, Мегакомду БиМоКомго нике кыюу чечимин чыгаргандан кийин сотто БиМоКоМдун кызыкчылыгын коргогон М.Исаева менен "Визави" кафесинде чайлашканын көргөн күбөлөр бар экен. Басма сөздөрдө ("Добулбас" ?4 (01) 28-июнь, 2011) бул судьялар оңбогондой акчага сатылганы айтылууда. Төрага (К.Осмоналиев) 1,5 млн.доллар, мүчөлөрү 850 миң доллардан алган деген сөз жүрүүдө. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы М.Исаевага кылмыш жолу менен акча легализациялоо "операциясынын" активдүү катышуучусу катары иш козгогон. Ал бул жагынан Ширшов, Надель, Елисеевдердин эле катарында 123чү орунда турат. Анын минтип качпай-бозбой эле, БиМоКоМдун кызыкчылыгын оозунан көбүк чыкканча коргоп сотто отурганын кандайча түшүнөбүз?!
Соттук ошол отурумдун төрагасы К.Осмоналиевге келсек, учурунда өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылып калаарда, жети укмуш жолдор менен жеткирбей кутулуп кетиптир. Анан Ахмад Бакиев менен айран ичкенинин пайдасы тийип, Жогорку соттун судьясына дайындалган. Ошондон бери былк этейин деген ою жок. Кылган иши бул.
Жогорку соттун судьясы Н.Алыбаева деле Бакиев мезгилинин анык туундусу. Бишкектеги кайсы бир райондун судьясы болуп турганда бок басып алып, адвокат апасы өз колу менен жууп жиберип, аман алып калган. Андан түз эле барып К.Бакиевдин жардамчысы болгон. Ошону менен бул айым да октой ылдамдык менен өсүп, Жогорку соттун судьялыгына чейин жетип отурбайбы.
Жогорку соттогу бакиевчил судьялардан мындан башка чечимди күтө албайбыз. Канткен күндө да булардын күнү бүтүп баратат. Сот реформасы башталды. Логика боюнча кыргызга каршы кылмыштары үчүн аталган сотторду айлантып короого киргизбеш керек. Антейин десең бүтүндөй Жогорку сот алардын чечимдерин кубаттаган билдирүүсүн таркатты. Мына, тамаша. Анык ибилистин уясы ушул жакта окшобойбу?!
Темирбек АЛЫМБЕКОВ
Бизде байкагандар эле көп…
Эмилбек КАПТАГАЕВ,
президенттин аппарат жетекчиси:
"Байкоочу кеңеш - эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө"
Президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен (министрликтердин, агенттиктердин) алдында коомдук Байкоочу кеңеш (БК) түзүлгөн. Анын негизги функциясы эмнеде? Ал мекемелердин иштешине кандай таасирин тийгизет? Мына ушул жана башка суроолорго президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек КАПТАГАЕВ жооп берет.
- Байкоочу кеңеш жөндөн жөн эле түзүлүп калган жок. Мунун мааниси абдан чоң. Мындай рычаг аркылуу коомчулук менен бийликтин ортосундагы карым-катнаш чыңалат деген изги тилек бар. Маселен, БК ошол мекеменин ишин илгерилетүүгө салым кошуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун жана жаңы идеяларды сунуштап турат. Ошондой эле акча каражаттарынын сарпталышын коомдук көзөмөлгө алат. Бүгүнкү күндө кырктан ашуун мамлекеттик мекемеде байкоочу кеңеш иш алып барууда.
-
Байкоочу кеңеш мүчөлөрү кандай критерийлердин негизинде тандалган?
- Туура суроо койдуңуз. Байкоочу кеңештин курамына жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, ишкерлик сыяктуу маанилүү тармактын өкүлдөрү тартылган. Алардын министрлик же агенттиктин жетекчилиги менен туугандык жакындыгы болбошу керек. Башкача айтканда, өзү байкоо жүргүзгөн мекемеге көз каранды болбошу талапка ылайык.
Ишенбай Абдразаков, Орозбек Дүйшеев, Актан Арым Кубат сындуу инсандарыбыз Байкоочу кеңешке мүчө. Ысымы аталган адамдар элдин ишенимин актарына ишенем.
-
Жакында Байкоочу кеңештин мамлекеттик органдар менен кызматташуусун арттырууга арналган атайын окуунун ачылышы болду. Анда кандай маселелер талкууланды?
- 25-26-июнда президенттин катышуусунда өткөн семинарда негизинен тажрыйба алмашуу, келечектеги иш пландар талкууланды. Бул жыйынга БКнын 130дан ашуун мүчөсү, тогуз министрлик, 13 агенттиктин өкүлдөрү катышты. Жыйында конкреттүү пландардын тегерегинде масилет курушту. Жакын арада Байкоочу кеңештин мүчөлөрү кайрадан чогулат. Ошондо иштеги кемчиликтер туурасында ачык сөз жүрмөкчү.
-
Байкоочу кеңештин түзүлгөнүнө жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Ушул аралыкта анча-мынча жылыштар байкалдыбы?
- Жанараакта айткандай, БК профессионалдардан куралган. Алар мамлекеттик органдын ишин жакшы билип, пайдалуу сунуштарды киргизе башташты. Жөнөкөй мисал: Транспорт жана коммуникация министрлиги Байкоочу кеңештин үч мүчөсүн министрликтин коллегиясына кошуу чечимин кабыл алышкан. Мындай кадамдын аркасында административдик чыгымдарды азайтуу жагы каралган. Болжол менен министрлик 12 млн. сом өлчөмүндө каражат үнөмдөмөкчү. Бул иштин башталышы гана.
БК Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги лицензия берүү комиссиясынын курамында профессионалдар жоктугун аныктаган. Жыйынтыгында комиссиянын түзүмү жаңыланды. Бу дагы Байкоочу кеңештин натыйжалуу иштеп атканынан кабар берет.
Мындан сырткары, БК сунушунун негизинде Энергетика министрлиги менен компаниялар ортосунда жоготууларды азайтуу боюнча келишим түзүлгөн. Анын аркасында үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталына карата уурдоолор бир катар компанияларда 25%га чейин төмөндөгөн. Мындай мисалдар ондоп саналат.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ