01.07.11 - 7-бет:
Мезгилден өткөн дарыгер жок
Жердин жаракасы бүтөлөөр, элдин жарааты бүтсө экен
Жакында Кыргызстандын жана Казакстан, Кытай, Түркия ММК өкүлдөрү Ош-Жалал-Абад дубандарын кыдырышты. Былтыр коогалаң болгон аймактарда азыр биртоп өзгөрүүлөр болуп, жаңы салынган үйлөргө киргендердин жүзү жарык. Акыркы жыйырма жылдан бери курулуштан куру калган бул дубанга жаңы курулган имараттар, үйлөр көз жоосун алат. Негизи бул медиатур 21-июнда Бишкек шаарында "Бакыт баарыбызга жетет" аттуу акция менен башталган. Борбордогу эски аянтта да түстүү шар көтөргөн жаштар, "Достук, тынчтык, ынтымак, өнүгүү" деп жазылган плакатты асманга учурушкан.
Базар-Коргондун баркы өстү
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук архивинин, салык кызматынын имараты өткөн жылдагы каргашалуу окуяда күйүп кеткен эле. Учурда заманбап технология менен салынган эки кабаттуу жаңы имаратта архив, салык инспекцияларынын кызматкерлери иштеп атышыптыр. Имараттын экинчи кабатында бир бөлмөлүү сегиз кызматтык квартира салыныптыр. Бул квартиралар мамлекеттик кызматта иштегендерге кызматтык үй катары берилгендиктен ал менчиктештирилбейт, кызматтан кеткенден кийин үйдү бошотуп беришет.
Базар-Коргон районунун салык кызматынын жетекчиси Тажибай МЕДЕРОВ ой бөлүштү.
- Мурдагы имарат 1936-жылы ылайдан курулуп, эскилиги жетип калган. Былтыркы өрт бир да документти калтырбаптыр. Учурда күйгөн документтердин баарын каттоодон өткөнү боюнча калыбына келтирип атабыз. Андан тышкары республикалык салык кызматындагы маалымат базасынан, райстаттын маалыматынын негизинде калыбына келтирдик. Былтыр менчик мекемеде ижарада отуруп иштеп, жылдык планды 113 пайызга аткардык.
Ал эми күйүп кеткен архив имаратындагы документтерди кайра калыбына келтирүүдө облустук архив жардам берип, натыйжада күйүп кеткен документтердин беш пайызы гана калыбына келтирилген. Негизи бул архивде Базар-Коргон районунун эли тууралуу 20 миңдин тегерегинде документтер болгон. Учурда архивге кайрылган жарандар көп. Негизи бул архивде жергиликтүү жашоочулар тууралуу маалыматтар, алардын келечекте керектүү өздүк документтери сакталуу болчу.
Базар-Коргон айыл өкмөтү-нүн башчысынын орунбасары Кудайберди ЭГЕМБЕРДИЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Базар-Коргон айыл өкмөтүндө 35400 жаран катталган. Алардын 75%ы өзбек улутундагылар, калган 25%ы кыргыздар. Биздин айыл өкмөттө былтыр 197 үй курулса, быйыл 194 үй курулуп атат. Мамлекет былтыр 194 үйдүн 28 чарчы метрин куруп, калгандарын донорлордун жана ссуданын эсебинен үй ээлери өзүлөрү куруп алышкан. Эми өрттөнгөн үйлөрдүн калганын быйыл донорлордун эсебинен куруп берип атабыз. Жабырлануучулар андан тышкары кайтарымсыз 50 миң сомдон да алышкан. Бизде төрт кыргыз мектеп, тогуз өзбек мектеп бар. Жабырлануучулар тамак-аштан камсыз болуп, кышында айыл өкмөтүнөн бир тонна, донорлор 2,5 тонна көмүр бекер беришти. Кыскасы, бул жердеги элдин көйгөйү жакшы эле чечилип жатат.
Фатима Нажимидинова, Базар-Коргон айылынын жашоочусу:
- Июнь коогалаңында үйүм толугу менен күйүп кеткен. Азыр үйүм акырындап калыбына келе баштады. Мамлекеттен 200 миң сом кредитти жыйырма жылга пайызсыз алдык. Аны 2013-жылдан баштап төгө баштайт экенбиз. Өзбек-кыргыз улутундагы айылдаштарыбыз менен мурда деле жакшы болчубуз, тополоңдон кийин деле бири-бирибизге жардамдашып, тамак-аштарыбыздан бериштик. Ал эми тополоңдун бир жылдыгында жабырлануучуларга өкмөт тарабынан 2000 сом, бир каптан ун берилди. Айылдаштар чогулуп тынчтык маараке уюштурдук.
Жалал-Абад кайрадан жаркырайт
Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичирайонунда беш кабаттуу алтымыш батирлүү үйдүн курулушу аяктап, жабырлануучулар көчүп келип жашап атышкан экен. Бул үйдүн курулушу мөөнөтүнөн бир айга эрте бүтүптүр. Жаңы конуштун 60%ы кыргыздарга, 40%ы өзбектерге бөлүнүптүр. Беш кабаттуу жаңы үйдүн бөлмөлөрү чоң, балкондору кенен, бардык шарты каралган. Чындыгында мындай үйлөр Бишкекте да аз. Бул үйгө көчүп келген үй ээлеринин кубанычтарында чек жок. Бирок эки улуттун өкүлдөрү кошуна жашашканы менен, баарыбир бири-бирине деген ишеним жок экенин, дагы эмне болуп кетет деген күмөндө жашаарын жашырышкан жок. Ошентсе да мындан ары ынтымакта жашайбыз деген үмүттөрү бар.
Базарбү Мырзабекова:
- Менин уулум Эрмек Мырзабеков аты чыккан бизнесмен жигит эле. Өткөн жылы июнь айында көзү өтүп, эки уулу атасыз, келиним жесир калды. Келиним ушул жерден үч бөлмөлүү батир алды. Ошто студент кыздарды зордуктап, өлтүрүп атыптыр дегенди угуп, балдар менен чогулуп барышыптыр. Камалып калган көп адамдарды куткарып, эми кетели деп турганда уулумду снайперлер атыптыр. Көкүрөк күчүгүм эле. Бул жерде өзбек-кыргыздар аралаш жашап атышат. Азырынча жакшы эле. Бирок бири-бирине көз карашы мурдагыдай эмес, ишенбөөчүлүк бар.
Канайым Маматова:
- Жолдошум Таш-Булак айыл өкмөтүндө болгон тополоңдо 13-июнда каза болду. Беш балабыз бар. Биринин да жакшылыгын көрбөй калды. Ошол жерге эл ташыган унаасы менен бара калганда атып салышкан. Үч бөлмөлүү квартира алдым. Бирок балдарымдын атасы маңдайыбызда аман-эсен болсо не. Ушул окуянын чыгышына өкмөт күнөөлүү. Урушту болтурбай, алдын алса болот эле. Канчалаган жаш өмүрлөр кыйылып, канчалаган энелер сай-сөөгү сыздап кала берди. Өкмөт бир миллиондон акча, үй берип, ушулардын жарасын бастык деп атабы? Бул жара оңой менен басылбайт. Биздин өлгөн күйөөлөрүбүздүн, балдарыбыздын башын акча, үй менен алмашкандай болуп атабыз. Быяктагы өзбек улутундагылардын дагы кээсинин баласы, кээсинин күйөөсү өлүптүр. Аларды карап турсак биздей эле кайгыда турат.
Минабар КУСАИНОВА:
- Эки балам менен жесир калдым. Күйөөмдү өткөн жылы 13-июнда сабап өлтүрүштү. Бул үйдө кыргыздар менен ынтымакташып жашап атабыз. Бул урушка ким күнөөлүү экенин айталбайм. Күйөөмдү кимдер өлтүргөнү да белгисиз болуп калды.
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек көчөсүндө беш кабаттуу 60 батирлүү курулуп аткан үйдү да көрдүк. Бул үй сентябрь айында бүтөт экен. Шаарда көп кабаттуу үйлөр жылдагыга караганда көбүрөөк курула баштагандыктан дасыккан куруучулар жетишсиз болуп атканын жашырышкан жок. Куруучулардын алган маянасы 16 миң сомдон жогору.
Ошко оомат келе баштады
Ош шаарынын Дружба, Анар кичирайондорунда да беш кабаттуу элиталык үйлөр салынып атса, Черемушка кичирайонунда төрт кабаттуу 24 батирлүү үй бүтүптүр. Курулуп аткан үйлөрдүн жертөлөсү бейтапкана, элди социалдык жактан тейлөө пункттарына ылайыкташтырылыптыр. Бул үйлөр курула баштаганда ички жасалгасы, көрктөндүрүү иштери үй ээлеринин эсебинен болот дешкен эле. Бирок үйдүн жасалгалары да мамлекеттин эсебинен бүткөрүлүптүр. Учурда Ош шаарында 27 көп кабаттуу үй курулуп атса, анын үч жер тилкесин мэрия бөлүп берген, калган жер менчик ээлеринен сатылып алынган.
Негизи түштүктө салынган үйлөрдүн үч бөлмөлүүсү 80 чарчы метрден ашык болсо, бир бөлмө 45, эки бөлмөлүү 62 чарчы метрди чапчыйт. Булардын бир чарчы метри 800 доллардан айланат.
Май айында барган медиатурда журналисттер "Семетей" кинотеатрынын курулушуна күбө болуп кайтсак, бул жолу кинотеатрдан кино көрүп чыгышкан көрүүчүлөрдү көрдүк. "Семетейдин" директору Бактыгүл Малабаеванын айтымында, чет элдик тасмалардан башка дагы союз убагында тартылган кыргыз фильмдери көрсөтүлө баштаган. Андан тышкары кинотеатрда мектептердин, бала бакчалардын оюн-зооктору, концерттер өтөт.
"Мен Кыргызстандагы тынчтыкты сактоого ант берем!"
Ушундай аталыштагы акцияны жергиликтүү жаштар уюму Сулайман тоонун этегине уюштурушту. Иш-чарага келген эки улуттун жаштары "Мен Кыргызстандагы тынчтыкты сактоого ант берем!" деп ант берип, атайын даярдалган 50 килограммдык торттон татып, ар кандай көңүл ачуучу сынактарга катышты. Ал жерде да Бишкектен келген эстрада ырчыларынын концерти өттү.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Бишкек-Жалал-Абад-Ош-Бишкек, сүрөттөр автордуку