01.07.11 - 6-бет:
  Кырдаал

Президенттик шайлоо өтөбү, өтпөйбү?
Жаңы Башмыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнүн бекитүү Жогорку Кеңештин укугу. Бирок ЖК каникулга тароонун алдында. Шайлоо мыйзамын бекитип кетишпесе, кийин кеч болуп калат. Кечээ президент атайы парламентке барып шайлоо мыйзамдарынан кеп козгоп, өзүнүн төрт кишисин БШКга сунуштаганы менен оңчулуктуу жооп укпады.


Жогорку Кеңеш "КР шайлоо жана референдумдарды өткөрүү комиссиялары жөнүндө" деген мыйзамды (13-майда) арыдан-бери токуй салышып, бир нече күн бооруна басып жатып, президентке кол коюуга 26-майда араң жеткиришиптир. Мыйзам боюнча президент бир ай "басып" жатканга укугу бар экен, акыры алдыдагы шайлоолор түшүнө кирсе керек, 18-күнү ветосун балчайта коюп, дагы ойлонгулачы деп ЖКга кайра айдады. Себебин аталган мыйзамдын күчүнө кирүү процедуралары бузулуп жатат, кийин соттон башыбыз чыкпай калат деп түшүндүрдү.
Президенттин мындай кадамына Жогорку Кеңеш эмнегедир түндүккө түйүлө чычалады. Эмки жолу парламенттен өтсө президент кол койсо-койбосо да аталган мыйзам күчүнө кирерин билип турушуп "саясат" жыттантып жиберишти. Ал эми ЖК спикери А.Келдибеков "быйыл деги президенттик шайлоо болобу же болбойбу" деп кекетсе, депутат К.Ташиев кийинки жылга эле жылдырып койбойлубу деп күүлөндү. Бул дагы айтылуу Ташиевдин кезектеги демагогиясы эле. Болбосо жаңы Башмыйзам боюнча президенттик шайлоо быйыл өтүшү керектиги айтылган. Аны бузууга, шайлоо мөөнөтүн узартууга болбой тургандыгын да жакшы билчү. Эң башкысы, ага себеп жок эле. Бирок ушинтип бирдемени айтып турбаса, анын артынан тумандаган ой жоруулардын түтөп чыгышына өбөлгө түзбөсө саясатчылардын башы ооруйт эмеспи. Атүгүл президент Р.Отунбаева да ойго түшүп, "…айрым адамдар президент кантип эле кызматын мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө өткөрүп койсун деп түшүнө албай жаткансыйт. Мен бир нече жолу президенттик кызматты тынчтык жолу менен мыйзамга ылайык өткөрүп берүүнү айткан элем" деп актанып алды. Ошентип бир нече күн бою бул маселе саясатчылардын кырчылдашкан майданына айланып, коомчулукту козутуп турду. Ушунун өзү эле президенттик шайлоонун маанисин, ага ат салышчу күчтөрдүн маанайын көрсөтүп койду. Айрым саясатчылар "бээ дегенди кой, түз эле төө кайдалап" калганын да көрдүк. Айталы, Равшан Жээнбеков бул жагынан Ташиевди ташка отургузуп кетти. Ал "Регион.kg" сайтына берген интервьюсунда "Быйылкы жылы президенттик шайлоо өтпөй калса, президенттин полномочиеси автоматтык түрдө спикерге өтөт. Р.Отунбаева президентти шайлоо мыйзамын жактырса да, жактырбаса да кызматынан кетет" деп билдирди. Чындап келгенде бул анчалык деле "Американы ачып" ийген сөз эмес. Жаңы жылдан кийин президент Р.Отунбаева ансыз да кетет. Мыйзам боюнча ушундай. Эгер Жээнбеков айткандай, ЖК президентти шайлоо мыйзамын созо берсе, саясый кесепети оңой болбосу да белгилүү. Ошондуктан Жогорку Кеңештен да жоопкерчиликти эч ким алып салалбайт. Андыктан шайлоо мыйзамын эртерээк кыймылдаткан жоксуңар деп баарыбыз эле айтып чыгабыз. Р.Жээнбеков өздөрүнө, жалпы эле ЖКга тийчү сөздү аңдабай калгандай. Минтип айта да баштадык.
Ырас, алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстандын саясый турмушундагы чоң саясый окуя экени анык. Жаңы бийлик, жалпы эле коомчулук үчүн дагы мыкты сыноо. Андыктан алдыда өтчү саясый окуяны үтүр, чекитине чейин тактап албасак, сазга тыгыларыбыз анык. Кудай ошондон сактасын. Демек, Кыргызстандын бардык саясый күчтөрү адегенде Темир Сариев айткандай, "оюн эрежелерин" ойлонуп алышпаса болбойт. Бирок буларың ойлончу түрү жок. Президенттик кызматтын "түбөлүк" талапкери, "түбөлүк" оппозиционер Өмүрбек Текебаев интрига казанын имере кармап чыгып, андагы кайнак суусуна президенттин өзүн салып ийгиси келди эле, болбой калды. Демейде ар бир сөзүн абайлап айтчу эргулубуз "…ЖК күндөп-түндөп иштеп, шайлоо мыйзамын даярдаса, президент интрига отун жагып, эки ай басып жатып албадыбы" дейт. Анын айтымында, депутаттар эки ай бою улам-улам колдорун жууп күтүшкөн экен. Өмүкенин бул калпын жогоруда келтиргенимдей президент өзү чыгарды. Эки ай эмес эле 18 күндүн ичинде кайрып бергенин билдирди. Ушунун өзү президенттик шайлоонун шайтандары шамдарын жага баштагандыгынын белгиси эмей эмне. Кандай болсо да Өмүрбек Текебаевдин мындай оорусу бар экенин мурда байкабаптырбыз. Мындайда өлчөөсү өзү менен калсын дечү эле. Сыягы, жаңы Конституциянын атасынын бир билгени бардай. Анысын көрчү күндөр деле алыс эмес. Босогодо күз.
Ушул күндөрдө эмне деген гана кызыктарды көрбөдүк. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленгенин, макулдашуу комиссиясы ушундай чечкенин жар салган. Ошентип бүтүндөй парламенттин укугун өзүнө ыйгара салып боорду эзип койду. Чет өлкөлүк журналисттер тимеле чалкасынан кетти. Буга спикер баш чайкаса, депутат Мыктыбек Абдылдаев "укугубузду ушинтип эле алып коюшабы" деп алакан жайды… Буга эмнени кошумчаламак элек. Кечээ президент аталган мыйзамга кол койду.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




  Шайтан оюн

Өлкө тагдыры колот "баатырларынын" колундабы?
Биртопко чейин ыр-жомок болуп, кыйланын канын кызыткан Ташиев- Сулейманов чатагы аяктады көрүнөт. Тактап айтканда, 28-июнда Ташиевдин колтийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны болуп, анда К.Ташиев менен Б.Сулейманов экөөнүн жарашуусу болду. Эми Б.Сулейманов Башпрокуратурадан доо арызын кайра алышы мүмкүн.

Каалайбызбы-каалабайбызбы президенттик шайлоонун алдында ага катыша турган саясатчылардын тегерегинде ар кандай шайтан оюндар күчөйт. Кыргыз саясатчылары ушундай окуяларда кадимкидей кокту-колотко, сай-сайга бөлүнүп, бири-бири менен ачык да, тымызын да күрөш жүргүзөрү көнүмүш иш. Ошол эле учурда жасалма чыр-чатак да уюштурулуп турушу мүмкүн.
Башында Бахадыр Сулейманов баш мээм чайкалды деп дарыгердин аныктамасын алып сотко чуркаса, К.Ташиев "мен аны ооруканага жатып ала тургандай абалга жеткирген эмесмин. Жөн-жай гана сүйлөшкөнбүз. Б.Сулеймановду курал катары пайдаланышып, мага каршы коюшту. Булардын максаты бирөө гана - мени президенттик шайлоого катыштырбоо" деп күнөөсүн мойнуна албай келген. Эми кайра кечирим сурады.
Чү деген эле жерден айтып кое турган нерсе, жеке менин пикиримде К.Ташиев саясатчы катары президенттик шайлоого бара турган деңгээлге өсүп жете элек. Бирок ал былтыркы Ош окуясынан кийин түштүктүн кайсы бир бөлүгүнүн бир кездеги Баяман сыяктуу ишенген уулуна айланганы ырас. Экинчиден, депутат. Бул жерде Ташиевдин адамдык сапаты, саясатчы катары салмагы, депутаттык этикасы тууралуу сөз өзүнчө. Тек гана анын тегерегинде болуп жаткан окуялар тууралуу бир жактуу сайрай бербей, экинчи жактын пикирин да камтуу өзүн региондук эмес республикалык деңгээлдеги маалымат каражаты деп эсептеген гезиттердин милдети.
Эгер биз маселени дал ушул К.Ташиев айткан жагынан алып кароого аракет кылып, Бахадыр Сулеймановдун буга чейин баскан жолуна көз салып, кылган ишин таразаласак, аны чындап эле курал катары колдонсо болот деген ой туулат. (Бирок ал кимдин куралы болду? К.Ташиевдин оппоненттерининби же пиар үчүн К.Ташиевдин өзүнүнбү, муну так айтуу кыйын.) Сулеймановдун артында калдайган калбыры бар. Мисалы, Бахадыр мырза Акаев учурунда Мамматрезервде жетекчи болуп турган Т.Керексизовдун колтугуна жашынып алып бул тармакты каалагандай калчап келгенин баары билет. Бахадыр мырза ошондо бөрк ал десе баш алып, канчаларды ыйлатып, шефи сыяктуу эле ортодон чыга калып, сол чөнтөккө солоно турган 10 пайыздык үстөккө отуруп бутуна турган дешет. Жакында эле ЖК жыйынында депутат Исмаил Исаков Б.Сулеймановду кыргыздын жүздөгөн тонна буудайын уурдап качкандыгы жана Интерполдо издөөдө жүргөндүгү тууралуу айтып чыкты.
Ташиев тараптын айткандарын тыңдасак, бул оюндун башкы сценарийи А.Атамбаев тарабынан уюштурулган. А.Атамбаев К.Ташиевге буга чейин президенттик шайлоодо сен мага кошул, мен экономиканы көтөрүүдөн чарчадым. Мен президент болоюн, сен премьер бол. Түштүктү алып бер. Июнь окуясы боюнча кайра-кайра маселе көтөргөнүңдү токтот маанисинде эки-үч жолу жуучу жөнөткөн дешет. Бирок К.Ташиев бул сунушка макул болбой андан улам А.Атамбаевдин каарына калып, капилеттен эле А.Сулайманов чатагы, көп өтпөй Б.Сулейманов чатагы Ташиевдин таш-талканын чыгарууга багытталган имиш. А.Атамбаевдин түштүктөгү кадыр-баркы ченелүү экени реалдуу чындык, андыктан мындай сунуштун болушу мүмкүн.
Эмне болгон күндө да Сулейманов чатагын Ташиев өзү үчүн жакшы пайдаланды. Түштүктөгү электоратын ойготту. Бирок бул маселенин саясатташып кеткени, айрым ММКнын Ташиевди баса калып жатканы кайсы бир деңгээлде түндүк-түштүк ажырымын кеңейтип, түндүк кланы түштүктүн тың кадрларын атайын эле тизеге чаап жатат деген сөздү арбытарын айта кетүү керек.
Абайлап карап көрсөк, учурда президенттик шайлоого катышам деп жаткандардын ичинде республикалык деңгээлдеги салмактуу саясатчы жокко эсе. Алардын аттарын тизмектей келгенде эле бирөөсү тиги колоттогу, экинчиси бул колоттогу колдоочуларына шыктанып хан болгусу келгендер. Анүстүнө коомдун, чалагайым интеллигенциянын саясатты жана саясатчыларды кабыл алуусу да ошондой болуп турганын танууга болбойт. Жадагалса ар кандай ат менен чыга баштаган гезиттер да кайсы бир жеке саясатчынын, кландын же партиянын кызыкчылыгын коргогон, ал эми өздөрүнүн карамагына кирбеген бөлөк сайдын уулун жамандаган каражатка айланды. Бул коомдук пикирдин ашмалтайын чыгарып туру.

Зайырбек АЖЫМАТОВ