01.07.11 - 5-бет:
  Жашыл жарык

Бийлик "черныйлардан" жеңилдиби?

Буга чейин күч органдары "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевге издөө салып, Аламүдүн райондук соту аны качып жүрөт деп жарыялап, кармап камоо чечимин чыгарган. Бирок эмнегедир 24-июнда Чүй облустук соту ага байланыштуу Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, криминалдык лидердин Кыргызстанга келишине жашыл жарык күйгүзүп берди.
Атайын прокурор Чүй облустук сотунун бул чечимине каршы чыгып, Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот атайын маалымат таратып, чынында эле Чүй облустук соту Көлбаевдин адвокатынын арызын караганын жана Аламүдүн райондук сотунун 13-майдагы чечимин жокко чыгарганын билдирди. Бирок Жогорку соттун түшүндүрмөсүнө караганда, Чүй облустук сотунун мындай чечими Көлбаев акталды дегендикке жатпайт. Анткени сот Көлбаевди актоо ишин карабай эле, анын мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганы боюнча ишти караган.
Бирок мындай түшүндүрмө баарыбир К.Көлбаевдин акталганын ырастоодо. Себеби Аламүдүн райондук соту 2008-жылы абакта жазасын өтөп аткан Көлбаевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоткон чечим чыгарган. Мындай аныктама боюнча бошотулгандар тиешелүү органдарга катталып турууга милдеттүү. Бирок күч органдары Көлбаев ошол боюнча жоголгонун айтышып, ага издөө салышкан. Ага ылайык, Жаза өтөө жайларын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратурасы "Көлбаев 2 жыл 11 ай 27 күндүк мөөнөтүн өтөгөн жок" деген жүйө менен сотко кайрылган. Аламүдүн райондук соту болсо 2008-жылы чыгарган чечимин кайра жокко чыгарып, "айыпталуучу калган мөөнөтүн түрмөдө толук өтөсүн" деген чечим чыгарган. Чүй облустук соту дал ушул чечимди жокко чыгарып отурат. Тактап айтканда, "Көлбаев 2 жыл 11 ай 27 күндүк мөөнөтүн өтөгөн жок, ошондуктан айыпталуучу калган мөөнөтүн түрмөдө толук өтөсүн" деген чечим жокко чыгарылды. Эми Көлбаев мыйзам алдында таза.
Ошол эле маалда Жогорку сот Көлбаев акталды деген маалымат чындыкка дал келбесин, анткени ал 2002-жылы адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштары үчүн 19 жылга эркинен ажыратылганын, ал чечим күчүндө экенин билдирүүдө. Бирок ошондогу кылмыш иштери үчүн абакка отурган Көлбаев 2008-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулуп, жогорудагыдай окуя болуп жатпайбы. Мындай болгон күндө Жогорку соттун түшүндүрмө берип башты айлантканынын кереги эмне? Тек гана К.Көлбаевдин акталганын моюнга алуу жетиштүүдөй.
Ички иштер министрлиги Камчы Көлбаевге карата Чүй облустук сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратты. Анда "тартип коргоо органдарынын кызматкерлери өмүрүн тобокелге салып, уюшма кылмыш топторго каршы иш жүргүзүп жаткан чакта соттордун мындай чечими жоопкерчиликсиз" деп айтылат. ИИМдин билдирүүсүнө караганда, соттор уюшма топтун мүчөлөрүнө каршы козголгон 50дөн ашуун кылмыш ишине байланыштуу жумшартылган же таптакыр актаган чечим чыгарган.




  Көңүл чордонунда

Расмий билдирүү
"Жогорку Соттун тийиштүү чечимин аткаруу Кыргызстандын экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга жашыл жарык берет" "Serpeus Inc." директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Сукало.
Кыргызстандын Жогорку Сотунун 21.06.2011-жылдагы "БиМоКом" компаниясынын пайдасына, "Мегакомдун" мүлктүк комплексин өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимин биз канааттануу менен кабыл алдык. Мына ушул чечим Кыргызстандын укуктук өлкө экенин айгинелейт.
2009-жылга чейин БиМоКом ушул активдердин 100% ээси болгону менен, 2009-жылы компанияны жалган банкрот кылуунун натыйжасында башкаруу укугунан ажыраганын эсиңиздерге салабыз. Дал ушундай мыйзамсыз иш аракеттердин натыйжасында компаниянын мүлкү Бакиевге тиешелүү "Альфа Телекомго" өтүп кеткен.
Эми Жогорку Соттун чечиминен кийин мен жана менин өнөктөштөрүм, инвестициялык макулдашууну талкуулоо үчүн Кыргызстандын өкмөтү менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчүбүз. Бул макулдашууда Кыргызстандын кызыкчылыгы жана керектөөлөрү эске алынат. Инвестициялык макулдашуунун деталдары, биз "Мегакомду" башкарууга жетишип, азыр компания кандай абалда турганын иликтеп чыккандан кийин ачык билинет.
Биз республиканын премьер-министринин кеңешчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө таң калдык. Мен буга чейин айткандай, "Серпеус" компаниясын Бакиевдин кызыкчылыгы үчүн иштейт деп күнөлөөгө эч негиз жок. Жогорку даражалуу чиновниктин укуктук нигилизмдин духунда сүйлөгөнү соттук инстанцияларга басым жасагандай болду. Мыйзамдын алдында бардыгы, ал жогорку даражалуу кызматкер болобу, анын байлык-мансабына карабай бирдей болуш керек.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимин аткарууда, республиканын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз бут тосуулар болбойт деп ишенемин. Жогорку Соттун тийиштүү чечимин аткаруу Кыргызстандын экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга жашыл жарык берет, бул калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө, Кыргызстандын экономикасын турукташтырууга, жаңы жумушчу орундарын камсыз кылууну шарттайт.
Аталган чечим күчүнө киргенден кийин, компания белгиленген инвестициялык пландарды ишке ашыруу үчүн өлкөнүн телекоммуникация секторун өнүктүрүүгө 250 миллион доллар жумшоого киришмекчи.
Биз ошондой эле, "Мегакомго" карата жана башка тараптардын, Пенвелл компаниясынын дооматтарын сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга аракет кылабыз. Мен жана менин өнөктөштөрүм, уюлдук оператордун туруктуу ишин калыбына келтирип, рыноктогу лидерлик сапатына жеткирүү менен бизнестин этикалык нормаларын сактап, корпоративдик башкаруунун заманбап эл аралык стандарттарына ылайык "Мегакомду" өнүктүрөбүз.




  Өгүз араба

Биротоло 5 млн. министрлик ачып койбойсуңарбы?

23- июнда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык 20 министрлик 17ге кыскарып, бюджеттен 14,3 млн. сом үнөмдөлө турганы айтылган. Бул боюнча ушул жума ортосунда "Ата журт" фракциясы өкмөттүн жаңы курамы чала уюштурулган деген жүйө менен четке какты. Ага чейин өкмөттүн жаңы структурасын Социал-демократтар фракциясы жактырган болчу.
Ал токтомго ылайык Экономикалык тескөө министрлиги Экономикалык өнүгүү жана инвестиция комитети болуп, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Жаштар иштери боюнча министрлиги бириктирилип, Маданият жана маалымат министрлиги Маданият жана туризм министрлиги болуп, Мамлекеттик мүлк министрлиги өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк фонду болуп, Табигый ресурстар министрлиги Өндүрүш жана минералдык ресурстар министрлиги болуп кайра түзүлмөк.
Аз өтпөй Жаштар иштери боюнча министрликтин алдындагы "Манас" жаштар ордосунун башчысы Бакыт Романов маалымат жыйын өткөрүп, соңку алты жылда жаштар боюнча алектенген мекеме беш жолу өзгөргөнүн, ар бир өзгөртүү мамлекеттин жаштар саясатына терс таасир тийгизгенин, бул жолу Жаштар министрлигин жоюуга каршы мыйзамдуу бардык чаралар колдонуларын, кол топтоо башталарын айтып чырылдады.
Буга кошумча туристтик тармактын өкүлдөрү өкмөттүн жаңы структурасына ылайык туризмди башкаруу Маданият министрлигине берилип жатканына нааразы болуп, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Кайрылууда туризм тармагын социалдык мекеме башкаргандагы кейиштүү тагдыры белгиленген. Туризм экономиканын өзөгүн түзүп жаткандыктан аны экономикалык министрликтерде эле калтыруу сунушу айтылган.




  Ак боз ат

Алыкул менен Чыңгыздын айкелин Айга койсо да татыктуу

Учурда акын Алыкул Осмоновдун күйөрмандары тарабынан Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай шаарчасынын көрүнүктүү жерине акындын эстелигин тургузуу идеясы көтөрүлүүдө. Аны жеке ишкер Туратбек Андашев каржылайт. Азыр акындын айкелинин долбоору талкууланууда. Ага коомчулук да катышса болот. Ал эми июлдун башында "Алыкул" кемеси Ысык-Көлгө сүзүп чыгат .
"Алыкулдун үй борбору" коомдук бирикмесинин жектекчиси Памирбек Казыбаевдин айтуусунда, мындан сырткары учурда Алыкулдун күйөрмандары борбордогу мурдагы Ленин, азыркы улуттук китепканага Алыкул Осмоновдун ысымын ыйгаруу маселесин да көтөрүп жатат. Буга аталган китепкананын эмгек жамааты да каршы эмес. Жакында бул маселе боюнча кайрылуу коомчулуктун талкуусуна коюлуу үчүн өлкөдөгү омоктуу гезит, журналдарга жолдонгон.
Угушубузга караганда, азыр аталган китепканага кайсы бир мамлекеттик ишмердин ысымын ыйгаруу аракети көрүлүп жатат. Мурдагы Чернышевский атындагы китепканага жазуучу Касымалы Баялиновдун ысымы берилгенин билебиз. Ошол салтты улап Ленин китепканасына кыргыз поэзиясынын чолпону Алыкул Осмоновдун атын берүү ылайыктуу дешет демилге көтөргөндөр. Буга чейин китепкананын алдына Алыкул Осмоновдун айкели коюлган.
Мындан эки жыл мурун Чолпон-Атада Алыкулдун ал жерде жашаган үйү музейге айлантылып, ачылыш аземинде аталган шаардын ошол учурдагы мэри Нурлан Насирдинов Чолпон-Ата шаарында Алыкул атындагы парк жасалып, анда акындын эстелиги коюлат деп сөз берди эле. Ырас, андан кийин өлкөдө тынчтык болгон жок. Кадрлар өзгөрүп кетти. Бирок эл сыйлайт экен, учурда Нурлан Насирдинов тескерисинче кызматынан көтөрүлүп Ысык-Көл районунун акими болуп калды. Демек, андагы мэр, азыркы аким эми деле ошол сөзүн ишке ашырса болот.




  Ийгиликтин эрте кечи жок

Мамтилди билгениң мен үчүн эмес, өзүң үчүн керек

Ош шаардык кеңе-шинин өзбек тек-түү депутаты Аманулло Иминов шаардагы өзбек мектептеринде кыргыз класстарын ачуу демилгесин көтөрдү. Бул боюнча шаардык кеңештин кезектеги жыйналышына токтомдун долбоорун даярдап жаткан депутат жаңы окуу жылынан баштап мындай демилгени жүзөгө ашыруу зарыл экендигин айтып чыкты .
Ош шаарында жана Ош облусунун аймагындагы райондордо жайгашкан өзбек мектептеринин саны жүздөн ашуун. Кыргызстандагы өзбек мектептерде окуу куралдары жетишсиз экендиги, бүтүрүүчүлөрдүн андан ары билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелип калгандыгы көп айтылып келет. Андыктан өзбек мектептеринин көпчүлүгүн мамлекеттик тилде окутууга өткөрүү зарылдыгы бар.
Анткен менен мындай демилге өзбек коомчулугунда тескери маанайды жаратышы мүмкүн деген чочулоолор дагы жок эмес. Ошол эле учурда Ош облусунун айрым райондорундагы айрым улуттук мектептерде мындан бир канча жыл мурун эле кыргыз класстары ачылып, окутууну толук мамлекеттик тилге өткөрүү аракеттери башталган. Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы ?122 мурдагы өзбек мектеп буга мисал боло алат. Өзбек ата-энелерден чыккан мындай демилге азыр ийгиликтүү ишке ашып жатат.
Улуттук мектептерге мамлекеттик тилде билим берүүнү киргизүүнү жакында мамлекет башчысы Роза Отунбаева да көтөргөн. Ал мындай жөрөлгө этникалык топтордун өз ара аралашуусуна өбөлгө түзөрүн белгилеген болчу. Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Анвар Артыков өзбек мектептерин мамлекеттик тилде билим берүүгө өткөрүү демилгеси кечигип болсо да жасалган жакшы кадам деп эсептейт.
Эске салсак, буга чейин 2007-жылы Кыргызстандагы улуттук мектептерде орус жана өзбек тили сабактарынын эсебинен кыргыз тили боюнча сааттарды көбөйтүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок бул демилге өлкөдөгү улуттук азчылык өкүлдөрүнүн каршылыгына тушугуп, демилге кайра артка кайтарылган эле. Эмкиси эмне болорун күтө туралы.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ