01.07.11 - 4-бет: Все по чину "Фигаро" -
как сказал великий Бомарше в своей комедии,
дух французской революции - Фигаро-цирюльник.
Сто собравшихся зарезали короля
и объявили себя "народом".
Василий Розанов. Бог и смертные
Чачтарачтар
(Уландысы. Башы өткөн санда)

"Ак жол" партиясынын айланасында парламент комиссиясынын отчетунда эч сөз жоктугу эске түшүп атканы мындан. Калайык калк жакшы билет, Бакиев батальону акыркы жылдары батальон эмей эле бүтүндөй армияга айланган. Урук-тууганын эске албаганда, анын уңгусу Казакстан бийлигин карап, Россия бийлигин туурап, маркум Медет Садыркулов түзүп берген "Ак жол" партиясы эле. Алардын так саны эсимде жок, бирок жетекчилеринин бири мүчөлөрүбүз жүздөгөн миңди түздү маанисинде төш каккан интервьюсун окуганым бар.
Кеп санында эмес. Кеп партия криминалдашкан, криминалдашпаган эбегейсиз зор экономикадан, чырмалышкан бийлик аппаратынан, аларга тиешелүү ММК, криминалдын өзү, анан кандайдыр бир куралдуу күчтөрдөн куралганында эле. Парламенттин 90-95%ы ошолордун колуна өткөн. Коммунисттер фракциясы дегенибиз алардын он чактысынын эле көлөкөсү боло турган. Жеке бийликтин жетесин ошолор бекемдеген, мамлекеттин майлуу жерлерин майкандаганды, алып-сатканды, элдин, журттун жонтерисин тескери сыйрыганды ошолор мыйзамдаштырган.
Төңкөрүштү байлыгына күч келген партиянын айрым мүчөлөрү мүмкүн колдогондур, төтөн төбөлдөрү, демек, өлкөнүн арам экономикасынын дээрлик бардыгы, айрымдарын айтпаганда, бийлик аппараты бүт, кылмышкерлер дүйнөсү, ММКлары, куралдуу күчү жаңы бийликке жаанын жебесиндей керилип каршы турганын жамы журт жакшы билет. Алардын көпчүлүгү азыр да Жогорку Кеңеште, өкмөттө ж.б. мамлекеттин майлуу, жайлуу кызматтарында отурат. Атургай июнь кандуу кагылышын изилдеген ЖК комиссиясынын ичинде да алардын, бери калганда бакиевчилердин изи арбын сыяктанат.
Жагдайдын андай аныгын 7-апрелге арналган митингде өкмөт башы Алмазбек Атамбаев "Бакиевчилер мага азырынча майрамдай тургула, 10-апрелден кийин бийликти биз алабыз деп ачык айтты… Парламентте бүгүн Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин, Курманбек менен Максим Бакиевдин кулагы калдайып көрүнүп турат" деп айрыкча эмоция менен айтты.
Болот Шер менен жолугуп сүйлөшүүгө шарт болбоду. Арийне парламент талкуусунан соң мындай мааниде маалымат таратканын окуп калдым. Анын айтымында, ЖК комиссиясы ага кирген "Ата мекен" фракциясынын депутаттары менен соодалашат имиш "силер "Ак жол" партиясынын июнь окуясындагы жоопкерчилигин отчеттон алып салууга макул болсоңор, биз Болот Шерди генералдык чинден ажыратуу сунушун киргизбейбиз. Андыктан мен партиялаштарымдын баркын кетирбөө максатында генералдыктан өз каалоом менен аткез берип, партиялык мүчөлүгүмдү токтоттум".
Коомчулук билет, Болот Шер тигил бийликке да, бул бийликке да жагынып көргөн жан эмес. Кызмат, даражаны колдун кириндей да көрбөйт. Болгону реалдуу чындыкты баатыр ойлонуп, батыл айтарын, болгондо да башка чапкандай фактылар менен сүйлөрүн кесиптештери, дегеле аны тааныгандар жакшы билет. ММКларда да, парламент трибунасында да. Анын үстүнө аз, бирок саз сүйлөйт. Саясый дардаңпоздордон эмес. Андыктан ага ишенбегендер жок десем жаңылбайм.
Кеп албетте, анда эмес. Кеп, окуя оңутуна ой жүгүртө келгенде, Болот Шердин УӨ башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу ат көтөргүс айыбы жоктугун байкоо кыйын эмес. Хронологияны карайлы. Калк арасында кадыры бийиктигин билген оппозиция аны кыйнап атып 6-апрелде Таласка курултай уюштуруу үчүн жиберет. Анын алдында эки ирет инсульт болуп, ооруканадан чыкканына карабай барат. Таласка буту тиер замат атактуу кыргыз "үч тамгасы" (УКК) колуна кишен салып, башына кап кийгизип, УКК түрмөсүнө камайт. Эртеси 7-апрелде эл бийликти көңтөрүп, калк канга чыланат.
Өзүңүздөр билесиздер, эзелтеден революция эрежеси ушундай: бийлик төңкөргөндөр элден мурда куралдуу күчтү, анын ичинен милийсаны алат. Анан байланыш түйүндөрү, маалымат каражаттары, финансы, банк тармагы ж.б. болуп кете берет. Алардын жетекчилигине көздөй ишеничтүү адамдар дайындалышы шарт. Эл ээрчип, коомчулук колдогондой болуш керек. Бизде окуя мындай өңүт аларын эч ким ойлогон жок. Бийлик да, оппозиция да. Ошондуктан утурумдук өкмөт шашылыш түзүлдү. Коомчулукка кадыр-баркына карап, Бакиев режимине каршы кыймылга канчалык катышы бардыгына карап… Ошол кадыр-баркы калыңдыгынын кесепетинен ден соолугуна карабай Болот Шерди 7-апрелде ИИМ башчысы кылып салышты. Белди байлап, көздү жумбасаң, революция, өлкө тагдыры кылдын учунда турат дешти сыяктанат.
Андан кийинки өлкөдөгү таланып-тонолуу, атышып-тытышууну, коомдогу аркы өйүз-берки өйүз, түндүк-түштүк болуп тирешүүнү айтпай-ак коелу. Парламентте А.Бекназаров чынын айтты: "2010-жылдын 7-апрелинен кийин өлкө мамлекетсиз калган. Айрыкча милийсасыз. Алардын бир даары кандуу кармаштан кийин эмне кыларын билбей дабдаарып калды, бир даары мыкты даярдыктан өтүп, заманбап куралдангандары Жаныш Бакиевдин башынан эле жан-жөкөрлөрү эле, ага кызмат кылды".
Болот Шер ушундай шартта иштеп, 17-апрелде Курманбек Бакиевдин батальону жайгашкан Тейит айылын мыйзам чегинде тазалоого аракет жасаса, алар 500дөн ашуун куралдуу кишилер менен каршылык көрсөткөнүн ММК кабарлап турду. 19-апрелде уюшкан топ - Жаныш Бакиев тараптагы милийсалар жана мүмкүн "Ак жол" партиясынын лидерлери Болот Шерди кызматтан түшүрүп (эки саатка жакын делинет), ИИМ милийса кызматкерлери коргоп, кайра ордуна койду. 20-апрелде Болот Шер кызматтан кетүүгө аракет жасаса, Р.Отунбаева башында турган утурумдук өкмөт уруксат берген жок. Өлкөдө анча-мынча стабилдүүлүк орной баштаганда чет өлкөгө дарыланууга кеткенде Жалал-Абад окуясы башталып, июнь айында Ошто адам каны суудай акты.
Байкап атасызбы, утурумдук өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү абстракттуу моралдык жоопкерчиликти моюнга алганы менен аларга караганда кандуу окуяга тиешеси кыйыр Болот Шердей кызыл кыргын күйүтүн тарткан жок.
Суроо туулат: ЖК комиссиясы эмне үчүн "Ак жол" партиясын жоопкерчиликтен качырып атыр? Партиянын мүчөлөрү Жалалидин Салахуддинов менен Алишер Сабиров сепаратизм менен айыпталып жатканы үчүнбү? Же жана башка айрым мүчөлөрү Ошто "кан кечип" жүргөнүнө байланыштуубу? Же партия жоопкерчлигин изилдей келсе, А.Атамбаев - К.Батыров - Ө.Текебаевдин "телефонгейтинин" тейи билинип калмакпы? Ырас, Алмазбек Шаршенович ушул ушак мени тажатып бүттү, текшергиле деп генпрокурор Аида Саляновага тапшырды. Арийне, бийлик кимде болсо кыргыз чындыгы ошондо болуп келген. Бизге чейин да ошондой болуп келген, бизден кийин да ошондой болот. Андан көрө Алмазбек Шаршенович ошого окшогон көптөгөн "телефонгейттердин" кимдер тарабынан жазылып, кимдер тарабынан бурмаланып таратылып атканын табууну өзүнүн менчик кадры - УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге тапшырса болмок.
"Ата журт" фракция жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кайра-кайра такымдаган суроосуна Роза Исаковна сиз прокурорсузбу, мен суракта отурамбы маанисинде чычалагандай жооп берди. Байкап баккан адамга парламент талкуусу чындыгында эле ошондой таасир калтырды. Кудум "Ак жол" партиясынын өкүлдөрү, а алар бардык фракцияларда бар жана баштагы бакиевчилер 7-апрелдеги революционерлерди суракка алып соттоп аткандай. Суроолор Жалал-Абад, Ош окуяларын "жамынгансыганы" менен түп насили 7-апрель төңкөрүшүнө такалып жатты. Андыктанбы, "Ата журттун" дагы бир лидери Мыктыбек Абдылдаев эл аралык комиссия түштүк окуяларын адамзатка каршы кылмыш деп жыйынтык чыгарды, буга кандай дейсиз деген суроосуна 7-апрелдин арааны менен ооба, Курманбек Бакиев күнөөсүз адамдарды аттырып, адамзатка каршы кылмыш жасады маанисинде жооп берди. Кудум эл аралык комиссия отчетунда Курманбек Бакиевдин июнь окуяларына катышы далил тапкан жок деп ак баракка кара тамгалар менен жазылып турганын окубагансыды. Окубады дейин десек, комиссия башчысы Кильюнендин аргументтерине акараат айткандар ашынган улутчулдар деп бизиң менен сизиңди күнөөлөдү.
Киммо Кильюнен мырза аны укканбы же жонунан сезгенби, айтор, эртеси "Азаттыкка" интервью берип, биздин талаптарды аткармайынча, Кыргызстанда улутчулдук жоюлмайынча, айрыкча Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовду кызматтан алмайынча республиканын эл аралык кадыры жогорулабайт, Ошко инвестиция барбайт маанисинде жооп берди. Жумгактап айтканда. Байкап атасызбы, бизди текшерип-тескеп эле тим болбой, биздин тагдырды чечип, анын планын түзүп, атүгүл аткарууга даяр. Мен бир-эки ирет жаздым, М.Мырзакматов ал комиссияга кайтарган жообунда да айтыптыр, "мен өз улутумду сүйөм" деп койгон экен, балээге калып, ушуга окшогон эл аралык "хлестаковдор" менен алардан акча жеп күн көргөн биздин укук коргоочулардын кутулбас куясына калып келет. Аларга жана акча карыз берүүчүлөргө жагынуу үчүнбү, айтору биздин чоңдор да эки сөзүнүн биринде "улутчулдук" менен башка-көзгө койгулай баштады. "Ата мекен", "патриот", "эстутум", "тарых" сыяктуу ыйык түшүнүктөр улутчулдуктун учу менен агарын айта турган мезгил башка, сөздү нугуна буралы.
"Ата журт" фракциясынын башка бир депутаты Жылдызкан Жолдошева менин байкашымча, таңдайынан чаң чыккандардын баарын жолго калтырды. Анын докладын "өзгөчө пикир" катары карайлы деди эле, "жок, меники өзгөчө пикир эмес, толук отчет, аны отчет катары кабыл алгыла. Ал тууралуу токтомду депутаттарга тараткам, баарыңар таанышкыла" талабын койду. Отчетко эмне үчүн убакыт аз бөлүнөт, мага келгенде эле эмнеге ушинтесиңер маанисинде спикерди бир кыйла матады. Отчетум менен "Коогалаң" аттуу фильмим ажырагыс, аны кошо көрсөтпөсөңөр болбойт деп чыргоолонду эле, депутаттар кайра-кайра көрө беребизби деп көнө бербеди. Коомдук телевидение докладды угузду, көрсөттү деңизчи, андыктан кайталап тажатпайын. Фильмин көргөн эмесмин, айрым гезиттердин жазганына караганда, өзбектер кыргыздарды кантип өлтүргөнү, кыздарын кантип зордуктаганы, кыскасы, өзбек сепаратисттеринин адамда жок мыкаачылыгы экен. Көтөргөн идеясы, көргөзгөн "көркөмдүгү" боюнча өзбектердин "Чөөлөрдүн мөртү" фильминен ашса ашат, асти кем калбайт имиш.
Отчету чын эле аябагандай көлөмдүү экен, мен талкуудан мурда интернет-сайтка жарыяланган нускасын окудум. Башка партиялаштары сыяктуу эле Ош окуясына, 7-апрелдеги кан төгүүгө утурумдук өкмөттү күнөөлөптүр. Албетте, Бакиевди да "балчайта" басуу менен. Бирок негедир парламентте Роза Отунбаевадан башкасы күнөөлүү деди. Өзбек сепаратисттеринин бетин ачыптыр, алар менен Акаев, Бакиев жана утурумдук өкмөт мүчөлөрүнүн байланышын айтыптыр. Республика эгемендикке ээ болгондон берки түндүк-түштүк маселесине, Ош кандуу окуясын жөндөөгө өзүнүн кошкон салымына өзгөчө орун бериптир. Анын бардыгын комментарийлеп чыгуу үчүн ошончо көлөмдө эмгек жазуу керек. Мен түндүк-түштүк маселеси боюнча бир-эки мисал келтире кетейин.
Түндүк-түштүк маселеси дүйнөнүн баарында бар. Эсеби маселең, XIX кылымдын ортосунда түштүк Америка түндүгүнөн бөлүнөбүз деп референдум өтпөй калган. Ушул тапта Италиянын түндүгү өз алдынча болобуз деп чыр чыгарып атыр. Булар эми ар кай жерден келген, ар түркүн тилдеги, диндеги, дилдеги көп калк. Кымындай Кыргызстан антип бөлүнсө, бөрү жеп кетерин кечээки Ош окуясы көрсөттү.
Жылдызкан айымдын логикасына таянсак, түндүк түштүктү дайыма эзип келиптир, кадрларын өстүрбөптүр, Масалиевди түшүрүптүр. Албетте акыйкат үлүшү бардыр. Ага карапайым калктын эч тиешеси жок. Бирок эсеби маселең, "1994-1997-жылдары өлкөбүз үчүн оор жыл болду. Ушул жылдары пенсия менен пособиелер түндүктө жайгашкан облустарда акчалай берилчү, ал эми түштүк элине кийим-кечек, курттап кеткен ун, бир сөз менен айтканда, пенсионерлер пенсиясынын 30%ын акчалай алса, калган 70%ын товар түрүндө алып турушчу" дейт. Мунун канчалык чын-төгүндүгүн, себеби эмнеде экендигин аныктоо албетте кыйын. Бирок бул эки аймак элинин бири-бирине болгон кыжырын келтирип, жек көрүүсүн арттырышы ыктымал.
Же 2010-жылдын 6-апрелинде Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Талас шаарына барып мыйзам чегинде иш аткарып жүрсө, таластыктар аны (демек, биздин баланы - А.Т. ) "чексиз мыкаачылык менен ур-токмокко алышкан. Генералдарга мындай кордукту Улуу Ата мекендик согушта фашисттер да жасаган эмес" деген бүтүм чыгарат. Кудум гитлердик фашизм тууралуу илимий, тарыхый китептерди окумак тургай, кинолорун көрбөгөн сыяктанып. Ошол эле учурда "таластыктарды талкалайм, тамырын жулам" маанисинде телевизордон күпүлдөп, курултай уюштурабыз деген элди камап-сабап, кууп-сүрөөгө буйрук бергенин эскерип да койбойт. Албетте таластыктардын ал кылганы туура эмес. Толстойдун мындай бир байкоосу бар: ар кимибиз өз алдынча аң-сезимдүү жашайбыз, бирок тарыхый бир чоң шарданга кирип кеткенде аң-сезимсиз куралга айланабыз дейт. Сүрмөтопко сүр көрсөтүп мылтык кезегенде ошону эске алыш керек эле. Арийне, "Фабула" гезитинин жазганына караганда, М.Конгантиев Ала-Арча капчыгайында кесиптештери менен чайлашып, таластыктардан токмок жегеним жакшы болуптур, болбосо Бакиев менен кошо качып, бөтөн жер, бөлөк элде тентип жүрмөк экем дептир. Чыныгы патриот экен деп ойлодум.
Алым ТОКТОМУШЕВ
P.S. Жылдызкан айымдын каарына калбас үчүн интернеттеги материалга комиссиянын бирөөнүн да, анын ичинен өзүнүн да колу коюлбаганын эскертем. Болгону материал ичи "мен" деп берилет.