01.07.11 - 3-бет:
  Оп, майда

Шайлоого жетебизби?
Президент Р.Отунбаева кечээ ЖКга барып, өлкөдөгү маанилүү саясый процесстерден улам Литвага барбай калдым, президенттик шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү миссиясын менден эч ким алган эмес деп бир тийди. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды кимдер создуктуруп жатканын, ага кимдер кызыкдар экенин депутаттар калыстык менен бааласын деди. Буга депутат Ө.Текебаев "…бүгүнкү күндө реформаларды өкмөт, президент эмес, парламент жүргүзүп жатат. Бизди сындап, мыйзамдарга кол койбой интрига кылып ушуга чейин алып келди. Президент таза шайлоо өткөрөм дейт, ал өткөрө албайт таза шайлоону, болгону бардык саясый күчтөрдү ынтымакка чакырып, башын бириктирип, стабилдүүлүктү камсыздашы мүмкүн. Тарыхый миссиясын аткарам десе, саясый интригадан алыс, өйдө болсун" деген жообун айтты. Кудай сакта, деги шайлоого жеткей элек.

Деги эмне жечү элек, ыя?
Кылым арыткан кыргыз эли буга чейин туура эмес тамактанып келиптирбиз. Бул ачылышты вице премьер-министр И.Жунусов жарыялады. Анын айтымында, республика калкынын жарымынан көбү дегеле тамактанганды билбейт экенбиз. Майы кайсы, башкасы кайсы карабай эле урдура берет турбайбызбы. Аныгында азык-түлүктө йод, темир, углеводдор жетишпей, анын айынан богок, анемия оорусу жайылып баратканы ырас. Мындай кенемтени көзөмөлдөө мамлекеттин милдети болчу. Үлкөн чиновник И.Жунусов туура эмес тамактанасыңар деп элди коколобой, жетишпеген витаминдер менен камсыз кылуу жагын айтса жарашмак.

Чакан ГЭС курабыз дейби
Өткөн жумада Германиянын Айзенберг шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдык мааракесине карата маданий иш-чаралар өтүп, ага катышкан немис жана австриялык бизнесмендер Кыргызстанга кызылдай эле кызыгып калышыптыр. Алар баарыдан мурда өлкөбүздө чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн дароо эле байкашып, бул боюнча дагы бир чогулбайлыбы дептир. Ошентип күз айларында Берлинде чакан ГЭС маселесин жана бир талкуулап алмай болушту. Сыягы, майнап чыкканы калгандай.

Казакстан күздү ойлойт, бизчи…
Казакстан өз өлкөсүнөн күйүүчү майды сыртка чыгарууга тыюу салган чечимин жылдын аягына чейин узартты. Ошентип көпчүлүк мунай трейдерлеринин үмүтү ташкапты. Казакстан мындай кадамын күз жакындап келатат, өзүбүздүн ички керектөөлөрдү ойлонушубуз керек деп түшүндүрүүдө. Биздикилер болсо күздү ойлогон жери жок. Ойлосо эмитен кыймылдап, эки жактан ташып алса ким кой деп жатыптыр, күзүндө карайлабай.

Соттор кеңеши "сонун" да, эй!
Парламенттин сот-укук маселеси боюнча комитети сотторду тандап алуу кеңешине 16 талапкерди жактырып, 8 талапкерди жарабайсың деп сыртка чыгарды. Депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, бардык эле соттордо Сотторду тандап алуу кеңешине кимди судья кылсам деген интригалар болуп жатыптыр. Сот реформасын жүзөгө ашырууда жана сотторду тандап алууда Соттор кеңешинин мааниси аябай зор болгондуктан, бул жерде түрдүү интригалар, оңго-солго тартмайлар кайнап жатса керек. Ошентсе да парламенттин тандоосуна ишеним күч. Негизи сотторду тандап алуу кеңеши 24 судьядан туруп, парламенттик фракциялар 8 судьядан көрсөтүшү керек.

Айтканы жакшы, ары жагы кыйын
Атаңдын көрү э-эй, бул жерди кой, алыстагы кыргыз боордошторубузду эстеген депутаттар да болот экен, ээ. Эл депутаты Элмира Жумалиева Афганистандагы кыргыздарды унуттуңар, алар 3800 бийиктикте боз үйдө жашап, баккандары жалаң мал (кызык, анан кайберен баксынбы). 8 ай кышта жашап, 15ке чейин балалуу болушса да 5-6сы эле аман калат, жашоо узактыгы 40-45 жаш деп күйгүзө айтты. Депутаттыкы чын дечи, бирок бул жердегилерибиз деле жан багалбай коңшу өлкөлөргө кетип жаткан шарттарда, Оогандагы боордоштордун айласын кантээр экенбиз.

Өзгөнү коюп өз уулун айтпайбы
Кыргызстанда бир жуманын ичинде кумшекердин баасы 2,5 сомго кымбаттап кеткен. Аны кымбаттаткан демейде өйдө-төмөн сөзү менен элди эриктирбей турчу депутат Ө.Абдырахмановдун уулу окшойт. "Республикачы" депутат Нурбек Мурашевдин айтымында, Кыргызстанга келген 100 вагон кумшекердин 90у Ө.Абдырахмановдун уулуна таандык экен. Атанын ишкер уулу шекердин килин 40 сомдон алып келгени менен элге 70 сомдон урдуруп марып жатыптыр. Биздин лидерди коюп, өз уулун тыйбайбы дейт Н.Мурашев.

Караганыбыз казак… бажысы азап
Айыл чарба министрлиги бажы союзуна кирсек утабызбы-уттурабызбы деген ойдо ведомстволор аралык кеңешме өткөрүп жиберишти. Байкап көрүшсө, баарыдан мурда кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнө казак бажысынан өткөн жоо жок окшойт. Алардын тарифтик-техникалык талаптары бизди жарга такап коюшу мүмкүн экен. Акыры жети өлчөп бир кеспесек болбойт деген пикирге келишти.

Бергени жакшы, айныганы эмнеси?
Дүйнөлүк банк "Ош-Баткен-Исфара" жолун салууга дагы 16 млн. доллар бөлмөй болду. Бул чечим Вашингтондо кабыл алынды. Анын 7,2 миллиону грант түрүндө, 8,8 миллиону жеңилдетилген кредит катары берилмекчи. Буга сүйүнөлү десек, АБР банкы "обещать" эткен 20 млн. долларын бербейбиз дегендей кылып бозортуп турган чагы. Аталган каражат кабыл алынган бюджетте да эске алынган. Аларды кайсы шайтан сүзгөнүн айтуу кыйын.




Келгиле, баурдастар
Кантсе да казак туугандардай болобу. Кээде төмөндөгүдөй апыраңдап, көңүлдү көтөрүп коймою бар. Мажилис депутаты Ирак Елекеев Испанияны, Чыгыш Европаны коюп эле Ысык-Көлгө эс алалы. Аларга кетчү каражатты буларга эле берели. Жеке өзүм Ысык-Көлгө барып эле эс алып жүрөм, силер да ошенткиле. Коңшуларды колдойлу деп жиберди. Ап-баракелде, оозуңа май! Башканы айтпаганда да, казак дегенде төшөгүбүз салынуу, дасторконубуз жайылуу эмеспи. Келмек силерден, сый бизден.

Канат мырза неге кашаңданат?
Кечээ Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз-өзбек университетинин миңге жакын мурдагы кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Университет жамааты окуу жайдын атынын өзгөртүлүшү создуктурулуп жатканына нааразы. Инженер-техникалык факультеттин деканы Абдрахман уулу Кутмандын айтымында, июнь окуясынан кийин ЖОЖ мамлекеттик социалдык университет болуп өзгөртүлгөн. Бирок эмдигиче бул чечим мыйзамдашпай, документтер эскиче эле толтурулуп келет. Митингге чыккандар, буга өкмөт менен Билим берүү министрин ачык күнөөлөп, бийликтен муну эртерээк чечип берүүнү талап кылышты. Нааразычылык билдиргендер министр Канат Садыковдун кашаңдыгына кыжырлары кайнап атканын жашырышкан жок.

Он тоннадан ашыгы "особый" жүк болот
Депутаттар кечээ гана акылга сыярлык мыйзам бекитишти. Буга чейин Кыргызстан айдоочулары, жолчулары өлкө жолдорун Кытай жүк ташуучу машинелери талкалап атканын канкакшап келишкен. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңеште Кыргызстанга мындан ары 10 тоннадан ашык жүк жүктөгөн машинелердин кирүүсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Депутат Акуналы Досалиевдин айтымында, бул мыйзамда өзгөчө жүктөрдү алып өтүүгө өзгөчө тартип каралган. Торугарт, Эркечтам бажы постторунан 80 тонналык машинелерди өткөртүп аткан чиновниктер эми кантишээр экен?

Жогорку Кеңеш түштүктө болсун!
Ноокен районунун "Көмөкчү" коомдук бирикмеси парламентти түштүккө көчүрүүнүн зарыл экендигине коомчулукту ишендирүү иш-чарасын масштабдуу түрдө өткөрүүнү чечишти. Уюм жетекчиси Жусупжан Ажыбаевдин айтымында, түштүктө социалдык, экономикалык, чегаралык жана жер маселелери курч. "Бул мамлекеттин бүтүндүгүнө кооптуу. Күн өткөн сайын кадр, экология, мамлекеттик башкаруу, баңгизаттарды ташуу жана улут аралык толеранттуулук көйгөйлөрү курчуп барат. Бул Фергана өрөөнүнүн жарылышына, анын ичинде Кыргызстандын өлкө катары жок болуп кетишине алып келиши мүмкүн" дейт бирикме лидери. Учурда коомдук бирикме мүчөлөрү ар кандай өкмөттүк эмес уюмдарга жана жарандык секторго бул акцияны биргеликте өткөрүү сунушу менен кайрылууда.





Жакында Бишкек шаарындагы квартиралардын бирине чак түштө эки ууру кирип, үй ээсинин каршылык көрсөткөнүнө карабай бычак, күрөк менен коркутуп, 16000 сомун алып куйрук түйүп кетишкен. Бирок оңой олжого ээ болгон эргулдар тез эле кармалышты. Алар Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну менен жашы жетелек өспүрүм болуп чыкты.
***
Жыл жаңыргандан бери Талас облусунда өспүрүмдөр жасаган кылмыш иши демейдегиден көп катталган. Бейбаштык боюнча 13 өспүрүм кармалса, 15 өспүрүм коомдук жайда мас болуп жүргөн жеринен тузакка түшкөн. Ал эми беш өспүрүм тамеки тартып кармалыптыр. Андан тышкары 24 окуучу ар кандай тартип бузуулар менен каттоого алынган.
***
Кара-Суу районундагы Курбанкара айылынан өткөн каналга 1988-жылы туулган Айгүл Мадумарова сууга чөгүп кеткен. Ошол эле райондо аккан Савай каналына 25-30 жаштардагы белгисиз аял да сууга чөгүп, ким экени такталбай атат. Ал эми Жалал-Абад облусуна караштуу Кайыңды айылында үч жаштагы бала Кайыңды суусуна агып, наристенин сөөгү бир күндөн кийин табылган. Нарындан эс алууга келген 21 жаштагы жигит мас абалында Бишкек шаарындагы Комсомол суусуна чөгүп кеткен.
***
Бишкектеги кылмышкерлерди убактылуу кармоочу СИЗО-1де 39 жаштагы Маратбек Асановду камерада чогуу отургандар өлтүрүп коюшту. Сотмедэкспертизанын корутундусунда маркумдун башы жарылып каза болгон. Бул камерада мурда соттолгон жана психикасы жайында эмес адамдар отурган. Камералаштардын айтымында, Маратбек ызы-чуу чыгарган, аны тынчтандыруу үчүн беркилер колу-бутун таңып салышкан. Бирок өлтүрөлү деген оюбуз жок болчу дешет. Маратбекти өлтүргөн экөөнө дагы кылмыш кошулду.
***
Баткен облусундагы Карабак чегарасынын кызматкерлери менен бажычылар Тажикстандан мыйзамсыз алынып келаткан 28 тонна картошка кармашты. Анын жалпы суммасы 560 миң сом экен.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





Саясый арнография
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВге
Таштай кулап күн өттү,
Так жыйырма жыл өттү.
Оппозий болуп Өмүкең,
Ошондон бери карата,
Ордолуу журтту бийлеген,
Оендорду жүдөттү.

Акаевди айдады,
Бакиевди жайлады.
Кагыш-чабыш жагынан,
Калбады окшойт арманы.
Конституцияны жөн эле,
Картөшкөдөй чайнады.
Казыркы күндө капырай,
Калп жагына өтүптүр,
Кагылганбы дарманы.

Жел айдаган кайыктай,
Жел оорусу айыкпай…
Эрте берген мыйзамды,
Эки ай бою күттүм деп,
Эрдигимен түттүм деп,
Оппозий тонун кагынды,
Отунбаевага чамынды.

Жабалбаган жашырып,
Жалганы калды ачылып…
Элге дайын мыйзамды,
Эки ай деле күтпөптүр,
Эртелеп өзү бүтпөптүр.
Илгертен ала жүрүүчү,
Интрига мылтыгын,
Ийрейте кармап түздөптүр.

Орунсуз жерден ойгонбой,
Олуттуу элең Өмүке,
Оолукмаңды кой, кой.
Жарабас жерден ойгонбой,
Жаалың басып Өмүке,
Жалалуу сөзүң кой, кой.

Атаңдын көрү дүнүйө,
Атпайды бийлейт дегендер,
Айнып турса жүдөдүм.
Ак нанын элдин жегендер,
Опурулса оштонуп,
Ошондон башка жок болуп,
Ооруйт экен жүрөгүң.

Темирбек Алымбеков