01.07.11 - 23-бет:
  Айлампа

Чыбырчык
Муунду калтыраткан
"Кызыл көйнөкчөн"
кыз

Борбордогу кинотеатрлардын биринде ушундай аталыштагы тасма жүрүп жатканынан улам элдин агымы менен биз да жөнөдүк. Адатта батыш жактан келген коркунучтуу кинолорго көнүп калган жаныбыз кыргыз киносунан да ушундай тасма чыгарын күтпөсөк керек. Жүрөгүңдүн согушу ылдамдап, бир эле убакта коркунуч менен кооптонуу сезимине кабыласың. Баса, анча-мынча жүрөгү алсыз, кан басымы жогоруларга тасманы көрүүнү сунуштабайбыз.

Мазмуну
Терисине батпай көөп турган кадимки эле эки уландын тагдыры. Бири Тоха, экинчиси Руслан. Жыйырма миң долларлык машинесин тээп Руслан досу менен түнкү жортуулга чыгат. Көчөдөн өткөн кыздарга суктанып жолду катар ар кимге тийишип, тузагына кимди илээрин билбей жаткан достор темир тулпар жөнүндө сөз кылышат. Машинесин сатаарын уккан Тоха эки миң долларга сатуусун суранса Руслан он эсе кымбат экенин айтып дымагы күчтүү досун шылдыңга алат. Аңгыча жолдон чыккан кызга тийишмекчи болгон Тоха кыздан да кагуу жеп, кыскасы, өтү табактай, өпкөсү казандай. Жадагалса маңдайыңан чыккан кыз менен тааныша албайсың деп келекелеген досу менен кимиси чыныгы эркек экенин талашып мелдеше кетишет. Шарт боюнча Тоха каалаган кызын көрсөтөт, Руслан ошол кыз менен "болот". Эгер Руслан сөзүнө турбаса жыйырма миң долларлык унаасын эки миңге сатат. Эгер утса Тоха машинени жыйырма миң долларга сатып алат. Кимге урунарын билбей турган жигиттердин алдынан Русландын иниси Макс менен сүйгөнү Жанна экөө чыгат. Аларды көргөзгөн Тоха Русландын каршы болгонуна карабай ушул кыз менен "болосуң" деп жарга такайт. "Эркекче" деген бир сөздү аттай албай Руслан иниси менен анын сүйгөн кызын токойго эс алууга чакырып арам оюн ишке ашырмак болот. Токойдогу күтүүсүз сюрприздер, кызыл көйнөкчөн кыз тасманын негизги маңызын түзөт.

"Кызыл көйнөкчөндүн" экинчиси тартылууда
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери таап алышкан дискти киностудияга алып келишет. Жаш режиссерлор Данияр Абдукеримов, Тилек Чериков, Айбек Дайырбеков, Санжар Абдыжапаров дисктеги мистиканы иш жүзүнө ашырууга бел байлашкан. Дискте эки бала кызды зордуктоого аракет кылып жаткан көрүнүш камтылган. А жогорку тасмада кайсы актерлор катышканын сыр бойдон калтырууну туура көрүшүптүр. Тасманын негизги урааны зөөкүр эркектерди тизгиндөө, аялынын көзүнө чөп салган күйөөлөргө сабак берүү. Зөөкүрлөрдүн ою ишке ашпай, тасманын аягында экөө тең өлгөнү бул болгон кызыктын башталышы гана. Ушул жылдын август айында "Кызыл көйнөкчөн - 2" тасмасы тартылып баштайт. Анда атайын түзүлгөн топ балдар эмне болуп өлгөнүн иликтөөгө алышып, чырмалышкан мистикалуу окуянын түйүнү чечилет. Биринчи бөлүгү Кой-Таш айылында бир айдан ашык убакытта тартылып бүтүп, аны монтаждоо жарым жылга чукул убакытты алган.
Кинодо азыркы жаштардын тилин, этикага жатпаган ашыкча сөздөрдү кездештирүүгө болот. Бул тууралуу тасманын режиссеру Данияр Абдукеримов "биз атайын ошол максатты көздөдүк. Сөгүнгөн сөздөр аркылуу каармандарды көрүүчүнүн көзүнө ого бетер желмогуз кылып көрсөтүү негизги максат болчу. Көрүүчүлөрдүн ушул көрүнүш кыжырын келтирип жатса, демек, биздин жеңишибиз ошол" деген оюн билдирди.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Атага жеткен уул
Ата жолун жолдогон Кубаныч САТАЕВ "Чубак Сатаев кечээ жана бүгүн" деген аталыштагы альбомун чыгарды. Атасынын отуздан ашык ырын камтыган альбомду жаңы колума алдым деп кудуңдаган ырчы жигит жакында фестиваль уюштурганы турат. Фестивалда Чубак Сатаевдин ырларын аккордеондун, эстраданын коштоосунда улуу муундагы жана жаш ырчылардын аткаруусунда уга алабыз.

Тата Уланга не керек?
Этно-акын дагы эмнени башын кылтыйтып жатат деп оюңуз алдыга озуп кеттиби? Тата Уланга эч нерсенин деле кереги жок, тескерисинче карапайым элге ушул суроону берип жаткан кези. "Не керек?" деген аталыштагы чыгармасын жазып, эки иштен бир иш кылып ырга кошуп клибин да тарттырып бүтүп, азыр таркатып жаткан кези. Этно-акындын стили турмуштун көйгөйлүү маселелерине баш катыруу эмеспи. Бул жолу да татыктуу жашоо үчүн эмне керек деген суроого жооп издеп чыгарма жаратыптыр.


Жанара эми буулукпайт
"Тумар" радиосунун ди-джейи Жанара АТАБЕКОВА Альбина аттуу кызын торолтуп, эми жумушуна чыкты. "Төрөттөн кийин буулугуп, жинимди ар кимден чыгара бербей алаксыйын" дедим дейт ырчы. Эми буулукканга убактысы жок буту күйгөн тооктой чуркап, кызын караганга да, жумушуна кечикпей келгенге да болгон аракетин жумшап жатат. "Издедим мен издедим" деп бири-бирин издешип жүрүп табышкан түгөйлөр Жанара менен Нурбек АЙДАРОВ там салууга да киришкен. Курулуш иштеринин көбү бүтүп азы калган экен. Күздүн келиши менен жаңы үйдүн босогосун аттап, батир деген баш оорудан кутулушат.


Шайырбек шайыр эле эмес, акылдуу
КТРКдагы "МУЗ ОБО" берүүсүнүн алып баруучусу Шайырбек АРАПОВ ушу тапта "Акыл ордо" долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Кыргыз тилиндеги берүүнүн режиссеру, сценаристи болуп, бир убакта эки жумушту аркалап жаткан кези. Окуучулардын аң-сезимин, акыл көрөңгүсүн текшерип бир нече тур менен жыйынтыкталган берүүнүн финалында аларга баалуу сыйлыктар ыйгарыларын кошумчалады.


Назик эми анык ак куу болот
"Назик" бий тобунун жетекчиси Назик ИСРАИЛОВА топтун отчеттук концертин бергенден бери дайыны чыкпай кеткен. Көрсө эми тойго камылга көрүп жүрүптүр. Сөйкө салынып, 22-июль күнү бийчи бойдокчулук менен биротоло кош айтыша турган болду. Болочок жолдошунун аты Кубат, кесиби боюнча юрист. Жаңы бүлөнүн босогосун аттайм деп турган Назик азыр себин камдап жүрөт. Чоң той сентябрь айында борбордогу ресторандардын биринде болмокчу.


Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА