01.07.11 - 21-бет:
  Өнөрман

Тирүү сыйкырчы -
Дэвид Копперфилд

Жайкы эс алууда кыкемдер көл жээгине барып, түнкүсүн коттеджде жатып кино көргөндү жакшы көрөт. Ошол кино ордуна 30-40 сомго Дэвид Копперфилддин шоулары камтылган дискти көрүп чыксаңыз, жашоонун өзү керемет экенине ишенесиз. Анткени, Ванга десе көзү ачыкты, Роналдо десе футболисти, Жеки Чан десе актерду элестеткендей эле Дэвид Копперфилд деген ат дүйнө жүзүнө кайталангыс иллюзионист, фокусчу катары таанылып, адам баласына сыйкырчылар чын эле бар деген сезим калтырып келет. Акыркы күндөрү кыргыз тойлорунда өнөрүн көрсөтүп жатышкан жаш көз боемочулардын чыгып жатканын байкап, бул тармакта өчпөс изин калтырган инсандын басып өткөн жолуна көз чаптырдык.

1956-жылы 16-сентябрда АКШнын Нью-Джерси штатында төрөлгөн кичинекей Дэвид 10 жашынан фокус дүйнөсүнө аралашып, ошол маалда эле аны теледен көрсөтө башташкан. Ага чейин анын биринчи күйөрмандары атасы менен энеси болгон. Алгачкы жолу көз боео деген эмне экенин легендарлуу Копперфилд шаймандарды саткан дүкөндөн көргөн. Сатуучунун көрсөткөн фокустарын көрүп отуруп таң калып, бул дүйнө ал үчүн экендигин түшүнүп, дүйнө жүзүнө ошол сатуучу Дэвидге калтырган таасирдей шумдук сезим арноону кыялдана баштайт. Дэвид өзүнө жаңы Гудини болом деген сөз берип, убакыттын өтүшү менен андан ашып кеткенин да байкабай калат.
Дэвид Уолт Дисней, Орсон Уэлс сыяктуу продюсер, Джин Келли сыяктуу бийчи болгусу келген. Ошентип жүрүп алардан көп көрүүчү топтоп, анын бир сахнага чыгуусу эң кымбат деген көрсөткүчтү багынткан. Атактуу Мадоннага төлөгөн суммадай гонорарды бир гана Копперфилд алчу. 16 жашында аны Нью-Йорктогу жогорку окуу жайлардын бири театралдык искусство факультетине магия жана манипуляция боюнча практикалык сабактарды өтүп берүүгө чакырышат.
Мугалим болуп жүрүп акыры окуу жайга өзү да актерлук тармакка тапшырат. Бирок ал жакта көпкө кармалган жок, магия дүйнөсү анын жүрөгүн, мээсин толугу менен багындырып алган болот. Сабакка көңүлү жок болгондуктан, окууну таштап кеткен дипломсуз актер 18 жашында "Чикаголук сыйкырчы" чыгармасында сыйкырчынын ролун аткарып, анда ал өзүнүн актерлук, көзбоемочулук талантын да көрсөткөн. Дэвид башка көзбоемочулардан айырмаланып, ар бир чыгышын шоуга айландырып, көрүүчүлөрдү өзүнө тартат. Ал үчүн концерт болобу, спектакль болобу Дэвид өзү антракт учурунда көрүүчүлөргө эмне кызык экенин сурамжылап билгенге аракет кылган. Анын ар бир сахнага чыгышы (трюктары) кыргыздардын концерттерине окшобой, бирине-бири окшобогон кайталангыс болот. Ал көрүүчүлөр менен жайма жай сүйлөшүп, аларды өз фокустарына кошуп алчу. 20 жашынан баштап дүйнөгө улуу көзбоемочу, сыйкырчы катары тааныла баштайт. Эй-Би-Си телеканалындагы Дэвид Копперфилддин программасы аны чоң ийгиликтерге жеткирет. Дүйнөнүн булуң-бурчунда болуп, магия дүйнөсүнүн сыйкырларын көрсөтүп келген Дэвид "Эй-Би-Си телеканалындагы магия" деген автордук телеберүүнү алып барат. Бүгүнкү күнгө чейин ал 15тен ашык теледолбоорлордун автору.
Д.Копперфилд жеке учактарда учуп, лимузин менен жүргөнү менен аны байлык көптүргөн жок. Өз көрүүчүлөрүн сыйлап, алар менен баарлашып отурууга убакыт жок болсо да табууга аракет кылат. Жылдык кирешеси канча миллион доллар экенин өзү да эсептебейт. Анткени, ага акча эмес элдин эки көз төрт болуп алайганы чоң бакыт тартуулайт.
Анын жеке жашоосу сахна артында калса да, белгилүү фотомодель Клаудия Шиффер менен сүйлөшүп жүргөнү көпчүлүккө билинип калган. Муну журналисттер популярдуу болуш үчүн Шиффер менен жүрөт деп жазып чыгышканы менен, Копперфилд мырза Африка сыяктуу дүйнөнүн бурчундагы аны тааныбаган адамдарга фокус көрсөтүп, кыйын киши экен э деп таң калтырганды жакшы көрчү. Ага тескерисинче аны "Оо, Дэвид Копперфилд тура" деп тааныбай, фокусун көрүп алайып калган адамдар кызык болчу. Ошол себептен көчөдө жансакчыларысыз жөө жүрүп, алдынан чыккан адамды таң калтыра берет.
Копперфилддин мындай популярдуулугун көрө албагандардын арасында Тимур Абдулов деген бар. Ал Дэвид өз фокустарында видеомонтажды, жалданган адамдарды пайдалангандыгын айтып, анын көз боемолорунун бетин ачып берүүгө дайым аракет жасап келет.

Копперфилддин айтылуу номерлери:
??Ал АКШдагы Эркиндик статуясын жок кылып ийген.
??Улуу Кытай дубалын тешип өткөн.
??Абада уча алган жалгыз көз боочу.
??Ниагара шаркыратмасынан секирип өлбөй чыккан.
??2 секундда сахнанын ар кайсы бурчунан бир нече жолу көрүнө алат.
??Восточный экспресс поездинин эң чоң вагонун жок кылып ийген.
??2000 цельсий градус аптабы бар оттун торнадосуна чыдап турган.
??"Феррари" үлгүсүндөгү машинаны абага учуруп ийген.
??Дүйнөдөгү эң күчтүү кайтаруудагы, бир дагы адам качып көрбөгөн Алькатраз түрмөсүнөн качып чыккан.
??Бермуд үч бурчтугуна кирип, өлбөй чыккан.
??Чоң Каньондун үстүнөн учкан.
??Алаканынан кадимки муздак кар жаадырган.
??Самолетту көздөн кайым кылып жиберген.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




  Бейшебай Усубалиев

Кашык
(аңгеме)

...а без чистого сердце - полного,
правильного сознания не будет.
(Ф. Достоевский)

(Башы өткөн сандарда)

- Машинкага?.. - дедим мен таңдана. - Кайдагы машинка? Иштешиң керек да.
- Кандайча иштешиң? Иштедим да. Чогулттум, болду да.
- Маке, - дедим мен аргам түгөнгөндөй күлүп, - сен бүтмөк түгүл, баштай да элексиң. Болгону материалдарыңдын жарымын гана чогултуптурсуң. Эми жазыш керек.
- Эмнени?
- Ишиңдичи. Иретке келтирип, кайсы методист кандай эмгек кылган, кандай эмгектери бар...
- Кызык, мунун эмне кереги бар?
Мен жооп таба албай мукактанып калдым да:
- Керек да... - дедим сыр бербей. - Ошон үчүн жазып жатасың да.
- А-а... Кызык... - Макем аркы-терки баса баштады. - А мен кайдан билем кандай эмгек кылганын, кандай эмгектери бар экенин. Кызык...
- Издейсиң да. Китептерин табышың керек. Китепканада бардыр. Болбосо балдарынан...
- Эх-ээ... - Макем киркирей колун шилтеди. - Балдары... Алар аталарынын аттарын, анан фамилияларын гана араң билишет экен. Баары тең кыргызча тамтаңдап араң сүйлөшөт. Ошолордун балдары экенине ишенбейсиң. Кандай эмгектери бар, үйдө алар барбы десем, баары ийнин куушурушат. Тим эле асмандан түшүшкөндөй. Арабаевдин баласы болсо жанагы ректорчу, ошол, ээ балам, кандай эмгектери бар экенин, алар кайда экенин мен кайдан билем, ошолорду тапкын деп сени атайы жаздыртып жатат да, - деди да, орус катыны жөнүндө айта баштады. А мага анын орус катынынын эмне кереги бар?
- Ошентсе да жазышың керек, Маке. Ансыз болбойт. Эртең жетекчиңе барып жолук.
Макем макул дегендей, башын ийкеди.
- Сеники туура экен, - деди эртеси кечинде ындыны өчө. - Жетекчиме жолуктум. Куду сен айтканды айтып, айдап жолго салды.
Капысынан эле барпаңдап кубана кетти. - Ушу сенин башың баш ай... - Көп өтпөй эле кыйпычыктай баштады. - Жазышың керек дейт. Эмнесин жазам, ыя? Кантип жазам, ыя? Баары эле жазылып турбайбы, туулган жылы, кай жерде иштегени, качан өлгөнү... Анан... Кызык...
Макем чечинип жатып да ушинтип туталанып кобурана берди. Мен иштеп отурам. Макем эчак уйкуга кеткен экен деп ойлогом. Кетпептир, санаага чөгүп, мээсин эзип жаткан экен. Бир маалда "Таптым!.." - деп кыйкырды да, башын көтөрүп жууркан үстүнө отура кетти.
- Таптым, таптым, - деди күйүккөндөй демиге. - Айшакемди чакыртышым керек...
- Айшакемди?
- Ооба. Ал жазат...
- Кантип? - Оозум ачылды. - Кантип жазат? Онду эле бүтсө... Бул дипломдук иш болсо...
- Эх-ээ... - Макем киркирей колун шилтеди. - Жазат... Айшакем жаз-аа-ат... Тырнактай чагынан эле орус кыздар менен ойноп, бирге өсүптүр. Оо, ал, - башын чайкай кетти. - Орусчаны катырат тим эле... Былтыр бабушка экөө серпише кеткенде, бабушканын оозун ачырбай койбодубу. Бабушка аргасы кеткенде, башын чайкап тим болгон... Жазат... Айшаке... - Макем өзүнчө эле толкунданып, өзүнө өзү ээ боло албай жатып, акыры жаздыкка башын кыңкайтты да, көп өтпөй уйкуга кетти.
Мен Макемди тамашалап жатабы дегем. Көрсө чын экен, эртеси эртең менен сүйлөшкөнү шыдыр эле телеграфка жөнөп кетти. Көп өтпөй эле кудуңдап кирип келди буюрса эки-үч күндө барып калам деди Айшакем деп. Макемдин иши былк этпей жатат. Эмне үчүн иштебей жатат, буга түк башым жетпейт, же жаза албайбы, же жазгысы келбейби... Күткөнү Айшакеси. Ал деле көп күттүргөн жок. Эки-үч күн өтпөй эле кирип келди. Колунда эмчектеги баласы. Аны көргөндө эле менин башыма мына, даана жазат экен да деген ой өзүнөн өзү эле шак дей түштү. Мен үйдү бошотуп, эшикке сүрүлүп чыктым. Корообузда бир темир керебетибиз бар эле. Эмне, жай айы, күн ысык... ушул керебетке көчүп келдим. Баарынан да Макеме ушул ишим жакты. "Бу акылдуу киши эле акылдуу болот экен да... - дечү ал үйгө ким келбесин, чечекейи чеч боло. - Айшакем кирип келери менен эле эч ким айтпаса деле, жалынып суранбаса деле, өзү билип эле керебетке чыга берди. Акылдуу киши чын эле акылдуу болот экен да. Пендебиз да, Макемден мындай сөздү уккан сайын өзүмчө компоюп калам.
Ушинтип бейкапар жашап жүргөн күндөрүбүздүн бир күнүндө түшкө кирбеген бир окуя болуп кетти. Эртең менен жадырап-жайнап отуруп баарыбыз чогуу-чаран чай ичкенбиз. Мен жумуштар менен университетке кеткем. Макем менен Айша мени узатып кала берген. Түшкө жетпей досум экөөбүз үйгө келип эшик алдындагы тегерек үстөлдүн жанына отуруп калдык. "Макемдер эмне көрүнбөйт, бир жакка кетишкен го. Көчөлөшкөнүн коюп дипломго отурбайбы..." деп ичимден ойлоп коём. Булар кайда дегендей бабушкага суроолуу карасам, ал үйдө эле дегендей башын сырдуу жаңсап койду. Айткандай эле бир маалда ууру мышыктай жыла басып Макем үйдөн чыгып келатат. Оң колу манжаларынан чыканагына чейин бинт менен таңылган. Гипстелген. Мойнуна асып алыптыр. Мен Макемди карап эле кыймылдай албай талып калдым. Макем түшүнгөндөй "эчтеке эмес... ойноп эле..." деп койду кайдыгер гана. Айшаны карадым, ал да күлүмсүрөп, сырдуу тымпыят. Тигинисин бир, мунусун бир карайм, эч бир шек билинбейт. Экөөнүн урушкандай деле түрү жок. Аңгыча:
- Ээ... Айшакем бүгүн бир тамак жасады дейсиңер, тим эле шилекейиңер чуурат, - деп калды Макем, эч бир шек алдырбай.

(Уландысы бар)