01.07.11 - 20-бет: ДҮЙНӨ
күн

ПУЛДҮЙНӨ. Өз убагында АКШнын эң бай адамы болуп турган атактуу губернатор Уильям Кларктын кызы, 104 жашка чыккан Хьюгетт Кларк 400 миллион доллар байлыгын туугандарына эмес, аны көп жылдан бери карап, багып жүргөн үй кызматчысына калтырыптыр. Өткөн айда көз жумган Хьюгетт айымга туугандары аябай ачууланганы менен коомчулук ыраазы. Анткени ал 275 млн. долларын кайрымдуулукка, бир нече миллиондоп саналган материалдык байлыктарын мамлекетке, музейлерге, балдар үйүнө калтырган. Бай кемпирдин бухгалтери, жеке доктуру менен адвокатына болгону 500 миң доллардан тийген.
ТАПДҮЙНӨ. Учурунда дүйнөнүн биринчи ракеткасы деген тактыдан түшпөй жүргөн теннисчи Борис Беккердин Испаниядагы үйүн тартып алышты. Ал жерде эч ким жашабагандыктан спорт жылдызы 2007-жылы 15 миллион евро деген бааны коюп саттыкка коет. Ошол мезгилден бери эч ким албай, анын үйүн кайтарып, бакчасын караган багбанына болгон карызы 270 миң евро болуп кеткендиктен, тиги байкуш сотко кайрылган. Сот багбандын пайдасына чечип, акчаны нак бер же үйүңдү кызматкериңе өткөрүп беребиз дептир.

ЖУТДҮЙНӨ. Зеленоградда өрт коопсуздугун сактабаптырсыңар деп бир фирманы айыпка жыккан инспектор 35 миң рубль пара алып жаткан жеринен кармалып, 5000 рублдык купюрадан жетини дароо чайнап жутуп ийди. Буга чейин мындай өнөрдү орустун гаишниктери кылчу эле, кыкемдер үйрөнүп албаса болду…

ШОКДҮЙНӨ. Англиянын Девон графствосунун Атлантика океанынын жээгине жакын жеринде рокерлер фестиваль өткөрүп, катуу музыкадан үрккөн бир бука жардан ылдый океанга секирип ийип, куткаруучулар аны океандын түбүнөн араң айдап чыгышты.

БАТДҮЙНӨ. Жумушта отуруп алып офистик креслодо ары-бери кыйшаңдамай көнүмүш адатка айланып калбадыбы. Бу жолу ошол адатты спортко айлантып Петропавловск-Камчатскийдин тургундары офистик дөңгөлөгү бар креслолордо жарыш өткөрүштү. Ага 24 киши катышып, биринчи орунду Михаил Титкин утуп алып, сыйлыкка кубок, жаңы кресло жана Европага жолдомо алды. Экинчи орунга татыктуу болгон жигит болгону 13 жашта экен.
УХДҮЙНӨ. "Сен менен таштак жолдо баратсам да, сезилет көл үстүндө бараткандай…" деген кыргыздардын ыры бар го, ошону британиялык иллюзионист Стив Фрейн угуп калган окшойт, кыргыздар баскан суу үстүнөн мен деле басам деп, Лондондогу парламенттин жанындагы Темза суусунун үстүнөн басып өттү. Аны бир аздан кийин полисайлардын катери алып кетип, бул иш-чара Стивдин жакында теледен чыгуучу берүүсүн рекламалоону максат кылган.
УЧДҮЙНӨ. АКШда Боинг 747-8 фрайтер жүк ташуучу жаңы самолетун сыноочу учкучтар тобу Сиэтлдан Питсбургга чейин 8 саат учушуп, Питсбургдун атактуу сэндвичин жеп кетишиптир. Ал учурда башка аэропортту жүздөгөн ташбакалар басып кетип, рейстер үзгүлтүккө учураган. Көрсө, дал июлдун башында ташбакалар учуучу сызыктарды кесип өтүп, ары жактагы таза кумга жумурткаларын калтырат экен. Эске салсак, Джон Кеннеди атындагы аэропорт Ямайка бай булуңунун жээгинде жайгашкан.

КОШДҮЙНӨ. Адатта сүйүүсүн билдиргенде көп сандаган гүл берип, романтикалуу аракеттерди көрүшөт го сүйүшкөндөр. Бул жолу кытайлык Сюй Миньюй менен Сяо Ин салтанаттуу ажырашуу уюштурушту. Борбордук көчөгө "мен сени сүйчүмүн" деген жазууну чагылдырып шам жагып, анан көпчүлүктүн көзүнчө 99 даана гүл сунуп, тизелеп отуруп алып жигит сүйгөнүнөн экөөбүздүн мамилебизди токтотолу эми дегенде элдин колдоосу менен кыз макулдугун берди. Көрсө, Ухань шаарында чогуу окушкан эки жаш беш жыл бирге болуп, окуусу аяктаганда карьералык тепкичтин артынан түшөбүз деп экөө чыгыш өлкөсүнүн эки башка бурчуна кетээрин түшүнүшүптүр.

ПУЛДҮЙНӨ - 2. Эстонияда Шведбанктын филиалына бир тургун 400 килограммдык монета акчаларды машиненин багажына салып келип еврого айланткан. Көптөн бери чогултуп жүргөн тыйындын суммасы 13 миң еврого барабар болуптур. Сабырдын түбү сары алтын деген ушул тура. Биз деле тыйын топтоп машине минсек окшойт деген ой келди эстондук жигиттин окуясынан кийин.

БАКДҮЙНӨ. 84 жаштагы бранденбургдук кемпир коен багып тирилик өткөрчү экен. Акыркы күндөрү кемпирдин коендору эч нерседен коркпой "башкача" жүрө баштаганынан адистер текшеришсе, коендоруна чөпкө аралаштырып билбей эле кемпир кара куурайдан оруп келип бере берчү экен. Наркоман коендордун этин жеген бирөө арызданса кемпирди темир тор күтүшү мүмкүн экен.




  KYRGYZSPORT

Шахмат болсо колуңда, жээкте жаткан сонун да…
КР шахмат федерациясы кеткен айдын акыркы аптасында Чолпон-Ата шаарындагы "Фонтан" пансионатына мээси кыйын иштегендердин баарын чакырышып эл аралык турнир өткөрүштү. Чоңдор арасында алтын медалга кыргызстандык Андрей Мазницин татыктуу болсо, казакстандык атактуу спортчу Баймурзин Айтказы араң төртүнчү орунга ылайык упай топтоптур. Ал эми 62 баладан турган 15 команданын ичинен өз курагына теңдерден төмөнкүлөр чемпион болушту: Тагир Таалайбеков, Айдар Кененбаев, А.Хамитов, Алтай Акматов. Ал эми жекелик сыйлыктар боюнча, Акыл Кыялбек уулу (Түркия), Алиса Олжобай (Кыргызстан), Ч.Токтобек кызы (Кыргызстан) жана З.Хапизов (Казакстан) "эң мыкты оюнчу" деген наамдарга ээ болушту.
Борбордогу бир майрам
5-июлдан баштап толук бир жума Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күйөрмандары үчүн чоң майрам болот. Анткени, Кыргызстандын волейбол боюнча биринчилигинин жыйынтыктоочу туру өтөт. Алгачкы турлары өлкөнүн чыгышында, батышында болуп келип, борбор шаарда чечүүчү этабы болгону турат. Кызык дегенибиздин себеби, пулу көп командалар жеңилбес "Салам-Аликти" жеңебиз деп, өзбектерден, казактардан, орустардан кыйын топчапкычтарды легионер оюнчу катары жашылбайга жалдап келишиптир. Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда деп ушундай учурда айтылат.
Көк майсаңдагы курсактар
Депутаттар парламентте отуруп алып бакылдашса, бу чаначтардын колунан сүйлөгөндөн башка эчтеке келбейт деп айтып калабыз. Келет экен. Өткөн дем алыш күндөрү эки күн катары менен күнгө мээсин какташып, жаанга төшүн тосуп Жогорку Кеңештин кыйындары 13 командага бөлүнүшүп күчтүүсүн аныкташты.
Депутаттар фракциялар боюнча команда түзүшсө, жардамчылар менен парламент кызматкерлери да бир нече командага бөлүнүшүп топ тебишкен. Жыйынтыгында жардамчылардан "Республика" биринчини алса, экинчини "Ата журт" жеңип, "Ата мекен" СДПК менен "Ар-намысты" медалсыз калтырды. Ал эми эл өкүлдөрүнөн "Республиканы" 3:1, СДПКны 3:0гө айрып салган "ата-журтчулар" чемпион болушуп, Камчы Ташиев кантип бутун оорутуп алганын байкабай калган. Турнирдин "мыкты оюнчулары" деп Садыр Жапаров менен Эркин Сакебаев табылды.
Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ