01.07.11 - 19-бет:
  Өнөрман


Кыргызстанда спорттун командалык түрлөрү өлбө жаным өлбө болгону менен күйөрмандарды көп чогулткан волейбол өлкөсүндө жылдызга айланган спортчуларыбыз бар. Алар каражаттын айынан сырт жакка көп чыга албагандыктан, калың эл бул спортчуларыбыз жөнүндө көп маалымат биле беришпейт. Ошол себептен, эл аралык деңгээлде таанылбаганы менен өз өлкөсүндөгү кыйын спортчуларды чекеден тааныштырууну чечтик. Бул жолку коногубуз - Кыргызстандын №1 волейболчусу Алмаз АТАБАЕВ.

"Өзбектер машинаны алып кеткенде намыстангам…"
Толук аты-жөнү: Атабаев Алмаз Каримбердиевич
Туулган күнү: 26.02.1982-жыл
Кичи мекени: Ноокат району, Кыргыз-Ата айыл өкмөтү, Ак-Булак айылы
Бою, салмагы: 190 см, 85 кг
Үй-бүлөлүк абалы: бойдок
Билими: ОшМУ, педагогика факультети
Хоббиси: сууда сүзүү, ат минүү
Баалаган спортчусу: Фрэнк Лэмпард
Баалаган инсаны: Сүймөнкул Чокморов
Жактырган саны: 8
Кийген кийими: Мизуно, Асикс фирмалары
Спорттук урааны: коргонуунун мыкты түрү - чабуул!
Учурда: Кыргызстан курама командасынын капитаны, "Салам-Алик" клубунун чабуулчусу
Алдыга койгон максаты: кыргыз волейболун эл аралык деңгээлге алып чыгуу


- Алмаз мырза, волейболго кантип кызыгып калгансыз?
- Биз кичине кезибизде айылга бир машыктыруучу келип бизден 3-4 жаш улуу агаларыбызды даярдап калды. Алардын машыгууларын көрүп, биз да кызыга баштадык. Ошол учурда жаңы тапталып жаткан волейболисттер айыл ичинде таанылып, аброю жогорулап жатканын көрүп, биз да айылдын намысын коргогубуз келди. Аз өтпөй Ноокатта чоң турнир болуп, баш байге болгон автомашинаны өзбектер утуп кетти. Жаш болсок да намыстанып, эмнеге биздин байгени башка бирөөлөр утуп кетиш керек деп теңтуш балдар менен катуу машыгууга кириштик.
- Алгачкы ийгилик көпкө күттүрбөсө керек?
- 10-класста окуп жүргөндө Ош, Баткен, Жалал-Абад аймагынан чыккан кыйын балдардан куралган "Чолпон" деген команда бар эле. Татыктуу атаандаш жок болгондуктан мектеп окуучуларын чоңдор арасындагы турнирге салып ийишкен. Алгач балдардын канатын кайрып койбойлу деп чочулашкан экен, биз дароо эле финалга чыгып, экинчи орунду алганга жетиштик. Ошондо кубанычыбыз койнубузга батпай, ийгилигибизди майрамдап отурганда балдардын баары кийин эң жакшы оюнуң кайсы болгон деп суроо беришсе, ушул турнирди айтабыз деп сөз бергенбиз. Кийинки жылы 11-класс болгонубузда биздин жаш команда ошол чоңдор арасындагы турнирдин жеңүүчүсү аталдык. Өткөн кылымдын акыркы жылдарында биздин ошол командабыз түштүк аймагындагы эң күчтүү команда болуп турган.
- Бишкекке качан багыт алдыңыз?
- 11-класста Ош облусунун курама командасында ойноп жүрүп, Бишкекке чакыруу алдым. Ошол эле жылы "Дасмия" волейбол клубу менен Сүймөнкул Чокморов атындагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болдук. Дароо Ысык-Көлдүн "Атакенч" командасына жакшы шарттар менен чакыруу болду. Ал жакта облус ичинде дайым биринчи орунду багынтканыбыз менен Кыргызстандын ичиндеги турнирлерде жакшы ийгилик көрсөтө албай жаттык. 2003-жылдан баштап 2007-жылга чейин турнирлердин баарын жеңип келдик. 2003-жылы Ысык-Көл эл аралык оюндарында казак машыктыруучуларынын көзүнө түшүп калып, алардын чакыруусу менен Казакстандын Жогорку Лигасында КазНАУ командасында ойноп жүрдүк. Турнир графиги дал келбегендиктен Казакстанда ойногонго да, Кыргызстанда өнөр көрсөткөнгө да жетишип жүрдүк.
- Россияда ойноп келгениңизди билебиз…
- Чет жакта жүргөн мекендештерибиз да топ ойношуп, кээде ири суммадагы байге коюлганда бул жактан күчтүү оюнчуларды чакырганды салтка айлантып алышкан. 2007-жылы ушундай чакыруу менен Россияга барып калып, ал турнирде да орус машыктыруучулары өз командаларына чакырышты. Ошентип Новосибирск командасынын "Темп" волейбол клубунда 2 жыл ойнодум. Новосибирскиден кийин Читанын "Борьзя" деген командасында забайкальский чемпионатта өнөр көрсөтүп, биринчиликтин мыкты оюнчусу деген наамга татыктуу болдум.
- Туулган жерге кайра качан жол тарттың?
- 2009-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Азиз Турсунбаев менен Алтынбек Сулайманов мелдеше кетишип, ортого 10 миң доллардан чыгарышып, Ала-Бука - Ноокат оюну уюштурулган. Ошондо мени атайын Россиядан чакыртышып, биз Ала-Буканы 3:1 эсебинде утуп алганбыз. Ал беттешке келгендей күйөрмандардын саны Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. Спорт ордосунун ичине эл батпай, аба жетпей калган.
- Кыргызстанга келгенден кийин кандай ийгиликтер жаралды?
- "Салам-Алик" волейбол клубу менен эки жолу Кыргызстандын чемпиону, эки жолу эл аралык Ысык-Көл оюндарында, эки жолу С.Чокморовдун турниринде жеңүүчү болуп, бир жолу Казакстанда өткөн М.Р.Рамзанов атындагы эл аралык турнирдин вице-чемпиону аталдык. Андан сырткары биртоп федерациянын календарына кирбеген коммерциялык турнирлерди жеңип келе жатабыз.




 "Жинди суу"

Зериктирбеген энергетикалык суусундуктар

Энергетикалык суусундуктар кыргыз үчүн жат нерсе. Өткөндө бир супермаркетте "бул эмне деген шумдук?" деп кассадага кыздан бир эженин сурап жатканын көрүп калдым. Тааныштарымдын көбүнөн сураштырып көрсөм, спортко жакыныраактары эле түшүнбөсө, көпчүлүгү билбейт экен. Ошол себептен такыр билбегендер таанышып, ичип жүргөндөр жакшы-жаман жактарын билип алсын деп жазып жатабыз.
Кыргыз биле элек кызык суу
Кыргыз эли илгертен жайкысын кымыз ичип, кышкысын бозо салып, жазында жарма, күзүндө максым менен суусунун кандырып келишкен. Азыр бул суусундуктарды атайын фирмалар жасап, байыркы эл акчага сатып алганга өтүштү. Учурда шаарларда супермаркеттер жана чоң-чоң дүкөндөр пайда болгондон бери алардын текчелеринде "энергетикалык суусундук" деген ат менен адамды сергитип, күч берүүчү "жардамчылар" сатыла баштады. Буга чейин даамы таттуу болгон алкоголдук ичимдиктерди жазганбыз. Алар менен алмаштырып албаңыздар. Кыргыздын жаштары көбүнчө "Ягуар" деген ат менен сатылган таттуу ичимдик менен ооруп жатышат. Анткени ал арзан. Кичине бөтөлкөсү 32 сом, чоңураак банкасы 55 сом. Ал эми энергетикалык суусундуктардын 0,33 литрлиги 80 сомдон өйдө фирмасына жараша кымбат турат. Кыкемдердин энергетикалык суусундук жөнүндө көп биле бербегенине да дал ушул баа себепкер.
Жакшы жагы
Жекшемби күнү тойго бардыңыз. Уйкудан калып, кыйналып турганыңызга карабай, дүйшөмбүдө жумушка чыгыш керек. Уйку келип, башыңыз жарылып жатат. Ошондо "Ред Булл" сыяктуу энергетикалык суусундуктан бастырып алсаңыз, урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай каласыз. Же болбосо кечке үй тиричилиги менен алек болуп жүрүп чарчасаңыз, кечкисин капысынан кайын журтуңуз жардамга чакырып калды. Күчү жок күйөө бала көрүнбөй баягы биз айтып жаткандан бирди бастырып алсаңыз, шыпылдап уят болбой шамдагайлыгыңызды көрсөтөсүз. Дагы бир учур, айылга конокко бардыңыздар. Түн бир оокумда кайра алыскы жолго чыгыш керек. Машине айдап кетиш керек. Рулда түнкү үчтөрдө уйку келе баштайт. Энергетикалык суусундуктан бирди бастырсаңыз уйку ачылып, баамдоо сезимиңиз күчөп калат. Кыргыздын байлары той берип, тойдо топ бергенди адат кылып алышты. Ошондой учурда спортчулар (көбүнчө волейболист, футболисттер) бир күндө 10 беттеш ойногон учурлар болот. Финалда спортчулардын кебетесин карасаң, бут кийимин араң сүйрөп калышат. Ошондой учурда тигинден бастырып алсаңыз, ал акыркы күчүңүздүн баарын топтоп берет.
Жаман жагы
Бул суусундуктун мүмкүнчүлүктөрүн билип алган биздин жаштарыбыз түнкү клубдарда уйкусу келип шалдырап калбаш үчүн өлөрчө арактан, пиводон, коньяктан же винодон бастырып туруп анан энергетикалык суусундуктан уруп коюшат. Мындай учурда жүрөккө өтө күч келип, анын начарлашына алып келет. Энергетикалык суусундуктар адамдын запаста калган энергиясын аванс менен алып берүүчү ортомчу катары кызмат кылат. Бул суусундукту ичкенден кийин 5-6 сааттан кийин жанагы өгүз болуп жаткан кебетеңиз кетип, таптакыр шалдырай баштайсыз. Башкача айтканда, организмдеги акыркы күчүңүздүн баарын сыгып берет.
Аалтысааттан кийинки абал кандай?
Франция, Дания жана Норвегияда бул суусундуктар дүкөндөрдөн алынып, аптекаларда сатылсын деген буйрук чыккан. Медиктердин айтымында, бул суусундуктан көп ичип алгандардын жүрөгүнө ашыкча күч келип өлүп калышы да мүмкүн. Мындай учурлар спорттук беттештердин учурунда катталганы да маалым. Негизи ар бир энергетикалык суусундуктун 0,33 литрлик идиши бир доза деп саналып, бир эле адамга эсептелген. Аны бөлүшүп ичип же бирден көп ичкендин пайдасынан зыяны көп болот. Көрсө, бул кыргыз үчүн сыйкырчы сезилген суусундук зат алмашууну тездетип, көмүртектерди энергия менен камсыз кылганга жиберип, витаминдерди булчуңдарды иштеткенге жумшап, курамындагы кофеин менен уйкуну качырып, маанайды көтөрүп, сергитет экен. Кофенин курамындагы кофеиндин таасири бир эле саатка созулса энергетикалык суусундуктуку 6 саатка чейин адамды айгыр кылат экен. Кофени кайнатып ичсеңиз, муну муздак бойдон темир бөтөлкөдөн илибой жерде жүрүп бастыра бересиз. Бул нерсени көп ичсеңиз наркомандай болуп ансыз жашай албай калышыңыз мүмкүн. Андыктан өтө маанилүү учурда эле жардамынан пайдаланбасаңыз, тынч эле табигат берген күчүңүз менен оокатыңызды кылганыңыз жакшы.
Бетти даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ