01.07.11 - 18-бет:
  Шамал оңдон да, солдон да согот

Базасы
көп Балыкчыдагы башаламандыктар

Акаев заманындагы менчиктештирүүнү "прихватизация" деп келатабыз. Анткени азыркыга чейин менчиктештирүүнүн запкысын карапайым калк, атургай бүтүндөй мамлекет тартып келатканы жашыруун эмес. Муну учурда мен-мен деген экономисттер да айгинелеп келатышат. Ошондой "прихватизациядан" бир кезде 60 миң калк жашап, Орто Азия боюнча белгилүү автобазалардын башын бириктирген Балыкчы шаары катуу жабыркаган. Айтылуу автобазалар кантип, кимдердин колдору менен кыйраганы тууралуу ошол кезде базада иштегендер айтып отурушту. Алар буга чейин бардык сот, прокуратураларга, алмашкан президенттерге кайрыла берип тажап да бүтүшүптүр. Өткөн жумада Балыкчыда болуп базалардын акыбалын өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Калыстык үчүн эки тараптын тең пикирлерин тыңдадык.


Касым Данияров, "Кыргызтрансавто" базасынын директорунун мурдагы орунбасары:
- "Кыргызтрансавто" автобазасы 1995-жылы өз эрежеси менен менчиктештирилип, 5 пайыз акциясы бекер, 25 пайызы купондук акцияга, 70 пайызы база жамаатынын сатып алуусуна берилген. Ошентип 70 пайыз акция коллективдин акчасына сатылып алынган. Кийин автобазанын ошогездеги директору Султан Урманаев он чакты кишиге жыйналыш кылып, акча төлөнбөй атат деди. Көрсө, агезде 70 пайыз акция үчүн Маммүлк фондуна ири сумма автобаза жамааты тарабынан дээрлик төлөнүп бүтүп калган экен. Ошого карабай Урманаев кийин коллективге тиешелүү акциянын көбүн кассага 3 млн. сомдон ашык төктү кылдыртып өзүнө жаздыртып коет. Азыр карасак анын бул сумманы төккөнү тууралуу деле эч кандай документи жок экен. Агезде рублден сомго өткөн мезгил болгондуктан, 3 млн. сом өтө чоң сумма болчу. Анын бул сумманы төккөн-төкпөгөнү белгисиз. Төксө да анча акчаны кайдан алган? Ошол учурда мыйзам боюнча мекемелердин жетекчилиги он пайыздан ашык акция албашы керек болчу. Эгер андан ашык алам десе Маммүлк фондуна арыз жазып, акционерлердин макулдугу менен сатып алышы керек эле. А Урманаев болсо эч кимге айтпай туруп эле автобазанын 50 пайыздан ашык акциясын бухгалтерия аркылуу өзүнө жаздыртып коюптур. Азыр актыны окусак, бул боюнча эч кандай деле документ жок экен. Болгону Маммүлк фондунда 70 пайыз акция автобазага берилди деген эле токтом турат. 50 пайыздан ашык акцияга ээ болгондон кийин да Султан Урманаев акцияга акча төккөндөрдүн акцияларын аялына, балдарына, туугандарына жаздыра бериптир. Ошентип отуруп бүгүнкү күндө ал акциянын 85-90 пайызына ээ болуп алган. Директорлор кеңешине болсо аялы, баласы, бажасы, башка жек-жааты мүчө болсо, Урманаев өзү кеңешке төрага. Ошентип бир үй-бүлөлүк клан бир кезде Орто Азия боюнча саналуу автобазалардын бири болгон "Кыргызтрансавтого" ээлик кылып атат. Базадагы "СуперМАЗдардын" айрымдарын Урманаев жакындарына бекер эле берип койгон. Ошондон бери куржалак калган 300гө жакын киши нааразы болуп райондук, облустук прокуратура, сотторго кайрылып келишет. Эч жерден жардам болбогондо азыркы өкмөт башчыга, президентке чейин кайрылдык. Эч кандай жыйынтык жок. Президенттин коомдук кабылдамасы ишти кайра облустук прокуратурага айдаптыр. Прокуратура болсо автобазанын директорлор кеңешине кайрылгыла дейт. А директорлор кеңешинде кимдер отурганын азыр айттым. Мени болсо бутум сынып жумушка чыкпай калсам, ишке чыкпагандыгы үчүн деп жумуштан кыскартып койду. Акыйкаттык издеп барбаган жерибиз калган жок. Автобазанын иши боюнча айтсак, азыр ал дээрлик иштебей турат. 150 машинеден болгону жумасына бир-эки машине эле чыгып атат.
Амангелди Макеев, Балыкчы шаарынын тургуну, "Кыргызтрансавтонун" мурдагы айдоочусу:
- Мен алтымыш кишинин атынан жазылган арызды прокуратурага жөнөткөм. Ал арызда Султан Урманаевдин автобазага тиешелүү 34734 миң долларлык термосторун, Токтоян деген жердеги "Кыргызтрансавто" курган каналды өзүнүн менчик фирмасы курду кылып 200 миң сомду менчиктеп алганы камтылган. Муну танып атты эле, финансы полициясы аныктап чыкканда 200 миң сомду аргасыз кусуп берди. Мындан сырткары, арызда Урманаевдин жеп-ичкендери фактылар менен келтирилген болчу. Ошого карабай ал мени кайра сотко берип, сот анын пайдасына мыйзамсыз чечим чыгарды. Ошол боюнча барбаган жерим калган жок. II топтогу майып болгонум үчүн гана жасабаган "кылмыш жоопкерчилигинен" бошондум. Бирок документте мен соттолгон киши болуп калдым. Бул боюнча мен адилеттик издеп президент Роза Отунбаеванын жардамчысына кирдим, андан кийин Алмазбек Атамбаевде, Азимбек Бекназаровдо, Башпрокуратурада да болдум. Эч кандай жыйынтык чыккан жок. Азыр мен эч кимге ишенбей калдым. Атургай азыркы айткандарым сиздин гезитке чыгабы-чыкпайбы деп күдүктөнүп отурам. Райондук, облустук, шаардык прокуратура, соттор карапайым элдин арыздарын футбол тобундай тепкилей берип балыкчылыктар аларга такыр ишенбей калышты. Султан Урманаевге барсаң, "мен Эмилбек Каптагаев, Өмүрбек Бабанов менен досмун, ишенбесең мына" деп алардын телефон номурларын көрсөтүп мактанат. Азыр деги акыйкаттык барбы? Чынында "Кыргызтрансавтону" биз курганбыз. Мени менен иштегендердин көбү азыр майып болуп отурушат. Султан Урманаев болсо кийин келе калып эле айдоочуларды сот менен коркутуп-үркүтүп атып акцияларын тартып алды. А соттор болсо биз келтирген фактыларды "срок давности" деп шылтоолоп карабай коюшту. Эмне, азыр киши өлтүрүп коюп деле "мөөнөтү өттү" деп акталып кетсе болобу?
Султан Урманаев, "Кыргызтрансавто" ААКсынын директору:
- Ысык-Көл, Нарын облусу боюнча биздин ишкана гана сакталып калды чынында. Азыркы ызы-чуу кылып аткандар эптеп бул ишкананы да жоготкулары келип атат. Муну уюштурган Амангелди Макеев деген калмак жигит бар. Аны жалган ушагы үчүн Балыкчы сотуна берип, сотто аны айыптуу деген чечим чыккан. Булардын техниканы туугандарына берди дегени чындыкка коошпойт. Болгону мен бири сарбагыш, бири саяк эки жигитке эле машине бердим. Бул чууда Касым Данияров деген менин мурунку орунбасарым да бар. Анын эки буту баспай калганынан жумуштан бошотком. Ал ичкүйдүлүктөн элди козутуп атат. Мага азыр автобазанын кыйын болсо 60 пайызы тиешелүү. Учурда акционердик коомдо 600 акционер бар. Анан машинелерди буларга берип коюп мен тигилерге эмне деп жооп кылам. Кыскасы, мен эч кимден эч нерсе алган эмесмин. Керек болсо бул автобазаны, Торугарттагы бажы постун мен курдурткам. Анан эмне үчүн мен көчөдө жүргөндөргө машине бере беришим керек?
Эмилбек Токтогулов, "УПТК Колхозстрой" базасынын мурдагы айдоочусу:
- Мен 1986-жылы "УПТК Колхозстрой" базасына (азыркы "Ак-Кула" ЖАКсы) ишке киргем. 1989-жылы демократиянын деми менен Бакыт Кылычевди базага начальник кылып шайлап алдык. Кийин акционердик коом болдук. Акционердик коом болгон соң ар бир акционерге мүлк тең бөлүштүрүлүшү керек эле. Кылычев болсо бирин-экин машинаны гана мурдагы айдоочуларга берип, калганын туугандарына каттатып, базанын 60-70 пайызын өзүнө менчиктештирип алды. Акционердик коомго өтүп атканда базада трактор, "КамАЗ", "МАЗ", "Зил" болуп жалпысынан 300дөй техника бар болчу. Ошондон бери улам алар сатылып отуруп, азыр болгону ондой эле "КамАЗ" калды. "Колхозстрой" акционердик коом болгондон кийин мен Кытайга каттап жүрдүм. Путевканы Бакыт Кылычев өзү эле жазып, мамлекетке эч кандай салык төлөбөй жүрдү. Маянаны да биз кыйратып алган жокпуз. Азыр үйдө ошо кезде төлөнбөй калган он чакты путевкаларым жатат. Ошентип 2007-жылга чейин иштеп келип, бир жолу Кытайдан келип ооруп калдым. Кийин жумушка чыксам менин машинемди таратып жибериптир. Мен сыяктуу далай айдоочулар Бакыт Кылычевдин курмандыгы болуп калды. Бул автобазада иштегендерден кыйын болсо 15 киши техника алды. Калганы эмне болуп жоголгону азыркыга чейин белгисиз. Мен билгенден Афганистанга эле беш "КамАЗз" сатылды. Буларды мен өзүм жеткизишкем. Бакыт Кылычев "Ак-Кулага" ошогезде шаардык жүк ташуу базасынын начальниги болуп турган атасынын жардамы менен эле отуруп алган.
Бакыт Кылычев, "Ак-Кула" ЖАКсынын директору:
- Бизди прокуратура, финполиция бир эмес эки жолу текшерди. Кандайдыр бир күнөөбүз болсо жоопко тартылат элек. Акционердик коомго ээлик кылып калуум - бул менин 17-20 жылдык эмгегим. Бул мекеме менчиктештирилер алдында жүзгө жакын техниканы элге таратып бергем. Чынында менчилеп элге техника таратып бергендер болгон жок. Буга жакында келген текшерүүчүлөр да өздөрү күбө. Менин үстүмөн арыз жазгандардын арасында бир кезде бизден техника алгандар да бар экен. Алсак, Кыргызбай Тажиев, Болот Бейшебаев бизден 1999-2000-жылдары кетишкен. Догдурбай Кошоев деген өлгөн адамдын атынан аялы арызга кол коюптур. Бизге окшогон базалар эбак тонолуп жоголгон. Бул жерде төртүнчү база бар эле. Анын корпусунан башка эч нерсеси калган жок. "Сельхозхимия" деген автобаза бар эле, анын дубалдары эле турат. Азыр "Ак-Куланы" сакташ үчүн эле айына 30-40 миң сом сарпталат. Алты гектар жер үчүн, иштебеген машинелер үчүн да салык төлөйбүз. Албетте биз да өз транспорт рыногубузду кытайлардан коргосок болмок. Бирок атандашуучулукта Кытайдын хобаларына (жүк ташуучу машинелер) теңтайлаша албай калдык. Менде азыр он чакты машине бар. Жумуш чыкса эле машинелерди чыгаралы дейбиз, тилекке каршы иш жок.
Негизи бул ишканага 1989-жылы келгем. Союз тарагандан кийин кеткен орустар, көп жыл иштегендер акцияларын сата башташты. Мен алардан акцияларды сатып алып, акырындык менен контролдук пакетти чогултуп алдым. Ошондуктан бул жерде мыйзамсыз деле эч нерсе жок. Болгону 7-апрелден кийин айрым адамдар "Ак-Куланы" рейдерлик менен басып алгылары келди. Бирок биз ага жол берген жокпуз. Мага адегенде азыркы арыз жазгандар бирден "КамАЗ" бересиң деп коркутуп келишти. Мен кааласаңар базар баасында сатып алгыла дедим. Алар бекер алгылары келди. Мен макул болгон жокмун. Ошентип булар сотко, прокуратурага арызданышыптыр. Кыскасы, кырдаал ушундай. Булардын менден эч кандай аласасы жок.
P.S. Бул Балыкчыдагы бардактардын чети гана. Кийинки сандарыбызда башкаларына да кеңири токтолобуз.
Мелис СОВЕТ уулу