01.07.11 - 17-бет:
  Тамырга балта чаппайлы

"Кыргыз токою континенттеги нымдуулукту кармаган бирден бир булак"
Токой Кыргызстандын байлыгы, сыймыгы. Кезегинде республикабыздын жалпы аймагынын 6,7%ын токой ээлеп жатчу. Бүгүнкү күндө кырып-жоюп олтуруп 4,32%ы же 850 миң гектар гана токоюбуз калыптыр. Ушинтип убакыт өткөн сайын мамлекетибиздин экологиялык коопсуздугу курчуп баратат. Ушул көйгөйлүү маселенин тегерегинде КР өкмөтүнүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, академик Биймырза ТОКТОРАЛИЕВ менен субкат курган элек.

- Кыргызстандын жаратылышын, экологиясын терең илимий иликтөөлөрсүз жылаңач энтузиазм менен коргой албайбыз. Сиз бул мекеменин башына келген туңгуч академиксиз. Айтайын дегеним, бизде бул багытта илимий база барбы?
- Жок деп айтканга болбойт. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында атайын токой таануу жана жаңгакчылык институту бар. Бирок кийинки мезгилде илимий даражасы бар окумуштуу биологдор, эколог адистер чыкпай жатат. Себеби эле баягы эле каражаттын жоктугу. Токой - илимдин кенчи. Мындай кызыктуу, актуалдуу, түбөлүктүү, адамзат жашоосунун булагы болгон тема жок болсо керек. Мезгил учуп атат. Ага жараша жаратылышты коргоодо, экологияда жаңы жагдайлар жаралып, кечеңдетпей иликтөөчү маселелер келип чыгууда. Ошондой эле Кыргызстанда токойчу, эколог адистери агрардык академиядан баштап, ОшМУда, облустук деңгээлдеги окуу жайларында даярдалат. Сыртынан караганда ушундай. Ошондуктан кадрларды мындай чачкын даярдабай (анүстүнө аларды окутуу сапаты начар, аларды окуткан илимий даражалуу окумуштуулар аз), кубаттуу базасы бар салабаттуу окуу жайдын алдында даярдоону колго алышыбыз керек. Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин өзүнүн да илимий базасы жок. Республикабыздын жалпы эле жаратылышына, флора, фаунасына, климаттын өзгөрүшүнө көз салып, илимий иликтөөлөрдү жүргүзүп туруучу эколаборатория зарыл.
- Сиз бул мамлекеттик мекемеге легендарлуу Топчукенин тополоңунан кийин келдиңиз окшойт. Сыртынан караганда "дымып" эле калдыңыздар. Ызы-чуу токтогонсуйт. Арадан биртоп эле убакыт өттү. Эмне иш кылып кыйраттыңыздар десем жаман көрбөйсүзбү?
- Кыйраттың деген кыргыздын төл сөзү. Иш кылдыңбы деген эле кеби. Топчуке деле ак ниетинен иштейин деп келген. Болгону көп жылдардан бери иштеген тажрыйбалуу адистер менен тил табыша албады окшойт. Кадр деген бир күндө даярдалбайт. Агенттикте мыкты кадрлар, адистер арбын. Ошолорго таянып иш алып баруудабыз. Чече турган маселе көп. Капталдан чыга калып токойду өзүнчө, экологияны өзүнчө кылсакпы дегендер да арбын.
Окумуштуу, жетекчи катары айтсам, буга такыр жол берүүгө болбойт. Себеби Кыргызстанда токой аянты жыл өткөн сайын тарып баратат. Аны коргоо керек. Муну эколог коргойт. Токойду илимий негизде өнүктүрүү, кеңейтүү керек. Бул токойчулардын, адистердин милдети. Бул экөөнү бөлүп кароого дегеле мүмкүн эмес. Көпчүлүгү билишпейт окшойт, Кыргызстандын токойлору биринчи категориядагы токойлорго кирет. Ал эми Орусиянын көз жетпеген токойлору мындай бааланбайт. Бул СССР мезгилинде эле аныкталып, бир бутагын да кыйбоого чечим чыккан. Себеп дегенде кыргыз токою Орто Азия бассейнин, керек болсо бүтүндөй континентти суу, нымдуулук менен камсыз кылып турган бирден-бир булак. Мөңгүлөрдүн сакталышы да токойлор менен байланыштуу. Токой канчалык азайса ал жерлерде ар кандай жаратылыш кесепеттери (жер көчкү, кар көчкү, сел, кургакчылык) болбой койбойт. Ошондуктан мамлекеттин келечегин ойлойбуз десек, эң биринчи токойго, анын экосистемасына көңүл бурушубуз керек. Айталы, кыргыз арчасы 5 миң жылдан ашык жашайт. Туурасынан кеткен тамыры жүз метр тереңдикке чейин кетип, жер кыртышын кармап турат. Арча бул - жердин сөөгү. Кыргызстандын токойлорунун 70 пайызы арча. Мындай байлык болорбу. Кыргыздар арчанын касиетин жакшы билишкен, ыйык дешип кыйышпаган. Дегеле ата-бабаларыбыздын жаратылышка болгон мамилеси башка эле. Мисалы, бүркүткө, ак кууга, бооз кайберенге мылтык көтөрчү эмес. Демек, туташ экологиялык сабатсыздыкты жоймоюн кайда барабыз.
Токой чарбачылыгын өнүктүрүү дегендик, анын тегерек-четине эч кимди жолотпой, жаман айгырдай коруп туруу эмес. Аны илимсиз ирденте албайсың. Ошондуктан бул тармакка эбегейсиз каражат жумшоо талап кылынат. Ар түрдүү долбоор жазып эки жактан инвестиция издеп жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү тегин жеринен болуп жаткан жери жок. Бүткүл дүйнөлүк флора, фаунанын 2 пайызы, дүйнөдө жок жаңгак токою бизде. Андыктан глобалдуу масштабдан алганда Кыргызстандын өз орду бар…
- Анан ушул токойлорду кандайча коргоп жатабыз?
- Буга чейин токой коруктарын уюштурууда, аларды кадрлар менен камсыз кылууда бир катар кемчиликтер кеткен. Айталы, Тоң токой чарбачылыгында бир токойчуга 1000-2000 гектар жер туура болсо, Токтогул, Ала-Бука токой чарбачылыктарынын адистерине 5000 гектарга чейин туура келип калган. Ушунун баарын иретке салуу, кадрлар менен камсыз кылуу зарылдыгы бар. Ушуга байланыштуу кыргыз токоюн жакынкы беш жылда (2015-жылга чейин) өнүктүрүүнүн концепциясын парламентке сунуш кылалы деп жатабыз. Ал өтүп кетсе көп маселе чечилет.
Айта кетчү нерсе, акыркы жыйырма жылдагы экономиканын кээринин кетиши токойго балта болуп чабылды. Эмне дегенде көпчүлүк эл жумушсуз, айлык жок, көмүр кымбат. Анан жан багыш үчүн токойго балта шилтешти. Үймө-үй токойчу кое албайсың. Ошого карабай токойчуларыбыз күрөшүп келүүдө. Демек, экономика жөнгө салынмайын, экологияны оңдойм деш кыйын. Эл колунда болсо, токойго тиймек эмес. Мына, Арсланбапта кезегинде 10 миң киши жашаса азыр отуз миңге чыгып кетти. Алар там салабыз деп токойду кысып баратат. Бул дагы эл менен бирге чече турган ойлонтчу маселе болуп турат.
- Муну кандайча чечүүгө болот?
- Биз ЖКга сунуш кыла турган жаңы концепциябызда административдик жазалардын суммасын көбөйтүү сунуштарыбыз бар. Бүтүн дүйнөдө ушундай. Швейцарияда бир бутакты сындырсаң 7-8 жылга түрмөгө отуруп калышың ыктымал. Муну баары билишет. Бизде да токой зыянкечтерине каршы ушундай катаал мыйзам каралбаса болбойт. Азыркы анча-мынча айып пулдар айрымдар үчүн чымын чаккандай да таасирин тийгизбейт. Баарыдан мурда биздин жарандарыбызга экологиялык ыйман, маданият жетишпей жатат.
- Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү да бай. Негизинен дары чөптөр. Кийинки кездерде чет өлкөлүгү болобу, өзүбүздүкү болобу массалык түрдө тоолорубузду койдой өрүп "чөп" оттоп кетишти. Мындан айрыкча тамыры дары чөптөр зыян тартууда. Ушул көйгөйдү билесиздерби?
- Билебиз. Аларды жыйноого биз уруксат беребиз. Бирок кайсы чөптү кайсы убакта жыйноо керектиги сакталышы керек. Бул жагын катуулатып атабыз. Жылда Кыргызстандын аймагы боюнча дарычылык үчүн 500 кг чөп жыйнаганга уруксат берилчү. Азыр бул маселе чечиле элек. Ал үчүн "Бейиш" болобу, башкасы болобу, кандай чөптү даярдаш керектигин көрсөткөн арыз менен кайрылат. Анан көрөбүз. Тамыры менен үзгөнгө таптакыр тыюу салынат. Ырас, Кыргызстандын чөптөрүнөн, жапайы жер-жемиштеринен көзү өткөндөр толтура. Былтыр мен келгенде кытайлыктар 50 тонна жаңгак алабыз деп келишиптир. Уруксат берген жокпуз. Мынчалык көлөмдөгү жаңгакты эмне кылат деген суроолор көп. Кыргызстандын бир тал чөбү да сыртка сырье катары чыгып кетпеши керек. Дары-дармек жасагысы келеби, ушул жерден жасасын. Мен Давосто болгонумда ошол жердеги чирип калган жыгачка, андагы жайылган курт-кумурскага кызыгып кармап көрөйүн десем, кароолчусу тимеле чыркырап жиберди. Көрдүңүздөрбү алар чириген дарагына да кол тийгизбейт.
- Ушул жерден аркар-кулжага аңчылык уруксаты жөнүндө да айта кетсеңиз.
- Быйылкы сезонго Улуттук илимдер академиясы менен макулдашып чет элдик жарандар үчүн мергенчилик кылууга 70 кулжага, 400 тоо текеге, 20 эликке, 5 доңузга, 500 кыргоолго уруксат берилди. Былтыркы жылы деле ушундай болчу. Бирок 53 кулжа, 190 теке, 2 элик атылып, чет өлкөлүктөрдүн аңчылык кылуусунан 20 млн.110 миң сом каражат түшкөн.
- Такыр эле аттырбай койсок болбойбу?
- Аттырбай койсок деле болот эле. Биринчиден, чет элдиктер мүйүзү каркайган карыларын атат. Такыр тыйып койсок биздин өлкөгө кызыгуу болбой калышы мүмкүн. Эки жагын тең карап иш кылышыбыз керек.
- Сөзүбүз да аяктап баратат көрүнөт. Бир сөз менен айтканда, биздеги жаратылыш коргоонун келечеги барбы?
- Жаратылыш аялуу тармак. Ар кайсы булактардан, түрдүү долбоорлордон көп эле каражат келип турат. Учурда түркүн аталыштагы долбоорлор көп. Аларды тендер аркылуу утуп алдык дегендер андан көп. Бирок эмне иш кылып жатканы билинбейт. Ушундан улам биздин мекеменин алдында бул багыттагы түрдүү долбоорлорду, каражаттарды жөнгө салып туруу үчүн өкмөттүн буйругу менен атайын комиссия иштей баштады. Эми бардык иштеп жаткан долбоорлор комиссиянын элегинен өтөт. Кандай иштеп жатканына баа берилет. Биз өзүбүз 12 мамлекет менен келишим түзүп, ар түрдүү багыттагы инвестицияларды тартып жатабыз. Мына Кытайдан 1 млн. доллар келгени турат, ага Сары-Жаз коругун түзмөй болдук. Финляндиядан келген 500 миң долларга эколаборатория түзөлү деген ойдобуз. Мындай лаборатория жок эле. Италиядан келген 500 миң долларды мисте, жаңгак дарактарын өндүрүштүк плантация менен өстүрүү максатында түштүккө жөнөттүк. Азыр иш жүрүп жатат. Ошондой эле Кыргызстан-Норвегия экопрограммасы иштөөнүн алдында турат. Бизге мамлекет бюджеттен 200 млн. гана сом бөлөт. Ал негизинен айлыкка жумшалат. Чоң иштерге жетпейт. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандын жаратылышын коргоо, биоресурсун сактоо багытында жылына 100 млн. инвестиция тартып келүүгө болоруна көзүбүз жетип турат. Мындан тышкары, климаттык институт түзсөкпү деп турабыз. Келчү инвестиция мына ушуга келет. Кыскасы, жасалчу иштер көп. Көзгө көрүнүп калар учур алыс эмес.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13