01.07.11 - 14-бет:
  Сырларды ачкан сыра маек

Мушташ да, авария да, анан кыздар да болду

Спирт ичимдиктеринин арасынан сырага дайымам суроо-талап көп. Себеби суусунуңду кандырганы, жеңилдиги менен ден соолукка жагымдуу. Достордун башын бириктирип чер жазышканга да бул ичимдиктин салымы чоң. Бул жолу сахналаш достор Замир мырза, Эрнест Бөрүбаев, Сапар Эркебаевдин башын бириктирген сыра алардын ичинде жаткан айрым сырларын чубап чыкты.

- Спирт ичимдиктеринин арасынан кайсы түрүнө көбүрөөк ыктайсыздар?
Эрнест: - Сыраны жакшы көрөм. Башкасын ичсем тез мас болом. Эки ичимдикти аралаштырып ичсем аллергия болом. Ошондуктан көбүнчө сырадан башкасын колдонбойм деле.
Замир: - Кээде чарчаганды басуу үчүн сыра ичип коюшум мүмкүн. Бирок ичимдикке көп ыктабайм. Жада калса тоюмда да ичкен эмесмин. Эмнегедир спирт ичимдиктерине караганда мен улуттук суусундуктарга жакынмын. Сыранын ордун кымыз же бозо менен алмаштырып ичкенди жакшы көрөм. Ичимдик ичкенде башкалардай болуп "кайф" албайм.
Сапар: - Булардын уюштургучу менмин дебейимби. Азыр ысыкта сыраны көп ичем. Эми ичет десе оонап калгыча ичпейм. Өзүмдүн дозам бар, аны кантип билем дебейсиңерби. Көңүлүм бир башкача көтөрүлүп, тамашалап жайдары болуп калам. Ошол деңгээлден түшпөй, тилди чайнап калбагыдай болуп отургум келет. Мисалы, Эрнест мас болгондо биринчи күлдүрүп маймыл боло баштайт. Анан кокус бирөө жинине тийип туура эмес сүйлөп алса, кычыктанып териштирип баштайт. Аягы кээде мушташ менен бүтөт.
Эрнест: - Дос, бири-бирибизди чукубайлы, э?
- Кээ бир адамдар көңүлү чөккөндө, же тескерисинче көңүлү көтөрүңкү учурда ичишет эмеспи. Силердин ичимдик ичкен маалыңар көбүнчө кандай маанайга туш келет?
Эрнест: - Башкаларды билбейм. Жеке мен маанайым түшкөндө ичем. Башыма кыйынчылык түшүп турса, кээде бир нерсе жасасаң окшошпой же бардык проблемаларың бир учурга үйүлүп калат го. Ошондо аз да болсо турмуштун жүгүн унута турайын деп бастырып койгон учурлар көп болот. Анүстүнө ар бир маселеге баш-отум менен берилип, жүрөгүмө жакын кабыл ала бермейим бар.
Сапар: - Меники Эрнесттин карама-каршысы. Сүйүнүп териме батпай кудуңдап турганда ичем. Эгер проблема чыгып калса мас болуп унуткарганга эмес соо кезимде чечкенге аракет кылам. Көйгөйдү унутуп ичип кеткидей шаарда таянар, мен үчүн күйүп-быша турган туугандарым жок.
Замир: - Мен сый жерге, конокко барганда ичип коем. Кээ бири тост айтып кадыр-баркын салат эмеспи. Андайда кантип ичпейм дей аласың. Кыйынчылыктарды унуткарыш үчүн ууртай бербейм.
- Үчөөңөр ичип алып өз ара урушуп кеткен күндөр болобу?
Эрнест: - Биз өтө катуу тамашалашабыз. Сырттан караган киши келесоо деп деле ойлошу мүмкүн. Сапарды тамашалап жинине тийген учурлар көп болгон, кудайга шүгүр, урушуп же мушташып кетпей көтөрүп келе жатат.
Сапар: - Бир жолу отурушта отурсак Эрнесттин "керек болсо сен менин аялыман кийин сүйлөйсүң" дегени катуу тийген. Бирок тамашалап кийин кайра жымсалдап кеткен болчу. Негизи Эрнест сүйлөсө сөз бербей сүйлөйт да. Кээде досуман мен ашам. Аны билген башка досторубуз кайраштырып коюп каткырып отура беришет.
- Ичимдиктин айынан жол кырсыгына кабылдыңыз беле?
Сапар: - Мындан үч жыл мурун кырсыктагам. Биринчи машинем болгон үчүнбү тим эле корстон болуп, терезенин баарын ачып алып музыканы болушунча коюп, катуу ылдамдыкта айдаганды өнөр көрсөм керек. Мас болуп рулга отурдум, Бөкөнбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде чоң бакты сүзгөн экенмин. Андан ары эмне болгону эсте жок. Эртеси башым сынып машинем эмне болгонун эстей албай отурсам досторум чалды. Оңдоочу жайга барсам машинем "Г" тамгасына окшоп мырыйып калыптыр. "Тойота венто" унаасын Ильяз Абдыразаковдон үч жарым миң долларга алгам, кырсыктагандан кийин кайра оңдоого болбойт дешти, бир жарым миң долларга тетик кылгыла деп сатып жибердим. Өзүнүн жолу да кызыктай унаа окшойт, мага чейин Ильяз да кырсыктаптыр. Мен да ашып кетсе жыйырма күн айдаптырмын. Ошондон кийин мас абалда рулга отургус болгом.
Эрнест: - Кырсыктабасам да милицияларга түшүп машакат тарткан күндөр болгон. Рустам Аташевдин "Эркектер" деген тасмасынын ачылышы болду. Катышкан актерлорду чакырып сыйламакчы болуптур, бардык. Болушунча ичтик. Кетип жатсам киного катышкан кыздар бизди жеткирип кой дешти. Мен машинеде отурсам ары жактан кыздарга балдар тийишип жатат. Бир убакта менин унаама кыздар отурса тиги балдар "ой ата десе, бул кыздар оштуктар менен жүрөт тура" дейт. Арданып кетип машинеден секирип түшүп уруша кеттим. Өзүм болсо масмын. Алагүү болуп турган жаным урунарга тоо таппай сабап салдым. Жеңишке жеткенге ого бетер шерденип, дердейип териме батпай унаамды болгон ылдамдык менен айдап жөнөдүм. Кыздар чыңырып жатат, жолдон МАИ тосту. Колдорунда автомат да бар экен. Эмне болду дейт, ичип алдым дедим. Бул бала "наглый" окшойт деп колумду кайрып кармап алышты. Качайын десем деле мүмкүнчүлүк жок. Досторума чалсам дароо келип калышты. Ызы-чуу болуп жатып кечирим сурап тоюңа бекер барам деп тааныштан тааныш салып араң кутулгам.
- Кыздарга мас болуп алып барган учурлар деле көп болсо керек?
Эрнест: - Сапардын кызыктуу окуясын мен айтып бербесем өзү айтмак беле. Ал кезде Сапар кафеде ырдап иштечү. Жумушуна издеп барып калсам сүйлөшкөн кызы отуруптур. Сапарды сурасам үйдө мени күтүп жатат, жолукканы барсаң мени да жеткирип койчу деди. Жетерибиз менен кызы машинеден түшүп үйүнө чуркады. Таң калып карап турсам "ач, эле ач" деп ай-буйга келбей эшикти каккылап кирди. "Болду-болбоду бир кыз менен жатат бул" деди эле ишенбей тамды айланып терезени карадым. Айткандай эле Сапар бир кыз менен экен. Кызына эмне дээримди билбей узун чачтуу Сапар жатат дедим. Кызыктай эле абалда калат экенсиң. Орто жолдон мен атайын ээрчитип барып кармап бергенсип, досум мага канча таарынып жүрдү.
Замир: - Негизи кыздарга эркек мас абалында барганы аны сыйлабагандыкка жатат деп коюшат эмеспи. Бирок азыр кыздар өздөрү ичип алып келет же чогуу ичкени барышат да.
Сапар: - Ичип алып азыр кыздарга барабыз деп кээ бири атайын план кылышат го. Биздики андай эмес. Эрнест экөөбүз жолукканда ичебиз, анан тиктешип отура бергенден пайда жок деп тааныш кыздарга чала баштайбыз. Же ошол учурда өздөрү байланышып калышат, чер жазышып отуралы деп аларды чакырабыз.
- Үйгө мас болуп алып барганда кожойкелер кантип тосуп алышат?
Эрнест: - Идиш-аякты калдыратып, кабак-кашын бүркөгөндүр. Бирок катуу ызы-чуу деле чыгарган эмес. Кайда жүрдүң? Дагы Сапар менен ичтиңби дейт.
Сапар: - Мунун аялы менин классташым. Экөөнү мен тааныштыргам.
Эрнест: - Классташы болчу. Азыр ажырашып кеткем. Туура эмес үйлөнүп алыптырмын. Мен Сапарды көрүп эле үйлөнүп алган турбайымбы. Буга чейин урушуп-талашып кайра табышып эле жүрчүбүз. Бирок ушул жолкусунда катуу уруш менен үй-бүлөбүздү ураттык.
Сапар: - Жогоруда маанайым беш болуп калгыча ичем дебедимби. Үйгө келгенде да эгер менин көңүлүмдү эч ким бузбаса, аялым ашыкча сөз сүйлөбөсө кызым менен ойноп тамашалашып жатып уктап калчумун. (Күлүп) Кокус маанайды түшүрсө шапалак даяр да. Ушундай нерсе биздин каныбызда бар окшойт. Атам ичкенде тээ борбор жактан бери татынакай басып келе жатып эле үйгө аз калганда кулап калчу. Биз эптеп чанага салып үйгө алып келчү элек. Эртеси сурасак, силерге эркелеп тамашаладым. Мени мас кезимде да карайт болдуңар бекен же талаага таштап салаар бекен деп сынадым дечү.
- Балдарыңар менен катышып турасыңарбы?
Сапар: - Ооба, кызыма маал-маалы менен барып турам. Апасы экөө шаарда турушат. Бала бакчасына, башкасына кеткен чыгымын төлөп аталык милдетимди аткарып жатам. Мээримдин ырчы болбошуна азыртадан салымымды кошуп, башка кесипти багыттап кетишин кулагына кумдай куюп турам. Муну менен башка ырчы кыздарга шек келтиргенден алысмын. Бирок мен жүрөгүмдүн тереңинде кызымдын ырчы болушун каалабайм. Аял деген күйөөсүнүн маңдайында отурганы жакшы да.
Замир: - Эгер баланын дээринде бар болсо ага бөгөт коюштун деле кереги жок. Эң негизгиси миңдин арасынан суурулуп чыгып, бут тосууларга, көрө албастыкка туруштук берсе болгону.
Эрнест: - Ажырашкандан кийин уулум Денис биздин колдо. Кызым Альбина апасы менен кетти. Негизи Денис чоң аталарынын колунда чоңоюп бизден алысыраак өсүп калды. Апасынын кеткенин да чоң трагедия кылбай, азыр башка нерсеге алаксытып жатам. Чыгармачылыкка жөндөмү бар болсо да артист болбойм дейт. Мурда президент болом дечү кийин "президент болсоң эл кууп жиберет экен, милиция болом" деп калыптыр.
- Кайра качан төшөк жаңыртайын деп турасыңар?
Сапар: - Жакшы көргөн кызым бар. Эч нерсе боло электе сүйүнчүлөп мактанбай турайынчы. Буюрса, турмуш курар күн алыс эмес.
Эрнест: - (Күлүп) Толук ажырашып бүтөйүнчү. Албетте тамаша. Жакшы кыз тапсам сөзсүз үйлөнөм. Мен негизи динге жакын кыздарды жактырам. Мурда өзүм намаз окучумун, шартка байланыштуу убактылуу токтотконго туура келди.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА